СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

№9-сабак. Сабактын темасы: Монгол империясынын доору.

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«№9-сабак. Сабактын темасы: Монгол империясынын доору.»

3-бап. Кыргызстан Монгол империясынын тушунда

9-сабак.Сабактын темасы: Моңгол империясынын доору

План:

  1. Монгол империясынын негизделиши

  2. Темүчүн - Чыңгыз хан

  3. Монголдор жана кыргыздар

  4. Хайду мамлекети


Монгол империясынын негизделиши. XIIIк. башталышынан тартып кийинки XIV- XVкк. бою Түштүк Сибирдин, Орто Азиянын жана Европанын бир катар өлкөлөрүнүн элдери монголдордун1 басып алууларына жана эзүүсүнө туш болгон. Монголдордун басып алуучулук жортуулдары чарбалардын бүлгүнгө учурашына, маданияттардын жоголуусуна алып келген.

Байыркы Орхон - Енисей таш жазууларында жана кытай тарыхый маалыматтарында белгилүү болгондой, ошол аймактарда IX-X кылымдарга чейин эле моңгол, татар элдери жана аларга тектеш бир нече уруулардын жашагандыгы белгилүү болгон. Кийинчерээк татарлар көбөйүп, оңгут, меркит, огу ж.б. чоң урууларды бириктирген татар уруу бирикмеси түзүлгөн. Алар түштүгүндөгү коңшусу Син империясы менен бир аз убакытка ынак байланышты түзө алган. XII кылымдын башында татар уруу бирикмеси бузула баштап, анын ичиндеги моңголдор менен татарлардын арасында карама-каршылыктар күчөйт. Ошол мезгилде керей, коңурат, ойрот, найман өңдүү уруулар өз алдынча күчөй баштаган.

Моңгол уруусунун башчысы Эсугей баатыр керей жана башка уруулар менен биригип, татарларга уламдан-улам оор сокку берип турат. Болжол менен 1162-жылы же 1155-жылы Эсуге баатырдан Темүчүн төрөлөт. 1164-жылы Эсуге татарлар тарабынан өлтүрүлгөн соң, Темүчүн жетим калып, кыйынчылык менен чоңоет. Темүчүндү жанан анын бир туугандарын энеси кыйынчылык менен чоңойтот. Эрте жетим калган Темүчүн ачкачылыктын, кесинтүүлөрдүн, туугандарынын чыккынчылыгын башынан өткөрөт.

Чыңгызхан (Темучин) (1155-1227-жж.) - моңгол империясынын негиздөөчүсү. Кытай миниатюрасы

Дүйнөлүк тарыхта монголдор жана алардын келип чыгуусу, эл катары калыптануусу тууралуу так айтылбаганы менен бир топ чындыкка жакын божомолдор бар. Темүчүндүн сегизинчи чоң энеси уламыштарга айтылгандарга караганда Алан Гоа (Сулуу марал) беш баласынын экөөнү монгол күйөөсүнөн, үчөөнү түн ичинде жарыктын шооласы менен түшүп келген сары кишиден төрөгөнү жөнүндө уламыш бар. Темүчүндүн өзүнүн да, укум-тукумдарынын да чачтары кызгылт сары, көздөрү көк болгон. Ага окшош кишилер Енисей кыргыздарынын арасында көп кездешкен. Ушуга байланыштуу Алан-Гоа өзүнүн кийинки үч уулун Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн күчөп турган мезгилинде моңгол урууларын бийлеген кыргыз кол башчысынан төрөгөн деген божомолду орустун белгилүү изилдөөчүсү Березин XIX кылымда эле айткан. Бул пикирди немец окумуштуусу П.Рачневский да ырастаган. Ал керээттерди (кирей уруусу) кыргыздардын бир бөлүгү деп эсептейт, анткени алар Иртыш дарыясы менен Алтайда жашашкан. Керээттер кийин моңголдор менен сиңишип кетишкен. Наймандар дагы адегенде кыргыз жергесинде анан, кийинчерээк Алтайда, Иртышта, Обь дарыясынын башында жашашкан. Негизинен ушундай эле ойду кыргыздын алгачкы тарыхчысы Белек Солтоноев да билдирген. Ал: “Чыңгыз хан өзү түрк болгон.” - дейт. Кытай тарыхчысы Хан-Жулин наймандарды кыргыз урууларынын бири деген. П.Рачневский болсо наймандарды моңголдорго эмес, түрктөргө кошот да алардын найман деген монголчо аты түрктөрдүн (“сегиз өгүзүн уузун) түшүндүрөт дейт. Демек, Чыңгыз хан кийин монголдошуп кеткен байыркы кыргыз тукумунан деген божомол бар.

