СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

№2-сабак. Сабактын темасы: Адамзаттын байыркы коому.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«№2-сабак. Сабактын темасы: Адамзаттын байыркы коому.»

2-сабак. Сабактын темасы: Адамзаттын байыркы коому.

План:

1. Байыркы таш доору

2. Соңку таш доору

3. Металл доору

Байыркы таш доору (2,5 млн. – б.з.ч. 10-миң жылдыктар). Жердеги тирүү организмдердин ичинен өзүнүн өрчүп-өсүшүндө эң жогорку баскычка жеткен, коомдук-тарыхый ишмердикти, уникалдуу маданиятты жараткан адамзаты тарыхта узакка созулган татаал жолду басып өттү. Болжол менен мындан миллион жыл мурда Борбордук Азиянын аймагында анын ичинде Кыргызстанда алгачкы адамдардын үйүрлөрү пайда болгон. Жаратылыш алдында али алсыз, жашап калуунун гана аракетин жасаган байыркы адамдар адегенде жер шарынын климаты жылуу жакшы жерлеринде жашашкан. Байыркы адамдар анчалык чоң эмес топ-топ болуп жашашып, биргеликте айбанаттарга аңчылык кылышкан.

Окумуштуулардын пикири боюнча эволюциянын жүрүшүндө адам ушундайча өзгөргөн. Солдон оңго: австралопитек, гомо хабилис, гомо эректус, неандерталдыктар, азыркы адам

Алардын эмгек куралдарынын басымдуу бөлүгү таштан жасалып, алгачкылары эң жөнөкөй одоно, кырдуу таштар болгон. Бул куралдарга караганда ошол учурдагы адамдардын маймыл сымал адамдар менен азыркы кездеги адамдардын ортосундагы стадияда болгондугун божомолдоого болот. Ага байланыштуу таш доору - адамзат коомунун өнүгүшүндөгү тарыхый-маданий мезгил болуп эсептелип, б.з.ч. 2,5 млн. б.з.ч. 10-миң жылдыктар байыркы таш доору (палеолит), б.з.ч. 10-3-миң жылдыктар соңку таш доору, б.з.ч. 3-миң жылдыктардан баштап металл доору деп бөлүнөт жана алар ич ара дагы ажырап бөлүнөт. Ага байланыштуу байыркы таш доору ич ара эрте палеолит, ортоңку палеолит, соңку палеолит болуп бөлүнүп, ар бир доордон адам баласынын акыл-эсинин, эмгегинин улам өсүп-өрчүп бара жаткандыгынан кабар алууга болот. Бул доорду төмөндөгүчө жөнөкөй схемага келтирсек болот:

I Байыркы таш доору



3. Соңку палеолит

Б.з.ч. 40-10 миң жылдыктар

2. Ортоңку палеолит

Б.з.ч. 140-40 миң. жылдыктар


  1. Эрте палеолит

2,5 млн.б.з.ч. 140-миң жылдыктар



Таш доорунун археологиялык эстеликтери



Эрте палеолит. Бул доордо жердин климаты, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү азыркыдан кескин айырмаланып турган. Байыркы маймыл сымал адамдар (мындан 800-10 миң жылдыктар) кадимки эле таштарды бири-бирине ургулап, андан одоно түрдөгү буюмдарды (учтуу көзөгүчтөрдү, бычактарды, кескич-кыргычтарды) жасашкан. Тиричилигинде алгачкы аңчылык менен алектене башташып, отту пайдаланууну үйрөнүшкөн. Эрте палеолитте пайдаланылган таш куралдары Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарына жакын жерден, Борбордук Теңир-Тоодогу Он-Арча суусунун боюнан, Фергана өрөөнүндөгү Лейлек районунан, Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жериндеги Кожо-Бакырган-Сайдан табылган.

