Жазган ишиңерге рахмат. Биз буга дагы кайрылабыз. Ал эми азыр келечек жашоо тууралуу футурологдордун айткандарына көңүлүңөрдү бурам. (футуролог – келечекти алдын ала маалымдоочу адам). Алар: ü келечекти түзүүгө болот, ал өзүбүздүн иш- аракеттерибизге гана жараша болот; ü келечек өзгөрүлмөлүү – ал өткөндөгүгө эмес, катышуучулардын чечимине жана кызыкчылыктарына жараша болот; ü айрым иштерди болжолдоп аныктоого болот, бирок келечектин кандай болорун так айтууга мүмкүн эмес, жөн гана каалообузга жараша алдын ала ойлонуштура алабыз деп эсептешет. (“Будущее образования: глобальная повестка” “Билим берүүнүн келечеги”: глобалдуу күн тартиби” докладын караңыз (доклад кыргызча которулган эмес) Ошондуктан кесиптер да өзгөрүлө тургандыгын түшүнүү маанилүү. Алар 3 категорияга бөлүнүшөт: ЖАҢЫ КЕСИПТЕР, керектөөчүлөрдүн жаңы талаптарына жана жаңы тажрыйбаларды колдонууга технологиялардын алмашуусуна байланыштуу пайда боло турган кесиптер ӨЗГӨРҮП ТУРУУЧУ КЕСИПТЕР, алар бар, бирок IT жана башка технологиялардын таасири алдында өзгөрөт. ПЕНСИОНЕР – КЕСИПТЕР – автоматташтыруунун, ошондой эле технологиялык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жок болуучу кесиптер. Азыр биз топтордо иштейбиз дагы, келечекте кандай кесиптердин керектүү болорун карап көрөбүз. 2020-жылга чейин пайда болуучу кесиптер – булар жакынкы аралыкта керектелүүчү кесиптер. Өнүккөн өлкөлөрдө алардын көбү пайда болгон (мисалы, энергияаудиторлор, тармактык дарыгерлер, ГМО-агрономдор ж.б.) 2020-жылдан кийин пайда болушу мүмкүн болгон кесиптер – дүйнөнүн технологиялык жакшы өнүгүүсүнүн алдында “бүрсүгүнү” пайда болуучу кесиптер. Бүгүнкү күндө кесиптик маселелерди чечүүгө алгачкы кадамдар жасалды (мисалы, киберпротезчилер, виртуалдык дүйнөнүн программисттери ж.б. пайда болду). Ар бир топ маалымат баракчасын алышат. Иштин жыйынтыгында, силер, өзүңөрдүн көз карашыңар боюнча Кыргызстандын (өзүңөр жашап жаткан аймактын) өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон, маалыматта көрсөтүлгөн 1-2 кесипти тандап алып, өз көз карашыңарды түшүндүргүлө. |