Просмотр содержимого документа
«6-класс Географиялык бийиктик алкактуулук»
САЛАМАТСЫҢБЫ БАЛДАР
Оригинальные шаблоны для презентаций: https://presentation-creation.ru/powerpoint-templates.html
Бесплатно и без регистрации.
ГЕОГРАФИЯЛЫК БИЙИКТИК АЛКАКТУУЛУК
Сабактын максаты:
- 1. Бийиктик алкактуулук боюнча маалымат аласыңар
- 2. Тоолордогу табигый комплекстин жайгашуу өзгөчөлүктөрү менен таанышып, бийиктик алкактуулуктун айырмачылыктарына токтолобуз
- 3. Жеке иштөөдө тактыкка, жоопкерчиликке, изденгичтикке үйрөнөбүз
Бийиктик алкактуулугу , бийиктик зоналдуулук - тоонун бийиктигине жараша табигый шарттардын жана процесстердин мыйзам ченемдүү өзгөрүшү.
Анын негизин климаттык кубулуштар түзөт; бийиктеген сайын күн радиациясынын институтенсивдүүлүгү күчөп, абанын температурасы ( 100 м де 0, 5-0, 6 °С), тыгыздыгы жана басымы төмөндөйт, нымдуулук белгилүү бийиктикке чейин көбөйүп, кайра азая баштайт. Климаттык алкакка байланыштуу тоодогу топурак, өсүмдүк, айбанаттар, агын суулардын көлөмү, рельефтин формалары, б. а. бүт жаратылыш өзгөрөт. Тоонун эң төмөнкү алкагынын жаратылышы ошол тоо жаткан кеңдик багыттагы географиялык зонага байланыштуу. Кыргызстандын тоолоруна жарым чөл жана чөл (550- 1000 м), кургак талаа (1000-1300 м), талаа жана шалбаалуу талаа (1300- 1600 м), токой, шалбаалуу талаа (1600-2600 м), субальпы шалбаасы жана шалбаалуу талаа (2600-3000 м), алыш шалбаасы жана шалбалуу талаа (3000-З500 м), нивалдык-гляциалдык (3500 м ден жогору) алкактары мүнөздүү. Жергиликтүү шарттарга, тоо беттеринин горизонттун кайсы жагына карагандыгына жана аба массаларына байланыштуу бийиктик алкактуулугу ар түрдүү бийиктиктерде жатат.
Табигый шарттардын тоо этегинен чокусуна чейинки бийиктик боюнча өзгөрүшүнүн себептери:
Бийиктеген сайын абанын температурасы, басымы төмөндөйт
1
2
Жаан-чачын көп жаайт
Топурак, өсүмдүктөр, жаныбарлар
дүйнөсү өзгөрөт
3
Үй тапшырма:
- 1. Өзүңөр жашаган жерде кандай тоолор бар, анда кандай зоналар бар экендигин байкагыла?
- 2. Өзүңөр жашаган аймактагы өсүмдүктөр менен жаныбарлардынжайгашуу өзгөчөлүктөрүн табуу, анализдөө
- 3. Табиятта жүрүүнүн эрежелерин жаттоо (китептин 145-бетинде)