Просмотр содержимого документа
«Тарбиялык саат 10-класс»
Д.Иманов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби.
Тарбиялык саат.
Тема:Эне тилим эчен кылым карыткан,
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан!
10-класс
Кл.жетекчи: Касенова Айжамал.
Сабактын максатты:
Билим берүүчүлүк: Окуучулардын өз эли –жерин,эне тилибиз-мамлекеттик тилди,ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап аздектөөсү үчүн түрдүү булактардан маалыматтарды берүү.
Өнүктүрүүчүлүк: Мекен алдындагы алардын жоопкерчилигин арттыруу,атуулдук парзын аткаруу,ата мурастарын сактоо зарылдыгын туюндуруу,эне тилин сүйүүгө,сактоого умтулуу.
Тарбия берүүчүлүк: Патриоттукка,намыскөйлүккө,
ынтымак-достукка ж.б.тарбиялоо.
Сабакта колдонулуучу дидактикалык каражаттар: КРнын Гимни,Кыргыз тилинин гимни,кыргыз комузу,Манас,Семетей,китептери,сүрөттөр кыргыздын улуттук буюмдары,кийимдер ж.б.
Сабактын жүрүшү: Сабак Кыргыз Республикасынын Гимнинин аткаруусу менен башталат.
Мугалим окуучуларга суроо берди.
Мугалим -Кыргыз эли үчүн эмне ыйык?
Окуучу -Улуу Манасы ыйык!
Окуучу -Ак боз үйү ыйык!
Окуучу -Ак калпагы,ак элечеги ыйык!
Окуучу -Эне тили ыйык!
Манастай дастандарды жараткан эне тилибиз кыргыз тили жөнүндө эмнелерди айта аласынар?
1-окуучу:
Кыргыз тили кылымдарды карыткан,
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан.
2-окуучу:
Кыргыз тили улуу Манасын сактап калды,
Манас кыргыз тилин өчүрбөй улантып келди.
3-окуучу:
Абалтадан салт-санаасын сактаган,
Акыл,оюн алыс жолдо тактаган.
Кылымдардан кылымдарды карыткан,
Кыргызымдын тили менен мактанам.
4-окуучу:
Эне тилим-өз тилим,
Эси жоктук иш кылат,
Өзүнүн эне тилинде
Сүйлөбөсө сөздү ким.
5-окуучу:
Уккан сайын көшүгөн,
Эне тилим-эгизим,
Сүзүп өттүм өзүнөн,
Акыл-билим деңизин.