СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

№7-сабак. Сабактын темасы: Енисейдеги кыргыздардын социалдык-экономикалык, маданий турмушу(VI-VIIкк).

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«№7-сабак. Сабактын темасы: Енисейдеги кыргыздардын социалдык-экономикалык, маданий турмушу(VI-VIIкк).»

7-сабак. Сабактын темасы:Енисейдеги кыргыздардын социалдык-экономикалык, маданий турмушу (VI-VIIкк.)


План:

1.Енисейдеги кыргыздардын жашоо тиричиликтери.

2. Диний ишенимдери

3.Орхон-Энисей жазмасы жана анын тарыхый-философиялык маселелери.


VI-VIIкк. Енисейдеги кыргыз эли калыптанган коомдук-саясий түзүлүшкө ээ болгон. Эрте орто кылымдардагы Енисейдин ортоңку агымында Миң-Суу ойдуңундагы жашаган калк грек булактарында “херкис”, араб, перси булактарында “хыркис” деп аталып, согдий текстеринде кыргыз деп аталып, ушул акыркы термин элдин өз атын так билдирген.

Жеңил куралданган кыргыз жоокери

Енисейдеги кыргыздардын жашоо тиричиликтери. Бул аймакта жашаган калк атайын бирдиктүү мамлекетте жашап, аны ажо деген титулга ээ болгон башкаруучу башкарган.

Кыргыздарда эркектердин баш кийиминин эволюциясы

Кытай булактарына кайрылган болсок, Ажо өзүнүн кийген баш кийими менен ажыралып турган. Ал кышында суусар бөрк (киш) а жайында төбөсү шиш, кырбусу кайрылган алтын алкактуу калпак кийген. Калгандары кийиз ак калпак кийип жүрүшкөн. Кыргыздардын дөөлөттүүлөрү кырбылуу шоңшогой саймаланган ак калпактарды кийишкен. Байыркы этнографиялык өзгөчөлүк Теңир-Тоодогу эркектердин салтка айланган баш кийимдеринде сакталып калган. “Манас” эпосундагы кыргыздардын каймана аталышы “ак калпактуу” болгон.

Мамлекеттик кызмат адамдары болуп карапайым калктан өзүнчө бөлүнүп, аталышка ээ болушкан. Азыркынын түшүнүгү менен алганда салык жыйноочусу, тышкы мамлекеттер менен алака түзүүчүсү, каржы маселесин кароочу кызматтар иштеп турган. Мамлекеттин калкынын саны жарым миллионду түзгөн. Кыргыз мамлекетинин ал мезгилдеги аскерий күчү 80 миңди түзүп, алар жаа, найза, кылыч менен куралданышкан.

Мамлекеттин жери тууралуу кытай булактарында жайы нымдуу, кышы абдан суук экендиги, кар басып жаткандыгы, жадагалса сууктан чоң дарыялар да тоңуп кала тургандыгы жана бул учурда кыргыздар жыгачтан ат жасап алышып муз тебишери тууралуу жазышкан. Мындан сырткары тамакты кол менен жешери, негизинен эт менен тамактанышаары тууралуу маалыматтарды беришет.

Ал учурдагы кыргыз мамлекетинин калкы комплекстүү чарба жүргүзүшкөн. Малчылык, дыйканчылык, аңчылык, балык уулоо, тоо-кен иштетүү өнүккөн. Дыйканчылыкта буудай, таруу, арпанын эки түрүн өстүрүшкөн. Короо жайлары дубал менен тосулган. Мал чарбасын бадачылык жана көчмөн түрүндө багышкан. Жылкыларды, төөлөрдү, уйларды, койлорду багышкан. Тоо токойлуу жерлерде жашагандары бугу, элик, кара куйруктуу текелерди багышкан.

Кыргыздар өнүккөн цивилизациядан четте калышкан эмес. Алар бир нече ирет Кытайга соода элчилигин жиберишкен. Бул мезгилде (VIIк) Кытайдын борбору Чаньандын көчөлөрүнөн, үйлөрүнөн миңге чукул кыргызды учуратууга мүмкүн болгон. Алардын кайсы бирлери элчиликте, айрымдары кытайча окууну үйрөнүп жүргөн кыргыз кагандарынын, бектеринин, байларынын балдары болушкан. Бирок көпчүлүк кыргыздар ал жакта соода жасоо үчүн барышкан кыргыздар болушкан. Мында кыргыз соодагерлери бугунун мүйүзүн, дары чөптөрдү, дарылыкка кайыңдын уюлуна чейин алып барышкан.

