СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

2020-жыл "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештиүү жана балдарды колдоо" жылы.

Нажмите, чтобы узнать подробности

2020-жыл "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештиүү жана балдарды колдоо" жылы. Класс жетекчилер үчүн маалымат.

Просмотр содержимого документа
«2020-жыл "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештиүү жана балдарды колдоо" жылы.»



2020-жыл "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланды.

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаңы жыл менен куттуктоосунда билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү" улантылып, жашоонун маңызы болгон балдардын дени сак, билимдүү болуп чоңоюшу үчүн мамлекеттик камкордук күчөтүлдү.





Жыл сайын жайдын алгачкы күнү балдарды коргоо майрамы менен башталат. 1-июнь- эл аралык балдарды коргоо күнү 1949-жылы аялдардын эл аралык демократиялык федерация кеӊешинин сессиясында кабыл алынган. Алгачкы жолу расмий түрдө 1950-жылы белгилене баштаган.

Балдар күнү 1950-жылдан бери белгиленет

Балдарды коргоо күнү эмне үчүн 1-июнда белгиленип калгандыгы тууралуу бир эле себеп бар. 1925-жылы Кытайдын Женевадагы элчиси Кытайдагы жетим балдар үчүн ажыдаар фестивалын өткөргөн. Кийин жыл сайын 1-июнда балдардын конференциясы өтүп турган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, тактап айтканда, 1949- жылы Парижде аялдардын эл аралык конгресси учурунда “1-июнь балдарды коргоо күнү" деп кабыл алынган. Бул майрамды кабыл алууга ошол учурда балдардын ден соолуктарынын начарлашы, жетим балдардын санынын көбөйүшү, туура эмес жолго түшүп, жашы жетелектер арасында кылмыштуулуктун көбөйүшү сыяктуу негиздер себеп болгон. Бул майрамдан сырткары 20-ноябрь балдар күнү деп да календарда даталуу белгиленип келет.

Кыргызстанда 19 400 майып бала бар

Бул күн балдарды коргоо күнү гана эмес, алардын бактылуу өсүшүнө, жакшы окуп, турмушта мыкты инсан, жакшы ата-эне, өлкөнүн татыктуу жараны болуп чоӊоюшуна кам көрүү күнү болуп да кабыл алынышы керек. 1-июнь балдарды коргоо күнү Ош шаарында да мыкты деӊгээлде белгиленет. Көчө, эс алуучу бактардын баары шар, гүл, оюнчук көтөргөн балдарга толот. Шаар жетекчилиги балдарыбыз үчүн күтүлбөгөн оюн-зоокторду уюштуруп турганына күбө болуп келүүдөбүз. Акыркы жылдары тышкы миграция күчүнө киргенден бери жаш балдарга карата зордук зомбулук, тамак-аштын начарлашы жана башка себептерден улам майып балдардын төрөлүшү көп катталууда. Туугандарынан, ата-энесинен токмок жеп каза болгон наристелердин саны жыл сайын катталууда. Ал эми «Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы» коомдук бирикмесинин 2017-жылда берген маалыматында Кыргызстанда жашы 18ге толо элек 19 400 майып балдар бар. Тилекке каршы, бул көрсөткүч да жыл сайын өсүүдө.

Баланын тагдырын өзгөрт...

Кароосуз калган, жаман жолго түшкөн, майып төрөлгөн турмуштун өгөй балдары күн санап көбөйүүдө. 1-июнь балдарды коргоо күнүндө аларга белек берип көӊүлүн алган менен албетте, жашоосун өзгөртө албайбыз. Балдарды коргоо күнүндө мына ушул көйгөйлөрдү алдын алууга иш чаралар, түшүндүрүү иштери жүрөт.

Баланы жарык дүйнөгө алып келүүнү пландаганда анын келечегин кошо ойлонуу зарыл. Өзүнүн төшөк кумарын кандырууда, же “мен карыганда баксын” деген план менен баланы төрөө туура эмес. Европада 1-2 гана балалуу болуунун негизги себептеринин бири мына ушул маселе. Алар канча балага тарбия бере аларына, татыктуу окутуп, кийинтип, ичинтип, жакшы карай аларына карап балалуу болууну пландашат. Алар бизге окшоп тобокелчиликке барбайт. Тубаса мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ден соолугу жооп бербесе майып бала төрөлүп калбашы үчүн балалуу болууга тыюу салынат.

