СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

№8-сабак. Сабактын темасы: Карахандар мамлекети. Кара кытайлар жана наймандар.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«№8-сабак. Сабактын темасы: Карахандар мамлекети. Кара кытайлар жана наймандар.»

8-сабак. Сабактын темасы:Карахандар мамлекети. Кара кытайлар жана наймандар

План:

  1. Карахандар мамлекетинин негизделиши

  2. Караханиддердин мезгилиндеги исламдашуу.

  3. Кара-кытайлар мамлекети. Наймандар.


Карахандар мамлекетинин негизделиши (X к. орто чени XIII к. башы). X-кылымдын биринчи жарымында Баласагун жөнүндө маалыматтар жок болгон. Жамал Каршинин берген маалыматтарында аталган династиянын түпкү мекени Кашкар шаарында болгон. Карахандар династиясынын алгачкы өкүмдары Билге Кул Кадыр хан болгон. Анын уулу Сатук Абд ал-Керимдин да Кашкарда турганы (Сатук Буура Кара хан) Жусуп Баласагундун Кутадгу билиг чыгармасын Кашкарда аяктап каганга тартуулаганы далилдеп тургандай. X к. орто ченинде Баласагун Карахандар мамлекетинин ордосуна айланат. Жети-Суу аймагында бекемделген карахандар бийлиги XI к. башында бүтүндөй Орто Азияга таралган.

Түрк элдери мамлекет болуу түшүнүгүн кылымдардан бери сактап келген. Ага байланыштуу байыркы түрктөрдүн саясий түзүлүшүнүн негизги элементи катары аскердик кошууну болгон. Мындай салттуу түшүнүк Карахан өлкөсү өкүм сүргөн мезгилде да болгон. X-XII кылымдарда Карахандар кагандыгы1 өзүнүн экономикалык күч-кубатынын жана маданиятынын гүлдөп турган мезгилине жеткен. Кара деген сөз кыргыздарда орто кылымдардан тартып улуу, баатыр, чоң, эбегейсиз күчтүү, күжүрмөн, кайратман ж.б.у.с. маанилерди берип келген. Демек Карахан – Улуу хан, Улуу падыша дегенди билдирет. ”Карахандар”, же “Караханийлер” термини илимий адабиятка XIX кылымда орус чыгыш үйрөнүүчүлөрү тарабынан киргизилген жана түрк династиясы үчүн жалпы кабыл алынган термин болуп калган. Династиянын кайсы урууларга таандыгы ушул убакка чейин так аныкталган эмес. Мамлекетте жетектөөчү ролду карлук бирикмесине киришкен чигил жана йагма түрк уруулары ойношкондугу гана маалым. Түрк кагандары ушул уруулардын төбөлдөрүнөн гана чыккан.

Орто кылымдардагы тарыхчы Жамал-ад-Карши династиянын негиздөөчүсү Сатук-Абд ал-Керим Карахандын (сатук Карахан) чоң атасы, карлук каганы Билге Кул Кадыр хан болгондугун жазган. Эгерде бул далилди негиз кылып алган болсок, Карахандар династиясы карлуктардан келип чыккан деп божомолдоого болот. Бирок түркиялык белгилүү илимпоз Решат Генчтин изилдөөсүнө таянган болсок Карахандар мамлекетин куруу сыяктуу саясий түзүлүштү карлуктардын куруусу мүмкүн эмес. Тескерисинче карлуктар бул аймакта тынч жана эч кимге катылбай жашашкан.

Махмуд Кашгари2 Карахандар мамлекетинин негизги калкын каган түрктөрү деген эл түзөөрүн, алар уйгурлар менен касташып тураарын жазган. Белгилүү тарыхчы, профессор З.Эралиев Карахандар мамлекетинде жетектөөчү ролду ойногон чигилдер-кыргыз уруусу болгон деп эсептейт.

Айкөл Манас дастанында Элтабар баатырдын жөн жайы жөнүндө:

Түп-теги Барскандык чигилдерден

Таарынып кырктай түтүн эли менен

Басыздар тагалары болгондуктан

Бел тутуп ошолорго көчүп барган деп айтылат.