Монголдор жарым көчмөн болуп жашашып, патриархалдык бийлик абдан бекем болуп, феодалдык мамилелерге, адат-салттарга таасирин тийгизген. Кыштактарда кышында кышаташып аны кишляк, ал эми жайындасы жайлоолорго чыгышып аны яй-лак деп аташкан. Боз үй же үңкүрлөр алардын туруктуу жашоочу үйү болгон. Орточо өлчөмдөгү боз үйдө 20 чакты адам жаныбардын терисин жамынып укташкан. Боз үйдүн боорлоруна тамак аштардын запасын, куралдарын илип коюшкан. Жылкы алардын турмушунда өзгөчө мааниге ээ болгон. Ошондуктан жылкы үчүн башынан куйругуна чейин атайын жабдыктар жасалган. Алар диний ишениминде шаманизмди тутушуп, жашоодо көк асманды ыйык тутушкан. Асман адам жасагандын баарын көрүп турат, анын каалоосусуз жашоо мүмкүн эмес деп ойлошкон.Алдамчылык, шермендечилик, калыссыздык кылгандар үчүн асман чагылганды, оорунун түрлөрүн жиберет деп ишенишкен. Мындан сырткары отко да өзгөчө маани беришкен. Отко таза эмес буюмдарды ыргытуу, суу менен өчүрүү кылмыш менен барабар деп эсептелген.

Моңгол уруусунун башка тайпалар менен болгон согуштарында Темүчүн өзүнүн баатырдыгын көрсөткөн. Акырында ал бүткүл татарларды найман, оңгут ж.б. бир нече түрк урууларын өзүнө баш ийдирткен. Темүчүн - Чыңгыз хан. 1206-жылы бүткүл моңгол феодалдарынын чоң курултайында мамлекетти империя деп, өзүнө Чыңгыз күчтүү хан (Мухит хан) титулун алат. Ошентип, 51 жашка келген, моңголдордун боржигин уруусунан чыккан, акылдуу, куу, каардуу Чыңгыз хан, кыңк этпей уккан колдоочуларына таянып, күчтүү жана бекем тартиптүү аскер түзө алган. Ал жеринин аймагын кеңейтип, кошуна элдердин баарын өзүнө баш ийдирген.

Чыңгыз хандын буйругу боюнча бардык моңгол уруулары, ошондой эле татарлар, түрк уруулары да жортуулга чыгууга тийиш болгон. Аскерлери ондуктарга, жүздүктөргө, миңдиктерге жана он миңдиктерге (түмөн) бөлүнгөн. Ар бир бөлүктүн башында бийлиги чектелбеген башчысы болгон. Алардын бардыгынын жоокердик кийимдери да өзгөчө болгон. Мисалы корсет-кирастар жумшак терилерден, катуу материалдардан, кийиздерден, бир нече катталган жоон ткандан турган материалдардан жасалып жоокерлерди ишенимдүү сактай алган. Бир жоокердин коркоктугу үчүн бардык ондукту, бир ондук үчүн жүздүктү өлүм жазасына тартышкан. Жортууларында үрөй учурган коркутуу Чыңгыз хандын тактикасы болчу. Согушта басып алган жерлерде жүздөгөн, миңдеген адамдарды эч күнөөсү жок эле кырып салуу, өрттөө, талкалоо анын адаты эле. Орто кылымдардагы мусулмандардын маалыматтарында жүз миңдеген киши кырылган отуздай учур белгиленет. Иш жүзүндө мындай окуялар андан да көп болгон. Бул орто кылымдардын трагедиясы эле.

