СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

№6-сабак. Сабактын темасы: Борбордук Азиядагы устомдук учун куроштор. Улуу кыргыз доолоту.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«№6-сабак. Сабактын темасы: Борбордук Азиядагы устомдук учун куроштор. Улуу кыргыз доолоту.»

6-сабак. Сабактын темасы: Борбордук Азиядагы үстөмдүк үчүн күрөштөр. Улуу кыргыз дөөлөтү


План:

1.Чыгыш түрк каганаты.

2. Барсбек каган

3. Кыргыздардын уйгурлар менен болгон согушунун себептери жана жыйынтыктары.


Чыгыш түрк каганаты. Борбордук Азиядагы үстөмдүк күрөштөрдү баяндоодо чыгыш түрк кагандыгынын тарыхына кыскача кайрылабыз. Чыгыш Түрк кагандыгы582-745-жж. Казакстан, Орто Азия , Чыгыш Түркстан, Түштүк Сибирь аймагындабийлик кылган мамлекет болгон.Кагандык Чыгыш жана Батыш кагандыктары болуп экиге бөлүнүп өз ара чабышып турган. Чыгыш түрк кагандыгы Шиби кагандын тушунда (609-619-жж.) Борбордук Азияга бийлик кылып, Суй империясынан көз карандысыздыгын коргогон. Бирок Хели кагандын тушунда 630-жылы Кытайдан жеңилген соң чыгыш түрк кагандыгы аларга 50 жыл боюу көз каранды абалда болгон. 681-жылы Кутлуг менен анын кеңешчиси Тоникуктун биргелешкен күчүнүн Кытайга каршы көтөрүлүшүнөн кийин Чыгыш түрк каганатында мамлекет кайра орноп, аны башкарган Капаган каган аймакты кеңейтүүгө аракет жасай баштаган. Билге каган иниси Күлтегин менен көз карандысыздык үчүн Тан империясына жана анын союздаштарына каршы согушууга белсенишет.

VII кылымдын аягы VIII кылымдын башталышы Борбордук Азияга ээлик кылуу үчүн түрк кагандыгынын жана кыргыздардын Енисейдеги каганатынын согушу менен Кыргызстан тарыхында өзгөчө белгиленет. Анткени көрсөтүлгөн мезгилге таандык руна сымал жазууларды изилдөөлөр кыргыз каганы Барсбек жөнүндө, алгачкы кыргыз ысымы тууралуу кабар берет.

Барсбек каган.Барсбек өз мезгилинин белгилүү саясий ишмери болуп, сейрек кездешүүчү Умай-бег деген титулду алып жүргөн кыргыздын байыркы башкаруучу династиясынан чыккан. Барсбек баатырдын тушундагы гүлдөп өнүккөн мезгил – кыргыз тарыхынын өзгөчө бир ажайып барагы. Негизги сөз кыргыздардын байыркы тарыхындагы эң чоң ак тактардын бири тарыхты жаратышкан инсандар жөнүндөгү маалыматтардын дээрлик толук жок экендигинде. Башка тилдеги бир дагы байыркы же орто кылымдагы тарыхый булактарда кандайдыр бир кыргыздын жеке ысымы так эскерилген эмес. Түрк элдери анын ичинде кыргыздардын өзү да жазууну үйрөнүшкөнгө чейин ушундай болгон. XIX-кылымдын экинчи жарымында орус илимпоздору Енисейден табылган руна сымал жазууну окушкан. Бул жазуу XIII-кылымдардын башында кыргыздар жана аларга туугандаш, бирок кас түрктөр тарабынан жазылып, анда кыргыздардын каганы Барсбек жөнүндө айтылган. Бул жазуу булагында кездешкен биринчи кыргыз ысымы болгон.

