СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

№ 4-сабак. Сабактын темасы: Байыркы кыргыз ээликтери.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«№ 4-сабак. Сабактын темасы: Байыркы кыргыз ээликтери.»

4-сабак. Сабактын темасы: Байыркы кыргыз ээликтери

План:

  1. Кыргыздардын ээлеген жерлери тууралуу ой-пикирлер

  2. Кыргыздардын алгачкы мамлекети


Кыргыздардын ээлеген жерлери тууралуу ой-пикирлер. Байыркы кыргыз ээликтери тууралуу сөз кылганыбызда конкреттүү бул аймактар деп көрсөтүүгө болбогон, а бирок бул маселеде аз да болсо боолголоп, кыйыр түрдө байланышы болгон окуяларга токтолуу керек болот. Кыргыздар тууралуу эң алгачкы эмгектер б.з.ч. 201-жылга таандык. Б.з.ч.IIIк. Кытайдын түндүк чек арасынан Байкал көлүнө чейинки талаалуу жана жарым чөлдүү райондорду жердеген ар түрдүү көчмөн уруулар күч ала баштаган. Алар түрк тилиндеги күчтүү гунн уруусу башчылык кылган кубаттуу уруу союзун түзүшкөн. Аталган союзга Маодунь хан (б.з.ч. 209-174-жж.) башчылык кылып, анын жетекчилиги менен кыска убакытта мамлекеттин чек арасы кеңейип, батышта көчмөн юэчжи менен усундарды, түштүктө Кытайды, чыгышта дунху уруусу (байыркы монголдордун ата-теги) багынтылган.Сыма Цяндын1 “Ши цзи” “Тарыхый жазмалар” эмгегинде гунндар тууралуу дал ушул окуялар жазылып, бир катар урууларды анын ичинде кыргыздарды өзүнө каратып алгандыгы тууралуу кыскача айтылат. Кытай булактарында динлиндер деп “Енисейлик остяктар” деп аталган элдин бабалары делген “динлин” эли аталат. Ал эми гегундар (варианттары: гянь-гунь, , кигу, цигу) деп эч талашсыз кытайлыктар байыркы кыргыздарды аташкан. Кыргыз деген этноним азыркы түрк тилдүү элдердин ичинен эң байыркысы аталып, өзбек, уйгур, казак, түркмөн, татар, башкыр деген элдердин аталышы кийин пайда болгон.

Кытай тарыхчысы Сыма Цянь (б.з.ч. 145же135-болжолу 86ж.)

Б у л к ы з ы к

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН 2200 ЖЫЛДЫГЫН МАЙРАМДОО

2002-жылы Кыргызстандын биринчи президенти А.Акаев «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын өткөрүү жөнүндөгү» Жарлыкка кол койгон, анда төмөнкүчө белгиленген: «Ата-мекендик илимпоздордун бай-ыркы жана азыркы тарыхчылардын эмгектерине таянуу менен жүргүзүлгөн терең изилдөөлөрү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жаралышы жок эле дегенде биздин доорго чейинки III кылымдын акырында, башкача айтканда мындан жыйырма эки кылым мурда болгондугун ынанымдуу көрсөтүп турат. Ошол мезгилден бери кыргыз мамлекеттүүлүгү бир катар этаптарды, атап айтканда көп кылымга созулган Енисей мезгилин жана Ала-Тоого көчүп келгенге чейинки улуу державалык доорду басып өткөн жана ошол мезгилдин реалийлерине жооп берген жетилген формага ээ болгон...

Өзүнүн мааниси боюнча 2200 жылдык кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө так далилденген маалымат-тар улуттук чектен чыгып, эл аралык мааниге ээ болуп бара жатат». Майрамдоо 2003-жыл ичинде болуп өткөн.

Мурунтан эле кыргыздардын байыркы Ата журту, ээлеген аймагы тууралуу түрдүү пикирлер, талаш тартыштар көп айтылып келген. Айрымдар кыргыздардын байыркы Ата журту Енисейде болгон дешсе, айрымы Түндүк Батыш Монголиядагы Хыргыз-Нур аттуу көлдүн аймагында болгон дешет.

