СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

№10-сабак. Сабактын темасы: Монголстан мамлекетинин Темирдин жортуулдарына каршы курошу.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«№10-сабак. Сабактын темасы: Монголстан мамлекетинин Темирдин жортуулдарына каршы курошу.»

10-сабак. Сабактын темасы: Моголстан мамлекетинин Темирдин жортуулдарына каршы күрөшү

План:

  1. Моголстан мамлекетинин түзүлүшү.

  2. Амир Темирдин мамлекети жана анын жортуулдары

  3. Темир жөнүндө уламыштар.


Моголстан мамлекетинин түзүлүшү. XVкылымдын орто ченинде Орто Азиянын чыгышында жаңы мамлекет – Моголстан, т.а. “моголдор өлкөсү” (түрк элдери моголдор деп моңголдорду айтышкан) түзүлгөн. Моголдордун эң ири уруулары түркчө да, моңголчо да аталыштарын алып жүрүшкөн. Алардын ичинен дуглаттар, каңгылар, аргынуттар, барластар жана башкалар өзгөчөлөнүшкөн. Алардын баары эле эчактан түрк тилинде сүйлөшүп, түрк салттарын кабыл алышкан жана өз мекени деп Моңголияны эмес Теңир-Тоону эсептешкен. Алар ислам динин кабыл алышкан. Бул уруулардын көбү кийинчерээк кыргыз, казак, өзбек элинин курамына кирген.

Мухамед Хайдар Дуглаттын1 эмгегинде Моголстан мамлекети тууралуу “Азыр Моголстан деп аталган аймак узунунан да, туурасынан да 7-8 айлык жол аралыгын ээлейт. Моголстандын чыгыш чет-жакалары өзүнө Барскул, Эмиль жана Иртышты кошуп, калмак жерлерине чейин кирип барат. Түндүгүндө анын чек арасы Көкчө-Теңгиз (Балхаш), Бум, Каратал аркылуу өтөт; батышында Моголстан Түркстан жана Ташкент менен чектешет. Түштүгүндө Фергана, Кашкар, Аксуу, Чалыш жана Турпан менен чектешет. Моголстанда чоңдугу боюнча Жейхунга (Аму-Дарыяга) теңдеш ири дарыялар көп, алардын ичинде Или, Эмиль, Иртыш, Чуйлик (Чүй жана Нарын) бар. Бул дарыялар Сейхундан (Сыр-Даря) кем калышпайт”, - деп жазылат.

Моголстан мамлекети борборлошкон мамлекет болгон эмес. Ири төбөлдөр өз ээликтерине толук кожоюн болуп, ханга номиналдуу гана баш ийишкен. Ал чыгышта Баркөлдөн баштап, батышта Сырдарыяга чейинки аймакты ээлеген. Анын түндүк чек арасы Балхаш көлү, түштүктө Чыгыш Түркстан болгон. Мамлекеттин чыгыш чет жакаларында кыргыздар жашаган. Алар моголдорго көз каранды болбош үчүн тынымсыз күрөш жүргүзүшкөн. Моголстан мамлекетинин саясий турмушунда башкы ролду дуглат уруусунун ири феодалдары ойношкон. Алар Чыгыш Түркстанды, Фергананын бир бөлүгүн, Алайды, Ысыккөлгө чейинки бүткүл Борбордук Теңир тоону камтыган кеңири жана бай Чыгыш Түркстан аймагын ээлешкен. Уруунун эң күчтүү феодалы Пуладчы болгон. Борбору Ак-сууда жайгашкан.

Талас, Чүй өрөөндөрү, Ысыккөл жана алардан түндүктөгү Балкашка чейинки аймак, чыгышта Иртышка чейин эмир Пуладчынын кичүү бир тууганы Камар-ад-Динге караган. Пуладчы Чыңгыз хандын тукумунан болбогондугу үчүн хандыктын тактысына олтура алган эмес. Ошону үчүн жашы толо элек чыңгызид Тоглук-Темирди Кулжа аймагынан Музарт ашуусу аркылуу алып келип 1348-жылы хандыкка көтөргөн жана анын аты менен өзү башкарууну чечип, хандын алдындагы жогорку бийлик болгон улусбек деген кызматты ээлеп, мурастаган. Моголстандын биринчи ханы Тоглук-Темир мамлекеттик ишке шыктуу чыкты. Ал көчмөн элдер менен тил табыша алган. 1354-жылы өзү ислам динин кабыл алып, аны мамлекеттик динге айланткан. Мусулман болуу менен Тоглук-Темир бүткүл Орто Азиядагы бийликке атаандашууга укук алган. Ошол эле учурда Моголстандын чыгыш чет жагында болгондуктан кыргыз уруулары исламды кабыл алган эмес.