Таш эмгек куралдары (Мустье. Чүй өнөөрү)





Ортоңку палеолитте (Мустье доору1) таш куралдарын иштөө бир топ эле жакшырган. Кыргызстандын Ысыккөл өрөөнүндөгү Тосор суусунун боюнан, Чүй өрөөнүнүн Георгиевка дөңсөөсүнөн, Ош облусунун Араван районундагы Сасык үңкүрдөн табылган таш куралдарынын ортоңку палеолитте мурдагыдан миздүү, курч жасалгандыгын көрүүгө болот. Мындай куралдарды адамдар таштын сапаттуу тектерин издеп таап, ал жерлерде атайын курал жасай турган – устаканалары орун алган. Аңчылык кадимки тармак сыяктуу өнүгүп, жаныбарлар (кой, эчки, жылкы) колго үйрөтүлгөн. Мындан сырткары жер жемиш терүү менен да күн көрүшкөн. Бул мезгилдеги адамдар эволюциялык өнүгүшү боюнча “homo sapiensc” латын тилинен которгондо “акыл эстүү адам” – деп аталып, мээ эмгеги көлөмдүү, маңдайы жазы, көзү томпок эмес, ээк сөөгү жетик өскөн. Алар үңкүрлөрдө жана талаада, мамонттун сөөгү менен териден жасалган үйлөрдө жашашкан.

Соңку палеолитте болсо адамдар жер шарынын бардык климаттык алкактарында ыңгайлашып жашап калышкан. Ага байланыштуу адамдардын сырткы кебетелери, түстөрү өзгөрүп алгачкы расалык топтор пайда болгон. Азыркы күндөгү кебетеге келген адамдар оюн айтууга, түшүндүрүүгө жарап калышкан. Аң-сезим мурдагыдан өсүп, жаныбарлардын сөөктөрүнөн, жыгачтан эмгек куралдарын, ийне-шибеге жасоону үйрөнүшкөн. Эне тегине негизделген уруулук коомдорго биригишкен. Ага байланыштуу тескөөчү катары эне бийлигинин коому-матриархат деп аталып аялзаты өзгөчө аздектелет. Соңку палеолитке таандык эстеликтер Ош аймагында жайгашкан Селүңкүрдөн, Баткен облусуна караштуу Исфана өрөөнүндөгү Кожогор булагынын жанынан табылган. Мал чарбачылыгы, дыйканчылык жакшы өнүккөн. Бир нече уруулардан уруу бирикмелеринин кошулушунун негизинде алгачкы уруулук жамаат өнүгөт. Жашоодо эркектердин ролу тездик менен жогорулап, таш доорунун акыркы этаптарында матриархат патриархат менен алмашкан.

Соңку таш доору (б.з.ч. 10 -3 миң жылдыктар). Байыркы таш доорунан кийин соңку таш доорунун мезгили башталат. Бул мезгилди да жогорудагыдай схемага келтиребиз:

II Соңку таш доору


3. энеолит

Б.з.ч. 4-3-миң жылдыктар

2. неолит

Б.з.ч. 5-3-миң жылдыктар


  1. мезолит

б.з.ч. 10-5-миң жылдыктар


Палеолит доорундагы адам ушундай болушу мүмкүн

Мезолит доору адамзат коомунун өнүгүшүнүн жаңы баскычы болуу менен келечекте дыйканчылык, мал чарбачылык сыяктуу жаңы чарба формаларына өтүүгө негиз берген. Мезолит (грек тилинен которгондо mesos- ортодогу, lithos – таш) б.з.ч. X-V миң жылдыктарга туура келген ортоңку таш доору. Климат азыркы абалдагыдай болуп калыптанган. Бул доордогу адамдардын жашоосунда таштан, сөөктөн, мүйүздөн жасалган куралдар колдонулган. Жаа менен жебе пайда болуп, мурункудай топ-тобу менен аңчылыкка чыкпай жеке аңчылыкка чыгуу, көп жандыктарды атып алуу башталган. Коопсуздук абал бир аз да болсо жакшыргандыктан Мурункудай эле үңкүрдө күн өткөрө бербестен ачык жерлерге да ычыгып күн өткөрө башташкан. Эң алгачкы үй жаныбары катары ит колго үйрөтүлгөн. Балык уулоочулук да абдан өнүгүп, кайырмак, дегээ пайда болгон. Чопо идиштер мезолиттен неолитке өткөн мезгилде пайда болгон. Мезолит дооруна таандык болгон эстеликтер Фергана өрөөнүнүн үңкүрлөрүнөн, Сох суусунун жогорку жагындагы Обишир, Ташкөмүр үңкүрлөрүнөн табылган.

