СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак: Сүймөнкул Чокмомров-актёр, сүрөтчү.

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак: Сүймөнкул Чокмомров-актёр, сүрөтчү.»

Сабактын темасы: С.Чокморов – актёр, сүрөтчү



Тилдик максат:

1. С.Чокморовдун өмүрү чыгармачылыгы тууралуу маалыматтарды алышат.

2.Жаңы сөздөрдү өздөштүрүшөт.

3. Жаңы сөздөрдү пайдаланып текст түзүшөт.

4. -га мүчөсүн туура колдонгонду үйрөнүшөт.

Күтүлүүчү натыйжа

1. С.Чокморовдун өмүрү чыгармачылыгы тууралуу маалыматтарды толук өздөштүрүшсө

2. искусствонун кайсы түрүн жактырганын айта алышса.

3. Жаңы лексиканы туура колдонуп сүйлөсө, жазса.


Кептик максат:

1. Жуптарда аңгемелешип, бири-бири менен пикир алышат.


2. С. Чокморовдун сүрөттөрүнөн окшоштуктарды жана айырмачылыктарды табышат.


1.Чокчоровдун ар тараптуу талант экенин биле алышса .

2. Мазмунга ылайык сүйлөмдөрдү толуктай алышса.

Социо-маданий максат:

1.Бири-бирин угуп, баалашат.

2.Чокровдун ден соолугу чың болгондо дагы кандай ийгиликтерди багынтмак деген темада өз ойлорун айтышат..



1.Бири-бирин сыйлап уга билишсе.

2.Кетирген каталарын сезип сынды да, мактоону да туура кабыл алышса.

Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү

Сабактын түрү: аңгемелешүү

Сабактын методу: коммуникативдик метод

Сабактын жабдылышы:ТСО,таркатылуучу материалдар, текст,проектор

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу. Учурашуу. Окуучуларды жоктоо. Журнал толтуруу. класстын тазалыгына көз салуу. Жагымдуу маанай түзүү.

Балдардын ар бирине барак таратылат, баракты карабастан төшүнө коюп, өз бет келбетинин сүрөтүн тартат. Аягына "Бул мен " деп жазат

Үй ишин текшерүү: Кыргызстандын белгилүү кино жылдыздары.


Жаңы сабак:

Сабакка киришүү: Сүймөнкул Чокмров тууралуу слайд көрсөтүлөт.

1-тапшырма. Сүрөтчү, киноактер, муун оорусу, дублёр-каскадёрсуз, кан тамыр, спорт чебери, 56 жолу, операция, биринчи байге деген сөздөрдү колдонуп, текст түзүп, окуп бергиле.


2-тапшырма. Текстти окугула. Сүймөнкул Чокморовдун эрки күчтүү, керемет актёр жана сүрөтчү экендигин 4–5 мисал менен айтып бергиле.

С.Чокморов актёр жана сүрөтчү

Сүймөнкул Чокморов (09.11.1939–26.09.1992)  дүйнөгө белгилүү сүрөткер, залкар киноактёр, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл артисти, СССРдин Эл артисти, СССР сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү, Кыргыз Эл депутаты, көптөгөн Эл аралык, Бүткүл союздук, Республикалык сыйлыктардын, баш байгелердин ээси, жыйырмадан ашык кинотасмаларда башкы ролдорду ойногон. Ал көркөм сүрөт (пейзаждык жана портреттик жанр) жана графика түрүндөгү 800гө жакын чыгарманын автору. 27 полотносу дүйнөнүн атактуу музейлеринде илинип турат.

Ленинграддагы көркөм сүрөтчүлөр академиясын 1964-жылы бүтүргөн. Волейбол боюнча спорт чебери, Кыргызстандын жана Ленинград шаарынын курама командасында ойногон.

Сүймөнкул Чокморов 15 жашына чейин муун оорусу менен ооруган. Туулгандан баштап бир бөйрөгү болгон эмес (поликистоз). Ушуга карабай өзүн аябастан иштеп, ролдорду дублёр-каскадёрсуз ойногондуктан, 1982-жылы апрель-май айларында бөйрөктүн катуу оорусуна чалдыгып, өпкөсүнө суук тийген. 1992-жылдын сентябрь айына чейин жалпы наркоз менен бөйрөгүнө, кан тамырларына 56 жолу оор жана кымбат операция жасалган.