1360-1361-жылы Тоглук-Темир Мавереннахрга жортуул жасайт. Акыркы жортуулда моголдордун аскер күчү Сыр-Дарыяны кечип өтүп, Кундузга чейин жетишкен жана олуттуу каршылыкка жолуккан эмес. Тоглук темир Самарканддга өзүнүн уулу Илияс-Кожону наместник кылып калтырып, өзү чоң олжо менен Моголстанга кайткан. Ошентип, атчан адам үчүн баш аягы жети айлык жол болгон Моголстан мамлекети түзүлгөн. Моголдор Мавереннахрда талоончулук, каракчылык иштерин жасашкан. Аларга каршы элдик көтөрүлүштөр башталып, ага кээ бир жергиликтүү феодалдар да кошулушкан. Илияс-Кожонун абалы оор болгон. 1364-жылы Тоглук Темир ооруп өлөт. Аны хан болушуна түздөн-түз таасири бар Пуладчи Тоглук Темирден да мурун өлүп, артында уулу Худайдад калат. Ал эми Пуладчинин бир туганы Камар ад-дин Тоглук Темирдин ордун басуучу Ильяс Кожого каршы нараазылык билдирген. Аны үй-бүлөсү менен кошо жок кылууну ойлогон.

Илияс-Кожо Моголстандын ханы болгондон кийин атасынын тышкы саясатын улантып, Мавереннахрды басып алууну чечет. 1365-жылы моголдор Мавереннахрдын эмир Темир башында турган аскери менен Ташкенттин жанында беттешет. Салгылашуунун учурунда катуу бороон, нөшөрлөнгөн жаан башталат. Жоокерлер улуган бороондон буйрукту укпай, көз ачырбаган жаандан улам бири-бирин ажырата албай ылайда кармашат. Дүрбөлөңгө түшүп качканда тирүүлөрдүн жана жарадар болгондордун көбү ылайга тебеленип калат. Акыры Эмир Темирдин аскерлери артка качып жөнөйт. Баткак салгылашуусу “Жанг-и Лой”деп аталган бул салгылашууда он миңге жакын адам өлгөн. Жеңишке ээ болгон моголдор Самаркандга жакын келишип, аны курчоого алышат. Эмирлер Темир жана Хусейин шаарды таштап Аму-Дарыянын аркы өйүзүнө качып кетишкен. Коргоосуз калган Самарканддын калкы шаарды коргоону өз колдоруна алышат. Аны баскынчыларга багынууну каалабаган карапайым калк жетектеген. Жетектеген адамдардын бири пахта тазалап жүргөн адам болсо, дагы бири медреседе окуган адам болгон. Чыңгыз хандын тушунда эле кыйрап калган шаардын дубалдары, коргондорунун жоктугу элди кыйын абалга келтирет. Коргоочулар шаарга кирүүчү негизги жолдон башкасынын баарын казышып, айланта тосмолошкон. Моголдордун атчандары тар көчө менен жылып киргенде аларга жебелер, таштап, таяктар мөндүрдөй жааган. Моголдор шаарды алалбай кетишкен. Ошондон улам Илияс-Кожо аскерин Моголстанга алып кетүүгө мажбур болгон. Алар кеткенден кийин эмирлер Темир менен Хусейин Самарканддга келишип, өздөрүнүн бийликтерин чыңдаш үчүн шаарды коргоочулардын жетекчилерин өлтүрүшкөн. Ошентип, жоону карапайым элдер жеңгени менен анын жемиштерин феодалдар пайдаланышкан.

Илияс-Кожонун жеңилип келиши Моголстандын ири феодалдарын нараазы кылган. Дуглат уруусунун эмири Камар-ад-Дин Илияс-Кожону үй-бүлөсү менен өлтүрүп салат. Ошондон кийин Моголстанда узакка созулган ич ара согуш башталып, мамлекет начарлаган. Моголстандын мындан аркы жүрштөрүндө дээрлик Камар-ад-диндин кол башчылыгы алдында жүрүштөр жасалат. Анын кармашуулары көп мезгил Темир менен болот.