Таш доорунда кийим жасоо

Неолит доору (жаңы таш доору) – б.з.ч. V- I I I миң жылдыктарды камтыйт. Табият берген даяр нерселерди жыйноочулук, аңчылык сыяктуу керектөөчү чарбадан, өз колу менен дыйканчылык, мал чарбачылык сыяктуу өндүрүүчү чарбага өткөн мезгил. Эмгек куралдарынын жаңы түрлөрү ойлонулуп балта, көзөөч, кетмен, жаргылчак, орок жасалган. Бул доордо таштан жасалган буюмдар жылмаланып, көзөлүп өркүндөтүлгөн. Жип ийрүү андан кездеме токуп кийүү башталган. Дөңгөлөк ойлонуп табылган. Жалпы эле Орто Азиянын өрөөндүү аймактарында болсо мал чарбачылыгы менен дыйканчылык көбүрөөк өнүккөн. Көрсөтүлгөн мезгилде Кыргызстандын тоолуу аймактарында мал чарбачылыгы өнүгүп, чарба жүргүзүүнүн негизги тармагына айланган. Бул көрүнүш адамдардын табиятты жакшы өздөштүргөндүгүн билдирген. Урууларга мүнөздүү болгон турак-жайлар, каада-салт, диний ишенимдердин пайда болгондугу далилденген.

Неолит доорунда жапайы жаныбарларды адамдардын үйрөтүшү

Кыргызстанда Ысык-Көлдөгү Сарыжаз өрөөнүнүн жанындагы Акчуңкур, Чолпон-Ата шаарынын жанынан, Нарын шаарына жакын жердеги Текесекирик үңкүрлөрүнөн, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун боюнан табылган. Акчуңкур үңкүрүнүн боорлорунда адамдын фигураларынын, эчки, теке, жыландын сүрөттөрүнүн кызыл боек менен тартылгандыгын көрүүгө болот. Ошондой эле оттун жагылган издеринен алардын климаты катаал болгон жерлерде да жашоого ыңгайлаша алгандыгынан кабар берет. Уруулар жана уруу бирикмелери түзүлүп менчик жана коллективдүү эмгектенүүгө негизделген уруулук жамааттар өнүккөн. Бул көрүнүш өндүрүүчү чарбага өткөндүгүнө байланыштуу болот.

Таш куралдарынан соң адамдар алгач жезди пайдаланышкан. Кыргызстандын аймагынан энеолитке же жез-таш дооруна таандык эстеликтер азырынча табыла элек. Бул доор негизинен Саймалы ташка2 чегилген эн байыркы сүрөттөр менен гана чектелет. Жез-таш доору неолиттен коло дооруна өткөн мезгилди камтыйт. Мында таш куралдары али басымдуулук кылса да жезден жасалган алгачкы металл буюмдар жасала баштайт. Негизинен кенден жезди бөлүп алуу б.з.ч. 8-6-миң жылдыктарда, күмүш жана коргошунду колдонуу 7-6-миң жылдарда, колону колдонуу 3-миң жылдыктан баштап 4-миң жылдыктарда пайда болгон. Аныктаганда б.з.ч. 4-миң жылдыкта Чыгышта (Түштүк Иран, Түркия, Месопотамия, Түркмөнстан), б.з.ч. 3-2-миң жылдыкта Европада жезди жана колону өндүрүү бир кыйла калыптанган. Жезди пайдалануу алдыңкы Азияда жана Закавказьеде да кеңири таралган. Кыргызстанда жез кендерин пайдалануу Теңир-Тоонун аймагында болгондугу далилденген.

Эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшү, туруктуу түрдө ашык продуктуну алууну жана анын кошумча продуктага айланышын камсыз кылган. Мындай продуктунун болушу анын айрым бир жамааттардын, ал тургай айрым үй-бүлөлөрдүн пайдасына бөлүнүп калышына мүмкүндүк түзгөн.Ушундан улам кээ бир бир үй-бүлөлөр башкалардан обочолоно баштаган жана үй-бүлөлүк жеке менчик пайда болгон. Бул уруулук жамааттардын ичинде мүлктүк теңсиздик күч алып, алгачкы жамааттык коомдун ыдырашына алып келген.

Ошентип, энеолит, жез-таш доору адамзатынын чарба жүргүзүүсүндө бир топ алдыга жылышы менен бир катар мүнөздүү белгилерге ээ болот. Алар: жүк ташууга ылайыктуу каражаттардын ойлоп табылышы, дыйканчылыктан жерди буурсун менен айдоого өтүшү, алгачкы жамааттык топтор жашай турган чоң, көлөмдүү ылайдан согулган же чийки кыштан тургузулган үйлөрдүн пайда болушу, энелик урууга мүнөздүү болгон аялдардын айкелдеринин чоподон жасала башташы, оймо-чиймеленген карапа идиштер менен буюмдардын пайда болушу.

Металл доору. Болжол менен алганда б.з.ч. III миң жылдыктын аягынан жана II миң жылдыктын башталышынан тартып, Кыргызстандын аймагында жаңы этап – металл доору башталат.

III Металл доору


2. темир доору

Б.з.ч. 1-миң жылдыктар

1. коло доору

Б.з.ч. 3-1-миң жылдыктар



Мурдагы таштан жасалган куралдардын ордуна адегенде жезден, андан кийин колодон, анан темирден жасалган куралдар пайдаланыла баштаган. Коло доору б.з.ч. 3-миң жылдыкта башталып, XII-VII кк. өзгөчө өнүгүүгө жетишкен. Б.з.ч. 5-миң жылдыктарда Орто Азия аймагында жез кендери жер кыртышынын үстүңкү катмарында кеңири жайылып, адамдар андан түрдүү эмгек куралдарын жасашкан. Кыргызстандын Ноокат, Чаткал, Кетмен-Төбө, Ысык-Көлдүн Сары-Жаз өрөөндөрүнөн жез кендери казылып алынган. Жезден жасалган буюмдар колдонууга келгенде жумшак болгондуктан тез эле мокоп калган. Качан гана жез менен калайдын кошулмасынан колону алуу өздөштүрүлгөндө алда канча сапаттуу, мыкты калыптагы тиричилик буюмдары жасалып, адамдардын тиричилигинде ыңгайлуулуктар жаратылган.

Орто Азия аймагынын чектеринде эң алгачкы темир кылымда эстеликтер арбын табылган. Дыйканчылык чарба жүргүзүүнүн негизги тармактарына айлангандыгына байланыштуу магистралдык каналдар менен негизделген сугат тармактары, дан майдалагычтар, атайын орок үчүн жасалган кремний жалпак таштары, карапа жасоочу төгөрөктө жасалган жогорку сапаттагы керамика буюмдары (үч буттуу идиштерди жасоо абдан мүнөздүү болгон) табылган.

Кыргызстанда бул доордун эстеликтери Талас, Чүй өрөөндөрүнөн, Ош шаарынын ортоңку бөлүгүндө жайгашкан Сулайман-Тоодогу “Ош тургун жайынан” табылган. Сокулук суусунун жээгинен колодон жасалган найзанын учу, көзөөчтөр, күзгүлөр сыктуу буюмдар, Чоң Чүй каналын куруп жаткан мезгилде металлдан жасалган бычактар, жез ороктор табылган.

