СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак: Искуство жана музыка

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак: Искуство жана музыка»

Сабактын темасы: Искуссво жана музыка.


Күтүлүүчү натыйжалар жана сабактын максаты:


Тилдик максат:

1. Искусттво жана музыка жөнүндө сөздөрдү, маалыматтарды үйрөнүшөт.

2.Жаңы сөздөрдү өздөштүрүшөт.

3. текстти өз сөзү менен айтып беришет .

4. кимди?/эмнени? деген суроолорго жооп беришет.

Күтүлүүчү натыйжа

1. искусствонун кайсы түрүн жактырганын айта алышса.

2. Жаңы лексиканы туура колдонуп сүйлөсө, жазса.

3. Берилген сөздөрдөн, сөз айкашынынан текст түзсө

Кептик максат:

1. маектешкен адамдын пикирин такташат.

2.суроолорго жоопторду тексттен табууга үйрөнөт..


1. Искусствонун кайсы түрүн жактырарын айтышса.

2.мазмунга ылайык сүйлөмдөрдү толуктай алышса.

Социо-маданий максат:

1.Бири-бирин угуп, баалашат.

2.Талаш-тартышка кошулуп, тема боюнча өзүнүн көз карашын тактайт.



1.Бири-бирин сыйлап уга билишсе.

2.Кетирген каталарын сезип сынды да, мактоону да туура кабыл алышса.

Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү

Сабактын түрү: аңгемелешүү

Сабактын методу: коммуникативдик метод

Сабактын жабдылышы:ТСО,таркатылуучу материалдар, текст,проектор

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу. Учурашуу. Окуучуларды жоктоо. Журнал толтуруу. класстын тазалыгына көз салуу. Жагымдуу маанай түзүү.

- Саламатсыңарбы, балдар? Балдар, сабак жагымдуу өтүш үчүн бири -бирибизге комплимент айтабыз
1. Мага сенин … жагат.
2. Сен…
3. Мен сенин … баалайм.
4. Мен сенин … суктанам.
5. Мен сенин … жакшы көрөм

Үй ишин текшерүү: Сарык оорусу(гепатит) тууралуу оозеки айтып беришет.(Орус тилинен кыргызча оозеки которуп, тексттин мазмунун кыскача сүйлөп берүү)






Жаңы сабак:

Сабакка киришүү: Окуучулардан: Силерге кандай музыка жагат? деп сурайм.

Тактанын ортосуна «искусство» деген сөз жазылат. Окуучулар кластерге:

Искусство деген эмне?

Искусствонун кандай түрлөрүн билесиңер? деген суроолорго жоопторду идея катары сунушташат. Ар бир идея четке калбай кыскача бары жазат.

бий

балет

живопись скульптура


сүрөт көргөзмө




Искусство


музыка аткаруучу,




портрет

к ино

симфония

коюучу-режиссёр

Көркөм адабият

картина Театр

жазуучу

драматург






1-тапшырма. Сөздөрдү жана сөз айкаштарын окугула. Түшүнүксүз сөздөрдүн маанилерин аныктагыла. Төмөнкү сөздөрдү тематикага бөлүштүргүлө.

Сөздөр: калем, аңгеме, эстелик, живопись, акын, спектакль, бийчи, автор, галерея, ооз комуз, драматург, айкел, ырчы, симфония, сүрөтчү, пейзаж, комуз, жазуучу, портрет, обон, аткаруучу, күү, режиссёр, актёр, оркестр, картина, көргөзмө, көшөгө, повесть, поэма, коюучу-режиссёр, оператор.

Сүрөт

Музыка

Театр

Көркөм адабият

Кино

Калем

живопись

Комуз

ырчы

Актер

Коючу-режиссер

Поэма

автор

Оператор

режиссер

2-тапшырма. Искусствонун кайсы түрүн жактырарыңды кантип айтасың? Көрсөтмөнү пайдаланып, айтып көргүлө.