1206-1207-жылдары Чыңгыз хан Түштүк Сибирь элдерин багындырууга буйрук берет. Ошол кезде өзүнчө ар кайсы жерде жашаган чакан ээликтерге бөлүнүп калган бытыранды кыргыздар күч катнашын туура түшүнүшкөн. Ошону үчүн кыргыздар Чыңгыз ханга уйгур менен карлуктар сыяктуу эле ыктыярдуу түрдө баш ийип беришет. Бул жөнүндө моңголдордун жашыруун тарыхында минтип жазылат: “Коен жылында 1207-жылы Чжочи (Жучи) оң канатынын аскерлери менен токой элдерине каршы жөнөтүлөт.

Жучи хандын портрети. XIV кылымдагы миниатюра.

Элден мурун Худуха-беки өзүнүн түмөн ойроттору менен баш ийип берет. Андан кийин Жучи түмөн кыргыздарга жакындап келет. Ошондо кыргыз ноендору Урус-инал, Алдыяр, Олобек тегин баш ийгендиктерин билдиришип, ак шумкар, ак боз тулпар, кара кундуз ж.б. ханга тартуу кылышат. Ал өзү менен кошо кыргыздардын миң башыларын, токой элдеринин ноендорун ээрчите келип, Чыңгыз ханга кезиктирет да, ханга белектерин тартуу кылууларын тигилерге буюрат. Чыңгыз хан Жучиге ыраазы болуп: “Баары тең өзүңө баш ийсин” дейт. Чыңгыз хан элчилердин тартууларына жооп кылып, 1207-жылы аларга эки кишини жибергендиги айтылат. Демек, мамиле түзүү жагы кыргыздардан башталгандыгы көрүнүп турат. Ошентип, XII кылымдын башталышында Енисей кыргыздарынын, т.а. Еди Орун (Ортоңку Енисей), Тува, Алтай деген кошуна жайгашкан кыргыздардын 3 чакан ээлиги моңголдорго баш ийип берген.

Чыңгыз хан көзүнүн тирүүсүндө эле өзүнүн улуу үч уулун бөлүп чыгарып, ар бирине өзүнчө удел (инджу), башкача айтканда белгилүү сандагы көчмөн ордолорду (улус) бекитип берген, алар аскер топторун берүүгө жана аларды багууга жетиштүү сандагы жерди (боз үйлөрдү) кармоого милдеттүү болушкан. Биринчи болуп улуу уулу Жучу бөлүнүп, ага Селенганын төмөнкү агымынан Иртышка чейинки “токой элдери” аталган аймакты берген. Бул жер Рашид ад-диндин далилдөөсү боюнча анын башкы ордосу Иртыштын жээгинде турган. Кийинчерээк Жучунун ээлигине Жети-Суунун түндүк бөлүгү, азыркы кыргыз талаалары, Хорезм, Мазандаран кирген. Чагатайда болсо Уйгуриядан Самаркандан тартып Бухарага чейин, түштүк Алтайдан Аму-Дарыяга чейинки аймак берилген. Угедейдин башкы ордосу Тарбагатайда, Эмил менен Кобуктун жээктеринде болуп ээлеген аймагы көрсөтүлгөн эмес. Кичүү уулу Тулуй удел алган эмес, анткени ал талаа салты боюнча атасынан башкы үйлөрдү жана аскерин мурастап алмак. Улуу үч уулунун ар бири 4000 адамдан турган туруктуу моңгол аскерин алган.

Моңгол жоокеринин жоокердик кийими жана курал-жарагы, ХIII-ХIVкк.

