СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз тили адабияты боюнча тесттер

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кыргыз тили адабияты боюнча тесттер

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз тили адабияты боюнча тесттер»

Кыргыз тили Вариант № 2



1.Тыныш белгиси туура коюлган сүйлөмдү белгиле.

А) Ары тууган, ары ата-бала болуп калдык. Б) Ары,тууган ары, ата-бала болуп калдык.

В) Ары тууган ары ата-бала болуп калдык. Г) Ары тууган, ары, ата-бала болуп калдык.

2. Шилтеме ат атоочторду белгиле.

А) ким? Качан? Кайсы? Б) мен, сен, ал. В) өз,өзубүз, өзүңөр г) бул,тигил ушул, ошол

3. Абстрахтуу зат атоочту белгиле. А) чыны б) жол в) кыял г) кагаз

4. Жамдама сан ат атоочторду белгиле. А) бир-эки, беш-алты б) бирөө, экөө

В) он бир, отуз бир г)алтымыш, элүү

5. Кептин түрлөрү. А) Иш кагаздары б) сөздүк состав в) оозеки,жазуу кептери

Г) баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү

6. Фонетика... илим а) сөздөрдүн өзгөрүшү жана жасалыш жолдору

Б) туура сүйлөө,туура айтуу в) сүйлөмдөрдүн түзүлүшү жөнүндөгү г) тыбыштар жөнүндөгү

7. Амалкөй, тамашакөй. Сөз түркүмү. А) этиш б) ат атооч в) сын атооч г) сан атооч

8. –мак –макчы мүчөлөрдү уюштурган ыңгай:

А) баяндагыч б) шарттуу в) ниет г) буйрук

9. Айкындооч мүчөлөр катышкан сүйлөмдүн аталышы:

А) жөнөкөй б) эки тутумдуу в) жайылма г) толук

10. Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү. А) Сүйлөм ичиндеги бир сөз түркүмүнө тиешелүү болгон сөздөр б) бирдей суроого жооп берген бир нече сөздөр в) бирдей суроого жооп берген бир нече сөздөр г) фразеологизмдер.

11. Сырдык сөздөрдүн башка сөз түркүмүнөн айырмасы.

А) жазылышы боюнча б) колдонулушу боюнча в) ички сезимди билдириши

12.Синтаксистик жол менен жасалган сөздөр.

А) жума, көп,эл б) быйыл, бүгүн,козу карын в)дүкөн, клуб,журнал

Г) магнитофон,телефон, самоор



Кыргыз тили вариант № 3

1. Этиштик сөз айкашы.

А) тоого чыгуу б)сүттөй ак в) келгендерден экөө г)калың токой

2. Жайкы кеч. Сүйлөмдүн түрү.

А) атама б) жай в) жалаң г) жөнөкөй

3. Тексттеги ойду...аныктайт. а) аталышы б)планы в)түзүлүшү г)темасы,коюлганьпроблемасы

4. Айылга баруу, атамды көрөм, төшөктө жатам.Сөз айкаштарындагы байланышуу жолдору.

А) таандык б) башкаруу в) ыкташуу г) ээрчишүү

5. Этиштен зат атооч жасоочу мүчөлөр.

А)-чы;-лык ; -чан; -поз б) –луу; -стан; -да в) –ма;-ым; -ык; г) –ыш; -кер; -чы

6. Реферат конспектин стили:

а) иш кагаз б) публицистикалык в) илимий г) көркөм

7.Грамматикалык жактан сүйлөмгө мүчө боло албаган сөздөр

А) кызматчы сөздөр б) маани бербеген сөздөр в) фразеологизмдер

Г) сырдык,киринди,каратма сөздөр.

8.Сүйлөмдөгү тактоочтун аткарган милдетин белгилеңиз.Жумуштан келе жаткан бул экөө бизге бетме-бет жолукту.

А)ээлик б) толуктооч в) баяндооч г) бышыктооч

9.Этиштин өзгөчө формаларын белгиле. А)кош мамиле,өздүк мамиле,аркылуу мамиле

Б)негизги,буйрук, максат ыңгай в) атоочтуктар, чакчылдар,кыймыл атоочтор

Г) учур чак,өткөн чак, келер чак.

10.Ой жүгүртүү текстин түзүүдөгү тил каражаттарын белгилеңиз.