Кыргыздардын байлыгы чет жерликтерди да кызыктырган. Ошондуктан Борбордук Азияны кесип өткөн Улуу Жибек жолунун негизги трассасынан Кыргыз мамлекетине жол төшөлгөн. Бул жол Турпан оазисинен башталып, түндүккө-Тувага кеткен жол Енисейдин агымын бойлоп жүрп ажонун хан тактысына чейин жеткен. Жол Кыргыз жолу деп аталган. Соодагерлер бул жактан аң тери, кан темирден жасалган мыкты курал жарактарды, вазаларды, күмүш идиштерди алып кетишкен. “Кыргыз вазасы” атка конгон идиштер сапал керамикасы, күрөң чоподон формасы жумуртка кебетелентип түп жагы кууш, оозу кенен чыгарылып абдан бышык жасалган. Идиштердин капталдарына чегедектин сүрөтү чөгөрүлүп, кооздолгон. Мындай идиштер абдан бааланган болуш керек. Анткени алардын айрымдарында менчик белги катары эн тамгалар басылган. Кыргыз вазалары казыналуу кыргыз көрүстөндөрүнөн сөзсүз жолуга турган табылгаларга кирет.

Тыйын чычкандын териси соода жүргүзүүдө акча бирдигине барабар ролду ойногон. Енисей кыргыздары темир, жез, алтын, калай, мыщьяк өңдүү металлдарды өндүрүшкөн. Темир усталар зергерлер сапаты жагынан эң мыкты куралдарды зер буюмдарды жасашкан. Эң мыкты усталарды, эң кымбат баалуу буюмдарды жасаган чеберлерди каган ордосуна иштеткен. Кыргыздар ээлеген жерлер алтын, күмүш кендерине бай болгондуктан кээде кошуна көчмөн уруулар менен кен талашкан уруштары болуп турган. Дээрлик кыргыздардын казан-аягы, идиштери, кашыктары, кутулары бүтүндөй күмүштөн болгондугу эскерилет.Андан сырткары ат жабдыктар, ээрлер, жүгөн, куюшкан, жоокер куралдары, аялдардын кооздук жасалгалары, камчынын саптары, оттук таштын каптары, кемер курлар бүтүндөй күмүштөн жасалган. Кол өнөрчүлөрдүн арасында таш сомдоочулар менен оймочулар да болушкан. Байыркы түрк жазмаларынын биринде ушул өнөрдү аркалаган адамдардын “усул колдуу уулдары” жөнүндө айтылган кабарларга караганда, алардын кесиби мурас катары улам кийинкилерге өтүп турган болуу керек. Алар көрүстөн саганаларына даректүү санжыраларды оюп жазышкан.

Кыргыздарда айкелчилик (скульптура) да өнүккөн.

Анын күбөсү катары бал- бал таштарды айтууга болот. Ал мезгилде кыргыздар ислам дининде болбогондуктан мындай таш балбалдарды жасоо абдан өнүгүп, атайын усталар, бедизчилер жасашкан. Эне-Сайдагы таш эстеликтер каганга, эл башчыларына, баш вазирлерге, аскер башчыларына, баатырларга, элчилерге жана байларга тургузулган. Ала-Тоодон башталып Моңголияга чейинки созулган таш эстеликтер коюлган мүрзөлөрдү жергиликтүү хакас, тува, алтай элдери илгертеден эле бир ооздон “Кыргыз хур” (Кыргыз көрүстөндөрү) деп атап келишкен. Кыргыздар өзгөчө баалуу казынаны бейитке өтө асемдеп бекитишкен. Көрүстөндөрдү казуу учурунда жер алдынан уюткан алтын, күмүштөр, баалуу металлдардан жасалган буюмдар арбын чыккандыгы буга күбө. Айкелчилер негизги кудайлардын бири, төлдүн жана түшүмдүүлүктүн кудайы, аялзатынын колдоочусу Умай эненин ар түрдүү элестерин чийишкен. Мындан сырткары таш эстеликтерде баш кийими, куру менен чегилген сүрөттөр көп кездешкен. Балким бул кемер менен баш кийим адамдын социалдык статусун көрсөтсө керек.

