3-февраль Кыргыз адабияты сабагы
ЖАГЫМДУУ МААНАЙ
Беш мүнөттүк поэзия
Үй тапшырма
1927-жылы кайсы жумушта иштей баштайт?
“ Телегей” романындагы башкы каарман ким?
Канча баланы тарбиялап өстүргөн?
Кайсы сыйлыктын ээси?
«Телегей» романы кайсы мезгилди чагылдырат?
Сандар сүйлөсүн
Бир Бир Тогуз Тогуз Төрт Төрт Бир Беш
1 1 9 9 4 4 1 5
1941-1945- жыл
Алыкул Осмонов
(1915-1950)
1915-жыл
А.Осмонов мыкты котормочу, акын, поэзиябыздын чолпон жылдызы
1945-жылы «Махабат» деген жыйнагы чыгат.
1925-жылы балдар үйүнө кабыл алынат
Жашынан томолой жетим калат.
А.Осмонов ырлары «ОТуз жаш», «Ата Журт»
Чүйдүн Понфилов районуна караган Каатал-Арык айылы
«Мен тансам», «Музыка», «Неге кечигет?»
«Неге кечигет?»
Тема: НЕГЕ КЕЧИГЕТ? (1942-жылдын жазында)
Аудио уктуруу
Көркөм окуу
АЛЫКУЛ ОСМОНОВ. НЕГЕ КЕЧИГЕТ (1942-ЖЫЛДЫН ЖАЗЫНА) Эсимде... Бир жолу эмес, нечен ирет Бул айда тоо боорунан гүл терчү элек. А быйыл... күн жылыбайт, жер тегиз кар, Шумдук ай, неге мынча жаз кечигет? Алда эмне? Алмаштырып сан кылымды, Өзгөрбөй келе берип ар бир жылы, Же биздин каршы келип бактыбызга, Алсырап, жол жүрө албай чарчадыбы? Анда эмне?.. Жашообуздун негизгиси, Келатып бир кырсыкка кезиктиби? Болбосо, үйү алдында гүлдөрү аз деп, Же бизге таарынуунун белгисиби?
Эл жүдөп, жан-жаныбар арыктады, Сулуу жаз, бул кандайча сагынтканы? Болбосо, ак иреңи сары болуп, Байкоосуз катуу ооруга чалдыкканбы? Жок жаным, чарчабаган, таарынбаган... Жогорку үч себеп тең бирдей жалган. Эмесе кечигүүнүн чын себеби: Немецтин уулуу огунан жараланган. Күн нурлуу, кайгы билбейт, күлүп чыгат, Бир күндө биздин күндөн жаз айыгат. Андан соң жазасы үчүн кек алмай бар, Күнөөкөр анда кандай айла табат .
Ырды талдоо ыкмасы
Сөздүк менен иштөө
Тоо боорунан гүл терүү
Кырсыкка кезигүү
Кырсыкка кезигүү Кырсык Күтүүсүздөн болгон жаманчылык, кыйынчылык.
Эл жүдөп
Жүдөө Көрүнүшү жүдөө, өңүнөн азган, чүнчүгөн.
Ак иреңи сары болуу
Ирең Өң, бет ырайы. Кандайдыр бир нерсенин түсү, ыраңы.
«Ырды талдоо» ыкмасы
Салыштыруу:
Быйылкы 1942-жылдын жазы кандай болду ?
Мурдагы жаз кандай эле?
Ырдагы омонимдерди табуу
Күн Күн-асмандагы күн, бүгүнкү күн, эртеңки күн.
Жаз Жаз- мезгил, дептерге жаз, көйнөктүн бырышын жаз.
Сан Сан-1,2,3 сандары, адамдардын дене мүчөсү сан.
Үй Үй- жашаган үй, чөптү үй, таштандыны үй.
Теманы бышыктоо
Суроолор?
1. А.Осмонов ким?
2. 1945-жылы кайсы ырлар жыйнагы чыккан?
3. А.Осмоновдун «Неге кечигет?» чыгармасы канчанчы жылы чыккан?
4. Силер буга чейин Улуу Ата мекендик согуш тууралуу эмнелерди билет элеңер?
5. Эмне үчүн жаз кечигип жатат? Жазды атып коюуга мүмкүнбү?
6. А.Осмонов канчанчы жылы, кайсыл айда дүйнөдөн кайткан?
7. А.Осмоновдун кандай чыгармаларын билесиңер?
8. «Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына миң мертебе калп айта албаган» акын ким?
9. «Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин,
Октоо кылып: «Ай,аз бердин»,-дебесмин.
Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,
Мага берсе, эки сабак ыр берсин». Кайсы акындын ыры?
А.Осмоновдун сүрөтү канча сомдо түшүрүлгөн?
Үй тапш ырма:
- А.Осмонов «Бүкөн» чыгармасын жаттап келүү.
- Эки ырды салыштырып Венндин диаграммасын жазгыла.
- А.Осмоновдун башка чыгармаларынан жаттап келүү.