А) мисалдар, зат атоочтор, сын атоочтор б) сүйлөмдөр,абзацтар

В) мисалдар ,корутундулар г) тезис,негиздөө,мисалдар,корутундулар





Кыргыз адабияты 8- класс “Манас”,”Семетей”, “Сейтек” эпосу боюнча жыйынтыктоо сабагы

№1.” Замандан заман өтүп,жер үстүндө кыргыз жашап тургуча, “Манас “ биздин туу чокубуз катарында тура бермек”-деген сөздөрдү ким жазган?

А) Б.Юнусалиев б) Ч.Валиханов в) А.Токомбаев г) Ч.Айтматов д) А.Осмонов

№2.Ч.Валиханов кыргыз жергесине качан келип,”Манастын” кайсы бөлүгүн жазып алган?

А) 1846-жылы “Чоң казатты” б) 1862-ж.”Каныкейдин Тайторуну чапканы” в) 1856-ж.”Көкөтөйдүн ашы” г) 1868-жылы “Кыргыздардын Таласка көчүшү”

№3.”Манас”эпосунун варианттарынын ичинен эң жогорку деңгээлде турган вариант кимдики? А) м.Мусулманкулов б) Ш.Рысмендеев,Багыш Сазанов

в) С.Каралаев,С.Орозбаков г) Т.Молдо Мамбет Чокморов

№4. “Манас”эпосун Саякбай Каралаевден жазып алынган варианттын көлөмү канча сап ырдан турат? А)30100 б) 1000000 в) 1500000 г) 500553 д) 789400

№5. “Манас”эпосунда Коңурбайдын минген аты кандайча аталат?

А) Аккула б) Алгара в) Сарала г) Көктеке д) Телтору

№6.”Чоң казатта” Бакай кыргыз кошунун кандыгын кимге өткөрүп берет?

А)Манаска б) Кошойго в) Көкчөгө г)Акбалтага д) Алмамбетке

№7.”Манас”эпосунда “калча” деген сөз кайсы каарманга карата айтылат?

А) Коңурбайга б) Жолойго в) Нескарага г) Кошойго д) Алоокеге

№8. “Манас ”эпосундагы негизги идеялардын бирин белгиле.

А) кытайларды чабуу б) Жаратылышты коргоо в) сырткы баскынчыларга каршы күрөшүү

Г) Ички душмандар менен күрөшүү д) кыз-келиндердин теңдиги үчүн күрөшүү

№9. Манас баатырга тиешелүү,анын өзүнө терс таасирин тийгизген сапаттар кайсылар?

А) чечкинсиздиги б) жалкоолугу в) жооштугу г) ала көөдөндүгү д) кызганчаактыгы

№10.Манастын Карабөрк, Акылай деген аялдары турса да,аны бойдок экенсиң деп,Каныкейге үйлөндүрүүсүнө себепкер болгон каарман ким?

А) Бакай б) Жакып в)Көбөш г) Чыйырды д) Алмамбет





№11. Семетей 12 жашка чейин кимдин уулу катары эсептелет.

А) Манастын б)Жакыптын в) Ысмайылдын г) Көкчөнүн д) Алманбеттин

№12.”Семетей ”эпосунда Айчүрөктү ал деп Толтойду күүлөп көкүткөн ким?

А) Жакып б)Коңурбай в) Кыяс г) Чынкожо д) Канчоро

№13. “Семетей” эпосунда Коңурбайдын тагдыры эмне болот?

А) Жарадар болот б) Семетейге багынат в) туткунга түшөт г) өлөт д) кайып болот

№14. “Семетейдеги” Канчоронун образынын негизги белгилери?

А) кеңдиги б) ак көңүлдүгү в) Айкөлдүгү г) арамзалыгы г) чечендиги

№15.”Семетей”эпосунда Үмөтөйдүн кунуна эмне берилет?

А)а)кул б) Тайбурул в) Суркоён г) Аккелте д) Сырнайза

№16. “Семетей ”эпосунда Толтойду ким өлтүрөт?

А) Кулчоро б) Канчоро в) Семетей г) кырк чоро д) Бакай

№17.”Сейтек” эпосунда ата теги жөнүндө эң алгач ким айтат?