Диний ишенимдери. Энесай жазууларында кездешкен “Тенгри элим” (ыйык журтум) сыяктуу сөздөр алардын Көкө Теңирге ишенгендигин көрсөтүп турат. Бул ишеним ислам дини кыргыздарга тарагандан кийинки мезгилде да уланган. Башка мүшкүл иш түшкөндө “Теңирим колдой көр” деп, бири-бирине ыраазычылык билдиргенде “Теңир жалгасын”, ачуу сөз менен бири-бирин тилдегенде “Теңир урсун” деп айтышкан.

Енисей кыргыздарынын ишениминде Теңир Ата менен Умай эне башкы кудайлар болгон. Мындан сырткары отко сыйынышып: “от таза нерсе, отко түшкөндүн бардыгы тазаланат. От өлгөн адамды жамандыктар менен күнөөлөрүнөн арылтат” - деп эсептешкен. Өлүк коюу ырым-жырымында алар аза күтүп ыйлашып, үч катар матага оролгон өлүктү өрттөшкөн, сөөктөрүн чогултуп, бир жылдан кийин жерге көмүшкөн. Ак сөөктөрдүн мүрзөлөрүн айланта таш менен көтөрүшүп, бийик кылып топурак менен үйүшкөн. Бул чаа-тас (согуш ташы) деп аталган. Чаатас түрүндөгү кыргыз мүрзөлөрүнүн түзүлүшү бул айтылгандарды толугу менен ырастайт, анткени алардан өрттөлгөн адамдардын жасаттары табылган. Көрүстөндөр ал учурдагы адамдардын социалдык абалын көрсөткөн. Адатта диаметри 30-40 метрге жетип, көп адамдардын күчү менен бүткөрүлгөн түзүлүшү татаал чаатастарда – таш дөбөлүү чоң көрүстөндөрдө кымбат баалуу металлдан жасалган буюмдар коюлган. Алардын катарында эле анчалык чоң эмес массалык түрдө коюлган бейиттер бар болуп, көмүлгөн адамдын жардылыгы аларга коюлган жупуну буюмдардан көрүнүп турат. Мындан сырткары эч кандай буюму жок кабырлар да кездешип, аларды кулдардын мүрзөлөрү деп эсептөөгө болот.

Минусинге жакын жердеги Таштык коргонунан табыл-ган эркектин сөөк коюудагы беткеби. Б.з.ч. III к. -б.з. II

Байыркы Енисей кыргыздарынын колдонмо-жасалга өнөрчүлүгү - оймочулук, саймачылык, өрмөчүлүк, чий чырмоочулук, терини, жүндү иштетүү, ал аркылуу кийиз, шырдактарды жасоо абдан жакшы өнүгүп, Борбордук Азияда өзгөчө баада бааланган. Кыргыздардын элдик өнөрчүлүгүндө 200дөн кем эмес оюулары бар экендиги маалым. Кыргыздардын килеминин жасалгасы боюнча Манас эпосунда:

“Кырк жылы сууга чыласа,

Кыярып түрү оңбогон

Кырк жылы селге кетсе да

Кылк этип чети койбогон

Алтын түрдүү килеми” болгонуна баа берип айтылган жери бар.

Енисейлик кыргыздарда (жаңы Тан жылнаамасында ) чаткан, чоор, добулбас, сурнай, керней, ооз комуз, чыңыроон, жылаажын, зыңгырама, балдап, балман, жез най, жекесан, наама ж.б. кырктан ашуун музыкалык аспаптары болгон делет. Бул аспаптардын көпчүлүгү азыркы кыргыздарда колдонулбайт.

Орхон-Энисей жазмасы жана анын тарыхый-философиялык маселелери. Адамзатынын эң пайдалуу алдыңкы жетишкендиктеринин бири жазуу системасынын түзгөнү болуп эсептелет. Байыркы жазуу системасы негизи көз-карандысыз Азияда, Египетте, Түндүк жана Борбордук Америкада жаралган. Жазуу системасына ээ болгон эл убакыттын өтүшү менен кошо сиңип, жоголуп кетпес мүмкүндүгүнө ээ болушуп, артында из калтырышкан. Андай элдердин бири, дүйнөлүк маданияттын тарыхында белгилүү орунду ээлеген Енисейлик кыргыздар. Алтай тоосунун түндүк чыгыш жагын жана Енисейдин жогорку агымын бекемдеп мамлекет курган кыргыздар V кылымда өздөрүнүн жазуусун жараткандыгы тууралуу бир топ маалыматтар бар.