Окумуштуу В.В.Бартольд кытайлардын б.з.ч. 201-жылдагы жазма маалыматтарынын негизинде кыргыздар ээлеген аймактар, алардын турган жерлери жөнүндө эч нерсе айтылбагандыгын, ошондой болсо да ал мезгилде кыргыздардын коңшусу динлин эли болгондугун жана кыргыздар кийинки мезгилдердегидей Енисейде жашашкан деп эсептөөгө болот деп жазат “Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма” эмгегинде. Кыргыз элинин чыгаан тарыхчысы, адабиятчысы Белек Солтоноев2 өзүнүн “Кызыл Кыргыз тарыхы” аттуу эмгегинде “гегунь” деген аталышты чечмелөөгө аракет жасап, транскрип жазууга салып, кинкин деген сөздү текшерет жана бул сөз кийин Гянь-гунь деп аталып кеткен деп билдирет. Ал “Гянь-Ким” деген сөз болуп, эски түрктөр Енесай дарыясын “Кем” деген. “Гунь” Орхон дарыясы болуп, аны кытайлар Гунь деген. Демек, Гянь-гунь, Кем-Орхон дарыялары – жердин аттары болуп чыгат деп билдирет. Ал эми б.з.ч. I к. кытай жазмасында усундар Чыгыш Түркстанды ээлеп турганы, Угйенин жери азыркы Жунгар тоосу3, Жети-Суу4 – батыш гяньгундардын мекени экени Н.Я. Бичурин (Иакинф)5 тарабынан белгиленсе, А.Н.Бернштам6 кыргыздар илгертеден эле Ала-Тоодо жашаган дейт.

Кытай тарыхчысы Бань Гу7 (б.з.ч. I к.) өзүнүн “Цянь Хань шу” (Хань сулалесинин тарыхы) эмгегинде: “Кыргыздардан чыгышта 7 миң ли узактыкта хуннулардын шанүйлөрүнүн ордосу жайгашкан”, - деп жазат. Кытайлар эскерген ушул кысакча маалымат да кыргыз тарыхы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ал маалыматтарга таянуу менен биз, III кылымда эле кыргыздардын ээлиги болгондугун анык эле билебиз. Археолог, профессор Ю.Худяков8, синолог (синология – лат. Sina – Кытай жана логия, кытай таануу – кытай тарыхын, экономикасын, саясатын, философиясын, тилин, адабиятын жана маданиятын изилдөөчү илимдер тобу) Л.Ф.Боровкова, азыркы кыргыз тарыхчылары бул маалыматка негизденип, кыргыздардын байыркы Ата журту Чыгыш Теңир - Тоо аймагында болгондугун далилдешүүдө. Бул журт азыркы Чыгыш Түркстандагы9 Манас, Карашаар сыяктуу шаарлардын түндүк тарабында, Борохоро тоо кыркасынын түндүгүндө орун алган.

Негизи кыргыздардын ээлеген аймактары тууралуу конкреттүү тарыхый-географиялык маалыматтар жокко эсе. Тарыхый хроника кыргыздар тууралуу өтө сейрек эскерет. Б.з.ч. I к.ортосунда гунндардын башчысы Чжичжи өзүнүн армиясын кыргыз жоокерлери менен чыңдап, Енисейдин Минусин өрөөнүндөгү жайгашкан динлиндерге кол салып басып алат. Ушундан кийин кыргыздардын негизги бөлүгү Борбордук Азиядан өздөрүнүн жаңы мекенине (Енисейге) келишкен деген да пикирлер бар. Кээ бир изилдөөчүлөр кыргыздардын Борбордук Азиядан Енисейге көчүп барышы башка себептер менен жана башка мезгилде болгон деп божомолдошот.