А) Каныкей б) Карадөө в) Айчүрөк г) Күлчоро д) Чыйырды

№18.”Сейтек”эпосунда Бакайдын,Семетейдин,Айчүрөктүн,Күлчоронун кайып болушу кайсы элдик түшүнүк-идеяга байланыштуу?

А)элдик каармандардын тагдырынын трагедиялуу болушу

Б) элдик каармандардын өлбөстүгү ,түбөлүктүүлүгү

В) күчтүү душманга каршы күрөшүүнүн пайдасыздыгы жөнүндөгү пессимисттик идея

Г) Бул жалган дүйнөдө акыйкаттын жоктугу

Д) бул дуйнөдөн өз ыктыяры менен баш тартып,тиги дүйнөгө умтулуу

№19.Сейтек үйлөнгөн перинин кызынын аты ким?

А) Акбермет б) Акылай в) Айсулуу г)Айжамал д) Чолпон

№20. “Сейтек”эпосунда Кыяз менен Карагулдун кордугуна чыдап жүргөн Күлчоро кайсы учурду күтөт?

А)душмандарынын алсызданышын б) душмандарынын ич ара чатакташуусун

в) Сейтектин эр жетүүсүн г) Айчүрөктүн жардамга келүүсүн

д) Семетейдин кайтып келүүсүн

Бекитемин:

“Ак-Булак”орто мектебинин директору:___________Напиева М.

“----”---------------2018-жыл.

Президентибиздин жарлыгына ылайык “Аймакты көтөрүү жылына” карата

“Ак-Булак” орто мектебинде өтүлүүчү “Жердин жандуу гүлдөрүсүң - аруузат” деген темада “Жылдын мыкты аруузаты- 2018” кароо сынагынын

Ж о б о с у

Сынактын максаты:

Таланттуу чыгармачыл,алдыңкы окуучуну аныктоо жана колдоо көрсөтүү.

Алдыңкы, чыгармачыл класстын билимин жайылтуу.

Алдыңкы инсан катары калыптануусун уюштуруу, өстүрүү жана шарт түзүү.

Сынакка катышуу: 5-6-7-8-10-11- класстардан бирден кыз катышууга тийиш.

Сынактын шарттары:

  1. Өзүнүн изденүүсүнүн,проблемасын чечүүнүн негизинде өзүн-өзү тааныштыруу.

“Ийгиликтин ачкычы- изденүү” (3 мүнөттөн кем эмес убакыт)(Класстын лидеринин ролунда көрсөтө алуусу.)

  1. Мен окуган мектеп. “Алтын уям- ак мектебим” Жарнама (Реклама)2-3- мүнөт.

  2. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине жана Лейлек районунун

90 жылдыгына карата көрсөтмө,дубал гезит,буклет,сүрөт, слайд (үй тапшырма) болот.

  1. 21-кылымдын аруузатынын имиджи.(кийими,чач жасалгасы,өзүн алып жүрүүсү,аксесуарлар ж.б.) 2 мүнөт.

  2. Музыкалык блок.(Кыргыз бийи жана ырларынан аткаруу) 2-3-мүнөт.



Сынакты баалоо критерийлери:

-Психологиялык билгичтик, тапкычтык, окуучулук маданияты жана имиджи.

-Окуучунун билими жана жөндөмү

-Чыгармачылык изденүүсү.

-Убакытты туура пайдалануусу.

-Жергиликтүү материалдарды колдонуунун деңгээли.

-Кызматташтык мамиле.



ДТИБОБ: Жабарова С.А





Кыргыз тили боюнча тесттик иши № 4

1.Кайсы катардагы асты сызылган сөз адамды билдирет? (кол)

А) Бул ыйык ишке кол тийгизип койбосок болбойт.

Б) Бул келишимге кол коёрдон мурда жакшылап ойлон

В) Мындай жумушту жалгыз бүтүрө албайм,кол керек.

Г) Майда барат жумуштарга кол тийбейт экен.

2.Кайсы катардагы сөздөрдүн эки варианты тең туура?

А) чаап,чабып б) аеропорт,аэропорт в) көмүп,көөмп г) жердик,жерлик

3.Этиштик синонимди белгиле. А) жазды-окуду б) айтты-деди в) турду-жыгылды

Г) сырдады-жууду

4. Болуш, бий,хан,жүз башы, элүү башы деген сөздөр:

А) архаизмдер б) тарыхый сөздөр в) синонимдер г)кесиптик сөздөр

5.Макалдар сүйлөмдүк түзүлүшкө ээ..... а) болот б) болбойт

6.





