Көрсөтмө

а, о, у, ы, э, и, ө, ү,

аа, оо, уу, үү, ээ, өө

-ны, -ни, -ну, -нү

б, в, г, д, ж, з

ды, -ди, -ду, -дү

к, п, т, с, ш, ч, х, ф, щ, ц

-ты, -ти, -ту, -тү


Кимди жактырасың?

сүрөтчүнү

музыкант...

балерина...

М ен актер.... жакшы көрөм. Анткени ... .

бийчи...

ырчы...

комузчу...


3-тапшырма.

Таланттуу, таанымал инсандардан кимдерди билесиңер? Ал ким? Анын эмнеси (келбети, мүнөзү, чыгармачылыгы, ж. б.) жагат.


Үлгү: Мен Татыбүбү Турсунбаеваны жакшы билем. Ал – актриса. Анын сулуулугун жактырам.











Сабакты бышыктоо:

4-тапшырма. Сунушталган төрт жуптан окшоштуктарды тапкыла.

1) жамгыр: күз

(а) кар: кыш

(б) жаан-чачын : шамал

(в) таң : бубак

(г) мөндүр : түшүм


2) музыка: кубаныч

(а) калп : ишенбөөчүлүк

(б) мактоо : тилдөө

(в) ыраазычылык : сөз

(г) макулдук : баш тартуу


3) күкүм : нан
(а) саат : мүнөт
(б) чамынды : жыгач
(в) бүртүк : кумшекер
(г) суу : чака

Туура жооптор: 1) а 2) а 3) в

6-тапшырма. Маанилери тиешелүү сөздөр менен туташтыргыла, искусство темасы боюнча чакан текст түзгүлө.

адабият

  • чындыкты көркөм образдарда чыгармачылык менен көрсөтүү; көркөм чыгармачылык өнөрү; көркөм чыгармачылыктын бир тармагы.

б едизчи (скульптор)

  • белгилүү бир музыкалык ыргакты сактагандагы үн.

күү

  • скульптура жасоого адистешкен сүрөтчү.

обон

  • комузда чертилүүчү же башка музакалык аспаптарда аткарылуучу музыкалык чыгарма, обон.

ж азуучу

  • поэзиялык чыгарма жараткан автор, ыр жазган адам.

акын

  • көркөм-адабий кара сөз чыгармаларды, жазган адам.

көргөзмө

  • көпчүлүккө көрсөтүлүүчү ар кандай нерселердин жыйындысы жана аларды коюучу жай, орун


театр


  • адамдын ички сезимдерин жана идеяларын ритмикалык жана интонациялык түрдө бириккен үндөр менен берүүчү искусство жана ошол искусствонун чыгармасы

музыка


  • драма, опера, балет сыяктуу сахналык оюндарды актёрлор аркылуу көрүүчүлөргө элестүү кылып көрсөтүү искусствосу

кино


  • тилдин, көркөм сөз каражаттарынын жардамы менен адабий образдарды түзүүчү искусствонун бир түрү

искусство


  • кинематография, киноискусство, кинофильм, кинотеатр деген түшүнүктөрдү билдирүүчү жалпы ат


7-тапшырма.

Текстти окугула. Белгиленген фразалардын маанилерин түшүндүргүлө.

Музыка

Байыркы гректер ырчы Орфей жөнүндө миф чыгарышкан. Жебе же кылыч коргой албаган, күч же тайманбастык жардам бербеген учурларда Орфейдин ыры кереметтерди жараткан. Ал кифарасын колуна алып, мукамдуу күүнү коштоп ырдай баштаганда шамал жалбырактарды шуудуратпай тык токтоп, алыстагы аскалар аны утурлай жылып, деңиз мемиреп, жапайы айбандар ийиндеринен чыгып, ажайып ырчыны ээрчиген. Булардын бардыгын кереметтин керемети – музыка арбап, өзүнө баш ийдирген. Байыркы мезгилдерде музыканы мына ушундайча жогору баалашкан.