Барс-бег

Болуп өткөн тарыхый окуянын өзөгү төмөндөгүчө уланат. Чыгыш түрктөрүнүн каганы Капаган каган амалдуулук кылып союздаштарга биринчи сокку урмай болду. Капаган кагандын акылдуу кеңешчиси Тон-йокуктун берген кеңештери менен душмандарын жалгыздатып бирден жок кылмай болду. Түрктөрдүн каганы Капаган каган (683-716-ж.) адегенде эле күчтүү деп эсептеген кыргыздардан коркунучун жоюуну чечет. Түрктөрдүн Енисейге карай Билге башчылык кылган биринчи жортуулу ийгиликсиз аяктайт. Натыйжада каршылашкандар тынчтык келишимин түзүшкөн. Анын шартына ылайык Капаган Барсбекти1 каган деп таанып, ага өз тууганынын кызын аялдыкка берген. Калыбы, кыргыздар Түрк кагандыгы менен ниеттеш болууга сөз берген окшойт. Бул келишим Барсбек каган Ынанчы Алп Билгенин абалын мыйзамдаштырды жана бекемдеди. Бирок анын алыска көздөгөн максаты ишке ашкан эмес.

VIII кылымдын башында күчөгөн Барсбек түрктөргө каршы активдүү тышкы саясатты жүргүзгөн. 707-709-жж. ал ошол кезде түрктүр менен согушуп жаткан Кытайга эки элчини жиберген. Түрктөргө каршы союзду уюштуруу боюнча Барсбектин дипломатиялык демилгеси Түргөш кагандыгына да тараган. Чүй өрөөнүндөгү түргөштөргө Эзгене башчылык кылган элчилик жиберилет. Кыскасы, кыргыздардын каганынын дипломатиялык аракеттери ийгиликтүү болгон. 709-ж. карата ал түрктөргө каршы кубаттуу коалицияны түзө алган. Ага Таң империясы жана Түргөш кагандыгы кирген. Түрк кагандыгынын саясий жана ири аскер ишмеринин бири Тон-йокуг Борбордук Азияда түзүлгөн саясий жагдайга мындайча баа берген экен. “Табгач (кытайлык) каганы биздин душманыбыз эле. Он ок (түргөштөрдүн) каганы биздин душманыбыз. Бирок биздин баарынан чоң душманыбыз кыргыздардын күчтүү каганы болгон”.

Тонукөк (Тон-йокуг)

Жогоруда келтирилген тексттен талаа гегемону (жетекчилик, үстөмдүк) үчүн баарынан чоң коркунучтуу душман алыскы кытайлар жана түргөштөр эмес, кыргыздар болгондуктан да биринчи чабуулду ошолордон баштаган. Бул учурда Барсбек каган Саяндагы башкы маанилүү ашууну ээлеп, толук коопсуздукту камсыз кылдым деп ойлоп, союздаштарынын жардамын күтүп жаткан. Бирок түргөштөр да, кытайлар да кыргыздарды колдоп чыгышкан жок. Айласы түгөнгөн Барсбек күчтүү Түрк кагандыгы менен беттешүүгө жападан жалгыз калып, саясий багытын өзгөртүүнү чечет.

Ошентип 709-жылы түрктөрдүн кошууну Енисейдин баш жагынан кечип өтүп, кыргыздарга союздаш чик жана аз урууларын талкалап, Туваны ээлешкен да, аны кыргыздарга чабуул коюу үчүн плацадармга айландырышкан. Аскерлер кыргыздардын чек арасына жеткен кезде токтотулган. Кыргыздар Тувадан Енисейге капчыгай аркылуу кеткен башкы жолду бийик кыр менен тосуп коюшкан. Мындан эч кандай армия өтө алмак эмес.

