СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

№11-сабак. Сабактын темасы: Кыргыз элинин калыптанып бутушу.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«№11-сабак. Сабактын темасы: Кыргыз элинин калыптанып бутушу.»

11-сабак. Сабактын темасы: Кыргыз элинин калыптанып бүтүшү

План:

  1. Кыргыз термининин мааниси.

  2. Кыргыз элинин калыптанышы

  3. Кыргыз тили


Кыргыз термининин мааниси. Кыргыз эли эч талашсыз эле Борбордук Азия элдеринин эн байыркыларынан болуп эсептелинет. «Кыргыз» деген термин Кытай тарыхый булактарында б. з. ч. 201-жылы эле кездешкен. Бул тарыхый булакта кыргыздар Борбордук Азияда жашап, кийинчерээк Енисей дарыясынын жээктерине көчүп келишкен делет жана европеид элдери болгон динлиндер менен аралашып кеткен делип айтылат. Енисей кыргыздарынын сырткы келбети европеиддерге окшош болгон. Сары чачтуу, көк көздүү, ак жүздүү, бирок, алар түрк тилинде суйлөшкөн. Ушуга байланыштуу XI кылымда жашаган персиялык тарыхчы Гардизи төмөндөгүдөй легенданы айткан: Кыргыздар славяндардан1 келип чыккан. Ал негизинен кыргыздарды сырткы келбетине байланыштуу ушундай атаган.

Кээ бир окумуштуулар «Кыргыз» деген аталма «кыр-кер» деген создон келип чыккан «кыр» деген аталма кыргызча тоонунун башы, тоолорду билдирет, демек бул эл тоону кезип кочуп жургондуктон «кыр кез» деп өзгөргөн деп айтышат. Бул ойго кыргыздын окумуштуусу Османалы Сыдыков кошулган жана «Кыргыз» деген аталма «кыр кес» деген сөздөн келип чыккан дейт. «Кес» деген уланды мүчө фарсча «киши» деген маанини билдирет. Демек Кыргыз деген этноним «тоолордо жашаган кишилер» деген маанини билдирет. А.Өмүркуловдун пикири боюнча кыргыз (кырылгыс, түгөнгүс, түбөлүктүү, жеңилгис) дегенди түшүндүрөт.

Негизи “Кыргыз” этноними боюнча талаш-тартыштар көп мезгилден бери эле жүрүп келүүдө. Бул терминди түрк тилдеринин негизинде гана чечмелөөгө болот. “Кыргыз” этнонимин чечмелөөдө элдик вариант менен илимий вариант айырмаланат. Окумуштуулар лингвистикалык жана ономастикалык усулдарга таянуу менен “кыргыз” этнонимин ар кыл бөлүктөргө ажыратуу менен түшүндүрүүгө аракет жасашат. В.Радловдун пикири боюнча “кырк жүз” “кырк юс”деген түшүнүктү билдирет. Бул көз караш тарыхый дастаныбыз «Манас» эпосунда дагы «кыргыз» кырк уруудан куралган деген сурөттөөлөргө шайкеш келет. Н.Баскаковдун пикири боюнча “кырг” “огуз” (кызыл огуз) б.а.түштүк огуздар же батыш огуздар, А.Кононовдун пикири боюнча “кыргын”, “кыргыт”, “кыргыз” (албырган жүз, сары чач, көк көздүү эл), ал эми “Кыргыз” этнонимин чечмелөөдө боордош түрк элдеринин ысымдары да “гыз”, “гуз”, “гун”, “гар”, “газ”, “ас” ж.б.у.с. бири бирине үндөш компоненттерден куралганын да эске алуу керек. Ошентип “кыргыз” этноними белгилүү бир уруунун же уруулар бирикмесинин аталышы катары пайда болуп, кийинчерээк Борбордук Азиядагы көпчүлүк түрк тилдүү элдердин жалпы аталышына айланган даңазалуу жана сыймыктуу этноним болгон.