1217-жылы Тува-Кыргыз чакан ээлигине кирген уруулардын бири-түрк тилинде сүйлөгөн туматтар2 моңголдордун эзүүсүнө каршы көтөрүлүшкөн. Көтөрүлүштү басуу үчүн Чыңгыз хан көп сандаган аскерлери менен тажрыйбалуу кол башчы Барагул ноенду жиберген. Туматтар жан аябай салгылашкан. Бирок күч бирдей болбогондуктан, моңголдор көтөрүлүштү кансыратып басышкан. Тынчтык узакка созубады. 1218-жылы моңголдук салык жыйноочулар кадимки жыйымдын үстүнө туматтардын дагы 100 кызын өздөрүнүн феодалдарына берүүнү талап кылышкан. Мындай кемсинткен талап элдин кыжырын келтирген да, туматтар кайрадан көтөрүлүп чыгышкан. Чыңгыз хан көтөрүлүштү басуу үчүн кыргыздардан аскер талап кылат. Ал эми кыргыздар көптөгөн кылымдар боюу таянычы жана колдоосу болуп келген өз кыштымдарына (туматтар) каршы согушмак түгүл, кайра аларга колдоо көрсөтүшүп, көтөрүлүшкө чыгышкан. Бириккен күчтүн башында кыргыз кол башчысы Курулун турган. Бул көтөрүлүштөн чочуган Чыңгыз хан аны басыш үчүн көп кол менен улуу баласы Жучини жиберет. Моңголдор аларды талкалашып, мыкаачылык менен жазалашкан. Ошентип, моңголдор согуш ачып, кыргыздарды бироотоло баш ийдирүү үчүн бир айдай убакыт жумшашат. Тува, Миң-Өзөн, Алтай аймактарын аралап өтөт. Кыргыздардын көбү кырылып, бир жамааты туткунга айдалып кетет. Бир бөлүгү чытырман токойго качып кетет.

Чабылып чачылганына карабастан, кыргыздар баштан байырлап келген негизги аймактарын сактап калган болсо да, көп жылдар боюу моңголдордун вассалы болуп эсептелген. Кыргыздардын жери менен кошо бүткүл Саян-Алтай чөлкөмү Жучи хандын ээлигине берилген. Бул аймактар Моңгол империясынын түндүк-батыштагы чет жакасы болуп калган. 1229-жылы такка отурган Чыңгыз хандын үчүнчү уулу Угедей букараларынын көңүлүн алып, бийлигин бекемдеш үчүн меркиттер менен кыргыздардын арасынан мартабалуу кишилердин кыздарын аялдыкка алып, жергиликтүү феодалдык төбөлдөр менен байланышын бекемдейт. Угедейдин 4-аялы кыргыз кызы болгон. Анын тушунда моңголдор Түндүк Кытайды, Арменияны, Грузияны, Азербайжанды басып алышат. Кыргыздар жашаган жерди бир топ мезгилге чейин Чыңгыз хандын кичүү уулу Тулуй башкарып турган. 1249-жылы-1259-жылы такта Тулуйдун тун уулу Менкэ олтурат. Ал өлгөндөн кийин такка Тулуйдун ортончу уулу Хубилай (1260-1295-жж.) келет. Ал Чыңгыз хандын башка укум-тукумдарына кошулуп, жаңы согуш баштап, көп жерлерди каратат.

Ошентип, Моңгол же Юань Чыңгызиттердин династиясы Чыңгыз хан тарабынан негизделген (1206-жылы бийликке келген). 1227-жылы өлгөндөн кийин анын сөөгү Моңголияга алып келинип, Онон жана Керулен өзөндөрүнүн башаты болгон Бурхан-Халдун тоосуна коюлган. Ал негиздеген династия 1381-жылга чейин жашаган. Андан ары басып алууларды анын тукумдары улаган. Анын тукумдары тарабынан 1229-1241-жж. Чыңгыз хандын үчүнчү уулу Угедейдин тушунда орус жери моңгол империясына кошулган. Чыңгыз хандын кичүү уулу Тулуй анын уулу Менкэ хан 1251-жылы бийликке келип, алдыңкы Азияны каратуу аяктаган. Анын тушунда Теңир-Тоону монголдор менен алтай урууларынын көчмөндөрүнүн жаңы толкуну каптаган. Ал 1259-жылы өлгөн.