Алардын минтип айтышына байыркы түрктөрдүн V кылымдын орто ченинде болуп өткөн окуяны чагылдырган генеалогиялык уламышы негиз болуп калган. Анда түрктөрдүн мифтик бабаларынын “бөрү уулу” үйлөнүп, 4 уулдуу болгон. Улуу уулу Нодулушад байыркы түрктөрдүн Ашина династиясынын негиздөөчүсү, экинчиси Афу, Гянь дарыяларынын аралыгындагы Цигу (кыргыз) жеринде бийлик жүргүзгөн. Бул уламышка таянып, кыргыз ээликтери Абакан (Афу), Енисей (Гянь же Кем) дарыяларын бойлото жерлерди ээлеген деп тыянак чыгарууга болот. Уламыш кыргыздардын Енисейге көчүшүнүн башка мезгилин гана көрсөтпөстөн байыркы түрктөр менен кыргыздардын этникалык жакындыгы болбогону менен
алардын башкаруу династиясынын тутумдаштыгы бар экендигин көрсөтөт.

Археологиялык изилдөөлөр менен толукталган маалыматтар боюнча жергиликтүү енисейлик калк европеоиддик динлиндер – Борбордук Азиядан келгендер менен ассимиляцияланышып (эне тилинин, маданиятынын, улуттук аң-сезиминин жоюлушунан улам бир элдин экинчи элге сиңип кетиши) кеткен деген тыянкка келүүгө болот. Бул процесстин натыйжасы болуп өзгөчөлөнүп турган Таштык маданиятынын10 (I-Vкк.) пайда болушу эсептелет. Азыркы кезде таштык маданиятын жок дегенде анын акыркы этабын байыркы кыргыздардын маданияты деп эсептөөгө толук негиз бар. Енисейдеги байыркы кыргыздардын искусствосу алардын мүрзөлөрүнөн табылган. Анда жыгач такталарга баатырдык, мергенчилик, жылкы тийүү, түрдүү адамдардын, ар түркүн маданияттын традицияларын алып жүргөн элдердин келбеттери түшүрүлгөн. Бул Орто Енисейдеги татаал этникалык процесстерге дал келип, байыркы кыргыз маданияты менен бирге башка маданияттардын да калыптанышы жүргөндүгүн көрсөткөн. Окумуштуулардын кыргыздардын ээликтери тууралуу жогорудагы келтирилген бир топ ой-пикирлерине карабастан, кыргыздардын Енисейге көчүп барышынын себептери, мезгили жөнүндө да конкреттүү тарыхый маалыматтар эч жерде жазылган эмес.

Кыргыздардын алгачкы мамлекети. Кыргыз деген этнонимдин катарында тарыхый булактарда “ээлик”, “өлкө” деген терминдер колдонулат. Бул терминдер байыркы доорлордо эле кыргыздардын мамлекети болгондугунан ачык маалымат берип турат. Кыргыз эли өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгонго мурунку доорлордо мамлекеттүүлүккө ээ болгону тууралуу совет мезгилинде конкреттүү түрдө ачык-айкын айтылып келбеген. Чындыгына келгенде кыргыздардын байыртадан эле өзүнчө мамлекет түзүп, ал гана эмес империяны түзүп, Борбор Азияга өз таасирин тийгизүүгө жетишкен.

Кыргыздардын алгачкы көз карандысыз мамлекет болушу, саясий бытырандылыкка кириптер болгон Гунндар дөөлөтүнүн борбордук башкаруусу начарлаган мезгилде б.з.ч. 56-жж. таандык. Көрсөтүлгөн мезгилде кыргыздар хунн империясына вассалдык абалда болуп, Хуханье-Шанүйгө каршы батыш каганаты хуннулардын сепараттык (өзүнчө бөлүнүүгө аракеттенүү) күрөшү күчөгөн маалда кыргыздар саясий өз алдынчалыкка жетише алышкан. Ушул жылдан тартып кыргыздардын падышалыгы тууралуу эскериле баштаган. Бул тууралуу кытай тарыхчысы Бань Гу чакан кыргыз мамлекетин “го” “падышалык” деген термин менен белгилеген. Бань Гу белгилеген мына ушул кыргыздардын чакан падышалыгы географиялык обочо абалына байланыштуу бир нече жылдар боюу гунндардын көңүлүнөн чыгып, кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн башаты болуп калды. Кытай булактарындагы кийинки малыматтар аралыгы жүз жылдан кийинки убакытка тиешелүү болот. Балким гунндар кыргыздардын башкаруучу уругун биротоло жок кылып, бийликтен тап-такыр четтетип койгондур.

