СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

«Тарбиялоо жана мамлекеттик тил».

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын максаты:

1. Окуучулардын өз эли жерин,эне тилибиз-мамлекеттик тилди,ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап аздектөөсү үчүн түрдүү булактардан,анын ичинде макал-лакаптар,учкул сөздөр аркылуу маалыматтарды берүү;

2. Мекен алдындагы алардын жоопкерчилигин арттыруу,атуулдук парзын аткаруу,ата мурастарын сактоо зарылдыгын туюндуруу,эне тилин сүйүүгө,сактоого умтулуу;

3.Патриоттуулукка,намыскөйлүккө,ынтымак-достукка тарбиялоо.

Сабакта колдонулуучу дидактикалык каражаттар:

КРнын Гимни,Кыргыз тилинин гимни,сүрөттөр,кыргыздын улуттук макал-лакаптары,учкул сөздөр\ жазылган ураан-чакырыктар.

Сабактын жүрүшү:

Сабак Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталат.Андан соң алып баруучу жана окуучулар сахнада катар тизилип турушат.

1-окуучу: “Тилим барда улутмун,тилим менен улукмун”

2-окуучу: “Элди түбөлүк эл кылып турган-анын тили”

3-окуучу: “Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун”

4-окуучу:Элсиз тил болбойт,тилсиз эл болбойт”

Алып баруучу: Кыргыз эли үчүн эмне ыйык?

1-окуучу-Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык!

2-окуучу-Улуу “Манасы”ыйык!

3-окуучу- Ак боз үйү ыйык!

4-окуучу-Ак калпагы,ак элечеги ыйык!

5-окуучу-Эне тили ыйык!

Алып баруучу: Эне тил!

Кандай жөнөкөй,кандай бийик,кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп,акылыбызды арыштатып турат.Анын сыңарындай,кыргыздын кыргыздыгы анын эне тили аркылуу билинет,эне тили аркылуу даңкталат.

1-окуучу: Эне тил жөнүндө көркөм окуу.

Кыргыз эмес,кыргызды жыдыткандар,

Кылым кезген тарыхын унуткандар.

Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,

Каада-салтын, калкынын куруткандар.

Тил жоголбойт,жоголсо жоголот дил,

Уулуң да,кызың да жоголот бил.

Тил жоголбойт,жоголсо жоголот дил,

Колу бутсуз мунжуга тоголок бир.

Сахналык көрүнүш: “Алма сабагынан алыс түшпөйт”

2-окуучу:

Эне тилге кайрылып,

Бак-таалайлуу болмокмун.

Эне тилден айрылып,

Калган күнү мен жокмун.

Алып баруучу:

Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов: “Кылымдан кылым өтүп,кыргыз эли жер үстүндө жашап турса,кыргыз тили да жашай берет”-деп,абдан туура,таамай айткан.

Балдар,силердин да эне тил тууралуу кандай ой толгоолоруңар бар!

1-окуучу: Эне тилинде сүйлөбөгөн адам Ата-Журтунда жүрбөгөндөн эмне айырмасы бар?

2-окуучу: Эне тилинде ыр укпаган,эне тилинде төрт сап ыр билбеген адам чет элде жүргөндөн эмне айырмасы бар?

3-окуучу: Энесинин бешик ырын укпай,чоңойгон бөбөк энесиз жетим өскөндөн эмне айырмасы бар?

4-окуучу: Эне тилин билбесе,аны ардактап сүйбөсө,Ата Журтумду сүйөм деп көкүрөк каккандын эмне пайдасы бар?

Алып баруучу:

Көркөм окуу: Эне тил кайрыктары.

Жан дүйнөмдү жаркыраткан агарткан,

Жалгыз гана кыргыз тилге сыйынам.

Жашоо турмуш титиретип үшүтсө,

Жалынына ушул тилди жылынам.

Эне тилим энекемдей үйрүлүп,

Кут төгүлгөн дасторконун жайнатат.

Куурап калган бутактарым гүлдөшүп,

Мөлтүрөгөн мөмөлөрүн байлашат.

Алып баруучу:

Макал-тилдин көркү.

Макал-сөздүн каймагы.

Окуучулар бири-бири менен макал-лакаптар айтышат.

1-окуучу: Адамдын даңкын чыгарган да тил,

Тарпын чыгарган да тил.

2-окуучу: Адам сөзүнөн сынат,

Уй мүйүзүнөн сынат.

Ата сөзү алга сүйрөйт адамды,

Эне сөзү эпке салат жаманды.

2-окуучу: Ооздун көркү-тил,

Тилдин көркү-сөз.

Алып баруучу:

Кыргыз тили кылымдардан куралып,

Нечен катаал мезгилдерде сыналып.

Бабалардан бизге калган таберик,

Урпактардан урпактарга уланып.

Алып баруучу:

Эне тил жөнүндө учкул сөздөр

Эң мыкты мурас-тарбия.

Өнөр алды-кызыл тил.

Алып баруучу: Көркөм окуу

Алып баруучу: Рахмат,сиздерге достор! Силер эне тилибиздин анык күйөрмандары,эне тилибизди таза,ыйык,бийик тутуп, ал гана эмес ата салтыбызды,улуу дөөлөттөрүбүздү сактай билгениңерди эл адында далилдей алдыңар.

1-окуучу: Бирок өз эне тилине күйбөгөн,өз эне тилинде сүйлөбөгөн,маёкурттар арабызда жок эмес.

2-окуучу: Аларга менин айтаарым бул-

Атың кыргыз,затың башка,

Өзүң кыргыз,тилиң башка,

Болуп калсын дебесең-

Өз тилиңде сүйлөгүн сен!

Алып баруучу: Туура айтасыңар,достор. Силер айткан бул сөздөр баарыбызга чоң сабак болсун дейли.

“ Адамдын эне тили-анын жан тамыры”,

“ Дил бермети-тил дегендей,жан дүйнөдөгү ой-тизмектерин эне тил аркылуу билдирип жүрөлү.

Окуучу: Ата-бабаң өткөн жериңди сүй,

Түптүү Кыргыз элиңди сүй!

Ата-Мекенге,элге,эне тилге,

Кошой,Бакай,Манас атаңдай күй!

Баары чогуу ырдашат: Эне тилим-менин дилим.

02.03.2020 19:20


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!