Түрк кол башчылары жан аябаган кадамды жасоону, Саян кырка тоолорундагы кыргыздар коргоп турган жолдорду айланып өтүп, кышкы ызгаарга карабай, кыйын жол менен өтүүнү чечишти. Бул жортуулга түрктөрдүн келечектеги түрк каганы Билге жана анын эр жүрөк бир тууганы Күлтегин катышкан. Бирок ага иш жүзүндө көптү көргөн кары, тажрыйбалуу Тон-йокуг башчылык кылган. Ал жерден аз элинен жол көрсөтө турган чыккынчыны да издеп табат. Чыккынчы түрк аскерлерин бийик тоолор аркылуу өтөкн жалгыз аяк жашыруун жол менен Минусин ойдуңуна алып барууга макул болот. Бирок жолдо адашып түрктөр тарабынан өлтүрүлөт. Андан ары аскерлер кылыч, найзалар менен жол ачып жүрүп отурушат.

Кыш күрөөдө Көгмен (Енисей дарыясы башталган Саян тоосунун орто кылымдарда түркий тилде айтылышы) тоосу аркылуу өтүү чоң эрдикти талап кылган. Түрктөрдүн ойлогону ордунан чыкты. 710-711-жылы кышында алардын аскерлери кыргыздарды күтүлбөгөн жерден каптап киришти. Биринчи салгылашуу түн ичинде болду. Кыргыздардын негизги күчтөрү талкаланган болчу. Барсбек каган аман калган колун Суңга токоюна (азыркы Тувада) топтоп, өжөрлүк менен Күл Тегиндин колуна каршылык көрсөттү. Барсбек тараптан катуу сокку берилип, душмандар чегингени менен алар көп эле. Андыктан кыргыздар үч күнгө созулган согушта толук кыйратылды. Баарынан айырмаланып турган ак боз ат минген Барсбек каган беттешүүдө курман болду. Анын сөөгүн ата салты менен коюга да мүмкүнчүлүк болгон жок. Душмандары да анын сөөгүн таба алышкан жок. Болуп өткөн окуядан жыйырма бир жылдан кийин Күл-Тегин өлүп анын бейитине коюлган ташка ошол салгылашуу тууралуу эскерүүлөр жазылды. Жазуу төмөндөгү мазмунда эле: “Өзү Барсбек эле Каган атка кондурган биз элек. Зайыптыгына менин карындашым Баянды бердим эле. Бирок ал биздин тилди албай, безери болду. Ошон үчүн каганын өлтүрдүк, элин кул кылдык.” Мындай таш жазуулар бир топ эле. Алар Билге каган, Күл-Тегин жана Тон-йокуктун жазуусу эле. Орхондогу ушул таш жазуулар маани-мазмуну жагынан дүйнөлүк түркологиянын алтын кенчине кирди.

Суңганын алдындагы салгылашууда кыргыздардын жеңилиши, калыбы, анын мамлекетин эң олуттуу кесепеттерге алып келген окшойт. Анткени ошондон кийинки кырк жылдан ашуун убакыттын ичинде кыргыздар Борбордук Азиядагы согуш аракеттерине катышкан эмес. Мамлекеттин башына кыргыздардан аким коюлганына карабастан Түрк кагандыгы кулаганга чейин иш жүзүндө ага көз каранды болуп турган.


Кыргыздардын уйгурлар менен болгон согушунун себептери жана жыйынтыктары. VIII кылымда Борбордук Азияда гегемондук роль уйгурлардын колунда болгон. Алар эзелтеден эле Борбордук Азиянын талааларында жашаган түрк тилиндеги элдерден болчу. Ашина уругундагы түрктөр менен алар башында яклагар уругу туруп бийлик үчүн атаандашып башташкан. Экинчи түрк кагандыгы начарлаганда уйгурлар, карлуктар, басмылдардын биргелешкен күчү аны талкалалаган. Ошентип, 744-жылы Кули пелонун башчылыгы менен Батыш Монголиянын аймагында көчмөндөрдүн талаа дөөлөтү Уйгур (кытай Тан сулалесинин жаңы тарыхында “Синь Тан Шу” да уйгурлар –Хойху деп аталган) кагандыгы (744-840-жж.) пайда болгон эле. Анын күчтүү мезгилинде ага Кытай да салык төлөп турган. IX-X кылымдардын башындагы араб географы ибн Хордадбек Уйгур каганатын эң чоң түрк өлкөсү деп атаган. Анын борбору Орду-Балык он эки темир дарбазалуу дубалдар менен курчалган. Шаардын ичинде жакшы бекемделген чеп-коргону болуп, анда кагандын өзү жашаган.

