Уюштуруу | 3 мүнɵт | -саламдашат. -классты жоктойт. -алтын эрежени эске салат. Кана балдар, эрежени сактайлы, Китеп, дептер барактарын ачпайлы. Кɵңүл коюп олтурабыз баарыбыз, Анда эмесе, жагымдуу маанайдан баштайлы. Жагымдуу маанай түзүшɵт ( быйтыкчалардын жардамы менен) 2) 3) 4) 5) -Кана, эми айткылачы , кайсы маанай силерге жакты? -Туура айтасыңар балдар, жылмайып жүргɵн кандай жакшы ээ. Ошондуктан дайыма жылмайып гана жүрɵлү. Кана эмесе дагы бир жолу бири-бирибизге жылмайып коёлу. | -саламдашат. -нɵɵмɵтчү жооп берет. -алтын эрежени айтышат. Эрте туруп үйүмдɵ, Сабагымдан кечикпейм. Тартип бузуп себепсиз, Чуркап кирбейм эшиктен. Суроо берсе эжекем, Кол кɵтɵрүп жооп берем. Түз олтуруп класста, Түз коёмун колумду. Ар нерсеге алаксып, Бурмалабай оюмду. Жолтоо болуп сабакка, Уруксатсыз баспаймын. Тапшырманы так жасап, Жалкоолукту таштаймын. Быйтыкчадагы маанайларды бири-бирине тартуулашат. Ɵз ойлорун айтышат. Бири-бирин карап жылмайышат. | НК2 НК2 | | Ыраазычылык билдирүү Быйтыкчалар менен баалоо |
Ɵтүлгɵн теманы бышыктоо | 6 мүнɵт | Ɵтүлгɵн теманы бышыктоо үчүн кайтарым байланыш жүргүзɵт: -Үйдɵн сүрɵт тартып келген айлампаңарды доскага илгиле. «Светофор» ыкма менен ɵтүлгɵн теманы канчалык деңгээлде түшүнгɵндүгүн текшерет. | Ар бир суроого жооп беришет. Сүрɵт тартып келген айлампаларын доскага илишет. Канчалык деңгээлде түшүнгɵндүгүн светофор белги менен кɵрсɵтɵт. | НК2 | ПК4 | Жылдызчалар менен баалоо Калыптан дыруучу баалоо |
Жаңы теманы тааныштыруу жана түшүндүрүү | 17 мүнɵт | Жаңы теманы жарыялайт жана сабактын максаты менен тааныштырат. -Арстан менен коён кандай жаныбар? -Дагы кандай жапайы жаныбарларды билесиңер? Классты 3 топко түстɵр боюнча бɵлɵт. Балдар топторго бɵлүнүп алдык, эми топторго ат коёбуз. Азыр кайсы мезгил? 1-топко суроо берет. -Жаз мезгилинде аба-ырайы кандай болот? -Туура, анда биринчи топту «Күн» тобу деп атайбыз. 2-топко суроо берет. -Жаз мезгилинде биринчи кайсы гүл чыгат? -Туура, анда экинчи топту «Байчечекей» тобу деп атайбыз. 3-топко суроо берет. -Жаз мезгилинде эң алгач кайсы канаттуу учуп келет? -Туура, анда үчүнчү топту «Кара чыйырчык» тобу деп атайбыз. Эми 3 топко себет берет. Токойго жапайы жаныбарларга саякатка барганча, үйгɵ козу карын терип кайтасыңар. -Бүгүнкү жаңы тема «Арстан менен коён» жомогун слайд аркылуу кɵрɵсүңɵр. (слайд кɵрсɵтүлɵт) -Балдар, жомокко түшүндүңɵрбү? Кайсы сɵздɵр силерге түшүнүксүз болду? Сɵлɵкɵт – кɵлɵкɵ Бакыраң кɵз – чоң, тегерек кɵз Оболу - алдың Анда силерге жомоктон викториналык суроолорду берем. 1-топ -Ийининен алыс чыкпаган коркок жаныбар? 2-топ Коён ийинден чыгып кайсы жаныбарга жолукту? 3-топ Коёндун сɵзүн угуп, арстан кандай абалда болду? 1-топ Коён арстанды кайда ээрчитип барды? 2-топ Арстан кудуктан эмнени кɵрдү? 3-топ Коёндун амалы ишке аштыбы? Суроолорго жооп берген топторго козу карын берилет. | Кɵңүл буруп угушат. Жапайы, токой жаныбары Жапайы жаныбарларды атап беришет. Жаз мезгили. Жаз мезгилинде карлар эрип, күн жылыйт. Жаз мезгилинде биринчи байчечекей гүлү чыгат. Жаз мезгилинде эң алгач кара чыйырчык учуп келет. Кɵңүл буруп, кɵрүшɵт. Ооба, түшүндүк. Түшүнбɵгɵн сɵздɵрүн айтышат. М: сɵлɵкɵт, оболу, бакыраң кɵз ж.б. Топтор суроолорго жооп беришет. Ийининен алыс чыкпаган коркок жаныбар бул-коён. Коён ийинден чыгып арстанга жолукту. Коёндун сɵзүн угуп, арстан ачууланды. Коён арстанды кудукка ээрчитип барды. Арстан кудуктан ɵзүнүн сɵлɵкɵтүн кɵрдү. Ооба, коёндун амалы ишке ашты. Топтор суроолорго жооп берип, козу карын жыйнашат. | НК3 НК1 | ПК3 ПК4 | Диагнос тикалык баалоо Калыптан дыруучу баалоо |
Жаңы теманы бышыктоо | 10 мүнɵт | 3 топко тɵмɵндɵгүдɵй тапшырмаларды берет. 1-топ Жомокко «Окуянын картасын» түзүп бергиле. 2-топ Жомокту ролдоштуруп окуп бергиле. 3-топ Макалдарды окуп, жомокко байланыштуу макалдарды тапкыла? Топторго презентация жасоону сунуштайт. Мугалим ар бир топко барып, байкап, керек учурда жардам берет. | Жомокко окуянын картасын түзүшɵт. Ролдоштуруп окуп беришет. Макалдарды окуп, жомокко байланыштуу макалдарды табышат. Ар бир топ презентация жасашат. | НК3 | ПК4 | Калыптан дыруучу баалоо |
Жыйынтыктоо | 3 мүнɵт | Арстан менен коёнго мүнɵздɵмɵ берип, кластер түзгүлɵ. -Балдар, жомокту түшүндүңɵрбү? Силерге жактыбы? -Светофор түсү аркылуу балдардын канчалык деңгээлде түшүнгɵнүн аныктайт. | Стикерге жазып, доскага жабыштырып, кластер түзүшɵт. Канчалык деңгээлде түшүнгɵндүгүн светофор түсү менен тартып кɵрсɵтүшɵт. | НК2 | | |