Амир Темирдин мамлекети жана анын жортуулдары. Моголдордун тез-тез кол салуусунан жана элдик кыймылдардан тажаган Мавереннахрдын феодалдары жана көпөстөрү душмандардын мизин кайтарып, ички тартипти колго алган күчтүү мамлекет башчысы боло турган инсанды издеген. Андай адам Темир (1336-1405-жж) болуп чыкты. Ал дүйнөгө Аксак темир, Темирлан, Тимур Барлас, Аксак темир деген ысымдар менен белгилүү. Темир Шахрисябз шаарына жакын Кожо-Илгар кыштагында Тарагайбектин үй-бүлөсүндө туулган, түрктөшкөн моңголдук барлас уруусунан болгон. Ал 1370-1405-жж. өзү негиздеген мамлекеттин эмири. Жаш кезинен эле согуш ишин жакшы билген, эр жүрөктүгү, жетекчилик сапаты менен айырмаланган. Жыйырма жашында ал эл арасында кадыр баркы бар, өзүнө Кашка-Дарыянын боюнан тартуу кылып чакан жер берген Казаган деген эмирге кызматка орношкон. Тоглук Темир Мавереннахрды басып алганда Темир аларга кызмат өтөп, Кеш вилаетин ээликке алган.

Герасимов иш үстүндө. Тимурдун облигин реконструкциялоо

Самарканд тарыхта “Тамерландын мамлекети” деген ат менен белгилүү. Жортуулдардын биринде темир бутунан жарат алып аксап калат. Ошону үчүн аны Аксак Темир деп атап калышкан. Ал 1361-жылы Казагандын небереси, ошо кезде Мавереннахрды башкарып турган Хусейн Эмир менен союз түзүп, көп узабай 1370-жылы Хусейнди туткунга алып өлтүрөт. Темир Хусейиндин жесирине үйлөнгөн. Анткени ал аял Чыңгыз хандын урпагы эле. Ага үйлөнүү аркылуу Амир Темир чыңгызиддерге күйөө бала болуп, алардын атынан бийлик жүргүзүү укугуна ээ болуп, Мавереннахрдын толук укуктуу, жеке өзү бийлеген кожоюну болуп калат. Кайраттуу, куу, ырайымсыз Темир душманга кызмат кылуудан тартынбаган, союздаштарын сатып жиберүүгө дайым даяр турган, бийликти ашыгы менен пайдаланган адам болгон. Өмүрүнүн акырына чейин өзүнүн бийлигин кеңейтүү максатында тынымсыз жортуулдарды уюштуруп турган.

1371-жылы Амир Темир Моголстанга Камар-Аддиндин улусуна жортуул жасап, Ысыккөлгө чейин жетет. Бул убакта аймактын эли баскынчылар жетпеген алыскы тоолорго кетип калышкан эле. Моголдордун эки негизги улустарынын башкаруучулары Камар-ад-Дин жана Кажы бек мурунку каршылашып жүргөнүнө карабай өздөрүнүн күчтөрүн бириктирип, баскынчыларга каршы согушууну чечишкен. Бирок Темир куулук кылып, аларды бириндетип талкалоого жетишкен. Камар-ад-Диндин аскерлерин кубалап олтуруп, алардын Иле2 өрөөнүндөгү уруулардын сандаган мал-мүлкүн олжолоп, Самаркандга жөнөнтүшөт. Арасында согушчан кыргыздар көп болгон. Камар-ад-Диндин аскерлерин толук талкалоого Темирдин мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Баскынчылар кайра артка кайтып келе жатканда Камар-ад-Диндин колу Ысык-Көлодүн жээгинде катуу сокку урган. Жинденген Амир Темир ошол эле жылы Камар-ад-Динди Кочкордо талкалоого үмүттөнүп кайра келет. Бирок көчмөндөр бул мезгилде Иртышка көчүп кетишкен. 1377-жылы 1379-жылы Темир басып алуучулук жортуулдарын уланткан. Бул жолу ал Моголстандын аскерлерин талкалоого жетишкен, калган-каткандары дагы эле Иленин ары жагындагы Тарбагатайга качышкан. Темир бул жортуулда аябагандай олжого тунат. Ошондой болсо да ал Моголстандын элин толук багынта алган эмес. Андан кийинки жортуулдары оң жыйынтык берген эмес. Тыным бербеген жортуулдардан алсыраган моголдор Амир Темирге каршы союздаштарды издей баштайт.1380-жж. Алтын Ордонун ханы Токтомуш, Моголстандын ээси Камар-ад-Дин, Теңир-Тоодогу бир катар улустардын башкаруучулары кирген бирикме түзүлөт. Бирок алардын биригүүсүнөн эч майнап чыккан эмес.