С.Чокморов ооруп кыйналганына карабай, сүрөт жаратты, киного тартылды. Ал – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан кинотасмаларын дүйнөлүк аренага алып чыккан инсандардын бири. Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Эл аралык жана СССРдин кинофестивалдарында беш жолу катары менен биринчи байгени жеңип алган. Оорунун азабынан С. Чокморовдун көп кырдуу таланты толугу менен ачылбай кетти, Манас, Чынгызхан, Темирландын ролдорун аткарсам деген ойлору ишке ашкан жок. Бул тууралуу кинорежиссер Т.Океев: «…Сүймөнкул экөөбүз кино өнөрүнүн күлүгүн узакка чабабыз деп ойлочумун, …оорунун дартынан ал кинодон алыстай түштү, …Чынгызхандын ролун аткармак, … Манасты да Сүймөнкулга ойнотсом деп болжогом» деген.


Сабакты бышыктоо: 3-тапшырма. Көп чекиттин ордуна -га мүчөсүн улап жазгыла.

1992-жылдын сентябрь айына чейин жалпы наркоз менен бөйрөгү..., кан тамырлары... 56 жолу оор жана кымбат операция жасалган. С. Чокморов ооруп кыйналганы... карабай, сүрөт жаратты, кино... тартылды. Ал – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан кинотасмаларын дүйнөлүк арена... алып чыккан инсандардын бири. Сүймөнкул экөөбүз кино өнөрүнүн күлүгүн узак... чабабыз деп ойлочумун. Чыңгызхан, Темирландын ролдорун аткарсам деген ойлору иш... ашкан жок.


4-тапшырма. С. Чокморовдун сүрөттөрүнөн бештен кем эмес окшоштуктарды, бештен кем эмес айырмачылыктарды тапкыла.

Окшоштуктар Айырмачылыктар
Үлгү: 1-окшоштук. Эки сүрөттө тең Сүймөнкул Чокморов – чыгармачыл адам. 1. Биринчи сүрөттө С. Чокморов сүрөт тартып жатат. Экинчи сүрөттө С. Чокморов роль аткарууда.


Үйгө тапшырма: 5-тапшырма. «Сүймөнкул Чокморовдун ден соолугу чың болгондо ... » деген темада ой жүгүртүү эссесин жазгыла. Эссеге нускама:

Киришүү бөлүгүндө С. Чокморовдун ооруларына карабай, кино жана сүрөт искусствосуна кошкон салымы тууралуу;

Негизги бөлүгүндө С. Чокморовдун ден соолугу чың болгондо сүрөт жана кино искусствосуна кандай салымдарын кошо тургандыгын, андан эл кандай таасирленерин жана ага берер баасы жөнүндө;

Жыйынтык. Таланттуу актёр, чебер сүрөтчү боюнча жалпы жыйынтык чыгаргыла.

Кинону жакшы көрөр-көрбөсүн, кайсы фильмдер жагарын-жакпасын, кайсы актёр сүйүктүү экенин, акыркы учурда кайсы фильмди көргөнүн, анда маанилүү эмнелер болгонун сурап бил.

Ой жүгүртүү эссени баалоо критерийлери

1

Мазмундун толук чагылышы: тапшырма толук аткарылып, мазмун айкын ачылса;

4 упай

2

Эссенин структуралык бүтүндүгү: киришүү, негизги, жыйынтыктоочу бөлүктөр байланышып, автордун идеялары так, түшүнүктүү берилсе;

3 упай

3

Сабаттуулугу: сүйлөмдөрдүн түзүлүшү так болуп, стилистикалык, пунктуациялык жана орфографиялык жактан туура жазылса.

3 упай


Жыйынтыгы

10 упай

«2» баа коюлат

Сабакты жыйынтыктоо:

Окуучулардын билиимин баалоо: 9–10 упайга – «5», 7–8 упайга – «4», 5–6 упайга – «3» , 2–3 упайга –


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!