Кыргыз тили 5-класс

1.Текст-сүйлөм баяндалган окуяга байланыштуу ..... көлөмдө болот.

А) ар кандай б) чоң в) кичине

2.Тексттин эң кичине бөлүгү-....

А) Сүйлөм б) сөз в) тыбыш

3. Кептин түрлөрүн ата

а) баяндоо,сүрөттөө,ой жүгүртүү б)баяндоо,текст, абзац

В) көркөм,илимий, иш кагаз

4. Турмуштагы болуп жаткан,болуп өткөн,боло турган окуяны жаратылыштын кубулушун ирети менен кабарлоо....деп аталат.

А) баяндоо б) Сүрөттөө в) ой жүгүртүү

5. Арыз, токтом, маалымкат,түшүнүк кат кайсы стилге тиешелүү.

А) расмий иш кагаз б) расмий эмес иш кагаз

6. Этиштик сөз айкашын белгиле. А) окуу китеби, тоого баруу Б) ак уй, жаңы китеп

В) сууда сүзүү, мектептен келүү

7. Ыкташуу байланышындагы сөз айкашы

А) жылуу сөз б) апамдын көз айнеги

В) шаарда болуу

8. Таандык байланышты тап.

А) үйдун көзү, сааттын жебеси,баланын китеби

Б) жазуу иши, жаңы көйнөк,бакка чыгуу. В) күндөй жылуу, аппак уй, жылгаяк тебүү

9. Сүйлөм айтылыш максатына карай.... бөлунушу.

А) жай,суроолуу.илептүү,буйрук

Б) жөнөкөй жана татаал в) жалаң жана жайылма

10. Муундун түрлөрүн ата. А) ачык, жабык туюк б)жалаң, туюк,жай в) билбейм

11. Жабык муундуу сөздү белгиле. А) ата, ката, аба б) ачыл, акыл басыл

В) иним,илим,асман

12. Лексика эмне жөнүндөгү илим. А) Тыбыш жөнүндөгү б) тамга жөнүндөгү

Кыргыз тили 11-класс Жетинин айынын бири

1. Синонимдерди тап. А) ачуу-таттуу , өйдө-төмөн. Б) ак-кара,адам,киши.

В) кыз,селки,айым

2. Сөздүн курамы эмнеден турат? А) уңгудан б) мүчөдөн в)уңгу жана мүчөдөн

3. Жаңы маанидеги сөздү белгиле а) сууда, тоолор, жаңы

Б) оймок,сайма, билим в) эшикте, меники, басма

4. Өтмө мааниде колдонулган сүйлөмдү тапкыла.

А) Алтын саат сатып алдым. Б)Алтын чирибейт. В) Атамдын создөрү –алтын

5. Созулма үндүүлөрдү белгиле. А) а,о,ө,э, у,ү,и,ы. Б) Аа, А,оо,о,уу,у,үү,ү.

В)аа,оо,өө,ээ,уу,үү,

6. Кууш үндүүлөрдү тап. А) у,ү,и,ы. Б) а,о,э,ө. В) у,ө,э, ы.

7. Лл, Дд, Тт, Рр тыбыштарынын катарын тап.

А) 15, 18,22, 27 б) 13,5, 22,20. В) 16,24,19,32

8. Каткалаң үнсүздөр. А) к,п,с,т,ф,х,ц,ч,ш,щ. Б)л,м,н,й,р,ң. В)б,в,г,д,т,р,д,ж.

9. Жаакка карай кең үндүү тыбыштар а) а,о,э,ө. Б) а,о.у,ө. В) аа, ээ,б, к.

10. Кылычтай өткүр сөзү сөөккө жетти. Синтаксистик талдоо жүргүзгүлө

11. “асман” деген сөзгө фонетикалык талдоо жүргүзүү.

12.Публицистикалык стилдеги практикалык иштер. А) очерк,макала Б) арыз,тушунук кат

В) устав,программа Г) аңгеме, повесть

13.Омографтар деген эмне? А)Айтылышы бирдей жазылышы башка болгон сөздөр

Б) Жазылышы бирдей,айтылышы башка сөздөр В) Уңгуга мүчө уланса башка сөзгө ооп калат.

