СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак 6 класс

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак 6 класс»

Сабактын темасы: Кыргызстан жер бетинде.

Сабактын максаты: Билим берүүчүлүк: Окуучулар Кыргызстандын географиялык абалы

жөнүндө маалымат алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Кыргызстандын тоо кыркаларын өз алдынча талдап,

карта боюнча үйрөнүшөт.

Тарбия берүүчүлүк: Өз мекениндеги табигый байлыктарды барктай билүүгө,

топтордо иштөөдө бири – бирин сыйлоого тарбияланышат.

Сабактын тиби: жаңы материалды үйрөнүү сабагы.

Сабактын усулу: Интерактивдүү

Колдонулуучу ыкмалар: Мээ чабуулу,тест, карточка, топтор менен иштөө.

Сабактын жабдылышы: Кыргызстандын физикалык картасы, окуу китеби, колдонмо

дептер, сүрөттөр, карточкалар, ватман, маркер, скотч, баалоо критерийи.

1.Сабактын жүрүшү: Уюштуруу: Мугалим класстын гигиеналык абалын карап,

доскага теманы жазып, карта сүрөттөрдү илет, сабакты КРнын гимни менен баштайт.

2.Өтүлгөн тема: Үйгө тапшырманы эске салып, топ ыргытуу оюну аркылуу

суроолорду берет:

Мисалы: а) Калктуу пункттар деп эмнени айтабыз?

б) Силер жашаган жер тоолуубу же түздүкпү?

в) Кыргызстан дүйнөнүн кайсы бөлүгүндө орун алган жана

кайсы өлкөлөр менен чектешет?

г) Калктын саны жер жүзүндө кандай ылдамдыкта өсүүдө? ж. б.

3. Өтүлгөн тема боюнча колдонмодогу тест менен иштөө.

1. Жер жүзүндөгү эң көп сандагы эл?

а) Кытай б) Индия в) Канада

2. Кыргызстан Түштүк – Батышынан кайсы мамлекет менен чектешет?

а) Казакстан б) Тажикстан в) Өзбекстан

3. Адамдын алгачкы маймыл сымал ата – бабасы канча жыл мурда жашаган?

а) 5 млн б) 4,5 млн в) 3 млн

4. Кыргызстан кайсы климаттык алкакта жайгашкан?

а) меелүүн б) тропиктик в) арктикалык

5. Кыргызстан түндүк жагынан кайсы мамлекет менен чектешет?

а) Кытай б) Казакстан в) Өзбекстан

4.Жаңы теманы өтүү: Мугалим бүгүн өтүлө турган “Кыргызстан жер бетинде”

деген теманын максаты менен тааныштырат.

5. жаңы тема боюнча мээ чабулу:

Мугалим: Кана балдар, силер Кыргызстандын географиялык абалы жөнүндө эмне

билесиңер же билем деп ойлойсуңар? Окуучулар ойлорун дептерлерине жазышып,

Кыргызстан

мугалимге айтышат. Мугалим окуучулар айткандарын доскага кластер түрүндө жазат:

Мисалы: Кең байлыктарга бай, Аянты – Казакстандан кичине, Климаты мелүүн, Тажикстандан чоң Калкы 5,3 млн ашык. Ар кандай өсүмдүктөр көп. Кыргызстан Евразия материгинин

борбордук бөлүгүнөн орун алган. Кытай, Тажикстан, Казакстан,

Өзбекстан өлкөлөрү менен чектешет.

6. Топторго бөлүү:

Окуучулар катары менен 1,2,3 деп санашып топторго бөлүнүшөт.

1 – топ Тоолор, 2 –топ Дарыялар, 3 топ Өсүмдүктөр деп аталышат.

7. Топтордун негизги иши: Топторго тапшырма берүү жана окуу китебин

пайдалануу менен иштөө.

1 –топ : а) Кыргызстандын негизи тоо системалары.

б) Тоолордун аталыштары

в) Контур карта менен иштөо

2 –топ: а) Дарыялардын пайда болуу жолдору

б) Кыргызстандагы ири дарыялардын аталыштары.

в) Дарыялар боюнча синквейн түзүү.

3 –топ: а) Кыргызстандагы өсүмдүктөр дүйнөсү.

б) өсүмдүктөрдүн таралышы жөнүндө.

в) Кыргызстанда өскөн өсүмдүктөрдүн сүрөттөрүн тартуу

Ар бир топтон бирден окучу доскага чыгып берилген тапшырмалар боюнча

презентация жасашат жана калган топ мүчөлөрү өз пикирлерин айтышып толукташат.

8. Мугалимдин жыйынтыктоосу: Мугалим топторго рахмат айтып, балдардын

айтпай кеткен ойлорун кошумчалап толуктайт. Жаңы теманын башындагы

окуучулар өздөрү айтышкан ойлору менен китептеги дал келген окшоштуктарды

анализдейт жана бышыктайт.

9. Жеке жана топтордун ишин баалоо:



10. Үй тапшырма: Кыргызстандын жалпы картасын түшүрүп, “Мекеним – Кыргызстан”

деген темадагы дилбаян жазып келүү.

Критерийлер Топтор

1 топ

2 топ

3 топ

Мазмуну жана түзүлүшү




1.Теманы кыска жана маңыздуу айтып берүүчүлүгү




2.Материалдарга эркин ээ болуусу




3.Карта менен иштөөсү




Презентациянын формасы:




1.Презентация мезгилинде өзүн кармай билүүсү




2.Көрсөтмөлүүлүктү пайдалануусу ( сүрөт, контур карта ж.б.)




Жыйынтыгы:









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!