Франциянын тарыхчысы Шавамуни: “Тээ, жаңы эранын V кылымында эле кыргыздар Орхон-Энесай жазуусун колдонгон” деп айткан. Ушундай эле ой-тыянакты “Алардын жазуу эстеликтери мындан 2000 жыл мурун эле бар болчу” деп америкалык изилдөөчү Каннен Катиснер айткан. Айрым көрүнүктүү түркологдордун пикири боюнча Энесай эстеликтери кыргыздарга таандык болгон. Бул тууралуу С.Е.Малов мындай деп жазат: “бедели зор академик В.Радлов жана профессор В.Томсендин артынан Энесай эстеликтери кыргыздарга таандык эмес деп эсептөөгө менин эч кандай себебим жок”.

Окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак, Енисей кыргыздарынын эң бери дегенде эле б.з. V кылымдан баштап байыркы фарсиянын арамей жазуусуна1 таянып негизделген бир түрдүү жазууну колдонушкан. Бул жазуу мындан 2800 жыл мурда келип чыккан, жаңы эранын башталышында Кичи Азия, Месопатамия, Египет (Мисир), Борбордук Азия өңдүү чөлкөмдөргө тараган. Енисей кыргыздарында 39 тамга болгон. Ошентип алымча кошумча болуп отуруп, байыркы кыргыз жазуусу Енисей жазуусу деп аталган. Бул Орхон Енсией жазуусу, таш жазуу эстеликтери табылгандан кийин (1889-1961-жж.) белгилүү болгон. Кээ бир окумуштуулар байыркы кыргыз жазуусунун Түндүк Европада колдонулган руна сымал жазуусу менен окшоштугу бар үчүн руна сымал жазуу деп да аташкан.

Айрым булактарда VIII кылымдарда Түрк кагандыгы кыргыз жазмасынын негизинде өздөрү руна сымал жазманы өздөштүрүп, кыргыздарды күчтөп түрк жазуусун жана тилин окуткан деп билдирилет. VII-XIIкк. Моңголияда, Түштүк Сибирь, Орто Азия аймактарында балбалдарга, тиричилик буюмдарына түрк элдеринин тилдеринде жазылган эстеликтери Орхон Енисей жазуулары деп аталат. Мындай жазуу эстеликтери Тувадан, Тоолуу Алтайдан, Якутиянын түндүгүнөн, Кыргызстандын Талас, Кочкор өрөөндөрүнөн табылган. Таластагы жазуулар Енисейдеги жазуу эстеликтерине тектеш.

Енисей кыргыздарынын жазууларынын алгачкы жолу табылыш тарыхы да өзгөчө болгон. Алардын жазуу системасы европалыктар үчүн күтүлбөгөн шартта, күтпөгөн жерден табылган. Ошол өзгөчөлүгүнө жараша ал XVIIк. Аягында бөтөнчө сенсация болуп, талаш-тартыштардын обьектисине айланган. Жазма тууралуу биринчилерден болуп угуп маани берген амстердамдык бургомистер Николай Видзен болгон. Ал 1692-жылы москвалыктар басып алганга чейин эле белгисиз жазма Түштүк Сибирде жайланышканын, кимдер тарабынан экени, качан калтырылганы белгисиз экенин билдирип кеткен. Бирок убагында бул билдирүүгө коомчулук жазма эстеликтер тууралуу так маалыматтар болбогондугуна байланыштуу көңүл бурулбай калган. Ал эми Тоболдук боярдын уулу Семен Ремезов болсо, эч күмөн санабай эле 1696-жылы императордун буйругу боюнча империяны чектеген жерлердин картасын чийип жүрүп, Талас дарыясын картага түшүргөндө жогорку агымына топографиялык белги катары “Орхон ташы” деп белги коюп кеткен. Анын картага койгон белгиси Орхондо көргөн “саймалуу таштарга” Таластагы саймалуу таштардын окшоштугун байкагандыгын далилдейт. Бирок ал учурда да анын кыраакылыгына маани беришкен эмес.