Тулуйдун экинчи уулу Хубилай хан 1260-жылы бийликке келген. Ал Кытайды багындырып, Чыңгыз хандын ишин аягына чыгарган. Ордосу Хан балыкта болгон (азыркы Пекин) Юань династиясы ушул жерден башталган. Хубилай хан 1295-жылы өлгөн. Анын тушунда моңгол империясы гүлдөгөн деп эсептелет. 1368-жылы Чыңгыз хандын тукумдары Тогон-Тэмур, Или Жебенин агасы Пекинди таштап, Моңголияга качкан. Ушундан кийин Юань династиясы бүтүп, Кытайда Миңдердин династиясы башталган.

Моңголдор жана кыргыздар. Ал учурда кыргыздар жашоо шартына ылайык эки топко, мал чарбачылыгы менен алектенген жана дыйканчылыкты кесип кылган талаа кыргыздары, экинчиси болсо мал чарбачылыгын жана аңчылыкты кесип кылган, Енисейдин баш жактарындагы тоолуу жерлерде жашаган токой кыргыздары болгон. Енисейдин баш жагындагы кыргыздардын коңшулары ойроттор болгон. Кыргыздар жана башка түрк элдери ойроттордун тилине таасир тийгизген. Алар жашаган жердин аты да, түрктүн секи, моңголдун мурен деген сөздөрүнөн түзүлгөн. Кийинчерээк ойроттордун баардыгы кыргыздарды “бурут” деп аташкан. XVII-XIXкк. кытай жазуу булактарында да кыргыздарды ушинтип аташкан. Енисейлик кыргыздардын моңголдор менен акыркы кармашы 1273-жылы башталган. Алар көтөтрүлүшүп, моңгол наместнигинин резиденциясын курчап алышкан. Моңголдордун ичиндеги өз ара кармашуулардан пайдаланып, кыргыздар мамлекеттүүлүгүн сактай алышкан. 1273-жылы 1293-жылдары Енисейди бойлото кеткен өрөөндүү жерлерди кыргыздар ээлеп турушкан. Аларга ордосу Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө болгон Орто Азиядагы моңголдордун башкаруучусу Хайду хан жардам берген. Хубилай менен хайдунун ортосундагы согуш кыргыздарга көп кыйынчылык алып келген. Согуштун кесепетинен кыргыздар туш тарапка ыдырап, мамлекеттүүлүгүнөн ажыраган. 1275-жылы кыргыздардын бир бөлүгү Хубилайга каршы көтөрүлөт. Көтөрүлүшү басылган соң кыргыздардын чоң бөлүгү Батыш Манчжуриядагы 1277-жылы негизделген округдун жаңы борбору Чжао шаарына көчүрүлөт. Алар бара бара өз атын жоготуп, кытайларга сиңип кетишкен. Алтай Хангай тоолорун мекендеген кыргыздардын 9 миң түтүнү Хубилайдын буйругу менен Моңголиянын ички районуна көчүрүлөт. 1290-жылы моңголдорго кызмат кылган кол башчы Тутук Хубилайдын буйругу менен Алтайдагы Хайдуга каршы жортуулга чыгат да, натыйжада кыргыздардын 3 миң үй-бүлөсү көчүрүлүп кетет. Тутук андан кийин Енисейдин баш жагындагы мекендеген кыргыздарды баш ийдирет да, 1293-жылы кыргыздардын бир тобун Манчжуриянын түштүк-чыгышындагы Хесыхе районуна чек ара кайтаруу үчүн көчүрүлөт. Бул азыркы фү-йү кыргыздары ошолордун урпактары деген маалыматтар бар. Алтайдагы кыргыздардын дагы бир тобу Шаньдун провинциясына жер которот.