Кыргызстандын түндүгүнөн табылган коло кенчтери, казыналар б.з.ч. XII-IX к. металл иштетүү болгондугун далилдейт. Алар археология илиминде Жетисуу очогу деп аталып, андан 12 кенч табылып, алардан 100дөн ашуун буюм табылган. Жетисуу очогунда коло буюмдарын жасоодо өзгөчө мүнөздүү белгилери болгон. А.Д.Дегтярованын изилдөөсү боюнча буюмдарды жасоодо коргошун, висмут, күмүш, мышьяк көп кошулуп, калыпка куюлгандан кийин металлдын сапатына жараша ысытып, кээде ысытпай чабышкан. Профессор Е.Е.Кузьмина Орто Азиядагы коло доорунун кенчтерин түрлөргө бөлүп айырмалаган. Биринчиси уютулган коло, калыпка куюлуп жасалган жана жарым-жартылай даяр буюмдар болсо, экинчиси эмгек согуш куралдары, кооздук буюмдар болгон.

Коло доорунун археологиялык эстеликтери

Коло доорунда Андронов жана Чуст деп шарттуу түрдө аталган аталган эки маданият өнүккөн. Кыргызстанда Андронов маданиятына тиешелүү эстеликтер дээрлик бардык территориядан табылган. Бул эстеликтердин баары тарыхка чейинки мезгил3 болгондуктан табылган эстеликтердин атынан аталып калды. Сибирдеги Ачинск шаарына жакын Андроново кыштагынын жанында бул маданияттын алгачкы эстеликтери табылгандыгы үчүн тектеш чарбалык маданий эстеликтер Андронов маданияты деп аталып, анын Кыргызстандагы эң бай кенчи Кочкордогу Шамшы айылынан табылган. Бул маданияттын Чүй (Кайыңды, Жайылма, Тегирменсай деген жерлеринде), Талас (Таш-Башат, Кулансай деген жерлеринде), Теңир-Тоодогу (Арпа жайлоосунан), Кетмен-Төбө өрөөнүнүн (Жазыкечүүдөн) өкүлдөрү көчмөн мал чарбачылыгы менен кошо аздыр-көптүр дыйканчылык, аңчылык менен айкалышкан турмуш кечиришкен. Тери иштеткенди, орок, балта, жебенин учтарын жасаганды мыкты өздөштүрүшкөн. Алгачкылардан болуп кымыз ушул маданияттын өкүлдөрү аркылуу жасалган деген да пикирлер бар. Тамак ашында уй, кой, жылкы эти пайдаланылып, сүт азыктары мол болгон.

Андрондуктардын турак жайы жана соңку коло доорунун тургун жайларын реконструкциялоо

Андроновдук турак-жай Токтогулда ачылып, бир метр тереңдиктеги чарчы жер кепени элестетет. Анын дубалдары жана жабылуучу жерлери чырпыктардан өрүлүп, ылай менен шыбалган. Бир жак бурчунда атайын тамак даярдоо үчүн очок жасалып, идиш-аяктар коюлган. Аянтына караганда анда 25ке жакын адам жашаган. Бул жерде чогуу чарба жүргүзгөн чоң бир үй-бүлө мүчөлөрү жашагандыгын окумуштуулар аныкташкан.

Андрон маданиятынын өкүлү. М.М. Герасимовдун реконструкциясы

Андроновдук маданиятка таандык археологиялык казуулардын маданий катмары терең болбогон. Мындай көрүнүш бул маданиятка таандык болгон адамдардын ал учурда бир орунда туруктуу жашабагандыгын жана мезгилдүү көчүп-конуп жүрүшкөндүгүнөн кабар берет. Ал мезгилдин адамдары антропологиялык жагынан европеоид расасында болгон. Мындан сырткары аларда өлгөн адамды өрттөө жана көмүү колдонулган. Айрым көрүстөндөрдөн капшыттарына таш тизилип, ортосуна таш плиталардан же жыгачтардан жасалган табыттар коюлган. Өлүктүн колу-бутун бооруна бүгүп, кырынан жаткырып көмүшкөн. Көрдүн ичине турмуш-тиричиликте керектүү буюмдар (бычактар, ийнелер, идиштер), кооздук буюмдары (сөйкөлөр, билериктер), оттук таштар, коло курал-жарактар коюлган. Көрлөрдүн айланасынан табылган карапа идиштердин табылышы маркумдун арбагына сыйынуу, эскерүү жөрөлгөсүнүн калыптангандыгын далилдейт. Мындай көрүстөндөр табылганына карабастан эң алгачкы темир доорундаөлгөн адамдарды көмүүгө арналган эстеликтер иш жүзүндө дале болсо белгисиз.