1730-жылы чыккан Филипп-Иоган Страленбергдин эмгеги жогоруда айткан “бир нерсенин” пайда болушуна түрткү болду. Швед офицери Страленберг (Табберт) Россияда (Сибирде) туткунда 13 жыл жүргөн мезгилде Сибирь элдери боюнча чыгармасын басып чыгарып, ошол чыгармада белгисиз “рун” жазма тууралуу айтып, бирин-экин текстти да жарыялап кеткен. “Туткундун” бул эмгеги чынында эле Орхон-Энисей сырлуу таштарын Европага ачуу болгон. Себеби “рун” жазуусунун бар экени кургак болсо да аныкталып, географиясы такталган. Ал түштүк Сибирь. Страленбергдин маалыматтарынан кийин гана амстердамдык бургомистрди эстешип, ал белгисиз жазма Россиянын түндүгүндө жашаган “Фин-угор тилдүү элдерге таандык” деген божомолду айтып чыгышты. Бул божомол европалыктарды кыймылдаткан “бир нерсе” болчу. Орхон-Енисей таштары европалыктарды алгач илимий жактан эмес, саясий жактан кызыктырган. Иштин мындай саясий жакка бурулуп кетишине ошол учурдагы Финляндия менен Россиянын ортосундагы оор саясий кырдаал түрткү болгон. Жазма эстеликтердин кайсы элдерге таандык экендиги белгисиздиги ар кандай божомол мейкиндигине айланган. Ар бир божомол кандайдыр бир кызыкчылыкка багытталгандыгы да ошол учурдагы саясий кырдаал менен шартталган. Ага байланыштуу түрдүү коомдор экспедиция түзүүгө киришишкен. 1889-жылы Ядринцев баштаган орустун географиялык коому уюштурган биринчи экспедиция Сибирге жиберилет. Бул экспедициянын башкы максаты “фин-угор теориясын” төгүнгө чыгаруу болгон. Финдер да өз учурунда Гейкел баштаган экспедицияны Монголияга аттантып экспедициялардын жыйынтыгы жемиштүү болгон. Ошентип жазма европалыктардын изилдөө обьектисине айланган. Тилчилер сунуш кылган бардык божомолдоолор эске алынып, чечмелөө жүрө баштаган. 1893-жылы 15-сентябрда Дания Илимий Академиясынын жыйынында Вильгельм Томсон өзүнүн жазмаларды чечүү тажрыйбасы жөнүндө билдирген. Ал эми 19-январда Томсон сунуш кылган тажрыйбаны колдонуп, В.В.Радлов биринчилерден болуп, Күл-Тегиндин эстелигинен биринчи сөздү которгон. Ошентип сырдуу таштардын толук болбосо да айрым сырлары ачылып, дареги белгилүү болуп, алардын түрк тилдүү элдерге таандык экендиги аныкталган.

Е.Н.Клеменец Улан-Батордон 36 чакырым түштүк-чыгыш тараптан таш табат. Анын бетинде түрк кол башчысы Тон-йокуктун жазуусу болгон. Билге каган, Күлтегин, Тонйокуктун Орхондогу жазуу эстеликтери дүйнөлүк тюркологиянын алтын кенчине айланган. Күлтегиндин арбагына багышталган таш жазууда кыргыз каганынын аты аталат. Мааниси мындай: “өзү Барсбек эле. Каган атка кондурган биз элек. Зайыптыгына менин карындашым Баянды бердим эле. Бирок ал биздин тилди албай, безери болду. Ошон үчүн каганды өлтүрдүк, элин кул менен күң кылдык”. Негизи Барсбек жөнүндө жазылган таш эстеликтер бул аймактан арбын табылган. Аларда кабар бир аз өзгөргөнү менен мааниси жогорудагыдай эле болгон.

VIII кылымдагы Байыркы түрк жазуулары (Талас өрөөнү)

Дагы бир таш эстеликте кыргыз каганынын жан жөкөрү, элчи Эрен-Улугга арналган. Ал Тибетте өлгөн же өлтүрүлгөн. Ал тууралу төмөндөгүчө жазылат: “Мен элимден төрт жолу четке чыгып, төрт жолу кайра келдим. Ошол эрдигиме Ынанчы Алп аябай сыйлады”. Жалпы жонунан Орхон-Енисей эстеликтеринин тили жөнүндө ар кандай ойлорду айта турган болсок төмөндөгүчө болот:

В.Радлов – алар байыркы түрк тилинде жазылган;

В.Банг – көк түрктөрдүн тили;

С.Малов – жалпы стандарттуу эпитафий-руникалык тил;

А.Кононов – огуз тилдеринин жазуу эстелиги;

Н.Баскаков – бул жазуунун тили монолиттүү;

И.Батманов – уруулардын ортосундагы жалпыланган тил;

С.Кляшторный – балким бул тилдин алгачкы негизин ашина (түрк) диалектикасы болуп, кийин түрк каганатынын мамлекеттик тилине айланган чыгар.