Жыйынтыктап айтканыбызда, кыргыздардын Енисейге көчүп барышынын себептери жөнүндө так тарыхый маалыматтар болбогону менен жана алардын байыркы ээликтери тууралуу түрдүү пикирлердин болушуна карабастан биз үчүн Түштүк Сибирдеги Кыргыз ээликтери мамлекеттүүлүк пайда болгон биринчи аймак, жер болушу көп кабарларды айтып турат. Кыргыздардын орто кылымдарга чейин мамлекет түзүүгө болгон аракеттерин жана натыйжаларды тизмелеп чыгабыз.

  1. Байыркы кыргыз мамлекети б.з.ч. Iк. (56ж.)

  2. VIIIк. Барсбек башында турган кыргыз мамлекети

  3. Ixк. орто чени (840-ж.) Улуу Кыргыз империясы (дөөлөтү)

  4. XI к. түзүлгөн Хакастагы, Тувадагы, Алтайдагы үч кыргыз мамлекети.

  5. XVIк. Башында Мухамед Кыргыз башкарган “кыргыз улусу” эмирлиги

  6. XVIIк. Сибирдеги Тува, Ысар, Алтысар кыргыз улустары. Булар орус баскынчыларына каршы уруш жүргүзүп турушкан.

  7. XVIIIк. Кокон хандыгы. (Окумуштуу тарыхчы Т.Кененсариевдин пикири боюнча аталган хандык кыргыздарга түздөн-түз тиешелүү.)

Байыркы замандагы Кыргызстан боюнча” 1-баптагы темалардын орчундуу окуяларынын тизмеги

  1. Мындан 800-100 миң жыл мурда Кыргызстандын аймагында адамдын байыркы таш дооруна таандык алгачкы издери табылган

  2. III миң жылдыктан тартып коло доорунун мезгили башталган

  3. Жездин алгачкы ачылышы б.з.ч. VI миң жылдыкка туура келет

  4. Темир доору болжолу б.з.ч.VIIIк. башталган.

  5. Б.з.ч. 484-425-жж. Орто Азиянын элдери жөнүндөгү маалыматты грек тарыхчысы Геродот “Тарых” деп аталган китебинде берген

  6. Б.з.ч. 530-жыл – сактардын жортуулу жана Перс падышасы Кир I I к. өлүмү

  7. Б.з.ч. 519-жыл. Дарий Iдин сак-тиграхаудаларга каршы жортуулу

  8. 329-жыл –сактардын грек-македондуктар менен салгылашуусу

  9. Б.з.ч. I I I к. Кытайдын түндүк чек арасынан Байкал көлүнө чейинки талаалуу, жарым чөлдүү райондорду жердеген, түрк тилиндеге күчтүү гунн уруулары кубаттуу уруу союзун түзүшкөн

  10. Б.з.ч. 209-жылы гунндардын күчтүү уруу союзуна Маодунь хан башчылык кылган

  11. 201-жыл – кыргыз эли жөнүндөгү эң алгачкы Кытай булактарындагы эскерүүлөр

  12. Б.з.ч. I I I- I I кк. азыркы Кыргызстандын аймагында усундардын уруу союзу түзүлгөн

  13. Б.з.ч. 160-жыл – Усундардын Жети-Сууга жана Теңир-Тоого көчүшү

  14. Б.з.ч. 107-жыл – усундардын Кытай менен союз түзүүсү

  15. Б.з.ч. 71-жылы – Усундар менен кытайлардын гунндарды талкалашы

  16. Б.з.ч. 103-жыл – Кытайдын Ферганага болгон биринчи жортуулу

  17. Б.з.ч. 101-жыл – Кытайлардын Ферганага болгон экинчи жортуулу

  18. .Б.з.ч. I миң жылдыкта Фергана өрөөнүндө отурукташкан дыйканчылык маданияты өнүккөн Давань мамлекети түзүлгөн

  19. Б.з.ч. I Iк. аягында Давань мамлекетинин Хан империясы менен узак убакыт боюу күрөшүүлөрү болуп өткөн

Пайдаланылган адабияттар:

  1. Ө.Ж.Осмонов Кыргызстан тарыхы (Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин)

-Б., 2012.

