СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

9кл. мамлекеттик тил боюнча зачёттук тест

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

мамлекеттик тил сабагында 9 кл.окуучуларына 1 жарым жылдыктам зачёттук тест

Просмотр содержимого документа
«9кл. мамлекеттик тил боюнча зачёттук тест»

9-кл. зачёттук тест

1.Туура жазылган сүйлѳмдү белгиле.

а. Мен эртең эрте келдим, б. Мен эртең эрте келчүмүн

в. Мен эртең эрте келгемин, г. Мен эртең эрте келемин.

2.Сүйлѳмдѳ алды сызылган сѳздүн жагын белгиле. Анын кѳйнѳгү кызыл экен.

а. 2-жак, б. 3-жак в. 1-жак г. 4-жак

3. Жактуу сүйлѳмдү белгиле.

а. Акылдуунун сѳзүн ук. б. Кыш келди.

в.Мындай болбойт, болушу да мүмкүн эмес. г. Жайында кѳп, күзүндѳ аз.

4. Кош сѳздү белгиле. а. ата-эне, б. кол кап в. тез эле г. түшүп калды.

5. Сѳзгѳ туура келген тамганы кой.

а. та… бака (н), б. та… бака (п), в. та… бака (ш), г. та… бака (л)

6. Ташымалданбаган сѳздү белгиле. а. айыл б. балка в. саанчы г. күлѳ

7. Мезгил бышыктооч катышкан сѳздү белгиле.

а. Канышай Шамшы кѳчѳсүндѳ жашайт. Б. Канышай комузду жакшы чертет.

в. Канышай Асел экѳѳ келишти. г. Канышай кечинде келди.белгиле.

8. Кыйыр толуктооч катышкан сүйлѳмдү белгиле.

а. Алма бышты. Б. Кѳк чѳпкѳ жата кеттим.

в. Калемимди иниме бердим. г. Алар абдан сүйүнүштү.

9. Сүйлѳмдүн аныктоочун белгиле.

а. Мен апамдын баштыгын кѳтѳрүшүп келдим. б. Апамды тоого алып барып келдик.

в. Апам менен атам шаардан келишти. г. Окуучулар жардамдашты.

10. Сүйлѳмдүн туура түзүлгѳн вариантын тап. 1.барып, 2. гүл, 3. келдик, 4.тергени, 5. тоого.

а. 1,2,3,4,5, б. 3, 5, 2, 1, 4 в. 4, 1, 5, 2, 3 г. 5, 2, 1, 4, 3

11. Сүйлѳм туура мааниге ээ боло турган , керектүү сѳздү тап . Керектүү … оордуг у жок.

а. китептин б. тамактын в. таштын г. калемдин

12. Тыныш белгиси туура коюлган вариантты белгиле.

а.Кызга кырк үйдѳн тыюу деген макал бар. б. Кызга кырк үйдѳн тыюу, деген макал бар.

в. «Кызга кырк үйдѳн тыюу» деген макал бар. г. «Кызга кырк үйдѳн тыюу»,-деген макал бар.

13.Сүйлѳм мүчѳлѳрү жалпы жолунан кантип бѳлүнѳт?

а.жѳнѳкѳй жана татаал б. ээ жана баяндооч

в. баш жана айкындооч г.жалаң жана жайылма

14.Бышыктооч сүйлѳмдѳ кайсы сүйлѳм мүчѳсүн бышыктайт?

а. ээни б. аныктоочту в. толуктоочту г. баяндоочту.

15.Сүйлѳмдүн ээсин белгиле. Ачуу –душман, акыл-дос.

а. ачуу, дос б. ачуу, акыл в. душман ,дос г. душман , акыл

16. Бул сүйлѳмдѳн сырдык сѳздү тапкыла. Амансыңбы, куттуу талаам?

а. куттуу б. амансыңбы в. талаам г.сүйлѳмдѳ сырдык сѳз жок.

17. «Бул» деген ат атооч кайсы вариантта туура берилген?

а. булга, будан б. буга , мындан в. буга , будан г. булга. Мундан

18. Заттык маанидеги сын атоочту тап.

а. Кыздуу үйдѳ кыл жатпайт. б. жамандыкын жатып ичем, жакшыныкын сурап ичем.

в. Нан болсо, ыр болот. г. Сѳѳксүз тил, сѳѳктү сындырат.

