Мөөнөтү
|
|
Предмет
|
Информатика
|
Класс
|
5
|
ОББ
|
|
Сабактын темасы: Компьютерди башкаруу
Сабактын максаты: Персоналдык компьютерди башкаруу жөнүндө маалымат берүү.
Сабактын милдеттери:
Когнитивдик: Персоналдык компьютер, компьютерди башкаруу жөнүндөгү билимдерин кеңейтип толугураак маалымат берүү.
Ишмердүүлүк: Персоналдык компьютерди башкаруу жөнүндө билимдерди өнүктүрүшөт.
Баалуулук: Персоналдык компьютер менен иштөөдө окуучулар тактыкка, тазалыкка, сабырдуулукка тарбияланышат.
Мазмуундук тилке: 5.2.3.2.
1.Информация жана информациялык процесстер . 3.Алгоритм жана программалоо.
2.Компьтер 4.Информациялык-коммуникациялык технология.
Негизги компетенттүүлүк:
|
Предметтик компетенттүүлүк
|
1.Маалыматтык компетенттүүлүк.
2.Социалдык–коммуникациялык компетенттүүлүк.
3. Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү компетенттүүлүк.
|
1. Маалыматтык сабаттуулук компететтүүлүгү.
2. Логикалык жана алгоритмдик компететтүүлүк.
3. ИКТ-квалификациясынын негиздери.
4.Коммуникациялык.
5.Маделдөө жана дизайн.
|
Күтүлүүчү натыйжа :
|
Көрсөткүчтөр
|
Персоналдык компьютердин программалык жабдылышын билишет.
Чычкан менен иштегенди үйрөнүшөт.
|
Персоналдык компьютердин программалык жабдылышын билишсе.
Чычкан менен иштегенди үйрөнүшсө.
|
Сабактын тиби:Жаңы теманы түшүндүрүү. Аралаш сабак. Кайталоо. Бышыктоо Жыйынтыктоо. Практикалык иш. Текшерүү иши. Тест.
Сабактын усулу:Түшүндүрүү-иллюстациялоо. Өз алдынча иштөө. Топто иштөө. Интерактивдүү ыкмалар. Практикалык иш. Дифференцирлөөчү.
Сабактын жабдылышы:Окуу куралдары, таблица, сүрөттөр, карта, карточкалар, химиялык куралдар, интерактивдүү доска.
Сабактын баалоо усулу:Диагностикалык, формативдик, суммативдик (Жекече баалоо; Түздөн-түз баалоо; Бири-бирин баалоо; Өзүн-өзү баалоо; Топто баалоо;)
Сабак
тын
этабы
|
убакыт
|
Мугалимдин ишмердүүлүгү
|
Окуучулардын ишмердүүлүгү
|
|
|
Уюштуруу
|
3 мин
|
- Саламдашуу;
- Шыктандыруу;
- Жагымдуу маанай түзөт;
- Класстын тазалыгын, окуучулардын сабакка катышуусун жана даярдыгын текшерет;
|
Саламдашат. Окуучулар сабакка керектүү каражаттары менен даярдык жүргүзүшөт. Сабаккакелбегенокуучулардыаташат
|
|
Үй тапшырмасын суроо
|
15 мин
|
Компьютердин негизги жана кошумча түзүлүшү.
|
өтүлгөн материал боюнча билимдерин тереңдетет.
Өзүн-өзүбаалайт.
|
|
Жаңы теманы түшүндүрүү
|
-
- Мин
|
Программалар жана документтер Компьютердин иштеши үчүн ага инструкциялар топтому – программалар керек. Бардык программалардын жыйындысы компьютердин программалык камсыздоосу деп аталат. Программалык камсыздоонун милдеттүү болүгү операциялык система (ОС). ОС – бул компьютердин иштөөсүн башкаруучу жана адам менен компьютердин өз ара байланышын камсыздоочу программалардын өзгөчө пакети. Азыркы учурда Windows, MacOS жана Linux кеңири таралган ОС болуп саналышат.
Жумушчу стол Ар бириңердин үйүңөрдө жумушчу стол бар. Анда үй тапшырмасын аткарасыңар, сүрөт тартасыңар, кагаз чаптайсыңар. Жумушчу столдо силер иштеш үчүн керектүү болгон окуу китептер, дептерлер, калем саптар, калемдер, сызгыч, кайчы ж. б. жайгаштырасыңар. Компьютердин иштөөсүнө даяр болгон монитордун экранындагы сүрөттөлүш дагы Жумушчу стол(Рабочий стол) деп аталат. Жумушчу стол бир тондо болушу, сүрөт же фото камтышы мүмкүн. Жумушчу столдо анча чоң эмес сүрөттөр белгилер жана ярлыктар (ярлык – төмөн сол бурчунда кичинекей жебеси бар сүрөт) жайгашат. Алар объекттерге – компьютердин ар кандай түзүмдөрүнө жана программаларына, ошондой эле компьютер-дик программалардын жардамы менен түзүлгөн тексттерге, сүрөттөргө ж. б. документтерге ыкчам кирүүнү камсыз кылат. Сүрөттө Windows 7 ОСнын жумушчу столунун корүнүшү келтирилген.
Маустун жардамы менен компьютерди башкаруу Компьютердин түзүлүштөрү жана программалары менен иштөө үчүн маустун жардамы менен таасир этүүгө мумкүн болгон башкаруунун түрдүү графикалык элементтери пайдаланылат. Эреже катары маустун эки оң жана сол кнопкасы болот. Сөөмөй сол кнопкага жайгашат, себеби ал негизги деп эсептелет. Эгерде адам сологой болсо оң жана сол кнопкалардын функцияларын алмаштырып алса болот. Экранда маустун образы болуп маустун көрсөткүчү эсептелет. Адатта ал жебенин формасындай, би-рок кээ бир учурда анын формасы башкача болушу да мүмкүн. Маус көрсөткүчүнүн формаларынын бир нече мисалын карагыла:
Мисалы, эгер көрсөткүч кичинекей кум саат формасындай болсо, анда бул компьютер учурда кандайдыр бир операцияны аткаруу менен алек болуп жатканын билдирет.
|
-Билимижогорулайт;
- Тема боюнча ой жүгүртүшөт;
-Көңүлбуурусужогорулайт;
-Айырмалапбилүүгө үйрөнөт;
-Так маалыматтардыажырата алат;.
-Толук жыйынтыкчыгаргангаүйрөнүшөт;
|
|
Сабакты бышыктоо
|
3-5 мин
|
Бышыктоо
Программа деген эмне?
Маус деген эмне?
Маус менен кантьип иштейт экенбиз?
|
Алган билимин бышыкташат
Эске тутуусу калыптанат
|
|
Баалоо
|
3 мин
|
Жекече баалоо,Түздөн түз баалоо.Бири-бирин баалоо Өзүн-өзү баалоо.Топто баалоо.
|
Күндөлүктөрүнө баа койдурушат.
|
|
Үй тапшырма
|
1 мин
|
Компьютерди башкаруу
|
Күндөлүктөрүнө үй тапшырманы жазышат.
|
|
Просмотр содержимого документа
«План урока технологии»