1389-жылы Амир Темур аскерлерин чогултуп, Моголстанга жазалоочу жүрүш жасоону чечкен. Ал көчмөн урууларды биротол багынта албасын түшүнүп, андан кийинки багытын жергиликтүү элдерди талап тоноого, миңдеген кулдарды кармап кетүү, Мавереннахрдын аймагына бир катар урууларды зордуктап көчүрүү болгон. Амир Темур аскерлери олуттуу каршылыкка учурабастан эле Талас, Чүй жана Иле өрөөндөрү аркылуу тез жылып, Алтайга бет алышты. Жүрүш кандуу болгон. Согуш моголдорду кырып-жоюу менен жүргөн. 1389-жылы кандуу салгылашуу баскынчынын алдына койгон максаттарын толук чечкен эмес. Ошондуктан 1390-жылы дагы эки кошуун аскерин жөнөтөт. Алар моголдорду Иртышка чейин кубалашкан. Амир Темирдин чыныгы бийлиги Чүй өрөөнүнө гана жеткен. Ошентип Моголстандын аймагы Амир Темирге формалдуу болсо да каратылат. Бул жерге өзүнүн небереси, кийин орто кылымдардагы улуу окумуштуу катары даңкталган Улукбекти3 наместник (ишенимдүү адам) кылып дайындаган.

Темирдин Моголстанга жасаган жортуулдарынын натыйжасында мурдагы күчтүү дуглат, каңглы ж.б. моңгол уруулары көп адамдарынан жана байлыктарынан ажыраган. Алтайга көчүп кеткендери да болгон. Камар-ад-дин болсо болжолу Моголстанга кайра кайрылып келген эмес. Темирдин жортууларынын биринин учурунда токойдо дайынсыз жоголгон. Алтайда жана Жуңгарияда жашаган кыргыздар акырындап бош калган жерлерди ээлеп, көчүп келе баштаган жана Темирден талкаланган могол урууларынын калдыктарын бириктирип, баш ийдиришкен. Бул убакта кыргыздар моголдордон исламды дале болсо кабыл алышпагандыгы, эр жүрөктүгү, шамдагайлыгы менен айырмаланып турушкан. Бул тууралуу Мухамед-Хайдар4 (1499-1551) “Тарихи-и рашид” деген эмгегинде “кыргыздардын басымдуу көпчүлүгү кудайга тап-такыр ишенишпейт, өздөрүнүн тынымсыз жортуулдары жана чабуулдары менен Түркстандын, Шаштын (Ташкент) жана Фергана мусулмандарынын шаштысын алып турушкан” деп жазылат. Мындан сырткары ушул эле автор “1510-жылдан тартып кыргыздар Моголстанда жашоого бир да монголго мүмкүндүк бербей коюшту” деп билдирет. Баймурат черик жетектеген кыргыздардын согушчандыгы жана чыдамкайлыгы менен даңазаланып, Моголстандын токой арстандары деп аталышы да ушул авторго таандык.

Гур-Эмир - Тимурдун күмбөзү

Тимур (Тамерлан)

XIV-XVкк. Моголстанда бийлик үчүн ич ара күрөштөр кайра башталып, такка тигил же бул марионет5-ханды отургузууда аныктоочу ролду Манглай-Субенин феодалдык тобу ойногон. Пуладчы хандын жесири Мирек-ака такка жашы жете элек Кызыр-Кожону отургузат. Булактарда белгиленгендей алар Тимур менен тынч жашоого аракеттенишип, өз аймактарынын айрым жерлерин ага беришкен. Кызыр-Кожо өлгөндөн кийин 1399-жылы Темир небереси Искендерди Манглай-Субеге жортуулга жөнөтөт. Ал өрөөндү талкалаган. Ал аймактагы кыргыздар да бүлгүнгө учураган. Мындан кийин Моголстанда Кызыр Кожонун өлүмүнөн кийин дале болсо бийлик үчүн күрөш уланып, Мирек-аканын уулу Кудайдад Самарканддын башкаруучусу Улугбекке жардам сурап кайрылган. Ал ачык эле Улугбек тарапка өтүп, Моголстанда чаң-тополоң түшөт. Моголстандын тарыхынын кийинки мезгили эки феодалдык топтун күрөшү менен белгиленет. Бир туугандар Эсен Бука менен Жунус талашкан такты күрөшүндө Эсен Бука жеңип чыгат. Бирок ал реалдуу бийликке ээ болгон эмес. Моголстандын аймагына Жаныбек жана Гирей султандар башында турган казак уруулары массалык түрдө көчүп келе башташты. Чүй жана Талас өрөөнүнө келген казактардын саны 200 миңден ашты. Эсен Буканын аларды кууп чыгууга күчү жеткен жок. Бирок ал казактарды Моголстандагы өзүнүн бийлигин чыңдоого пайдаланууну көздөгөн. 1462-жылы Эсен бука өлгөндөн кийин бийликти талашкан Жунустун каршылыгын Эсен Буканын уулу Дост-Мухамед казактардын жардамы менен токтотууга ниеттеген.