Моңгол зергерлик жасалгалары жана аяк (Борбордук ТеңирТоо)

Мына ошентип, XIIIкылымдын экинчи жарымында Енисейлик, Алтайлык кыргыздар моңгол хандары тарабынан талкаланып, бир топтору Борбордук Азиянын ар жактарына күч менен көчүрүлүп, бытырап кетишкен. Бул чаралардын баары козголоңчул урууларды бөлөк жерге көчүрүп таратып, көчмөндөрдүн өзүн, алар байырлаган аймактарды катуу көзөмөлдөп туруу максатында жасалган. Башкаруунун мындай тактикасы Хубилай өлгөндөн кийин да улантылган. Мында эзүүдөн качкан кыргыздардын бир бөлүгү Хайдунун кармагына т.а. өзүнүн түпкү ата мекени Ала-Тоого (Теңир Тоо) көчүп кетишкени чындык. Сан жагынан азайган кыргыздар ал мезгилде кайсы бири кытайларга, моңголдорго сиңип, кайра кайтпады. Ал эми Теңир Тоого келгени бул жерде мурдатан жашаган кыргыздарга кошулуп, бүгүнкү кыргыз элинин өзөгүн түздү.

1218-жылы Жети-Сууну ээлеген жана ырайымсыз түрдө эзген наймандардын ханы Кучлугду Чыңгыз хандын кол башчысы Жэбе ноен жеңип алат. Убагында кыргыздар Чыңгыз хандын да канкорлугун сезбей моңголдордун ийгилигине көмөктөш болушкан. 1218-жылы Жети-суу жана Борбордук Теңир Тоо толугу менен моңголдордун көзөмөлү алдында калган. Алар 1219-жылы Хорезмшах Мухамеддин бүлүнгөн күчтөрүн да басып алышкан.

Чыңгыз хан басып алган жерлердин анын уулдарына бөлүнүшү моңголдордун империясынын кулашына түрткү болгон. Анткени Чыңгыз хан басып алган жерлеринин анын уулдарына бөлүнүшү менен алар өздөрүн толук кожоюн сезип, мезгил өткөн сайын Моңголиянын улуу ханына баш ийүүнү каалаган эмес. Улустардын чек араларынын так бөлүштүрүлбөгөндүгү себептүү талаштар чыгып турган. XIII кылымдын биринчи жарымында эле империянын батышында өз алдынча мамлекет Алтын Ордо түзүлөт. Аны башкарган Батый хан Моңголиянын улуу ханына баш ийбей коет. Анын жолун улап башка улустардагы ээликтер да өз алдынча мамлекеттүүлүктөрдү түзүшкөн.

XIVкылымдын аягы XVкылымдын башында Енисей Саян, Алтай кыргыздары ойрот-моңгол согуштарында, Моңголиядагы бийлик үчүн күрөштөрдө активдүү катышышкан. Алар ойроттор тараабында болушкан. Кыргыздардын акими Угечи Кашка өзүнчө мамлекет түзгөнгө, аны дадан деп атоого жетишкен. Андай болсо ойроттордун жана Моңголиянын кээ бир областтарында кыргыз акимдери да бийлик жүргүзүп тургандыктары анык. Бирок, Енисейдеги, Алтайдагы кыргыздардын XII-XVкк. мамлекетин калыбына келтирүүгө жасаган аракеттери оң жыйынтыгын берген эмес.

Хайду мамлекети Моңгол феодалдарынын сепараттык (борбордук бийликтен бөлүнүп, өз алдынчалыкка умтулуу) кыймылы Орто Азияда өз натыйжасын берген. 1269-жылы Угедей жана Чагатай улустарынын биргелешкен курултайында жаңы мамлекет түзүлөт. Анын толук көз каранды эместиги жарыяланат. Мамлекеттин башында анын негиздөөчүсү Хайду хан (1269-1301-жж.) турган.