  1. Түзгөн Кеңеш Жусупов Кыргыздар - Б.. “Кыргызстан” 1993.

  2. Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түзүүчүлөр: К.Жусаев, А.Мокеев, Д.Сапаралиев “Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары – Б., 2003.

  3. Отвт. Редакторв: А.В.Гулыга, Ю.А.Левада Философские проблемы исторической науки Изд. “Наука” Москва 1969.

  4. Л.Н.Гумилев “Байыркы түрктөр” –Б., 1999.

  5. В.В.Бартольд “Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер” –Б., 1997.

  6. Т.Койчуев, В.Мокрынин, В.Плоских Кыргызы и их предки - Б., 1994.

  7. А.Жолдошов Байыркы кылымдагы Алтай, Энесай, Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы Ош-2006-ж.

  8. Б.И.Вайнберг, Б.Я.Ставиский Орто Азиянын илгерки замандагы тарыхы менен маданияты – Б., 1996.

  9. Т.Койчуев, В.Мокрынин, В.Плоских Кыргызы и их предки – Б., 1994.

  10. Эсен у. Кылыч Древнекыргызское государство Хагяс Каганат Кыргыз Кыргызское Великодержавие (840-нач. Xв.) Изд. “Ренессанс” –Б., 1994.

  11. Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-2-3-4-5-6-том. /Кыргыз Совет энциклопедиясынын башкы редакциясы. 1978./



1Сыма Цянь- болжол менен б.з.ч. 145-86-жж. жашап, өкүмдар У-динин кол астында башкы тарыхчы болгон. Мамлекеттик архивдер менен иштеп, ал учурдагы окуялардан, Хань империясынын тышкы саясатынан кабардар болгон. Анын Ши Цзи (Тарыхый жазмалар) китеби IIк. соңунда жазылып, Кытай сулале тарыхтарынын катарында биринчи орунда турат. Сыма Цяндын бул эмгеги Кытай тарыхын арналып 130 баптан турат жана 110-бапта “Гунндар жөнүндөгү баянда” кыргыздар тууралуу маалымат бар.

2Белек Солтоноев – 1878-1938-жж.) – кыргыз тарыхчысы, адабиятчы жана акын. Кедей үй-бүлөдөн чыккан. Атасы Солтонкелди уулу төрөлгөндөн көп узабай каза болуп, эски салт боюнча энеси кайниси менен баш кошуп, Белек Солтонойдун баласы аталып, анын колунда тарбияланган. 9 жашында чолпонаталык И.Масловский деген бекетчи оруска окууга барып, а бирок ал аны окутпай кара жумуш жасаткандыгына карабастан орус тилин үйрөнгөн. 1890-жылдардан тарта тарыхка кызыгып, уламыштарды, санжыраларды угуп, мусулман жана орус тарыхчыларынын эмгектери менен таанышкан. 1895-жылдан 1934-жылга чейин эл арасынан тарыхый маалыматтарды чогултуп, “Кызыл Кыргыз тарыхы” деген негизги эмгегин жараткан.

3Жунгар тоосу - Казакстандын түштүк-чыгышындагы тоо системасы.Ала-Көл менен Иле дарыясынын ортосунда жайгашкан. Узундугу 450 км.туурасы 50-190 км.

4Жети-Суу - азыркы Казакстандын түштүк-чыгыш, Кыргызстандын түндүк бөлүгүн камтыган тарыхый-географиялык аймак. Жетисуунун атын пайда кылган 7 дарыя жөнүндө тарыхый документтерде түрдүү пикирлер бар. Тарыхый адабияттарда Жетисуу аймагына Чүй алабы менен Нарын дарыясынын баш жагындагы жерлер да кошулган.