14.Жумшартылып сылык түрдө айтылган сөздөр.

А) синонимдер Б) табу В) Эвфемизм Г) Оксюморон

15.Сөздөрдүн келип чыгуу тарыхын, пайда болуш жолдорун изилдөөчү илим...

А) Семасиология Б) Фразеология В) Ономастика Г) Этимология

16.”Нур” сөзүнүн өтмө мааниси А) Сулуулукту,жылуулукту билдирген абстрактуу түшүнүк

Б) кандайдыр бир жарыктан чыккан шоола В) нурлуу



Кыргыз адабияты 9-класс 1- чейрек

1.С.Карачевдин “Эрксиз күндөрдө”чыгармасындагы эркиндикти издеген жаштарды белгиле.

А)Кендирбай, Зулайка Б) Мамырбай Жыпар

В) Жунуш Жыпар Г) Акмат Зулайка

2.Төмөнкү жазуучулардын ичинен ким Ташкенттеги кыргыз-казак агартуу институтунда окуган ?

А) К.Тыныстанов Б) Ж.Бөкөнбаев В) Ж.Турусбеков Г) М.Элебаев

3.”Шаңдан жүрөк” ырынын автору ким?

А) К.Баялинов Б)С.Карачев В) М.Элебаев Г) Ч,Айтматов

4.А.Токомбаев алгачкы жолу кайсы шаардан окуп билим алган?

А)Уфа Б) Алматы В) Ташкент Г) Москва

5. К.Баялиновдун драмалык чыгармасын ата.

А) “Курманбек”драмасы Б)”Каныбек” романы

В) “Карачач”драмасы Г) “Ажар”повести

6.”Мезгил учат” повести кимдин калемине таандык?

А) А.Токомбаев Б) К.Баялинов В) К.Жантошев Г) С.Карачев

7.“Ажар” повестиндеги Ажардын апасы ким?

А) Айша Б) Батма В) Кумушай Г) Гулай

8. “Кыйын кезен” повестиндеги орус малай ким?

А) Сергей Б) Андрей В) Степан Г) Петр

9. М.Элебаев кайсы жылы дүйңөдөн кайткан?

А)1940-жылы Б) 1942-жылы В) 1943-жылы Г) 1944-жылы

10. “Курманбек”драмасы кандай окуя менен аяктайт?

А) Курманбектин өлүмү Б) жеңилиши В) өч алышы,жеңиши Г) качып кетиши









Кыргыз адабияты 11-класс Тогуздун айынын 26сы

1.”Жамийла ”повестиндеги сүрөтчү бала

А) Садык Б) Сейит В) Данияр Г) Осмон

2. “Жамийла” повестинде эң башкысы эмне жөнүндө сөз кылат?

А) Ата Мекендик согуш учурундагы оор турмуш жөнүндө

Б) Садыктын согуштагы кундөрү жөнүндө

В) Данияр менен Жамийланын тунук махабаты жөнүндө

Г) Даниярдын жарадар буту жөнүндө

3. Т.Сыдыкбековдун “Көк асаба” романы кайсы мезгилди сурөттөйт?

А)Кыргызстанга совет бийлигинин орношун

Б) Кыргызстандагы колхоздоштуруу мезгили

В) 1940-45 жылдарды

Г) 5-8 кылымдагы кыргыздардын турмушун

4. Илияс менен Асел биринчи кайсы жерде жолукту?

А) Илияс менен автопаркта Б) Аселдин короосунда

В) Илиястын машинеси бузулуп жаткан жерде Г) Коноктоп отурушуп

5. “Тоолор кулаганда”чыгармасындагы негизги тема

А) жаабарстар жөнүндө Б) жашоо,өмүр, сүйүү

В) Арсендин тагдыры Г) Самарова Айдананын таланты

6.Арсен “Кыз кайып” легендасын кимге айтып берди?

А) Самарага Б) Официантка В) элдерге Г) жолоочуга

7. Арсендин кесиби кайсы? А) Журналист Б) акын В) жазуучу Г) мерген

8.”Көк асаба” романы кимдин калемине таандык?