“Балага эшикти жана жүрөгүӊүздү ачыӊыз”

Баласына тарбия берүүдө ата-энелер атайын адистер менен иштешишет. Балдарын психологго алып барып, кеӊеш алып турушат. А бизде психолог менен бир гана психикасы начар адамдар иштешет деп ойлошот. Баланы колдоо, анын ою менен бөлүшүү, сырдашуу деген нерселерди билбейбиз. Ошол себептен да жашоосуна нааразы болуп өзүн суицидге жетелеп жаткан, эмоционалдуу, нерви жука балдар көбөйүүдө. Баланы коргоо күнүндө айрым эл аралык уюмдар, соцадистер балдардын личностук, үй-бүлөлүк абалын карабай туруп алардын укугун коргогондугу туурасында маалымат бергендерине көп күбө болуудабыз. Мындай окуялардын айрымдарына адистер өтө этияттык менен кийлигишип, кандай окуя болбосун баланын укугун гана коргобостон алардын тарбиясыз, билимсиз, бейбаш болуп калуусунан коргошот. 1-июнь күнү балдар курсагына балмуздак менен ар кандай таттууларды гана алып кирбестен жүрөгүнө мээримдүүлүк, башына акыл-эс, түшүнүк, билим алып кире турган иш чараларга катышса алардын адамдык өнүгүүсүндө чоӊ өзгөрүү болмок. Балдардын келечегиндеги мына ушундай маселелерди эске алып Ош шаарынын мэриясы ЮНИСЕФ менен биргеликте 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата "Балдарга эшикти жана жүрөгүӊүздү ачыныз!" аттуу бир айлык акция башташты. Акциянын алкагында 1-июнь балдарды коргоо күнү чоӊ иш-чара өткөрүлөт. Бул социалдык кампаниянын максаты өзгөчө муктаждыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго интеграциялоо. Балдарды депрессиялык абалдан арылтып, жаркын келечектүү жашоого үндөө болуп саналат. Бул акциянын алкагында тематикага үндөгөн баннерлер, 30га жакын аялдамага сүрөттөр илинип, түрдүү иш чаралар өтөт.

Балага бул сөздөрдү айтуудан уялба жана эринбе

Ата-эне болуу, бала тарбиялоо эӊ татаал кесип десек жаӊылбайбыз. Жоопкерчиликти сезген ар бир ата-эне балага туура тарбия берүүнүн методдорун издешет. Мына ошондой ата-энелерге аз болсо да маалымат болуп калсын деп  балдарыӊызга айтып туруучу 7 нерсе тууралуу жаза кеттик.

1. Мен сени жакшы көрөм

Адамды жашоодо кыймылдатып, келечекке максат коюп алга карай өнүгүүсүнө жакындарынын сүйүүсү жардам берет. Эгерде ал кичинесинен эч кимге керек эместей сезип, жан дүйнөсү жалгыздыкка сүӊгүп кете турган болсо чечкинсиз жана ырайымсыз болуп чоӊоюусу мүмкүн.

2. Мен сени менен сыймыктанам

Балаӊыздын кичинекей ийгилигине да сыймыктанууӊузду билдирип турсаӊыз, анын шыктануусу артат. Мындай балдар көбүнчө чеберчилик, усталык жана көркөм өнөр менен алектенип, мыкты дизайнер, архитектор болуп чыгышы толук мүмкүн.

3. Мени кечирип койчу

Дайыма балаӊызды гана айыптай бербей өз кемчилигиӊизди да моюнуӊузга ала билсеӊиз, балаӊыз калп сүйлөөдөн, жашыруун аракеттерден алыс болот. Сиздин ар бир аракетиӊиз балаӊызга чагылыша тургандыгын унутпаӊыз.

4. Мен сени кечирдим

Ошондой эле балаӊыздын катачылыктарын кечире билиӊиз. Бир нерсени туура эмес жасап койгондо урушуп, жемелеп унчукпай кала турган болсоӊуз бала жоопкерчиликсиздикке үйрөнөт. Ал эми катуу уруша берсеӊиз жек көрүү менен ата-энеге күйүмсүз болуп калышат.

5. Мен сени угуп жатам

«Сен кичинесиӊ, эмнени билмек элеӊ» деген сөз эӊ катуу сокку экенин көпчүлүк ата-эне сезбейт. Анын айтып жаткан ар бир пикиринин оӊ-терсин угуп, түшүндүрүп берүүсү керек. Ак-караны, жакшы-жаманды айрый билүүнү балага ата-эне түшүндүрбөсө ал жашоодо көп урунушу мүмкүн. Ошондой эле бул балдарда адамдарга ишеним жоголот.

6. Сен буга жоопкерчиликтүүсүӊ

Баланы чечкиндүүлүккө, жоопкерчиликке кичинесинен көндүрүү үчүн ага кайсы бир нерсени ишеним арттырып, тапшыруу керек. Жана дагы дайыма жанында колдоо көрсөтүп туруусу зарыл.

7. Сен муну жасай аласыӊ

«Сенин колуӊдан келбейт» деген фраза эӊ орой жана туура эмес тарбия. Ишеним ааламды башкарат деген сөздү уксаӊыз керек. Ооба, балаӊызга да ишенимиӊиз күч болсо ал дагы келечекте сиздин үмүт, тилектериӊизди ишке ашырат.




































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!