Эгерде бул дастандагы маалыматка таянсак Манастын ишенимдүү баатырларынын бири Элтабар чигилдерден чыккан. Ал эми анын уулу Сары багыштан кыргыздын сарыбагыш уруусу тараган болот. XIX к. кыргыздын бугу уруусунун чоң манабы Боромбай да казактын улуу окумуштуусу Ч.Валиханов менен жолукканда түпкү тегибиз чигилдер деп айткан. Бул айтылгандарды ырастоо менен тарых илимдеринин доктору З.Эралиев чигилдерди кыргыз уруусу болгон деген пикирин ырастайт.

Алгачкы карахандар, өзүлөрүнүн ээликтерин кеңейтүү менен Чыгыш Түркстандын, Борбордук Теңир-Тоонун, Жети-Суунун жана Фергананын чоң бөлүгүн жеңип алышкан. Түндүк Чыгышта Карахандардын мамлекетинин чек арасы Балхаш, Ысык-Көл жана Ала-Көл аркылуу Чугучакка чейин өткөн. Кагандыктын борбору адегенде Кашкар шаары болуп, андан кийин Баласагун шаары (Токмок шаарына жакын жердеги Бурананын урандылары) шаары болгон. Ал эми экинчи борбору Өзгөн шаарында, кийинчерээк Бухара, Самарканд болгон. Орто Азияны жана Хорасанды ээлеп турган Саманиддер династиясынын3 кризиске дуушар болушу Карахандардын ийгилигине көмөкчү болгон. Ислам динин башка урууларга кабыл алдыруу максатында Карахандар мамлекети Саманиддер мамлекетине карай жортуулдарга аттанат. 990-жылы Харун Бугра хан Баласагындан чыгып, каршылыксыз эле мурдагы Саманиддер карлуктардан тартып алышкан Тараз4 менен Исфижабды ээлейт. Дээрлик Саманилердин Аму-Дарыяга чейинки аймагын басып алышат жана өз ара басып алынган аймактарды бөлүп алышат.

Бурана мунарасы. XI к. (Чүй өрөөнү)









Өзгөн мавзолейи жана минарет, XI к.

Карахандар мамлекети иш жүзүндө башчыларынын өзүнчө наамдары жана баш калаалары бар өз алдынча эки кагандыкка Чыгыш жана Батышка бөлүнгөн. Негизи мындай бөлүнүү карахандар мамлекетинин ички биримдигинин бузулгандыгынан кабар берген. Кыргызстандын тарыхында караханиддердин мезгилинин маанилүү бөтөнчөлүгү жаңы шаарлардын, эски шаарлардын өсүшү болгон. Бул көрүнүш чарбанын жана жергиликтүү калктын маданиятынын андан ары жогорулашына алып келген. Талас, Чүй өрөөндөрүндө шаарлар көбөйгөн. Ысык-Көл өрөөнүндө майда жана ири шаарлардын саны 70ке чейин, Талас өрөөнүндө 50гө жакын шаар жана кыштактар болгон. Ал эми Фергана өрөөнүндө болсо Ош жана Медва5 шаарлары чоң шаарлардан болгон.

Дыйканчылыгы аны менен бирге эле тоо-кен, металлургия өнөр жайы да бир кыйла өнүгүп, соода, кол өнөрчүлүк, акчанын жүгүртүлүшү да кеңири тараган. Археологиялык казууларда бай соодагерлердин колуна топтолгон нечен миңдеген тыйындардан турган кенчтери табылган.Үй куруу техникасы жакшырган, ага шыбак иштери пайдаланылган. Ар түрдүү оймо чиймелердин салынып, архитектуралык курулуштар өнүккөн. Ага Өзгөн, Бурана мунараларын айтууга болот. Араб алфавитинин таралышы эң маанилүү жетишкендик болгон. Ошол мезгилдеги маданияттын эң белгилүү эстелиги катары Баласагун6 жазган “Кутадгу Билиг”, Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү” чыгармаларын эсептөөгө болот.