А) Ч.Айтматов Б) Тологон Касымбеков В) Түгөлбай Сыдыкбеков Г) М.Элебаев







Кыргыз тили 8-класс Жетинин айынын бири



1.Конспект, рефераттын стилин белгиле

А) иш кагаз Б) пуллицистикалык В) илимий Г) көркөм



2. Сүйлөмдөгү кептин түрүн белгиле. Дем алыш күнү биз Чуңкурчак жайлоосуна бардык.

А) Баяндоо Б) Ой жүгүртүү В) сүрөттөө Г) баяндоо жана сүрөттөө



3. Мыйзам,устав, указ,тил кат,арыз, программа иш кагаздарынын стили

А) расмий Б) расмий эмес В) расмий жана расмий эмес



4.Көркөм каражаттарды пайдалануу менен окуучуга эстетикалык,нравалык,руханий тарбия берүүчү стилди белгиле

А) көркөм Б) илимий В) публицистикалык Г) иш кагаздар



5.Сөздүн орундуу кайталанышы ....көп кездешет

А) жомоктордо Б) ыр түрүндөгү тексттерде В) табышмактарда Г) илимий чыгармада



6.Тексттин бөлүктөрүнүн аталышын белгиле

А) абзац,тема ,идея Б) ойдун башталышы,өнүгүшү,аякташы В)планы,аты,темасы



7.Ой жүгүртүү текстин түзүүдөгү тил каражаттар

А) мисалдар, зат атоочтор, сын атоочтор Б) сүйлөмдөр абзацтар

В) мисалдар, корутундулар Г) тезис,негиздөө,далилдер, фактылар



8.Кептин түрлөрүн ата____________________________________________________

9.Кептин стилдерин ата_____________________________________________



2 0 1 8 – 2 0 1 9 – о к у у ж ы л ы

1.Үй-бүлөдө балдар менен “Акылдуу китептерди” окуу талкуулоо,китепкөйлүккө тарбиялоо



2. Баланы материалдык байлыкка эмес руханий байлыкка тарбиялоо



3.Мектеп, мугалим менен ата-эненин байланышы

4. Мектеп,окуу жайдын ыйыктыгы.Мугалим устаттын эмгегинин улуулугу.



5. Мектептин материалдык – техникалык базасын чыңдоого карата көмөкчү чарбага салымын кошуу.

6.”Энелер мектебинин “ уюштурулушуна активдүү катышуу жана семинарларына баруу.



7.Тарбиянын жашоо, турмуш тиричилик менен байланышы



8.Окуучунун эстетикалык маданиятын жогорулатууда элдик педагогиканын ролу.









Кыргыз адабияты 6-класс Тогуздун айынын 31и



1.”Укуругум учу долоно, Ууру да бөрү жолобо!”деген саптар кайсы элдик ырдан?

А)Оп майда Б) Шырылдаң В) “Тон чык” Г) Бекбекей

2. “Оп майда ”ыры элдик оозеки чыгармачылыктын кайсы жанрына кирет?

А) Дидактикалык чыгарма Б) Сүйүү ыры В) Баатырдык ыр Г) Эмгек ыры

3. Элдик шырылдаң ыры кимдин турмушунан алынган?

А) койчулардын Б) жылкычылардын В) дыйкандардын Г) кол өнөрчүлөрдүн

4. “Эр Төштүк” эпосунда Төштук жер алдына эмне үчүн кирип кетет?

А) Сыйкырчы жез кемпирден качып Б) агаларын издеп

В) сүйгөнүнүн тапшырмасы менен Г) атасын куткаруу үчүн

5. “Эр Төштүк”эпосунда Элемандын эрени

Тууратбойлуу,кең далы, Сырттан уулум Төштүк бар

Төштүгүмдү берейин, коёсуңбу жанымды?-деп Элеман кимге жалынат? А) Жер тыңшар мамытка Б) Жети баштуу кемпирге

В) Алпкаракушка Г) Кенжекеге

6.”Иттин доолдай тиктирем “деген чыгармасы кайсы жанрга кирет?

А) арман Б) кошок В) тамсил Г) эпос

7.”Эр Төштүк” эпосундагы Төштүктүн тулпары кандай аталат?

А) Акула Б) Тайбурул В) Чалкуйрук Г) Телтору








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!