Кыргыз аталышын элдик чечмелөө аракеттери уламыш түрүндө көп кездешет. Элдик варианттар бул этнонимди “кырк” деген санга жана “кыз” деген сөзгө (кырк кыздан тараган урпактар), же “кырк” сан жана “ууз” этнонимине (кырк ууз бирикмеси), айрым учурда “кыр” сөзү жана “ууз” этнонимине (кырдагы, тоолуу аймактардагы ууздар) байланыштырып түшүндүргөнү менен мүнөздөлөт. Тарыхтын бир булагы катары карлаган санжыраларда да бир топ божомолдор бар. Түрк тилиндеги улуттардын тарыхын терең изилдеген Мухамед Абулгазы Баатырхан (1603-1664-жж.) “Түрктөрдүн санжырасы” деген атактуу чыгармасында кыргызды Ууз хандын небереси, түрк атанын тукуму деп жазган.Ферганалык Сейф ад-Дин Ахсыкендин (XVI) маалыматында болсо Султан Санжар Чыгыш Ферганага кол салганда өзгөндүк кырк ууз Кожентке (Түндүк Тажикстанга) качып барып баш калкалашып, алардан кыргыздар келип чыккан деген уламыш жазылган.Кыргыздардын генеалогиялык уламыштарынын бири – санжыра, уруктардын жана уруулардын чыгышы жөнүндө сөз кылат. Алардын бири бирине каршы келген жерлери көп. Санжыра элдин чыгышы жөнүндөгү маселени чече албайт. “Кыргыз” этноними орто кылымдардагы көчмөндөр арасында (Енисейден Уралга чейин) кеңири тарагандыгына караганда кыргыз деген термин “сак” деген сыяктуу эле алгач “кайраттуу, күчтүү жоокер” деген түшүнүктү берген. Ошондуктан бир кыйла көчмөн уруктар өздөрүн кыргыз деп атоого аракет кылышкан деген божомолдор чындыкка жакыныраак.

Кыргыз деген этнонимдин өзү адегенде урукту, урууну, андан соң кыргыздардын уруу союзун, Енисей кыргыздарынын мамлекетин билдирип, алардан кийин гана жогорудагылардан бир катар кенен түшүнүктөгү, белгилүү бир аймакта жашаган, экономикасы, тили, маданияты бир кыргыз эли деген тарыхый жалпылыкты түшүндүргөн. Ошону менен бирге кыргыз этносу башка элдерди өзүнө сиңирип, ассимиляциялап олтуруп, өзүнүн генефондун жана менталитетин калыптаган. Хронологиялык жактан бул процесс б.з.ч. 1-миң жылдыктан б.з.ч. 2-миң жылдыктын ортосуна чейин созулган. Бул пикирди өз кезегинде В.В.Радлов, А.Н.Бернштам андан ары тереңдетүүгө аракет кылышкан.

Кыргыз элинин калыптанышы.Ар бир этнос2 өзүнүн татаал тарыхына ээ. Өзгөчө кайсы бир этностун тарыхын өзгөчө анын байыркы этабын конкреттүү иликтөөгө алуу абдан эле кыйын. Кыргыз элинин калыптанышы да узак мезгилдерге созулган тарыхый өнүгүүдө өткөн. Ал түрдүү уруулардын, этникалык топтордун өз ара таасир көрсөтүүсүнүн, кошулушунун татаал процессинен келип чыккан натыйжасы болуп саналат. Кыргыздар башка уруу бирикмелери жана элдер менен активдүү катышта болгону менен, негизги этникалык уруу курамын жана тилин сактап калышкан.

Кыргыздар эл3 катары калыптануусунда өздөрүнүн аймагында мурунтан эле жашап келген анча чоң эмес урууларды жана этникалык топторду да өздөрүнүн курамына кошуп алышкан. Мындай көрүнүш кыргыздардын тыгыз бириккен этникалык топтордон экендигине, жашаган аймакта түрк тилинин үстөмдүк кылышына, территориянын жалпылыгына, чарбалык турмушунун бирдейлигине байланыштуу болгон. Ага байланыштуу түрк тилинде сүйлөөчү уруулар менен узак убакытка чейин карым-катнаш жасоонун натыйжасында монгол уруулары да түрктөшүп кетишкен. Алар кийинчерээк өзгөчө Кыргызстандын чегинде жашагандары кыргыздар менен ассимиляцияланышып4, кыргыз уруу топторунун бирин түзүп калышкан. Кыргыз элинин түзүлүүсүнүн узакка созулган жана татаал тарыхый процесстери XVI кылымда аяктаган. Бул учурда кыргыздар өз алдынча эл болуп, анын курамына кирген уруу бирикмелери өзүлөрүн кыргыздын бир бутагы деп эсептешкен. Көрсөтүлгөн кылымдын башында кыргыз элинин негизги топтору оң канат, сол канат, ичкилик деп бөлүнүп, ар бир канат белгилүү бир формадагы уруу союздарын түзүшкөн. Оң канатка негизинен Батыш Борбордук Теңир-Тоодо жашашкан ири сарыбагыш, бугу, саяк, солто, жедигер, тынымсейит, моңголдор, багыш, баарын, черик, жору, бөрү баргы, карабагыш уруулары кирген. Ал эми сол канатка кушчу, саруу, мундуз, жетиген, кытай, чоң багыш, басыз уруулары кирген. Ичкиликтерге адыгине, кыпчак, найман, тейит, кесек, жоокесек, каңгы, бостон, нойгут, дөөлөс уруулары киришкен. Бул мезгилде учурдагы кыргыз улутуна мүнөздүү болгон тышкы кебетеси да калыптанган.