Махмуд Кашгари



Махмуд Кашгаринин дүйнөнүн картасы

Караханийлердин тыйындары

Жусуп Баласагын

«Куттуу билимдин» кол жазмасынан фрагмент

Экономикалык жана маданий жагынан өнүгүүнүн олуттуу ийгиликтерине карабастан Караханиддердин мамлекети бекем эмес мамлекеттик бирикме болгон. Мамлекет түзүлгөндөн кулаганга чейин эле хан тактысын талашкан ички согуштар жүрүп турган. XI кылымдын башталышынан тарта Орто Азиядагы караханиддердин тышкы саясий абалы негизинен сельджуктар7 менен болгон мамилелери менен аныкталган. XI к. аягы XII к. башындаКарахандардын экиге бөлүнгөн мамлекети тең терең кризисти баштарынан өткөрүшөт. Ибрагим Табгач хандын небереси Ахмад мамлекетти борбордоштурууга умтулат. Андан натыйжа чыкпайт. XI к. аягында Батыш караханийлер селжук башкаруучуларына көз каранды болуп калышат. Баласагын менен Таласты ээлеп турган Чыгыш карахандарынын бири Кадыр хан Жебраил Мавереннахрга8 жортуул жасап, Аму Дарыяга чейин жеткени менен бирок талкаланып, селжук султаны Санжар тарабынан өлтүрүлүп (118-1157-жж.), натыйжада Карахандар селжуктардын вассалдары болуп калышат.

1130-жылдын башында кара кидандар (кара кытайлар) Чыгыш караханийлерди, 1141-жылы Батыш караханийлердин кагандыктарын басып алышат. Болуп өткөн ушул окуялардан кийин караханиддер Орто Азиянын түштүк батышында өзүнүн үстөмдүгүн жоготуп, XIIк 30-жылдарында алардын мамлекети биротоло кулайт.

Караханиддердин мезгилиндеги исламдашуу. Ислам дини Абдулкерим Сатук Буура Хандын мезгилинде өтө тездик менен жайылган. Ал өлөр алдында (955-ж.) исламды кабыл алат. Кыска убакытка өкүмдарлык кылган анын уулу Муса Тонга Илиг исламды мамлекеттик дин катары жарыялаган. Анын өзүнүн айланасына аалымдарды жана шайыктарды топтогондугу, калкы үчүн мектеп, мечит курдургандыгы мусулман тарыхчыларынын маалыматтарында айтылат. Ошондой эле алар 94-ж. 200 миң түтүн түрк тайпалары ислам динин кабылдагандыгын жазышат.. Бул уруулар ягма, карлук, тухси, чигил уруулары экени талашсыз. Ошолордун ичинде Теңир-Тоо, Памир тоолорунун этегинде, Ысык-Көлдүн жээктеринде, Талас суусунун боюнда жашаган көптөгөн кыргыз уруулары болгон.

Ислам дини жаңыдан каратылган аймактарда саясий үстөмдүк жана соода аркылуу да жайылтылган. Муса Тонга Илигден кийин Караханид тактысына олтурган Сатук Буура Хандын кийинки уулу Байташ Арслан Хан (Сулайман) Караханид мамлекетин аймактарды мусулман аймагына айлантууга жетишкен. Караханид өкүмдарлары ислам динине бир гана үстөмдүк куралы катары гана карашкан эмес. Өкүмдарлардын жашоосунда диндин орду чоң болгон. Андыктан ислам дининде келтирилген буйруктарды аткаруу алар үчүн да парз экендигин жакшы билишкен.

Бул мезгилдерде мамлекетке тиешелүү аймакта жашаган кыргыздардын аталган исламдашуу процессинин ичинде болгондугу маалым. Алар ислам динин кабыл алуу менен бирге узак убакыт боюу өздөрүнүн эски ишенимдерин да аткарып келишкен.

Кара-кытайлар мамлекети9. Наймандар10. Кара-кытайлардын кол салуулары Караханиддердин бийлигинин түздөн-түз кыйрашына алып келген. Кара-кытайлар азыркы Монголия менен Кытайдын түндүк чыгышында жашаган сегиз моңгол урууларынын биригишинен улам түзүлгөн. Алар Кыргызстандын аймагында XIIк. биринчи жарымында пайда болушкан. Эл өзүн кытай деп атаган. Кытай булактарында аларды “кыдан” деп, мусулман булактарында болсо “кара кытай” деп аташкан. Алардын урпактары кийин кытай, кара кытай деген ат менен кыргыз элинин курамына кирген.