Жаңы мамлекеттин турмуштук зарыл милдеттеринин бири Енисейдеги кыргыздарды баш ийдирүү болгон. Анткени ал жакта Борбордук Азиядагы жалгыз нан берүүчү аймак жана мыкты металлургиялык база болгон. 750-751-жж. уйгурлар кыргыздардын шериктеши чик уруулары жашаган Туваны багынтып алышкан. Алар чиктердин жеринде кыргыздардан коргонуу үчүн сепилдерди курушкан. Кыргыздар кезектеги уруш аларга багытталышын жакыш билишкен.

Кыргыздар өздөрүнүн күчтөрүн ал убакта Жети-Сууну ээлеп алышкан карлуктар, чиктер, түрк урууларынын калдыктары менен Уйгур каганы Элетмиш Билге каганга (747-759-жж.) каршы күрөшүү үчүн бириктиришкен. Түрк бектеринен чыккынчы чыгып, каганды эскертип коюшат. Ал чечкиндүү аракет кылып, союздаштарды жалгыздап талкалаган. 758-жылы уйгурлар Ортоңку Енисейдеги кыргыздардын өлкөсүн басып алышат. Жеңилүүнүн натыйжасы кыргыздарды биротоло басып алууга алып келген эмес. Кыргыздардын ажосу сөз жүзүндө гана уйгур каганынын жогорку бийлигин тааныган, алардан “Билге-тоң-эркин” титулун алган жана уйгурларга салык төлөп турууга милдеттенген. 759-жылы кыргыздар көтөрүлүшкө чыгышат, бирок жеңилип калышат. Уйгурлар кыргыздардын моюн сунушу убактылуу экендигин билишип, ага карата коргонуу үчүн бир катар коопсуздук чараларын көрүшкөн. Кошуп алган урууларды уйгурлардын өзү “меймандар” деп аташкан. Балким бул сөз өзгөчө кыргыздарга карата айтылган болушу да мүмкүн.

Кыргыз ажолору өч алуу үчүн 25 жыл боюу өз күчтөрүн топтошкон. IX кылымдын башында Уйгур кагандыгы мурдагыдан бошоңдоп калган эле. Анда ич ара чыр-чатактар күч алып, бытыранды боло башташкан. Бул учурду кыргыздар пайдаланышкан. Буга байланыштуу кытай булактарынан төмөндөгүлөр белгилүү болгон. Ажо 818-жылы өзүн-өзү хан деп, карлуктардан алган аялын ханыша деп жарыялаган. Карлуктардын колдоосуна ээ болгон кыргыздар өзүлөрүн уйгурларга көз каранды эмес деп жарыялап, мунун менен Борбордук Азияда гегемондукка умтула башташкан. Бул сапар алардын доолору чыныгы мүмкүнчүлүктөргө негизделген эле.

Уйгурлар ажонун кыр көрсөтүүсүнө жооп иретинде Енисейге аскерлерин жиберет. Бирок алар жеңилип калышат. Бул тууралуу кытай жылнаамаларында жазган: “Уйгур каганы аскерлерин жиберген, бирок ал ийгиликке жеткен эмес”. Согуш 20 жылга созулган. Кыргыздар согушта басымдуулук кыла баштаган окшойт, мунун өзү Ажого уйгурлардын каганына төмөндөгүчө текебердүү билдирүү жиберүүгө мүмкүндүк берген: “Сенин тагдырың бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду аламын. Анын алдына атымды байлап, өзүмдүн туумду илемин. Эгерде мени менен алышкың келсе. Анда дароо келгин. Эгерде алыша албасаң тезинен жогол”. Бул билдирүүдөн кыргыздардын уйгурлардан каршылыксыз багынып берүүсү жөнүндө талап кылынгандыгы көрүнүп турат.

