СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак: "Эрте чыйралган талант" Кептик тема: Толук жана кемтик сүйлөм

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак: "Эрте чыйралган талант" Кептик тема: Толук жана кемтик сүйлөм»

Бишкек шаары. № 48 мектеп -гимназиясы.











Сабактын кептик темасы: Эрте чыйралган талант.

Грамматикалык материал: Толук жана кемтик сүйлөм

Өткөн класс: 10 -"Б" класс.

Мугалим: Курманбекова С.К.



Бишкек 2019-жыл

Сабактын кептик темасы: Эрте чыйралган талант. 

грамматикалык материал: Толук жана кемтик сүйлөм

Сабактын ресурстары: Таркатма материалдар, ватман, ТСО.

Сабактын максаттары:

Тилдик максат:

1. Толук жана кемтик сүйлөм тууралуу маалымат алышат.

2.Жаңы сөздөрдү өздөштүрүшөт.

3. Сүйлөмдөрдүн түзүлүшүнө жараша толук жана кемтик сүйлөмдү ажырата алышат.


Күтүлүүчү натыйжа:

1.Толук жана кемтик суйлөмдү белгилеп, аларга суроо бергенди билишсе, маанисин түшүнүп, сүйлөмдө туура пайдаланып алышса.

2. Жаңы лексиканы туура колдонуп сүйлөсө, жазса.


Кептик максат:

1.Кыргыздын атактуу бийчиси Чолпонбек Базарбаевдин өмүр баяны менен берилген тапшырмаларга, себеп, максат, сын-сыпат бышыктоочторду туура кошуп сүйлөй алышат.




1.Сүйлөөдө толук жана кемтик суйлөмдү кошуп сүйлөй алышса жана өз оюн так билдиришсе. Дилогдон толук жана кемтик сүйлөмдү көргөзүп, ажырата билишсе

Социо-маданий максат:

1.Бири-бирин угуп, баалашат.

2.Талаш-тартышка кошулуп, тема боюнча өзүнүн көз карашын тактайт.




1.Бири-бирин сыйлап уга билишет.

2.Кетирген каталарын сезип сынды да, мактоону да туура кабыл алышат.

Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү

Сабактын түрү:аңгемелешүү

Сабактын методу: коммуникативдик метод

Сабактын жабдылышы:окуу китеби,ТСО,түстүү сүрөттөр,проектор

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу. Жагымдуу маанай түзүү.

- Саламатсыңарбы, балдар? Балдар, сабак жагымдуу өтүш үчүн бири -бирибизге комплимент айтабыз
1. Мага сенин … жагат.
2. Сен…
3. Мен сенин … баалайм.
4. Мен сенин … суктанам.
5. мен сенин … жакшы көрөм

Текст менен иштөө: Балдар, силерге ү текстти сунуштайм. Угуп жатканда көңүл бургула, Чолпонбек Базарбаев деген ысым (ат, имя) буга чейин силерге тааныш эмес. Ошондуктан текстти угуп жатканда "Инсерт" стратегиясы менен окуйбуз.

Алгач сөздүккө карайбыз:

жарык дүйнөгө келген-родилься

билим алган-получил образования, учился

андан соң-после этого

кесипкөйлүгүн-професиионалность

калаадагы- в городском

жашоодо өз ордун табуу-получить в жизни своего


Текстти "инсерт " стратегиясы менен окуйбуз. Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында жарык дүйнөгө келген. 10 жашында Фрунзедеги музыкалык-хореографиялык училищеге тапшырып билим алган. Эмгек жолун 17 жашка толгондо Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында баштап, ошол эле жылы Москва, Ленинград шаарларына гастролдоп барган. Андан соң бир жыл Москвадагы академиялык хореографиялык окуу жайында кесипкөйлүгүн жогорулатып, борбор калаадагы театрда солист болгон. 

Балетте табылган сүйүү. Кыргыз ССРинин эл артисти өзүнүн алгачкы жана жалгыз махабатын училищеде окуп жүргөндө тапкан. Колуктусу Надежда Базарбаева экөө 20 жашында баш кошуп, 33 жыл бирге өмүр сүрүп, эки баланы татыктуу тарбиялап өстүргөн.

Мээримдүү ага. Балетмейстер 19 жашында атасынан айрылып, апасы беш бала менен жалгыз калган. Ошол учурда борбор калаада иштеп жүргөн үйдүн улуусу Чолпонбек бир туугандарын шаарда окутуп, жашоодо өз ордун табуусуна көмөктөшүп агалык милдетин аткара алган. Анын инилеринин бири Кудайберген Базарбаев министрлик кызматты аркалаган.

Алдына эч кимди салдырбаган бийчи. Базарбаев өзүнүн чыгармачылыгында 30дан ашык дүйнөлүк классикалык спектаклде бийлеген. Ал 25 жыл ичинде эл аралык жана бүткүл союздук фестивалдарга катышып, кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныта алган. Өнөрүнө союздук республикалардан сырткары, Европа, Африка жана Араб өлкөлөрүндө да күйөрмандары болгон. Ал өзүнүн таланты, эмгекчилдиги жана күжүрмөндүгүнүн аркасында 33 жашында биринчилерден болуп СССРдин эл артисти наамына татыган. 