X кылымда кара-кытайлар борбордук азиялык көптөгөн урууларды багындырышып, Түндүк Кытайды жеңип алышкан. 937-жылдан тартып, алардын мамлекети жана династиясы Ляо (темирдей) деп аталып, бир кылымдан ашык жашайт. (907-1125-жжю) Ляо империясы түпкү теги туңгус чжурчен эли (манжур) тарабынан талкаланган болчу. Чжурчендер же манчжурлар этникалык жактан монголдого жакын эл болгон. Ляо династиясынын өкүлдөрүнүн бири Елүй Даши калган эли менен түндүк тарапка Енисей кыргыздарын көздөй кире качкан. Бирок кыргыздар аларды кубалап чыгышат. Андан соң алар Эмил өзөнүнүн (азыркы Кытайдын Казакстан менен чек арасына жакын жерде) орношот. Мында ал бытыранды качкын кытайларды чогултуп, бир катар түрк уруулары менен союз түзгөн. 1129-жылы ага 40 миң түтүн баш ийип, Елүй Даши өзүн “гурхан” деп атаган. Мамлекети Кара-кытайлар хандыгы деп аталган.

Бул убакта өз ара чырдашууларга баткан Карахандар мамлекетинин Чыгыш кагандыгы алсызданган болчу. Түрктөрдүн, карлуктардын, каңгылардын көчмөн уруулары Баласагындын башкаруусуна каршы чыгышкан. 1130-жылы алсызданган Карахандар мамлекетин басып алган. Ага байланыштуу гурхан жаңы Си Ляо мамлекетин негиздеп, Баласагынды (кара кытайчв Хосун ордо) өзүнүн башкы шаарына айландырды. Мамлекетке Кыргызстандын түндүк аймагы гана баш ийген. Башка аймактарды жергиликтүү Караханийлер династиясынын өкүлдөрү башкарган. Елүй Дашини “Манас” эпосундагы Жолойдун прототиби деген божомол бар.

1158-жылы Хорезм11 кара-кытайларга багынып берет. Кара-кытайлар багындырып алган жерлерден салык алып турушкан. Алар башка диндерге карата чыдамкай мамилеси менен айырмаланышып, буддизмге12 сыйынуу менен исламды13 кысымга алышкан эмес. Кара-кытайлар мамлекетинин калкынын негизги бөлүгүн түрк элдери түзгөндүктөн, кийинчерээк кидандар аларга жуурулушуп кетишкен.

Кара-кытайлардын мамлекетинин калкы этникалык жана диний жагынан ар түрдүү болгон. Жергиликтүү көчмөн калк жарым-жартылай шамандардан14 болуп кала беришкен. Ошондой эле христиандар-несториандар да жашап, алардын көрүстөндөрү Ысык-Көл, Чүй өрөөндөрүнөн табылган. Бирок отурукташкан калктын жана түрк урууларынын арасында тараган ислам дини үстөмдүк кылган дин болуп кала берген.

Өлкөнү башкаруудагы башаламандыктар, вассалдык ээликтердин борборго баш ийбөөгө умтулуулары кара-кытайлардын мамлекетин алсыратат. 1208-ж. Чыңгыз хан Иртышта15 талкалаган найман16, меркит уруулары Фергана, Жети-Суу, Кашкарды көздөй чегинишет. Бул мезгилде наймандарды Таян хан, андан кийин Күчлуг хан бийлеп турган. Батышты көздөп чегинген наймандар Күчлугдун жетекчилиги менен кара-кытай Гур хандын жерине келишет. Найман падышасынын уулу Күчлүк17 гурханга кызматка өтүп, өз элинин калдыктарын чогултуп, Жети Сууга орношот. Ошондон бир жылдан кийин Батыш Ляо оор жагдайга дуушар болот. Чыгышта мурда кара-кытайлардын бийлик алдында болгон уйгур чакан ээлиги бөлүнүп чыгып, Чыңгыз хандын букаралыгына өтөт. Батышта Хорезм шахы Мухамед, Мавереннахрдагы Карахандардын башкаруучу династиясындагы анын союздашы Осмон ибн Ибрагим Баласагынга жортуул уюштурат. 1210-ж. бириккен бул күчтөр кара-кытайларды Талас суусунда тосушат. Катуу салгылашуудан эки тарап тең бүлгүнгө учурап, кара-кытайлар Баласагунга кайтат. Зомбулуктан жана мамлекеттин бузулуш кырдаалынан пайдаланган Күчлүк, 1210-жылы эле Өзгөнгө18 кол салып, кара-кытай Гур хандын казынасын басып алган. 1211-жылдан бийликти тартып алган Күчлуг 1218-жылга чейин мамлекеттин кыйла бөлүгүн башкарып турган. Ошентип кара-кытайлар менен наймандардын мамлекети 90 жылга жакын убакыт жашап, чыгыштан келген баскынчылардын (Чыңгыз хандын) соккусунан 1218-жылы кыйраган.

