Мээге чабуул.Сүрөттөн эмнени коруп турасынар? Бул иллюстрацияны буга чейин көрдүнөр беле? Эми келгиле балдар,сүрөттүн чынын көрөлү Байкашынарча бул сүрөттө адам укугу бузулуп жаткандыгын көрүп турасынар. Эми, биз жаңы теманы түшүндүрүп. Бул жагдайды талкуулап көрөлү. Жаңы теманы түшүндүрүү: Конститутция- (латынча constitutio – түзүлүш), башмыйзам – өлкөнүн негизги (башкы) мыйзамы, мамлекеттин өзгөчө укуктук документи. Конституция мамлекеттин жана коомдун түзүлүшүнүн негиздерин, адамдын жана жарандын укуктук абалынын негиздерин жөнгө салат. «Конституция» түшүнүгү Байыркы Рим императорлорунун айрым актыларында жана орто кылымдарда колдонулган, бирок мааниси жана формасы жагынан укуктук акт боло алган эмес. Королдук жана феодалдык зомбулуктарды чектөө үчүн коомдун белгилүү бир өнүгүү этаптарында Конституция өзгөчө документ катары пайда болгон. Алгачкы жазылган Конституция 1787-ж. АКШда кабыл алынган. Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ, кабыл алуунун жана өзгөртүү киргизүүнүн өзгөчө тартиби менен мүнөздөлөт. Конституция адатта атайы түзүлгөн Конституциялык уюмдаштыруу жыйыны тарабынан же түздөн-түз элдик добуш берүү менен кабыл алынат. Мусулман мамлекеттеринде чыныгы Конституция деп Куран эсептелет, бардык мыйзамдар Куранга шайкеш келүүгө тийиш. Конституция мамлекеттин мыйзам чыгаруу жана укукту пайдалануу ишинин негизги юридикалык базасы болуп саналат. Бардык укуктук актылар, мамлекеттик органдардын иш жүзүндөгү ишмердиги Конституцияга шайкеш болууга тийиш. Конституцияга шайкеш келбеген актылар аракеттенбей турган жана укук бузуучу (органдардын аракети) деп каралат. Конституция убактылуу жана туруктуу деп да бөлүнөт. Убактылуу Конституция өткөөл мезгилде иштелип чыгып, бийликти уюштуруу жөнүндөгү негизги жоболорду чагылдырат, кээде туруктуу Конституция менен алмашылат (ТАР, Польша, Альбания). Туруктуу Конституция кыска мөөнөткө иштеп калышы мүмкүн (Венесуэла). Ал эми КРнын конститутциясы- он экинчи шайланган Жогорку Кеңешинин он экинчи сессиясында 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган,Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Мыйзамында баяндалган. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Эркектер кандай укукка ээ болсо, мыйзам алдында аялдардын да укугу ошол денгээлде. Андыктан бул аялга колдонулган мыкаачылык, мыйзамалдында КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИ 2021-жылдын 28-октябры № 127 көрсөтүлгөн. | Мээге чабуул ангемелешүү Окуу китеби Кезектшип бири бирин окутуу Кайтарым байланыш | Акыл чабуулу Оозеки №1 тиркеме Көрсөт -мөлүү | Диагностикалы Формативдик Суммативдик |
Бышыктоо: Адам өз укуктарын жана милдеттерин билүүгө укутуу. Жана анын өмүрүнө, же мүлкүнө инсандык даражасына доо кете турган мезгилде тийиштүү органдарга кайрыла алат. Жана ошондой эле адам бироонун өмүрүнө же адамдык абийирине доо кетирсе, мыйзам алдында жооп берет. | Топтордо иштѳѳ Жекече иштѳѳ | | |
Жыйынтыктоо: Адам укуктарынын эркин жана натыйжалуу жүзөгө ашырылышы – жарандык коомдун жана укуктук мамлекеттин негизги белгилеринин бири. Жалпыга таанылган бөлүнүшкө ылайык Адам укуктары жеке (эл аралык аталгы таанууда –жарандык укуктар), саясий, социалдык, экономикалык, маданий, экологиялык укуктар болуп айырмаланат. | | | |