Андрон маданиятынын карапасы

Андрон маданиятынын өкүлдөрүнүн аска бетиндеги сүрөттөрдөгү үй жаныбарларын сүрөттөөлөрү

Шамшы кенчи. Б.з.ч. II к. (Борбордук Теңир-Тоо. Кочкор өрөөнү)



Сүрөт №13. Аска бетиндеги сүрөттөрдөгү арабанын сүрөттөлүшү (Саймалы-Таш)

Ал эми экинчи маданият Фергана өрөөнүндө байыркы дыйканчылыкка негизделип шарттуу түрдө Чуст деп аталган. Чуст маданиятынын пайда болушу биринчиден көчүп жүргөн малчылардын отурукташы менен алардын маданиятынын трансформациялангандыгынын натыйжасында десек болчудай. Маданияттын Чуст деп аталышы, Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Чуст кыштагынан ушул маданиятка таандык болгон тургун жайдын табылышына байланыштуу аталган. Бул тургун жайдын жалпы аянты 4га., маданий катмарларынын калыңдыгы 0,60-1,10м., диаметри 1,80-2,30м. келген чуңкурлардын калдыктары болгон. В.И.Спришевскийдин божомолунда бул чуңкурлар жарым үй катары кызмат кылган. Алардын түбү тапталган, кээ биринин дубалдары кыш менен кыналган. Үй тиричилигинде колдонулуучу колго ийленип жасалган чопо идиштердин ар кандай түрлөрү табылып, алардын кээ бирлеринин беттерине кара боек аркылуу түрдүү фигураларды көрсөткөн оюлар тартылган. Негизи эле оймо-чиймелүү кызылга боелуп, бетине кара геометриялык ийме-чиймелер түшүрүлгөн идиштер Чуст маданиятына мүнөздүү белги эсептелет. Мындан сырткары кумуралар кол менен жабыштырылып, штампталган оймо-чиймелер менен да кооздолгону кездешет. Ошонтсе деле кол өнөрчүлүгүнүн буюмдарын өтө эле бай деп айтууга болбойт. Кол өнөрчүлүк Андронов маданиятына салыштырмалуу өнүккөн. Бул маданиятынын эстелигинде да коло металл иштетүү жогорку деңгээлде өнүккөн. Аялдар үчүн шурулар лазурит, сердолик өңдүү таштардан, жаныбарлардын тиштеринен, каури үлүлүнөн жана жезден жасалган. Сөөктөн жасалган оюнда колдонулуучу чүкөлөр табылган.

Коло билерик, б.з.ч. II кылым (Фергана өрөөнү, Жапа-Салда айылы)

Чуст маданиятын жалпы жонунан отурукташкан маданият деп атасак болот. Алар тоодон агып түшкөн суулардын өрөөндөрүнө жайгашышып дыйканчылык кылышкан. Мал чарбасы буларда негизги тармак болбогону менен майда жандыктардан кой-эчкилерди багышып, аңчылык кылышкан. Чуст маданиятына таандык болгон жерлер Кыргызстандын Ош облусуна караган Өзгөн районунан, ал районго караштуу Куршаб айылынан, Ноокат районунан табылган. Бул маданияттын Оштогу Сулайман-Тоонун капталында жайгашкан тургун жайы Ю.А.Заднепровский4, анын шакирти Е.В.Дружинина тарабынан абдан жакшы изилденген.