Өз алдынча иш үчүн суроолор.

  1. Түрк урууларына исламдын таралышынын себептери.

  2. Карахан династиясы мезгилиндеги маданияттагы чоң өзгөрүүлөр.

  3. Карахан мамлекетинин тышкы саясаты.

  4. Ж. Баласагын жана анын чыгармачылыгы.

  5. М. Кашгарин жана анын чыгармачылыгы.

  6. Кара кытайлардын Карахан мамлекетин басып алуусунун себеби.

  7. Каракытайлардын ички саясаты.

  8. Наймандар тарыхы.



Адабияттар

  1. Бернштам А. Кыргызстан тарыхы боюнча тандалган эмгектер. Б., 1998.

  2. Горячева В.Д. Кыргызстандагы орто кылымдагы шаардык борборлор Ф., 1983.

  3. Караев О. Караханид хандыгынын тарыхы. Ф., 1983.

  4. Чоротегин Т. М.Кашгари жана анын «Түрк сөздөр жыйнагы». Б., 1997. Ж.Баласагын «Кут билим». Б., 1993.

  5. Кыргыз ССРинин тарыхы. Ф., 1984. I Т.

  6. Е.Лун-Ли. Кидан мамлекетинин тарыхы. М., 1979.

  7. Караев О.К. Араб-перс булактарында түрк элдери жөнүндөгү маалыматтар. Ф., 1973.

  8. Пиков Т. Батыш кидандар. Новосибирск, 1989.

  9. Малабаев Ж. Кыргыз мамлекетинин тарыхы. Б. 1999



Кыргызстан байыркы түрк мамлекеттериин системасында ” деп аталган 2-баптагы темалардын орчундуу окуяларынын тизмеги

  1. 552-жыл – жуан-жуандар менен түрктөрдүн согушу. Жуан-жуандардын дөөлөтүнүн талкаланып, Улуу Түрк каганатынын Бумын (Тумын) каган тарабынан түзүлүшү

  2. 603-жыл – Түрк каганатынын Батыш жана Чыгыш кагандыктары болуп экиге бөлүнүшү

  3. 618-630-жж. – Батыш Түрк каганатынын жогорулашы

  4. 704-жыл – Ашина династиясынын түргөш кагандарынын династиясы менен алмашылышы

  5. 646-жыл – кыргыздардын кыпчактардын эзүүсүнөн бошошу

  6. 704-жыл – Түргөш мамлекетинин түзүлүшү

  7. 716-738-жж. – каган Сулук Сабыш-чор башкарып турган мезгил

  8. 711-жыл – Сунганын алдында касташкан түрктөр тарабынан кыргыздардын жеңилиши

  9. 746-766-жж. Карлуктардын Жети-сууга үстөмдүк кылуу үчүн күрөшү

  10. 751-жыл – Талас дарыясында кытайлыктардын жеңилиши

  11. 840-жыл – Уйгурлар менен болгон күрөштө кыргыздардын жеңиши.

  12. 999-жыл – Караханиддердин Орто Азияны басып алышы

  13. X-XIкк. Караханиддердин ислам динин калыл алуусу

  14. 1070-жыл – Караханиддер мамлекетинин Чыгыш жана Батыш канаттарына бөлүнүшү

  15. 1141-жыл – Самарканддын түндүк-батышындагы Катван талаасында кара-кытайлардын сельжук-караханиддерди талкалашы

  16. 937-жыл – кара-кытайлардын мамлекети жана династиясынын Ляо деп аталышы

  17. 1210-жыл – кара-кытайлар мамлекетинин кулашы

  18. Б.з.ч. II –XVIкк. – Улуу Жибек жолундагы активдүү соода мезгили

  19. VII к. – байыркы түрк жазуусунун согдийлик жазманын негизинде пайда болушу

  20. В.В.Бартольд 1927-жылы жазган ”Кыргыздар. Тарыхый очерк” аттуу китебинде Улуу Кыргыз дөөлөтү деген түшүнүктү киргизген.


Пайдаланылган жалпы адабияттар:

  1. В.Мокрынин, В.Плоских Кыргызстандын тарыхы Бишкек “Кыргызстан” 1995.

  2. Асанбеков Н.К. Орхон-Энесай жазма эстеликтеринин философиясы Жалал-Абад - 2002.