С.А.Абрамзон кыргыз элинин урууларынын негизги курамы Енисейде түзүлбөстөн, Алтай аймактарында түзүлгөн деп эсептейт. Кыргыздардын алгачкы этникалык тарыхын ал байыркы уруулардын союздары менен (динлиндер, гунндар) байланыштырат. Турк каганаттарынын жана көчмөн бирикмелердин (VI-X кк.) мезгилинде, кийинчерээк кыргыздардын составына киргени уруулар Саян-Алтай, Иртыштын жана Тянь-Шань түрк калктарынын арасында түзүлгөн. Биздин доордун II мин жылдыгынын биринчи жарымында, айрыкча монголдордун басып кирүүсүнөн кийин, бул түрк тилиндеги уруулардын бөлүгүндөгү Борбордук жана Батыш Тянь-Шанга жылган. Алар бул жерде кыргыз элинин биригүүсүнүн негизи болуп, анын курамына жергиликтүү Жети-Суу түрк уруулары да кирет. О. Караев Тянь – Шань кыргыздарын алгачкы Енисей кыргыздары менен түздөн түз этногенетикалык байланышта деген пикирде турат. Енисей кыргыздарынын саясий жогорулаш мезгилине тийиштүү, себеби жазуу булактарында бул тууралуу эскерүүлөр бар дейт. Кыргыздардын дагы бир бөлүгү, андан кийинки мезгилдерде да келишкен Енисейлик тууган уруктары менен толукталып турган деген пикирде. Анын пикири боюнча кыргыз элинин түзүлүш мезгили ХI- ХV к.к. туура келет.

Кыргыз тили. Тилчи Б.М. Юнусалиев жалпы элдик кыргыз тили Тянь Шанда жана Памирде да түзүлбөстөн, түндүктөгү алтай тилдеринин ири бөлүгү жана түштүк батыш уйгур тилдери менен бирге аракеттенүүнүн узак мезгилинде жогорку Енисей районунда жана түштүк Алтайда түзүлгөн деп болжолдойт. Бул райондордогу жалпы элдик кыргыз тилинин биригиши ал биздин доордун бир миңинчи жылдыгына – эки миңинчи жылдыктын башталышына, ал эми кыргыз урууларынын Борбордук жана Батыш Тянь—Шанга көчүп келишин XV кылымга киргизет.

Түрк тилинде суйлөгөн айрым элдердин туугандык даражасы бирдей эмес. Алардын арасынанан бир-бирине айрыкча жакын тууган болгон группалар бутактар бөлүнөт. Кыргыздар, хакастар жана тувалар менен мына ошолордун бирин түзушөт. Буга казактар жана кыпчак тилиндегилер группасы деп аталгандар кошулат, бул группага болсо казактардын, каракалпактардын, ногойлордун жана Түндүк Кавказдагы карачай –балкарлардын, Крымдагы жана Волга боюндагы татарлардын тилдери кирет.

Алтайлар, казактар, хакастар жана тувалар менен кыргыздар аптропологиялык негизи белгилери боюнча да жакын келишет. Ушул эле белгилери боюнча жана да тили жагынан алар Орто Азиядагы азыркы кездеги элдерден – өзбектерден, уйгурлардан жана айрыкча тажиктерден айырмаланышат. Казактар жана каракалпактар менен бирге Орто Азиядагы азыркы элдерден кыргыздар монгол түрүндөгү раса деп айрымаланып, өз кезегинде казактарга жана каракалпактаргасалыштырганда мүнөздүү бир катар өзгөчөлүктөрү менен белгиленет.