Сулайман тоо

Алар археологиялык казуу иштерин 1976-жылдан башташат. Казуу учурунда Сулайман-Тоонун тик капталында тектир-тектир болуп жайгашкан тургун жай табылган. Бардыгы болуп 600 чарчы м. жерди казуу иши татаал шартта жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында ар кыл диаметрдеги 70тен ашуун тегерек болгон ороо-чуңкурлар табылган. Мындан сырткары жер бетинен эки метр тереңдикте жаткан адам жашаган аянттагы чарбачылыкка пайдаланылуучу үч тегерек ороосу бар сокмо топурактуу жер табылат. Казылган жерден көптөгөн карапа идиштери, бүтүн кумура да табылган. Тик бурчтуу, кууш, жерге бир метр тереңдикте казылып жасалган туурасы 3,5, сакталып калган бөлүгүнүн узундугу 5м. жакын келген жер төлө (жер үй) тазаланат. Жер төлөнүн ичинде анын дээрлик бүткүл аянтын ээлеп турган 8 ороо ачылган. Ал эми түндүк батыш бурчунда формасы шалгам сыяктуу сыртын көө баскан казан сакталып калган. Мындан башка ал жерден жаргылчак, идиштердин бөлүктөрү табылган.

Чуст тургун жайларын казууда табылган буюмдар: 1,2 - коло буюмдар, 3,4 - куюлган формалар, 5 - жебенин кремний учу, 6 - карапа

Табылган ороолордун бирдей мезгилде казылбагандыгы аныкталган. Ороолор керектөөгө жараша мурункулары пайдалануудан чыгып калганда ага тамак-аш калдыктарын, жаныбарлардын сөөктөрүн, идиш сыныктарын, таш куралдарды ташташканы көрүнүп турат. Ушул сыяктуу ороолордон археологдор бир килограммга жакын көмүр жыйнашкан. Радиоуглероддук анализге жөнөтүлгөн бул көмүрлөр атайын лабораторияларда күйгөн убактысы далилденген жана ошол эле учурда Ош кыштагынын жашаган мезгили, 3000 жылдык жашы аныкталган. Коло дооруна таандык болгон Ош тургун жайынын эстелиги Фергана аймагындагы эң чоң кыштак Дальверзин-тепеден5 кийинки орунда турат.

Жыйынтыгында коло доорундаКыргызстанда металл иштетүү өздөштүрүлүп, көчмөн мал чарбачылыгы жана дыйканчылык калыптанып өнүккөн. Коомдук мамилелердин, өндүргүч күчтөрдүн өсүшүнүн натыйжасында коомдо социалдык жактан теңсиздик пайда болгон. Демек шаардыкына окшогон маданиятка ээ коло доорунун өнүгүшү менен ак сөөктөр, катардагы обшиначыларга жиктелген элдердин коомдук таптары, андан ары бул таптардын өнүгүшүнө шарттар түзүлгөн. Ошондой эле бул шарттар металл иштетүүчүлөрдүн өз алдынча адистешип, соода, алмашуу процесстеринин өнүгүшү менен да тыгыз байланыштуу болгон. Бул көрүнүштүн өзү коомдун социалдык структурасынын бара-бара өзгөрүшүн көрсөткөн.


Адабияттар:

  1. Бернштам А. Кыргызстан тарыхы боюнча тандалган эмгектер. Б., 1998.

  2. Заднепровский Ю.А. Ошское поселение к истории Ферганы в эпоху поздней бронзы. Б.,1997. 3. Осмонов О.Ж., Асанканов А. Кыргызстан тарыхы. Б. 2001.

  1. Кыргыз ССРинин тарыхы. Ф., 1984. I Т.

  2. Плоских В.М. История кыргызов и Кыргызстана. –Б., 2009

  3. Бартольд В.В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалган эмгектер.

Б. 1997

  1. История кыргызов и Кыргызстана:Учебник для Вузов / Отв ред. В.В.Плоских -Б.:Илим,2003.