Эрте келген ажал. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти 10 жылдай Кыргызстандагы театр ишмерлеринин союзунда төрага болуп, үч жыл Маданият министрлигин жектектеген. Андан соң бир нече жыл Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында директор, көркөм жетекчи кызматын аркалаган. Чолпонбек Базарбаев 2002-жылы 53 жаш курагында жол кырсыгынан улам көз жумган.

Аткарган ролдору[

  • Альберт (А. Адан, «Жизель»)

  • Зигфрид (П. Чайковский, «Ак куу көлү»)

  • Спартак (А. Хачатурян, «Спартак»)

  • Нурдин (М. Раухвергер, «Чолпон»)

  • Вацлав (Б. Асафьев, «Бахчисарай фонтаны»)

  • Жигит (Ф. Шопен, «Шопениана»)

  • Солор (Л. Минкус, «Баядерка»)

  • Макбет (Молчанов, «Макбет»)

  • Чолпонбай (Н. Нурымов, «Өлбөстүк») жана башкалар.




Балетмейстер Уран Сарбагышев менен Чолпонбек Базарбаев репетиция маалында

  • Чолпонбай Түлөбердиевдин ролун аткарып жаткан учуру

  • Чолпонбек Базарбаев гастролдоп Европа, Африка жана Араб өлкөлөрүнө чейин барган

  • Балетте табылган сүйүү. Кыргыз ССРинин эл артисти өзүнүн алгачкы жана жалгыз махабатын училищеде окуп жүргөндө тапкан. Колуктусу Надежда Базарбаева экөө 20 жашында баш кошуп, 33 жыл бирге өмүр сүрүп, эки баланы татыктуу тарбиялап өстүргөн.


Сабакты бышыктоо:

1. Чолпонбек Базарбаев деген ким? Мааниси туура келген сөздөрдү бириктиргиле.

1.

Кыргыз ССРинин


а

Чолпонбек Базарбаев бир нече жыл Абдылас Малдыбаев атындагы.

2.

Чолпонбек Базарбаев 2002-жылы 53 жаш курагында


б

Маданият министрлигин жектектеген.

3.

Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда


в

жол кырсыгынан улам көз жумган

4.

академиялык опера жана балет театрында директор, көркөм жетекчи кызматын аркалаган


г

эмгек сиңирген артисти

5.

Ал үч жыл


д

Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында жарык дүйнөгө келген.






2. Диалогду кунт коюп уккула. Угуп жатып толук жана кемтик сүйлөмдөрдү тапкыла.

-Кечиресиз, бул эстелик тууралуу билесизби?

– Ооба, бул Чолпонбек Базарбаевдин эстелиги.

– Ал ким билесизби?

-Бир аз.

– Эстеликтеги сүрөткө караганда бул бийчи же балетмейстр окшойт?

-Сизге кошулам.

-Бул адамдын тууралуу кайдан маалымат алсам болот?

- Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик хореографиялык окуу жайына анын ысмы берилген, ошол жактан маалымат алсаңыз болот.



3. Туура суроо бергиле.

. Туура суроо бергиле.

-______________________________________?

- Эмгек жолун 17 жашка толгондо Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында баштаган.

-_______________________________________?

- Бишкекте эстелиги коюлган.

-________________________________________?

- Альберт (А. Адан, «Жизель»), Зигфрид (П. Чайковский, «Ак куу көлү», Спартак (А. Хачатурян, «Спартак»)


-_________________________________________?

- Алдына эч кимди салдырбаган бийчи. 

4.Төмөнкү сөз, сөз айкаштары жана фразаларды катыштырып, сүрөттөрдү пайдаланып, Чолпонбек Базарбаевдин өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу чакан текст түзгүлө.

1.Өрнөктүү, 2.адам, 3.бийчи, 4.33 жыл бирге өмүр сүргөн, 5.1949-жылы 4-февралда төрөлгөн, 6.33 жашында биринчилерден болуп, 7.жол кырсыгынан улам,8. 20 жашында баш кошуп, 9.30дан ашык дүйнөлүк классикалык.

5. Бул синоним сөздөрдү сөздүгүңөргө жазып, аларды катыштырып толук жана кемтик сүйлөм түзгүлө.

Өрнөктүү// үлгүлүү, ысым-ат, баш кошуп-үйлөнүп,

инсан// адам өмүр сүргөн-жашаган, калаа -шаар

Окуучунун билимин баалоо: Бул сабакта окуучу өзүн-өзү баалайт. Ар бир окуучу сабакка катышканын токочтун бөлүгү менен баалап, мугалимге берет.

  1. Жыйынтыктоо.

Биз бүгүн сабакта эмнелерди өттүк, эмнелерди билдик, үйрөндүк?

Сабакта үйрөнгөн толук жана кемтик сүйлөмдөрдү турмушуңарда баарлашууда колдонгула. Атактуу бийчи Чолпонбай Базарбаевдин атын биле жүргүлө

Үй тапшырма: Үйдөн Базарбаевдин аткарган рольдору жана алган сыйлыктары тууралуу кошумча маалымат таап келгиле. Өмүр баянын айтып берүүгө даярданып келгиле.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!