СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

10-класс Сингармонизм закону

Нажмите, чтобы узнать подробности

10-класс Сингармонизм закону

Просмотр содержимого документа
«10-класс Сингармонизм закону»

-класс Кыргыз тил мугалим Касымбаева Роза

10 Сабактын темасы: Үндүүлөрдүн үндөштүк закону (сингармонизм)

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк: үндүү тыбыштар боюнча мурунку алган билимдерин тереңдетишет.

Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар үндүү тыбыштардын үндөшүп өзгөрүүсүн үйрөнүшөт.

Тарбия берүүчүлүк: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.

Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу...

а) үндүүлөрдүн бөлүнүшү боюнча билимдерин тереңдете алышса;

б) үндүү тыбыштардын окшошуп өзгөрүүсү боюнча үйрөнүшсө;

в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша алса.

Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:

Тилдик компетенттүүлүк

- үндүү тыбыштардын кандай жолдор менен үндөшүп өзгөрүүсүн билет;

Кептик компетенттүүлүк

- түрдүү чөйрөдө сүйлөө ишмердүүлүгүнө ээ болот;

- оозеки кепте интонацияны сактай алат.

Маданий компетенттүүлүк

- кеп маданиятына ээ болот; - адабий тилдин ченемине ылайык туура сүйлөөгө калыптанат.



Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.

Сабактын методу: айтып берүүчүлүк-түшүндүрүүчүлүк метод.



Сабактын жабдылышы: таблица, методикалык колдонмо, ватман, маркер, компьютер, флешка жана башка

Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Өтүлгөн теманы кайталоо. 3.Жаңы тема 4. Бышыктоо 5. Жыйынтыктоо 6. Үй тапшырма 7. Баалоо

Саламдашкан соң Кыргыз Мамлекеттик тил гимни окуучулардын аткаруусунда хор ырдалат.

Жагымдуу маанай: Окуучулар өзүлөрүнүн аттарынын баш тамгаларын айтып, ошол тамгадан башталган комплименттерди айтышат.

Топко бөлүү: Алма стикерледи өң боюнча алып бөлүнүшөт

Баалоо критерийлери: Топторду баалоодо кайсы топ туура, биринчи жооп берсе доскада турган букеттеги гүлдөрдөн улам алып турасыңар, ал эми жекече баалоодо топтун ичинде активдүүлүгүн көрсөткөн окуучулар доскадагы өсүп турган гүлдөн аласынар. Акырында жыйынтыгын чыгарабыз.

Үйгө тапшырманы текшерүү: 1-топ үнсүздөрдүн жасалуу ордуна карай бөлүнүшүн, 2-топ үнсүздөрдүн жасалуу ыгына карай бөлүнүшүн кагазга чийип жактап беришет. Эки топ бирден сөзгө фонетикалык талдоо жүргүзүшөт: беш жана топ деген сөздөр.

  1. Фонетика деген эмне?

  2. Тамга, тыбыш деген эмне?

  3. Үндүүлөр жана алардын класификациясы

  4. Үнсүздөр жана алардын классификациясы

  5. Муун жана анын түрлөрү кандай?

Жаңы тема:

Видеодон түшүндүрүлөт, мугалим толуктайт. Биз сүйлөгөн учурда сөздөгү тыбыштар бири-биринен бөлүнүп айтылбастан, бири экинчисине айкалышып айтылат. Сөздөгү тыбыштардын мындайча айкалышуусу бири-бирине таасир этип, алардын ортосунда үндөштүктү пайда кылат. Анын натыйжасында сөз ичиндеги үндүү тыбыштар мурунку муундагы тыбыштардын табиятына жараша (көп муундуу уңгу сөздө алгачкы муундагы, туунду сөздө мүчөдөн мурда келген муундагы тыбыштарга карата) кийинкилери жоон же ичке, эринчил же эринсиз, абалга өтүп, бир кылка ыргактуулукка ээ болот. Бир сөздөгү тыбыштардын бири-бирине таасир этип, бир кылка ыргакка ээ болушун үндөштүк мыйзамы дейбиз. Мисалы: берекелерим, жыйынтык, үйдөгүлөргө, энелерибизге, сүймөнчүктүү, тоолордо, китептерде, талаалардагы, көрүнгөндөргө, күлкүлүү, окуучу жана башка ушу сыяктуу.

Айтылган аныктамалар окуу китебиндеги көнүгүүлөрдү иштөө менен бышыкталат. 1-топ 36-көнүгүүдө берилген ырдын 2 куплетин окуп , андагы үндөштүк мыйзамына байланыштуу өзгөргөн сөздөрдү таап аларга мүнөздөмө бергиле. 2-топ 36-көнүгүүдө берилген ырдын 2 куплетин окуп , андагы үндөштүк мыйзамына байланыштуу өзгөргөн сөздөрдү таап аларга мүнөздөмө бергиле.

Сабактын кийинки бөлүгүндө тапшырма жазуу жүзүндө аткарылылат. Окуучулар экиден сүйлөм түзүп алардан үндүүлөрдүн үндөшүүлөрүн таап, бир сөзгө фонетикалык талдоо жүргүзүшөт.

Экрандан сүрөттөр көрсөтүлөт аларга байланыштуу макалдарды жана фразеологизмдерди таап сингармонизм закону сакталганбы, сакталган болсо түшүндүрүп беребиз.

Окуучулардын билимин баалоо билим көрсөткүчтөрү аркылуу жүр­ гүзүлөт:

- үндүү тыбыштардын бөлүнүшүн биле алышы;

- үндүү тыбыштардын үндөшүүсүн билиши;

- фонетикалык талдоо жүргүзө билиши;

Үй тапшырма: Эки сүйлөм түзүп, алардан үндүүлөрдүн үндөшүүсүн таап, кандай жол менен үндөшкөндүгүн түшүндүрүү жана үч сөз алып фонетикалык талдоо жүргүзүү.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!