Сабактын ыкмасы: башкарып окутуу,интерактивдүү ыкмалар.
Сабактын жабдылышы:муун жонүндө таблица,Ч.Айтматов тууралуу букледдер,китептери, iBilim программасы
Сабактын этаптары | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү | Компетентүүлүк |
НК | ПК |
уюштуруу | Сабакка болгон даярдыкты текшерет Жагымдуу маанай түзөт | Сабакка даярданышат “жагымдуу жылмай” | НК2 | |
Уй тапшырмасын текшерүү | “Келгин куштар” текст | Түзүп келген тексттерин окушат | НК3 | |
Күтүлүүчү натыйжа | Күтүлүүчү натыйжаны айтат | Күтүлүүчү натыйжаны билишет | | |
Жаңы тема | -Муун боюнча түшүнүктөрүңөр барбы? Сөздүн бир ыргак менен айтылган бөлүгүн муун дейбиз. Сөздө канча үндүү тыбыш болсо ошончо муун болот. Жазууда сөздүн батпай калган бөлүгүн жаңы сапка жазуу ташымалдоо деп аталат. Сөз муунга карата ташымалданат. | Билгендерин айтышат М:жа-зуу-чу,кыр-гыз-стан М:ки-теп, аа-лам, ка-раң-гы | НК1 | К1 К2 |
Интерактивдүү метод | iBilim онлайн сайтынан муун жана ташмал деген болуму менен тааныштырат | Муун жана ташымал менен алган билимдерин толукташат. Тесттерди белгилешет. Тапшырмалар аткарышат. | НК1 | К4 |
Жаңы тема улантуу | Муундун ачык муун, жабык муун,туюк муун деген үч түрү бар. Ачык муун жалаң үндүү тыбыштардан турат,үнсүз тыбыш менен башталып үндүү тыбыш аяктайт. Жабык муун үндүү менен башталып үнсүз менен бүтөт. Туюк муун үнсуз менен башталып, үнсүз менен аяктай. | М: а-па,а-та,э-же,суу М:ат,от,эт М:мек-теп,бат-как,Чың-гыз | НК1 | К1 |
Практикалык иш | 1-көнүгүү Текстти окугула. Маанисин айтып бергиле.акыркы сүйлөмдү муунга бөлуп жазгыла. | Айт-ма-тов-дун “Би-рин-чи му-га-лим”, “Жа-мий-ла”, “Ак –ке-ме”, “Эр-те кел-ген тур-на-лар”, “Гүл-са-рат” жа-на баш-ка чы-гар-ма-ла-ры дүй-но эл-де-ри-нин көп-тө-гөн тил-де-ри-не ко-то-рул-ган. | | К1 К2 К3 |
2-көнүгүү (оозеки) Суроолор жооп бергиле | Суроолорго жооп беришет. | | К4 |
3-көнүгүү 1-3-сүйлөмдөрүн көчүрүп жазгыла.Ташмалдоого болбогон муундар барбы? | Зал-кар жа-зуу-чу Чың-гыз Айт-ма-тов 1928-жы-лы 12-де-ка-брда Та-лас-тын Ка-ра-Буу-ра ра-йо-нун-да-гы Ше-кер а-йы-лын-да тө-рөл-гөн. Чың-гыз Айт-ма-тов-дун ба-ла-лык ча-гы У-луу А-та Ме-кен-дик со-гуш у-чу-ру-на туш ке-лип ,ал 14 жа-шын-да а-йыл-дык ке-ңеш-тин кат-чы-сы бо-луп иш-те-ген. | | К1 К2 К3 |
Эс алуу | Тема боюнча онлайн тесттер | Тесттерге жооп беришет | НК3 | |
| 4-көнүгүү 4-сүйлөмдү муунга ажыратып жаз. Муун түрүн аныкта | А-нын “Ге-зит-чи Дзюйо” ат-туу эң би-рин-чи аң-ге-ме-си 1952-жы-лы жа-рык көр-гөн. | | К1 К2 К3 |
5-көнүгүү Ч.Айтматовдун чыгармаларын муунга бөлүп жаз | Жа-ми-ла, Са-ман-чы-нын жо-лу, Кы-я-мат, Ка-сан-дра там-га-сы. | | К1 |
бышыктоо | Бүгүнкү сабакта муун жана анын түрлөрү, ташымалдоону үйрөндүк . Улуу жазуучу Ч.Айтматов тууралуу маалыматтарыбызды бышыктап алдык. | Муун жана анын түрлөрүнө мисалдар менен бышыкташты. Ч.Айтматовдун чыгармаларын аташты. | | |
баалоо | Коментариялап “5” балдык система менен баалоо | Күндөлүктөрүнө койдурушат | | |
Үйгө тапшырма | 6-көнүгүү 53-бет | Белгилеп алышат | НК3 | |