  3. А.Жолдошев “Байыркы кылымдагы Алтай, Энесай, Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы” Ош – 2006.

  4. Б.И.Вайнбер, Б.Я.Ставиский Орто Азиянын илгерки замандагы тарыхы менен маданияты -Б., 1996.

  5. Хуршит Э. Паркана-Даван-Фергана. –Б., 1998.

  6. Табышалиев С.Т. Кыргызстан на Великом Шелковом пути –Б., 1992.

  7. Кыргыз ССР тарыхы. 1-том. -Ф., 1973.

  8. Джуманалиев Т. Очерки политической истории кочевников Притяншанья с древности и до конца XVIII века. –Б., 2007.

  9. В.В.Бартольд “Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер” Бишкек – 1997.

  10. Асанканов А., Бедельбаев А, Воропаева В., Горячева В., Жунушалиев Ж., Какеев А., Мокрынин В., Сапаралиев Д., Харченко Г. Кыргыз Республикасынын тарыхы –Б., “Кыргызстан” Басма үйү 2000.

  11. А.Жусубалиев Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы . Бишкек-2016.



1Караханийлер мамлекети - (940-1212-жж.) Орто Азиянын анын ичинде Кыргызстандын аймагындагы мамлекет.Караханийлер мамлекети биринчи башкаруучусу Сатук Абд ал-Керим Карахандын ысымынан аталган. Ал дайыма Суусамыр жайлоосунда жайлап тургандыгы айтылат.

2Махмуд Кашгари – (Барскани) Махмуд ибн Хусейн ибн Мухамед –XI кылымдагы энциклопедиячы аалым. 1029-ж. 1038-ж. аралыгында Көл кылаасында Барскан (азыркы Барскоон) шаарында туулган. XI к. 50-жылдардын экинчи жарымынан тартып түрк элдери мекендеген жерлерди кыдырып, алардын тилинин диалектикалык өзгөчөлүктөрүн жана жалпылыктарын изилдеген.

3Саманиддер (Саманилер) династиясы – 875-999-жж. Орто Азияда өкүм сүргөн мамлекет. Аны Ооганстандагы Балх шаарына жакын жердеги Саман кыштагынан чыккан Сама-Худат деген адам негиздеген. Борбору Бухара шаары болгон. Бул шаарда А.Рудаки, А.Фараби сыяктуу окумуштуулар, маданият ишмерлери чыккан.

4Тараз –Талас V-XVI кк. таандык шаар.Азыркы Жамбыл (Олуяата) шаарынын ордунда турган. Тараз шаары кытай жылнаамаларында Далосы (VII-IX) деген ат менен кезигет. VIIIк. Бул шаарды “Аргу Талас”, “Алтун-Талас улуш” деп да аташкан. Түрк элдеринде “Улуу Талас” деген ат менен белгилүү болуп, Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан жана VIII-XIIIкк. чарбалык, саясий, соода борборлорунун бири болгон.

5Медва – Түштүк Кыргызстандагы орто кылымдарга таандык шаар. Ош-Гүлчө авто жолунун боюнда жайгашкан. Бул шаар Оштон 12 км. чыгыш тараптагы Мады шаар чалдыбарына окшоштурулат.

6Баласагун – акын, илимпоз, ойчул 1010-1016-жж. же, 1018-ж. Баласагун шаарында туулган. “Кут алчу билим” поэмасын Кашкар шаарынын башкаруучусу Тавгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга тартуу кылып, “Хас Хажиб” наамы ыйгарылган.

7Сельжуктар – көчмөн түрк огуздардын бир бутагы. Жол башчысы Селжуктун аты менен аталып калган.

8Мавереннахр – (Заречье) арабдар жеңип алгандан тартып Амудайра менен Сырдайранын ортосундагы (ортоазиялык Междуречье) жерлерди ушундай аташкан

9Кара-кытайлар мамлекети – 1130-1213-жж. Кашкар, Жети-суу, Казакстандын түштүк жана Мавереннахрдын чыгыш аймагындагы мамлекет.

10Наймандар – IX-X кк. Орхон жана Иртыш дарыяларын мекендеген көчмөн түрк-монгол элдеринин бирикмеси.

