Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак "Манас эпосу"»
Манас эпосу
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Тапанова Айзада
Сабактын темасы : «Манас эпосу» адабият сабагы 8-класс
Билим берүүчүлүк : « Манас» эпосунун кыргыз адабиятындагы алган орду ,адабий мурас катары окуучуларга тааныштырып, эпостун улуулугун, баалуулугун окуп үйрөнүшөт.
Өнүктүрүүчүлүк : Эпосту окуу менен окуучулардын дүйнө таанымы кеңейет.
Тарбия берүүчүлүк : Окуучулар ата-бабалардан келе жаткан салтты улай, улууларды урматтоого, айкөл, патриот болууга тарбияланышат.
“ Манас” – кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу. "Манас" эпосу дүйнө жүзүндөгү эң чоң поэма болуп эсептелет - 500 553 ыр сабынан турат.
- "Манас" эпосу - кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган эпикалык чыгармасы. Кыргыз элинин дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Эпостун баш каарманы - Манас баатыр - "тарыхый киши болгонбу, болсо ал качан жашап өткөн,кандай иштерди кылган" - сыяктуу суроолорго азырынча бир жактуу, так жооптор бериле элек.
.
Maнac, Aлмaмбeт, Бaкaй, Kaныкeй, Cыpгaк, Чyбaк, Ceмeтeй, Ceйтeк, Kүлчopo – өз элине чексиз берилген, чыдамкай, тапкыч, мекени үчүн жанын берүүгө даяр чыныгы баатырлар. Алар бул сапаттарын эпостун жүрүшүндө иш жүзүндө көп жолу далилдешет.
Биринчи жолу Кыргызстандын баатыры Манастын эстелиги 2012-жылдын 24-мартында Орусияда ачылган, Достук паркында жайгашкан .
МАНАС - Кыргыз элинин туу чокусу.
9 жана 10-кылымдагы окуялар чагылдырылган., Башкача айтканда кыргыздардын ошол мезгилдеги жашоосун, үрп-адаттын, тарыхын жана салт-санаасын дааналап турган улуу эпос.
«Манас» эпосу бүгүнкү күндө өз актуалдуулугун жоготкон жок. Театралдык аткарууларды, коюлган оюндарды, сынактар манасчылар бар.
Манас – айкөл, кечиримдүү, эр жүрөк, элине камкор мүнөзү менен айырмаланат.
Манасчылык –өзгөчө өнүп –өскөн кесип
- Саякбай Каралаев
- Сагынбай Орозбаков
- Жусуп Мамай
- Шаабай Азизов
- Жаңыбай Кожоке уулу
- Уркаш Мамбеталиев
- Асанкан Жуманалиев
- Касмамбетов Сапарбек
- Багыш Сазан уулу
- Молдобасан Мусулманкул уулу
- Мамбет Чокмор уулу
Манасчылыктын эң жогорку чеги –чоң манасчылык .
1.Каба Атабек уулу
2.Ыбрай Абдрахманов
3.Сейдене Молдоке кызы
4.Акмат Рысменде уулу
5.Ашымбаев Мамбеталы
6.Н Сейдраманов
7.Тыныбек Актан уулу
8. Бүбүмайрам Муса кызы
9.Талант Бакчиев
10. Рыспай Исаков
Чоң рахмат!