840-жылы кыргыздар Уйгур кагандыгынын борбору Ордо-Балыкка 100 миңден аскерден турган армиясы менен чабуул коюп, уйгур аскерлерин талкалайт. Борборун жок кылат. Уйгур каганы салгылашууда курман болот. Уйгурлардын калганы кыргынга учуроодон коркушуп, Кытайга, Байкалдын арт жагына, Чыгыш Түркстанга качып кетишет. Бул казатта улуу кол башчы Алп Сол жетекчилик кылган. 843-жылы Енисейлик кыргыздар Пан-Тегин башчылык кылган уйгурларды куугунтуктап отурушуп, Чыгыш Түркстанга басып киришип, Аньси, Бешбалык шаарларын алышат. Андан ары Теңир Тоо менен Жети Сууга чейин жетишет. Ошентип IX кылымдын орто ченинде Уйгур кагандыгынын урандыларында Кыргыздардын Улуу дөөлөтү пайда болот. Анын бийлиги чыгыштан батышка карай Чыгыш Монголиядан Ысык-Көл менен менен Жети-Сууга чейин, түндүктөн түштүккө карай Сибирден Улуу Кытай дубалына2 чейинки зор аймакка тараган. Енисей кыргыздарынын саны бул заманда көбөйүп, 100 миң аскердин саны менен эсептегенде 300-500 миңге чейин жеткен. Анткени байыркы түрк тайпаларында ар качан 3-5 адамдан бир аскер чыгаруу салттары болгон.

Енисей кыргыздарынын күч-кубатынын арткандыгы өздөрүнүн коомдук тарыхында гана эмес башка тайпалардын да коомдук өнүгүү мезгилине зор таасирин тийгизген. Эң негизгиси кыргыз урууларынын өнүгүп-өсүшүнө, көбөйүшүнө жакшы шарт түздү. Бир канча майда тайпалар кыргыз тайпасынын ичине кирип сиңди. Мисалы Жуңгар ойдуңундагы түрк урууларынын ичинен сарттардын бир бөлүгү кыргыздарга сиңип, сарт уруусун түздү. Түпкү теги моңголдордун ата-бабаларынын келип чыгышы менен байланыштуу болгон татар, маңгыт, ногой уруулары кыргыздын кырк уруусунун бири болуп калды.

Кытай дипломатиясы Борбордук Азиянын жаңы ээсин өздөрүнүн максаттарына пайдалануунун чечишет. Атайын элчилерди жөнөтүшөт. Кытай императору түпкү максатында варлардын колу менен варварларды талкалоо деген негиз менен кыргыз ажосуна уйгурларды биротоло талкалоого кеңеш берет. Бирок кыргыздардын уйгурларды биротоло жер үстүнөн тукум курут кылуу оюнда болбогон. Алар эң негизгиси уйгурлардын бийлигинен бошонууну жана алардын аскерлерин талкалоонуу гана максат кылышкан. Андыктан кыргыздар уйгурлардын калганын жайына коюшкан. Кытай дипломатиясы өз аракеттерин токтоткон эмес. Эми алар дагы бир имишти ойлоп табышты. Бул кытай императору менен кыргыз каганынын “уруулаштыгы” жөнүндө болду. Бул “уруулаштык” байыртадан гунндар кыргыз ээликтерине башкаруучу кылып койгон кытайлык тутукунга түшкөн кол башчы Ли Лин тарабынан орнотулган имиш. Кытайлар кандай гана аракеттерди жасабасын кыргыздар алардын ыйгарган наамын алышса да вассал катары кызмат кылууну ойлогон да эмес. Мындай ой кытай хроникасында эки мамлекеттин мамилелерин мүнөздөгөндө билдирилген. Кыргыздар кытай менен саясий жана соода кызыкчылыктарынын алкагында иш жүргүзө беришкен. Ошондой эле түндүк Кытайда жаштары билим алышып, хан сарайындагы кызматтарга чакырылышкан.