11Хорезм – Орто Азиянын түндүгүндөгү, Амудайранын этектериндеги тарыхый-маданий область

12Буддизм – диний-философиялык илим,дүйнөдөгү үч диндин (христианство, ислам менен катар) бири. Будда Сиддхартха Гаутама тарабынан негизделген. Индияда, Орто жана Борбордук Азияда, Бирмада, Таиландда, Индонезияда, Шри-Ланкада, Индокытай өлкөлөрүндө, Кытайда, Японияда кеңири таралган.

13Ислам – христианство, буддизм менен катар алда канча кеңири тараган (дүйнөлүк) дин. Ислам –араб тилинде “баш ийүү” дегенди билдирет. Ыйык китеби – “Куран”.

14Шаманчылык – (делөөрүгөн адам) диндин эң байыркы формаларынын бири (палеолит доорунда п.б.). Көзгө көрүнбөгөн рухтар менен мамиле түзүүсүнө байланышкан ишенимге негизделген.

15Иртыш- Эртиш Кытайдагы Моңгол Алтай тоолорунан башталып, Батыш Сибирь түздүгү аркылуу Обь дарыясына сол тарабынан куйган дарыя. Узундугу 4248км., аянты 1643миң м.кв. Дарыянын аты XIк. Тарыхый даректерде (Махмуд Кашгари) эскерилет. Орустардын Сибирди өздөштүрүшү менен Иртыш аймагы Россия карамагына өтөкөн. Жогорку Иртыш өрөөнү Енисей жана Теңир-Тоо кыргыздарынын этностук байланышын изилдөөдөгү маанилүү тарыхый аймактардан болуп эсептелет.

16Наймандар - IX-XIIкк. Орхон жана Иртыш дарыяларын мекендеген көчмөн түрк-моңгол элдеринин бирикмеси. Кытай жазма булактарында наймандар VIIIк. Байкал көлүнүн түштүгүндө жашагандыгы баяндалат. XIIк. Найман кубаттуу уруулук бирикме түзүшкөн. Наймандар кийинки түрк тилиндеги сүйлөгөн элдердин курамына аралашып кетишкен. Ичкилик (булгачы) уруу тобундагы ири уруулардын бири.

17Күчлуг, сегиз, ас сегизи – XIIIк. башындагы түрк-монгол элдеринин Түндүк-Батыш Моңголия жана Алтайды жердеген найман уруусунун бийлик ээсининин уулу, ханзаада. Сегиз, ас сегизи терминдери “сегиз урууунун башчысы” дегенди туюнтат. Найман моңгол тилинен сегиз маанисинде которулат. 1208-жылы меркит, найман уруулары Чыңгыз тарабынан талкаланган соң наймандардын бир бөлүгү Күчлук хан ээрчитип, Теңиртоо аймагына баш калкалап келген.Ал жерде өз таасирин чыңдоо максатында кара кытайлардын кийимин кийип, үрп-адатын, динин кабыл алган.1210-жылы кара кытайларга баш ийип туруп, Өзгөнгө кол салат. Аны карлуктар колдошот. Чыгыш Түркстан калкына зомбулук көрсөтөт. 1218-жылы Жебе ноен баштаган монгол кошуну басып киргенде, Чыгыш Түркстандын мусулман калкы да ага каршы күрөшөт. 1218-жылы Күчлук хан чыккынчылык менен өлтүрүлүп, ал түзгөн мамлекет кулаган.

18Өзгөн – Б.з.ч. Iк. алгачкы отурукташкан жайлардан шаар өсүп чыккан. Шаар чоңдугу боюнча Фергана өрөөнүндөгү төртүнчү (Аксыкен, Куба, Ош) шаар болуп эсептелген. XI кылымдан XIII кылымга чейин Караханийлер мамлекетиндеги Фергана дубанынын борбору болгон. X-XIIкк. Шаардын аянты 12-15.км. кв. жеткен. Өзгөндөн белгилүү окумуштуулар чыгып, алар “ал-Узженди” ныспасын алышкан. Аксак Тимурдун тушунда бул шаар баштагыдай эле соода жана саясий борбор боюнча кала берген. Орто кылымдардын акырында шаардын аймагы бир кыйла кичирейип, чакан шаарга айланган. XIXк. башында Кокон хандыгына өткөн. Кыргызстан Россиянын курамына киргенден кийин шаар Анжиян уездине карап калган. 1924-жылы Ош округундагы Өзгөн болушунун, 1928-жылдан Өзгөн районунун борбору болгон.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!