Хайду хан

Жаңы өлкөнүн чек арасы Угедей жана Чагатай улустарын кошкондо Алтайдан Аму Дарыяга чейин созулуп, Кыргызстан Чыгыш Түркстан аймагын камтыган. Борбору Чүй өрөөнүнө болжол менен Бишкекке жакын жерде болгон. Ал басып алган жерлеринин турмуш шартын жакшыртууга аракет кылган. Акча реформасы жүргүзүлгөн. Бирдей салмактагы жана сапаттагы күмүш тыйындарын мамлекеттин бүт аймагында такай жасоону уюштурган. Салык салуу, жыйноо тартиби киргизилген. Хайду хан өлкөнүн экономикалык ийгиликтерин сакташ үчүн баскынчылык согуштардан алыс болгонго аракет кылган. Анын мамлекеттик-экономикалык саясаты мамлекеттин материалдык жыргалчылыгынын өсүшүнө түрткү берген. Ал Моңгол империясына каршы көтөрүлгөн Алтайдагы, Енисейдеги кыргыздарга жардам берүүгө бир нече жолу аскер жиберген. Бирок Кыргыз мамлекетинин кулашына каршы эч нерсе кыла алган эмес. Анткени менен өзүнүн Алтай, Чыгыш Теңир-Тоодогу ээликтеринде жашаган кыргыздарды куугунтуктоолордон коргоп кала алган. Хайду өлгөндөн кийин (1301-ж.) Чыңгызиддердин ортосунда бийлик үчүн узакка созулган ич ара согуш башталган. Ал Кыргызстандын толук бүлүнүшүнө алып келген. XIVкылымдын 40-жылдарында Хайдунун борбордошкон мамлекети Чагатай улусу (Маверенахр) жана Моголстан деп аталган эки мамлекетке бөлүнүп кеткен.

Өз алдынча иш үчүн суроолор.

  1. Чынгыз-хан жөнүндө уламыштар.

  2. Монгол империясына кирген өлкөлөр.

  3. Эне-Сайдагы кыргыз мамлекетин монголдордун басып алышы.

  4. Монгол империясынын улустарга бөлүнүшү.

  5. Хубилай – бул ким?

  6. Хайдунун экономикалык реформасы.

  7. Кыргыздардын туш-тушка таратылышы. 8. Монгол империясынын жок болушунун себептери.



Адабияттар.

  1. Момбекова Ж.К. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы. Б. 2003.

  2. Калашников И. Каар заман. Б., 1992

  3. Караев О.К. Чагатай улусу. Хайду мамлекети. Моголистан. Бишкек, 1995.

  4. Кыргыз ССРинин тарыхы. Ф., 1984. I Т.

  5. Кыргызстандын байыркы мезгилден XIX кылымдын соңуна чейинки тарыхы. Б. 1998.

  6. Джуманалиев Т. Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана.

–Б.,2007

  1. Всемирная история. Под ред. Г.Б.Поляка и др.-М., 2003

  2. Карабаев Э., Подкуйко Ю. Центральная Азия: история региона. –Б.,2004

  3. Кляшторный С.Г. Степные империи Евразии. СПб.,1994.

  4. Кыргыздар. т1-10. –Б., 2004

  5. Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. -М., Т.1.,1997.; Т.2.,1998.



1Моңголдор – алтай тил түркүмүнө кирүүчү моңгол тилдеринде сүйлөгөн халха, ойрот, басан, дунсян, даур, барга, моңгол, бурят, калмак элдеринин жалпы аты. “Моңгол” этноними алгач кытайлык даректерде (VIII-Xкк.) мэн-гу, мэн-ва, мэн-гү-ли болуп кезигет. XIIIк. башында Чыңгыз хан бирдиктүү Моңгол мамлекетин негиздеген.

2Туматтар – байыркы туба аттуу түрк уруусунун урпактары, азыркы Тувалыктардын ата-бабалары.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!