XVк. 70-жылдардын башында борбору Жуңгариядадагы күчтүү мамлекетти түзгөн 300 миң ортолук ойрот-монголдордун (калмактар) Орто Азияга жана Казакстанга кириши менен моголдордун мамлекетин башкарып калган Жунус жеңилүүгө учурап, Сыр-Дарыянын жээктерине, Фергана өрөөнүнө көчүп кетишет.

Жогоруда болуп өткөн окуяларда кыргыздар Моголдордун да, самаркандыктардын да бийлигин официалдуу тааныган эмес. Улугбекке бул жаккан эмес. Түндүк Теңир-Тоодогу кыргыздарды талкалагандан кийин кыргыз уруулары мурда Камар-ад-дин башкарган улуска көчүп кетишкен. Калмактардын Иле дарыясынын ары жагына, Жунус хандын Ферганага кетиши менен азыркы түндүк Кыргызстандын аймагына XVк. 80-жж. очогу кыргыздар болгон жаңы уруу бирикмеси түзүлөт. Кыргыз уруулары жаңыдан пайда болгон мамлекетке такка Жунустун экинчи уулу Ахмедди хан көтөтрүшөт. Натыйжада Моголстандын аймагында эки саясий бирикме пайда болуп, биринчиси Чыгыш Түркстандын жерин Теңир-Тоодогу Ат-Башыдан Чыгыш Памирге жана Куэнь-Лундан Лобнорго чейин ээлеген Жунус хандын могол улусу болгон. Экинчиси негизинен кыргыз уруулары жайгашкан Түндүк Кыргызстандагы мурунку Камар-ад-диндин улусу болгон. Кыргыз урууларынын башчыларын өз таянычы деп билген Ахмед хан аларга кызмат орундарын берген. Бирок Ахмеддин түндүк Кыргызстанда калып калышы могол ак сөөктөрүнүн нараазычылыгын пайда кылган. Орто Азия ээлигинде Ахмед хан кыргыз урууларынын башкаруучуларынын колдоосу менен саясий кадыр баркын бекемдей алган. Ал калмактардын, казактардын басып кирүүсүн токтотуп, Кашкарга жортуулдарды жасап, шейбанилердин агрессивдүү бой көтөрүүсүнө активдүү каршылык көрсөтө алат. Ахмед хандын ийгиликтери XVкылымда Орто Азия элдеринин турмушунда кыргыздардын саясий ролу өскөндүгү менен шартталган.

Тимурилер династиясынын тыйындары

Темир жөнүндө уламыштар. Темир анын басып алуучулук согуштары тууралуу эл арасында эскерүүлөр сакталып калган. Бүгүнкү күндө деле Ысык-Көлдүн чыгыш тарабындагы Санташ ашуусундагы эки таш дөбөнү элдик уламыш анын ысымы менен байланыштырат. Элди уламыш боюнча Темир Санташ аркылуу Кытайга кетип баратып, ашууга чыкканда ар бир жоокерге “сайдан бирден таш алып бир жерге үйгүлө” деп буйрук берет. Кайра келе жатканда тирүү калган жоокерлер баягы таш дөбөдөн бирден таш алып дөбөнүн катарына үйүшөт. Ошентип ашууда эки таш дөбө пайда болот. Алардын бири бөлөк жерде курман болгондордун өз колдору менен өздөрүнө тургузган эстелиги, экинчиси (биринчисине караганда алда канча кичине) жортуулдан кайткандардын санын билдирген экен.