Маданият, тили жана өзүнүн түзүлүшү боюнча кыргыздардын тийиштүү элдер менен бөтөнчө жакындыгы кыргыз урууларынын жана Иртыш –Енисей дарыяларынын аралыгындагы жана да Чыгыш Казакстандагы элдердин негизги тукуму жакын туугандык группалардын негизинде кээде бир эле группалардан түзүлгөндүгү менен түшүндүрүлөт, бул группалардын бир бөлүгү болсо акыр аягында кыргыз элинин курамында болуп калган, дагы бир бөлүгү - алтайлардын курамында болуп калган, дагы бир бөлүгү –алтайлардын курамында, үчүнчү бөлүгү –хакастардын жана тувалардын курамында болгон. Бул жөнүндө кыргыздардын, алтайлардын, хакастардын жана тувалардын көп уруу бөлүнүштөрүнүн аттарынын окшош экендиги жана кыпчак группасындагы элдердин аттарынын окшоштугу далил болот.

Кыргыз элинин жана алтайлардын курамында мундуз, дөөлөс, кушчу, төрө деген жана аты окшош жакын уруу группалары болгон. Бул жагынан кыргыздардын сол канаты айрым болунгону менен да, кыргыздардын башка бирикмелеринде да аты окшош группалар болгон, маселен, он канаттан кочкор—мундуз, кара –тумат, ак-тумат, бөрү дегендер жана башкалар, жана да саруу, куба, кумач деген ар кайсы бөлүмдөр болгон.

Жыйынтык: Кыргыз деген терминдин түпкү уңгусу анык экени биротоло такталып бүткөн деп эсептөөгө болот. Анткени аны Европанын батышынан тартып Азиянын чыгышына чейинки бардык өлкөлөр менен элдердин өкүлдөрү бир гана этносту атап белгилеш үчүн колдонуп келишкен. Демек бул термин ошол этностун энчилүү аты болгон, анткени ал кыргыздардын өздөрүнө таандык делинген тексттерде учурайт. Ал эми анын түпкү уңгусунун аныктыгынан күмөнсүнө турган жагдайлар жазма даректерде дегеле жок. Кыргыз эли Борбордук Азиядагы эн байыркы элдерден болуп анын пайда болушу тарыхтын байыркы доорлоруна барып такалып, калыптанышы тарыхый булактардын негизинде ХV к.аягы ХVI к.башына туура келет. Ал эми кайсы территорияда калыптангандыгы жөнүндөгү суроо азырынча дале ачык суроо боюнча калууда.

Өз алдынча иш үчүн суроолор.

  1. Кыргыз элинин келип чыгышы жөнүндө уламыштар.

  2. Кыргыз тарыхын изилдеген белгилүү тарыхчылар.

  3. Элдик санжыранын оң жана терс жактары.

  4. Элдин калыптанышына эң негизги шарттар.

  5. Кыргыз тилинин диалектилери.

  6. Этникалык кыргыздар.

  7. Трайбализм жана кыргыз эли. 8. Кыргыз элинин башка элдер менен тууганчылдыгы жөнүндө божомолдор.





Адабияттар.

  1. Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1996.

  2. Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. -М., Т.1.,1997.; Т.2.,1998. 3. Джуманалиев Т. Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана.

–Б.,2007

  1. Абрамзон С.М. Кыргыздардын этногенетикасы жана маданий байланыштары. Б.

1999

  1. Петров К. К истории движения киргизов на Тянь-Шань… Ф., 1961.

  2. Петров К. Очерки происхождения кыргызского народа. Ф., 1960.

  3. Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996.

  4. Малабаев Ж. Кыргыз мамлекетинин тарыхы. Б. 1999.

  5. Молдобаев И. Эпос «Манас» как историко… Ф., 1995.

  6. Кыргыздар. т1-10. –Б., 2004




Кыргызстан монгол басып алуучуларынын доорунда ” деп аталган 3-баптагы темалардын орчундуу окуяларынын тизмеги

  1. 1206-жыл – Монгол феодалдарынын Темүчүндү хан көтөрүшү

  2. 1207-жыл Түштүк Сибирдеги кыргыздардын монголдорго багынып берүүсү

  3. XIII к. 60-ж. – Теңир-Тоонун борборунда Чыңгыз хандын чөбөрөсү Хайду башында турган өз алдынча мамлекеттин пайда болушу

  4. 1269-жыл – Талас өрөөнүндө монгол феодалдарынын Хайдунун мамлекетинин көз каранды эместигин жарыялаган курултайы болгон