8.Омурзаков С.О. История кыргызов и Кыргызстана. –Б. 2007

9. Акаев А.А. Кыргызская государственность и народный эпос «Манас». Б., 2002.



1 Эрте палеолиттин эң акыркы мезгили.Окумуштуулардын көбү “ортоңку палеолит” деп аташат. Мустье маданиятын XIXк. 60-ж. Г.Мортилье изилдеп, түштүк батыш Франциядагы Ле-Мустье үңкүрүнүн атынан атаган. Мустье маданияты Европа, түндүк Африка, жакынкы Чыгыш, Орто Азияга тараган.

2Саймалы-Таш - Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашып, Казарман кыштагынан алыс эмес аралыктагы Көгарт ашуусуна жакын жерде таш бетине чегилген сүрөттөр. Бул сүрөттөр дүйнөдөгү эң чоң таш бетине тартылган сүрөттөрдүн галереясы болуп эсептелет. 100 миңден ашуун сүрөттөр бар.Тоо текелердин, аркарлардын, букалардын, куландардын, жырткыч жаныбарлардын, арабага чегилген букалардын,тегерек күн сымал башы бар кудайлардын жана адамдардын сүрөттөрү тартылган. Саймалы-таш сүрөт галереясын алгач 1902-жылы орус армиясынын офицери, топограф Н.Г.Хлудов ачкан. Кийинчерээк генерал-майор И.Т.Пославский, окумуштуулар Б.М.Зима, А.Н.Бернштам изилдеген.

3Тарыхка чейинки мезгил – жазуу пайда болгонго чейинки мезгилди т.ч.мезгил деп атоону Дэниэл Уилсон 1851-жылы сунуштаган. Францияда бул терминди Турналь 1833-жылы колдогон. Т.ч.мезгилден кийин прототарых мезгили келет. Бул мезгилде айрым жазма булактар кездешет, бирок дагы деле археологиялык маалыматтарга муктаждык болот. Тарыхка чейинки мезгил тарых мезгилинен көп жагынан айырмаланып турат. Мында инсандар эмес, коом же маданият жөнүндө кеп болот. Тактаганда жазуу маалыматы жок болгондон кийин элдердин, тургун жайлардын аталыштарында шарттуу аттар коюлат.Мис., хунн доорунда жашаган сактар, эстеликтин атынан андрон, чуст маданияттары ж.б. аталыштар болот.

4Ю.А.Заднепровский – 1924-жылы Ленинград облусунун Гатчина шаарында төрөлгөн. Тарых илиминин доктору.Фергана экспедициясынын начальниги. 170ке жакын илимий эмгектери жарык көргөн.Эмгектеринин көпчүлүгү Кыргызстандын байыркы тарыхына жана археологиясына арналган. Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагында 30 археологиялык экспедиция жасаган.Соңку коло доорунун Чуст маданиятына таандык байыркы эстеликтерди изилдеген. Б.з.ч. IV-I кк. таандык Шоробашат, Өзгөн, Мады жана Ош шаарларын изилдеген.

5Дальверзин эстелиги –Өзбекстандын түштүгүндөгү шаарча, ал жерде жүргүзүлгөн казуу жумуштарынын жүрүшүндө б.з.ч. I-V кк.бай үйлөр менен зыярат кылуучу имараттар, айкелдер, дубалга тартылган сүрөттөр, кооз буюмдар табылган. Дальверзин эстелиги 1952-жылы Ю.А.Заднепровский тарабынан ачылган Фергана аймагындагы коло дооруна таандык эстеликтердин эң ириси. Жалпы көрүнүшү тик бурчтуу, аянты 25га., сыртынан калыңдыгы 4-6 метр, бийиктиги 2,5 метр болгон чеп менен курчалган. Кыштан курулган үйлөрдүн, очоктун орду, чарбалык маанидеги чуңкурлардын саны арбын кездешет. 50дөн ашуун адамдардын сөөктөрү казылган. Айрым көрүстөндөрдө адамдын баш сөөктөрү гана көмүлгөн.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!