5Н.Я.Бичурин (Якинф) – (1777-1853-жж.) – орус чыгыш таануучу, саякатчы, миссионер. 1799-жылы Казандагы диний академияны бүтүргөн.1802-жылы кечилдикти кабыл алган.1807-жылдан Пекинде 14 жыл христиан дин миссиясына башчы болуп, кытай тилин үйрөнгөн. Анын кытай тилиндеги даректерди орус тилине которуп жазган эмгектеринде байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздар жана аларга коңшу хунн, динлин, түрк, уйгур, карлук, түргөш ж.б. түркий элдер, моңголдор жөнүндөгү маалыматтары Борбордук Азиянын тарыхы үчүн өтө баалуу. 1828-жылдан Петербург ИАга мүчө-корр., 1831-жылдан Париждеги Азия коомуна мүчө болгон.

6А.Н.Бернштам - (1910-1956-жж.) – археолог, тарых илимдеринин доктору (1942), профессор (1946-52). Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. Жети-Суу, Теңир-Тоо, Памир-Алай, Фергана аймагында археологиялык иштерди жүргүзгөн.Эмгектеринде Орто Азиядагы, айрыкча Борбордук Теңир-тоодогу, Памир-Алай, талас, Чүй өрөөндөрүндөгү көчмөн элдердин жана уруулардын этногенези, коомдук түзүлүшү, чарбасы, о.э. маданияты менен искусствосунун тарыхы, эпиграфикасы жана нумизматикасы баяндалат. Кыргызстанга арналган негизги эмгектери: “Кыргызстандын архитектуралык эстеликтери” (1950), “Чүй өрөөнү” (1950), “Байыркы Фергана” (1951), “Борбордук тянь-Шандын жана Памир-Алайдын тарыхый-археологиялык очерктери” (1952), “Талас өрөөнүнүн байыркы эстеликтери” (1941) деп аталат.

7Бань Гу – (32-92-жж.) тарыхчы, анын “Цян Хань Шу” эмгеги б.з.ч. IIIк. – Iк. Хань доорунун тарыхына арналып, 120 баптан турат. Эмгектин 94-бабында кыргыздар тууралуу маалымат жазып, аларды “цзяньгунь” деп атаган. Бул кыргыздар тууралуу “Ши Цзиден” кийинки экинчи эскерме болуп эсептелет.

8Ю.С.Худяков – (1947-ж.) – Новосибирск мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Тарых илимдеринин доктору (1988). Эмгектери негизинен Борбордук Азиядагы байыркы жана орто кылымдардагы көчмөндөрдүн маданиятын жана аскер тарыхын изилдөөгө, анын басымдуу бөлүгү кыргыз археологиясына, тарыхына, этногенезине арналган. Кыргыз Республикасынын “Данакер” ордени менен сыйланган.

9Чыгыш Түркстан – түндүгү Теңир-Тоо, түштүгү Куэньлун, батышы Алай тоолорунан Турпан ойдуңуна чейинки тарыхый-географиялык аймак. Аны кытайлыктар 18-кылымдын экинчи жарымынан “Синьцзянь – Жаңы чек” деп атай башташкан. Орто кылымдарда Чыгыш Түркстан Жети-Суу, Кыргызстан, Фергана жана Орто Азиядагы башка аймактар менен бир катар мамлекет баш кошуп тургандыктан, алардын аймагы жалпысынан “Түркестан” деп аталган.Негизги шаарлары Кашкар, Жаркен, Хотан, куча болгон. Учурда Чыгыш Түркестан аймагы Синьцзянь-Уйгур автономия району (СУАР) катары Кытай эл Республикасына карайт.

10Түштүк Сибирдеги археологиялык маданият. Енисей боюндагы Батени кыштагына жакын Таштык суусунун атынан аталган. Б.з.ч.I к.-Vк. таандык бул маданият Енисей дарыясынын боюна кеңири тараган.Таштык маданияты динлин жана гянь-гун урууларынын маданиятынын кошулушунан пайда болгон.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!