  5. 1301-1302-жж. Хайду хан өлгөндөн кийин чыңгызиддердин ортосунда бийлик үчүн узакка созулган ич ара согуштар башталган

  6. XIVкылымдын орто ченинде Орто Азиянын чыгышында Моголстан (түрк элдери монголдорду-моголдор деп аташкан) өлкөсү түзүлгөн

  7. 1348-жыл – Чынгызид Тоглук-Тимурдун Моголстанга хан көтөрүлүшү

  8. 1354-жы – Моголстанда официалдуу дин катары ислам дининин таанылышы

  9. Амир Тимур (1336-1405-жж.) борбору Самарканд болгон улуу мусулман империясынын негиздөөчүсү болгон

  10. 1389-жыл – Тимурдун Теңир-Тоого кандуу жортуулу жүргөн

  11. 1425-жыл – Тимурдун урпагы Улугбектин Моголстанга жортуулу

  12. XIIIк. Чейин азыркы Кыргызстандын аймагында жергиликтүү түрк компоненти өнүгүп, биротоло кыргыз элинин катарына сиңген

  13. XV-XVIкк. Аягы – Теңир-Тоодо кыргыз элинин түзүлүшү

  14. XV- XVIIкк. Калыптанган кыргыз элинин негизин: түрк тилдүү жергиликтүү уруулар, негизинен түрк тилдүү түштүк сибирдик, борбордук Азиялык урууларынын көчүп келген тобу, моңгол, казак-ногой урууларынан чыккандар түзгөн.

  15. IX-XIVкк. Кыргыз тили, анын өзгөчөлүктөрү, диалектилери калыптанып бүткөн.

  16. 1994-жылы 23-24-сентябрда Бишкек шаарында “Кыргыздар жана Борбордук Азиядагы байыркы мезгилдеги жана орто кылымдардагы этногенетикалык, этномаданий процесстер” аттуу эл аралык илимий конференция болуп өткөн. Конференция кыргыз элинин келип чыгышы жөнүндөгү маселеге арналган.

Пайдаланылган адабияттар:

  1. Кыргыз тарыхы энциклопедия –Б., 2003.

  2. Авт. Асанканов А., Бедельбаев А., Воропаева В., Горячева В., Жунушалиев Ж., Какеев А., Мокрынин В., Плоских В., Сапаралиев Д., Харченко Г. “Кыргыз Республикасынын тарыхы” –Б., “Кыргызстан” басма үйү 2000.

  3. В.Мокрынин, В.Плоских “Кыргызстан тарыхы” –Б., “Кыргызстан” 1995.

  4. Каратаев О.К. Кыргыздардын этномаданий байланыштарынын тарыхынан –Б., 2003.

  5. Б.Ж. Жамгырчинов Кыргыз ССРинин тарыхы “Мектеп” Фрунзе 1981.

  6. Авт. Асанканов А., Бедельбаев А., Воропаева В., Горячева В., Жунушалиев Ж., Какеев А., Мокрынин В., Плоских В., Сапаралиев Д., Харченко Г. Кыргыз Республикасынын тарыхы - Б., “Кыргызстан” басма үйү 2000.

  7. С.Аттокуров Кыргыздар XVIII кылымда –Б., 2003.

  8. Э.К.Гаврина Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы –Б., 1993

  9. Т.Д.Кадыров История центральной Азии Ош-2007.



1Славяндар – Европадагы элдердин тилинин жана тегинин жалпылыгы боюнча бириккен ири тобу. Бул топтун курамына чыгыш славяндар (орустар, украиндер, белорустар), батыш славяндарга (поляктар, чехтер, словактар, лужицылар, кашебилер), түштүк славяндарга ( болгарлар, сербдер, хорваттар, словендер, македондор, босниялыктар) кирет.

2Этнос дегенөзүнүн тарыхый өнүп-өсүшүндө урук, уруу, эл, улут сыяктуу түшүнүктөр аркылуу көрсөтүлгөн адамдардын жалпылыгы жана тарыхый калыптанган туруктуу тобу. Тактаганда этностун пайда болушуна аймактык жана тилдик жалпылык негизги шарт түзүп, кийин анын башкы белгилери катары эсептелет.

3Эл – этностук жалпылыктардын түрлөрүн (уруу, улут) туюндурган термин.

4Ассимиляция – эне тилинин, маданиятынын, улуттук аң-сезиминин жоюлушунан улам бир элдин экинчи бир элге сиңип кетиши


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!