Орто Азияны басып алгандан кийин атактуу аскер башчы Темир Тянь-Шанды багындырып алмак болот. Ал эч качан жөн тура алган эмес. “Бул дүйнөгө эки падыша көптүк кылат” деген экен. Бул учкуч сөз Азия элдерине, анын ичинде Тянь-Шанды жердеген көчмөндөргө көп кырсыктарды алып келген. Темир элдерин бирин жок кылса, экинчисин Самарканга айдады, үчүнчүсү киши баралбас жакка жоголду. Бул мезгилдерде бириндеген кыргыз урууларынын жыйналып, жаңы тарыхый жалпылык – кыргыз эли болуп калыптанышы аяктай турган учур жакындап келаткан.



Өз алдынча иш үчүн суроолор.

  1. Эмир Пуладчи – ким бул?.

  2. Могол менен монголдун айырмасы кандай?.

  3. Аксак Темирдин бийликке келүүсү.

  4. Тоглук Тимурдун башкарган мезгили.

  5. Ильяз Кожонун Мавеннахрга жортуулдары эмне үчүн ийгиликсиз болгон?

  6. Улугбектин илимий жетишкендиктери.

  7. Бабурдун Улуу Могол империясын түзүүсү.

8.Кыргыздарда Аксак Темир жөнүндө уламыштар.



Адабияттар.

1. Кыргызстандын байыркы мезгилден XIX кылымдын соңуна чейинки

тарыхы. Б. 1998. 2. Джуманалиев Т. Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана.

–Б.,2007

  1. Караев О.К. Чагатай улусу. Хайду мамлекети. Моголистан. Бишкек, 1995.

  2. Кыргыз ССРинин тарыхы. Ф., 1984. I Т.

  3. Тамерлан. М., 1992.

  4. Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1996.

  5. Всемирная история. Под ред. Г.Б.Поляка и др.-М., 2003

  6. Карабаев Э., Подкуйко Ю. Центральная Азия: история региона. –Б.,2004

  7. Кляшторный С.Г. Степные империи Евразии. СПб.,1994.

  8. Кыргыздар. т1-10. –Б., 2004

  9. Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. -М., Т.1.,1997.; Т.2.,1998.



1Мухамед Хайдар – (1499-1551-жж.) тарыхчы. Моголстан менен Чыгыш Түркстандагы мамлекеттик ишмер. Ташкенде туулган. Моголдордун дуулат уруусунан чыккан. Моголстандагы саясий күрөштөргө катышкан кыргыздар тууралуу, алардын жетишкен ийгиликтери жөнүндө баяндаган.

2Иле өрөөнү – Борбордук Азиядагы ири дарыянын аталышы. Дарыянын алабында Иле өрөөнү созулуп жатат.Өрөөнгө байланыштуу тарыхый маалыматтар Темирдин жортуулу учурунда эскерилет. Бул жерде кыргыздардын тарыхына байланышкан окуялар болуп өткөн. Кыргыздардын өз алдынча саясий бирикмеси калыптанган.

3Улугбек Мухамед Тарагай (1394-1449) астроном жана математик, Аксак Темирдин небереси. 1409-ж. Тимурийлер мамлекетинин борбору Самаркандын башкаруучусу болгон. Атасынан калган бай китепкана Улугбектин илимге кызыгуусуна түрткү берген. Ал тарыхка, поэзияга, өзгөчө астрономияга кызыккан. Айланасына атактуу илим адамдарын жыйнап Самарканга обсерватория курдурган. Бул обсерватория өзүнүн өтө так жана мыкты курулгандыгы менен азыр да таң калтырат. Улугбектин агартуу, илимий эмгектери диний төбөлдөргө жакпай, өз уулунун унчукпаган макулдугу алдында динге каршы чыкты деген жалаа менен өлтүрүлгөн.

4Мухамед Хайдар (1499-1551) – тарыхчы. Моголстан менен Чыгыш Түркстандагы мамлекеттик ишмер. Ташкенде туулган. Моголдордун дуулат уруусунан чыккан. Моголстандагы саясий күрөшкө кыргыздардын катышкандыгы жана алардын жетишкен ийгиликтери жөнүндө баяндап кеткен.

5Марионетка – (ит. Мария: орто кылымдардагы куурчак театрындагы бойго жеткен Мариянын элесин берген куурчактын аты) – өз эрки менен аракет кылбастан, бирөөнүн союлун согуп, камчысын чабуучу адам, өкмөт же мамлекет. Марионеткалык мамлекет – башкалардын колунда тил алгыч курал болгон, жеңил башкарылып жана толук көзөмөл астында турган мамлекет.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!