Азыркы учурда философия илиминде Орхон-Энисей жазма эстеликтеринин тарыхый жана тилдик багытта гана изилденип келгендиги белгиленип келүүдө. Мында тарыхчылар менен филологдордун изилдөөсү ал мезгилдин тарыхын, тилин аныктаганы менен ошол учурдагы коомдун ачык картинасын, маданияттарын, дилин аныктоо проблемасын чечишпеген деп эсептелүүдө. Эгерде мындай пикирди эске алган болсок, анда Түштүк Сибирде Орхон түрктөрү менен Энесай кыргыздары жашаганы белгилүү болгону менен алардын социалдык, маданий чөйрөсү, адамдын дүйнө таанымы, болмуш ыкмасына (способ бытия) көз каранды экендиги чындыгында эле толук кандуу изилденбеген бойдон калууда. Себеби болмуш ыкмасы кишинин ойлоосун, сезимин жана иш-аракеттерин аныктайт. Бул проблеманы философиялык багытта изилдөө колго алынганда философиялык көз-караштын өзү жазма эстеликтердин принципиалдуу өзгөчөлүктөрүн көрсөтмөк.

Кытай жазмаларында энесайлык кыргыздар акылман эл, өзгөчө сөзгө чечен, баары ырга жакын келет деп эскерилген. Энесайлык кыргыздардын мазмунга бай элдик чыгармалары ошол доордо жаралган. Майда эпостор, дастандар айтылган.

Мисалы: “Ак теңиз, Алтай боюнда

Күндө жыргал тоюңдан

Күнү-түнү көп ойлоп

Таркабайт кумар оюндан

Жердебей турган жер бекен?

Шаңшактын башы шамалкөй

Шаары жок боз үйлүү

Түрктө кыргыз амалкөй

Той тамаша толкундап,

Толуп жатат ар жерде

Токмок салды, кыз оюн

Болуп жатат ар жерде”

Улуу “Манас” эпосунун алгачкы башаты жана элдик салты да ушундай ырдан айтыла баштаган.


Өз алдынча иш үчүн суроолор.

  1. Кыргыздардын маданиятынын Түштүк Сибирь үчүн кандай мааниси бар?

  2. Байыркы Кыргыз мамлекети кандайча башкарылган?

  3. Энесайдагы Кыргыз өлкөсү жөнүндө араб, перси жана кытай булактары.

  4. Байыркы кыргыздардын чарбасы.

  5. Эмне үчүн Барс-Бег каган деген наамды алды?

  6. Орхон-Энесай алфавити.

  7. ―Улуу Кыргыз Державасы‖ деген тарыхый аталышты кайсы тарыхчы тарых илимине киргизген?

  8. Улуу Кыргыз Державасынын жашаган мезгили жана кулашынын себептери.


Адабияттар:

  1. Бартольд В.В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалган эмгектер.

Б. 1997

  1. Кыргызстандын байыркы мезгилден XIX кылымдын соңуна чейинкитарыхы. Б. 1998.

  2. Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө байыркы кытай булактары жана кыргыз каганына Кытай императорунун каттары. Б. 2003.

  3. Өмүркул Кара уулу. Көөнө түрктөр тарыхы. Б.,1994.

  4. Эсен уулу Кылыч. Древние кыргызы. Кыргызы в Средней Азии. Б. 1993.

  5. Караев О.К. Араб-перс булактарында түрк элдери жөнүндөгү маалыматтар. Ф., 1973.

  6. Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндө байыркы кытай булактары жана кыргыз каганына Кытай императорунун каттары. Б. 2003.

  7. Худяков Ю.С. Вооружения Енисейских киргизов. Новосибирск.,1985

  8. Гумилев Л.Н. Байыркы түрктөр. Б. 1998. 10. Осмонов-Ө.Ж., Асанканов А.А. Кыргызстан тарыхы. Б. 2001.



1Арамей жазуусу – финикий жазуусунун негизинде б.з.ч. I миң жылдыктын башталышында Алдыңкы Азияда байыркы арамей элдеринде пайда болгон жазуу. Ахеменид мамлекетинде канцеляриянын каты катары жайылтыла баштаган. Көпчүлүк – парфян, хорезм, согд, араб жазууларынын башаты ошондон башталат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!