Борбордук Азиядагы этностук процесстер

Кыргыздардын улуу державасы узакка созулган эмес. Тактаганда Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн өкүм сүрүүсү 80 жылга созулган. Белгилүү окумуштуу В.В.Бартольд3 1927-жылы жазган ”Кыргыздар. Тарыхый очерк” деген китебинде Улуу Кыргыз дөөлөтү деген түшүнүктү киргизген. Ошондуктан да В.В.Бартольд Кыргызстандын тарыхын изилдөөдө өзгөчө зор эмгеги бар окумуштуу катары бааланат. Илимпоз кыргыз мамлекетинин IX кылымда Борбордук Азиядагы үстөмдүгүн белгилөө менен Улуу Кыргыз дөөлөтү жөнүндө айткан. Кыргыз элинин тарыхы үчүн табылгыс ары сыймыктуу болгон бул терминдин пайда болушу В.В.Бартольд өзү тарыхчынын милдети тууралуу айткан сөзүн бекем карманганын белгилейт. А бирок чындыгында эле жазуу булактары, археологиялык материалдар кыргыздардын Борбордук Азиядагы өз изин калтыргандыгын, кыргыздардын күч-кубатынын реалдуу жогорулашын белгилейт.

Бул мезгилдин Кыргызстан тарыхындага орду абдан маанилүү. Кагандыктын доору чындыгында эле кыргыздардын көкөлөп өсүүсүнүн мезгили болду. X кылымдын биринчи чейрегинде Улуу Кыргыз дөөлөтү тараган. Кыргыздардын бир бөлүгү мурдагы мекени Енисейге кайтып келишсе, экинчи бөлүгү Ала-Тоо аймагынан орун-очок алып, ал жерде эзелтен туруктуу жашаган өз боордоштору менен аралашып кетишкен. Андыктан бул көрүнүш душмандардын аскерлеринин кысымы менен болгон эмес. Андан тышкары Енисейде дыйканчылык менен күн өткөргөн элдин бир бөлүгү Борбордук Азиянын кургакчыл бөксө тоолоруна көнүп кете алышкан эмес.

Андан кийин XI – XIIкк. кыргыздар жөнүндө маалыматтар аз санда. Бул мезгилде кыргыздардын түштүккө кол салуусуна мүмкүндүк бербеген монгол уруулары күчөй баштаган.



1Барсбек каган – Ынанчы Алп Билге VIIIк. Енисейдеги кыргыз кагандыгынын башкаруучусу болуп турган. Анын урматынагы эпитафияга ылайык ажо байыркы кыргыздын башкаруучу династиясынан чыккан, өзүнөн улуу да, кичүү да бир туугандары болуп, атасынан эрте жетим калган. Бийликке акылы, баатырдыгы, асыл сапаттары менен жеткен. Ал өз учурунун саясий ишмери боло алган. Анын туугандары сейрек кездешүүчү Умай бег наамды алып жүрүшкөн. Ит агытып, куш салууну абдан жакшы көргөн. 711-жылы кас түрктөр тарабынан (Капаган каган) өлтүрүлгөн.



2Улуу Кытай дубалы – Түндүк Кытайдагы чеп-дубал. 221-жылы император Цин Ши-хуанди өлкөнүн түндүк-батыш чек арасын көчмөн элдердин кол салуусунан коргоо үчүн туташ дубал курууга буйрук берген.Дубалдын көп жеринде сакчылар үчүн мунаралар да курулган.

3Бартольд Василий Владимирович – (1869-1930-жж.) чыгыш таануучу, түрколог. Орто Азия менен Борбордук Азиядагы элдердин тарыхын изилдеген. Түрк элдеринин тарыхын жалпылаштырып жазганэмгектеринен сырткары, айрым түрк элдеринин тарыхын байыркы доордон жаңы, соңку доорлорго чейин ырааттуу жазган


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!