19.Чыгыш жѳндѳмѳсүндѳгү сѳздү тап. Эр энеден туулат, эл үчүн ѳлѳт.

а. эл үчүн б. туулат в. эр г. энеден

20. Кашаадагы сѳзгѳ табыш жѳндѳмѳсүнүн мүчѳсүн ула. Анара таң калгансып (кѳз)кайра-кайра ирмегиледи.

а.кѳздү б. кѳзүнѳ в. кѳзүн г.кѳзүндѳ



2-тапшырма

Чынгыз Айтматов

Ч.Айтматов Талас ѳрѳѳнүнѳ караштуу Шекер айылында кызматкердин үй-бүлѳсүндѳ туулган. Чынгыздын энеси Нагима Хамзаевна татар улутунун кызы.Ататсы Тѳрѳкул 1937-жылдары репрессияланып, атылып кетет. Чынгыз жаш кезинен эле тири карак, сезимтал, иштерман болуп чоңойду. Балалык кези согуштун катаал мезгилине дуушар болуп, Ата Мекендин жүгүн мойнуна эрте алды, жетилди.

Кыргыз элинин сыймыгы, дүйнѳ элине ѳзүнүн ѳлбѳс чыгармалары менен таанымал болгон Чынгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда жарык дүйнѳгѳ келген.

Ал ѳзүнүн алгачкы чыгармаларын айыл чарба институтунда окуп жүргѳн кезинде баштады. Ал ѳзүнүн жазуучулук ишин 1952-жылдан тартып, аңгеме жазуу менен баштайт.

Бала кезин ал Шекер айлында ѳткѳрүп, согуштун каардуу жылдарын, айылдагы элдин турмушун ѳз кѳзү менен кѳрѳт.

Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жылдардагы эмгекчилердин турмушу жѳнүндѳ жазган алгачкы эле чыгармалары үчүн ал 1963 – жылы Лениндик сыйлыкка ээ болгон.

Андан кийин жазуучуга эки жолу «Саманчынын жолу, «Ак кеме» повесттери үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

«Эрте келген турналар» повести Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.

Чынгыздын туулуп-ѳскѳн айылынын аты анын уруусунун атынан коюлган экен.

Ошентип, Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры Чынгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда Германиянын Нюнберг шаарында ооруканадан кѳз жумду.



Тест

1.Айтматов кандай үй-бүлѳдѳ туулган?

а. мугалимдин б. кызматкердин в. дыйкандын

2.Чынгыздын энеси кайсы улуттун кызы болгон?

а. кыргыз б. уйгур в. татар

3.Атасы Тѳрѳкул Айтматов эмне себептен атылып кетти?

а. репрессияга кабылып б. чыккынчылык кылып в. согуштан качып

4. Чынгыз кандай эле?

а. жоош, акылдуу б. тири карак, сезимтал в. тентек, жалкоо

5.Чынгыздын балалык кези кандай мезгилде ѳттү?

а. согуш мезгилде б. колхоздоштуруу мезгилинде в. союз учурунда

6. Ал ѳзүнүн алгачкы чыгармаларын качан жазып баштаган?

а. институттан б. мектептен в. Москвадан

7. Жазуучулук иши кайсы жылдары башталган?

а. 1963-ж б. 1952-ж в. 1928-ж

8.Согуштан кийийнкии эмгекчилердин турмушу жѳнүндѳгү чыгармалары үчүн кандай сыйлыкка ээ болгон?

а. Лениндик сыйлыкка б. Токтогул атындагы в. мамлекеттик сыйлыкка

9.СССРдин мамлекеттик сыйлыгын кайсы чыгармалары үчүн алган?

а.»Бетме-бет», «Ак жаан», б. «Жамийла», «Кыямат» в. «Саманчынын жолу», «Ак кеме»

10.Токтогул атындагы сыйлыкты кайсы чыгармасы үчүн алган?

а. «Эрте келген турналар», б. «Жамийла». В. «Саманчынын жолу»

11.Ч.Айтматов кайсы уруудан болгон?

а. Солто б. Кушчу в. Шекер

12.Канчанчы жылы дүйнѳдѳн кайткан?

а. 2008 –ж 15-июнь б. 2010-ж 10-июнь в. 2008-ж 10-июнь






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!