8-тапшырма. Сөздөрдү тиешелүү жерге коюп, сүйлөмдөрдү толуктагыла.

Сүйлөмдөр

Сөздөр

Байыркы гректер ырчы Орфей... жөнүндө миф чыгарышкан.

Анын ыры ...кереметтерди жараткан.

Ал кифарасын ...колуна алып, ... коштоп ырдай баштаганда шамал ... шуудуратпай тык токтоткон.

Булардын бардыгын кереметтин керемети – музыка арбап, өзүнө баш ийдирген.

Байыркы мезгилдерде .музыканы мына ушундайча жогору баалашкан.

жалбырактарды

колуна

Орфей

музыканы

күүнү

музыка

кереметтерди


9-тапшырма. Аралашкан сүйлөмдөрдү логикалык жактан байланыштырып, текст формасына келтирип, тизмектеп чыккыла.


Сүйлөмдөр

Катар номери

Музыка адамдын ички дүйнөсүн калыптандырат, окуяларды туура баалоого көмөк берип, табитин тарбиялайт.

2

Адамдын турмушунда музыканын мааниси чоң.

1

Музыка жеңил жана олуттуу музыка болуп бөлүнөт.

5

Болгону музыканы үстүрттөн жана терең түшүнгөндүк бар.

4

Бирок бул олуттуу музыка жакшы, жеңил музыка начар дегенди түшүндүрбөйт.

6

Жеңил музыка угууга жана түшүнүүгө оңой, ага ыр, бий, күүлөр, жаз музыкасы кирет.

7

Музыканы жакшы көрбөгөн адамды элестетүү да кыйын.

3

Жеңил музыка көңүлдү көтөрүп, эсте оңой сакталат.


Эң башкысы, жакшы музыка болсо болгону.


Улуу композиторлор да жеңил музыканы көп жазышкан жана жазып жатышат.





Угабыз

10-тапшырма. Текстти уккула. Жогорку тапшырманы туура же туура эмес аткарганыңарды текшергиле.

Адамдын турмушунда музыканын мааниси чоң. Музыка адамдын ички дүйнөсүн калыптандырат, окуяларды туура баалоого көмөк берип, табитин тарбиялайт. Музыканы жакшы көрбөгөн адамды элестетүү да кыйын. Болгону музыканы үстүртөн жана терең түшүнгөндүк бар. Музыка жеңил жана олуттуу музыка болуп бөлүнөт. Бирок бул олуттуу музыка жакшы, жеңил музыка начар дегенди түшүндүрбөйт. Жеңил музыка угууга жана түшүнүүгө оңой, ага ыр, бий, күүлөр, жаз музыкасы кирет. Жеңил музыка көңүлдү көтөрүп, эсте оңой сакталат. Улуу композиторлор да жеңил музыканы көп жазышкан жана жазып жатышат.

Эң башкысы, жакшы музыка болсо болгону.

Сабакты жыйынтыктоо: Балдар демек искусствону казып отурсак, нанын түбү чексиз көрунөт. Бүгүн биз искусско жана анын бир тамчысы болгон музыка жөнүндө сүйлөштүк. Демек искусство биздин жашообузду кооздосо, музыка ага жыргал эс алуу, көнүлдүү маанай тартуулап турат экен.

Бүгүнкү сабакта тапшырмаларды аткарып, активдүү катышып бергениңерге чоң ырахмат.

Окуучунун билимин баалоо: Бул сабакта окуучу өзүн-өзү баалайт. Ар бир окуучу сабакка аткарган тапшырмалардын санына жараша бааланат.

Үйгө тапшырма: 12-тапшырма. Досуңарга театрга барууга же барбоого кеңеш бергиле.


Үлгү: Сага ... көрүүгө кеңеш берем. Анткени ... . Сен театрга барганга чейин ... болот. Ошондо театрдан ... болосуң. Сизге ... көрүүгө кеңеш бербейм. Анткени ... / Сиз театрга барганга чейин ... , ошондо театрдан ... болосуң.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!