СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адам болуу ыймандан

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адам болуу ыймандан»

5


Адам болу ыймандан

Сабактын максаты :Окуучуларды ыймандуу, адептуу болууга тарбиялоо жана ыйман жонундогу ырларды жататтып аларды корком айттыруу.

Сабактын журушу:

Уюштуруу: Окуучуларды сахнага тизип. Коруучулор бары топтолгондо бары менен саламдашам.

Алгач соз башын озум айтып кийин окуучуларга оз ырларын корком айтууга кезек берем..

-Эгер байлык, балдар, чектелүү илим, атак-даңк, бийлик болсо да, чыныгы бакыт ишке ашпай калышы ыктымал. Демек, бакытты ишке ашыруучу бул эмне?
Адамдын бактылуу жашоодо жашагандыгынын сыры
1. Дүйнөдөгү бакыт – жакшы жашоого, жандын жай, бейкутчулукта болушуна, напси кылынган ырыскыларга каниет кылуусуна, ибадат кылуу менен бирге ырахат алууга ылайыкталган.

Ыйман менен адамдын туубаса мүнөзү айкалышып чогуу жүрөт.
Кимсанбай ажы Абдыразак уулу
Кимсанбай ажы Абдыразак уулу Өзгөн районубуздагы кадырман карыялардын бири. Ал кезегинде жооптуу кызматтарда иштеп, эл оозуна алынган инсан. Ошондой эле поэзия жаатында да түйшөлүп, ыр дүйнөсү менен сырдашып келүүдө. Бүгүнкү күндө үч китептин автору.
1996-жылы ажыга зыярат жасап келген. Ошондуктан, ыйман темасына көп кайрылат. Ушул багытта жакында «Адам болуу - ыймандан» деген поэмасын жазып, окурмандарга тартуулап олтурат. Мунун мааниси абдан терең.

Алла Таала кудурет.
Адилеттүү бу зирек.
Жан-жаныбар баарынан,
Артыкча акыл-эс берип,
Сүйлөгөнгө сөз берип,
Жаратыптыр адамды.
Адам ата, Обо эне.
Эркек менен аялды.
Бири атабыз бири эне,
Экөө удаа жаралды.
Жер жүзүндө адамзат,
Шул экөөнөн таралды,

Алмусактан быякка,
Адамзатка арналган,
«Адам болуу - бул ыймандан»,
- деген сөз байыртан.
Чындыгында адамдын,
Ыйыктыгы ыймандан.
Адеп-ахлак тарбия,
Жеткирет асыл ыйманга.

Ыйман деген бул эмине?
Ынтаа коюп берилип.
Билгени дурус ар пенде.
Ыйман гана инсанды,
Инсан кылат турбайбы.
Инсандарды атүгүл.
Зоболосун көтөрүп,
Султан кылат турбайбы.

Кыргыз ата, бабалар,
Кылымдап накыл сөз кылган
Кыйышпаган өмүрдө,
Асыл досуң ыйманың.
Ыймандууга жанашкын,
Ыймансыздан адашкын.
Ыйман туткан эл озот,
Ыймансыз болсо, эл тозот.

Ыймандуунун дилинде,
Жакшы максат ой болот.
Тилегин берип теңирим,
Ырыс-дөөлөт мол болот.
Ыймандууда уят бар,
Кичи пейил ызат бар.
Улуу кичүү агайың,
Ыймандуу болсун ылайым!

Ыйманда бар ынтымак,
Ынтымакта ырыс бар.
Эки миң эки жүз жылга,
Жашап келет кыргыздар!
Ырысы бар пендеде,
Ырахаттуу турмуш бар.
Өлкөбүздү чыңдайлы,
Ынтымак болуп кыргыздар.

Ыйман баштап адамды,
Таза жолго жүргүзөт.
Табалбаса ыйманды,
Адаштырып мүргүтөт.
Талыкпай илим алганды,
Кадырына мингизет.
Калкына тийип пайдасы,
Камкордук жайын эл күтөт.

Ыйман туткан пенденин,
Даана болот акылы.
Ибадат кылып ак дилден,
Алла болот жакыны.
Жаман жолго бастырбас,
Тушоо болот ыйманы.
Ыйман экен деп туят,
Пенденин Рух азыгы!

Пенде тайса ыймандан,
Дос ашырат шайтандан.
Акыретте кор болуп,
Башына түшөт чоң арман!
Бийлик тайса ыймандан,
Элине тиет кесири.
Калкалоого жарабайт,
Жетим менен жесирди

Ата баба илгертен

Айтып кеткен осуят.
Кытайга барып болсо да,
«Илим ал» деген насыят.
Ыйман үндөйт илимге,
Изденип көп билүүгө.
Илимдүүнүн көзү ачык,
Билбегенди билүүдө.



Ыйман деген чынында,
Улуу адамгерчилик.
Айкөл мүнөз жайдары,
Адилет, калыс, теңчилик.
Өзгөлөрдү жат дебей,
Өөдөсүнүп пас дебей,
Бирдей көрөт баарысын,
Бир туушкан эмедей.

Туулган жер, эл үчүн,
Арнаган намыс, өмүрүн.
Бакубат жакшы жашоого,
Астейдил бурган көңүлүн.
Жакшылык ишке үндөгөн,
Жагымсыз жолго жүрбөгөн,
Жарандар өссүн дүркүрөп,
Кыргыз деп жанын үрөгөн!

Барга, жокко бек чыдап,
Жасай билген канагат.
Бир туугандай боордош,
Момундарды сыйлашат.
Карым катнаш арттырып,
Досчулукту чыңдашат.
Жардыларга кам көрүү,
Ыймандууга жакшы адат.

Урмат кылып бүлөсүн,
Кечире билген күнөөсүн.
Ынтымактуу жубайлар,
Ыймандуу келет ал өзү.
Өстүрүп уул-кыздарын,
Алардын көрөт урматын.
Ата-эне болсо ыймандуу,
Балдары табат ыйманды.

Адамдык ыйык сапатты,
Аныктоочу ыйманың.
Бак-дөөлөттүн жолуна,
Багыттоочу ыйманың.
Эсиңде болсун агайын,
Ыймандуулар дүйнөнүн.
Кыдыр баба жылоолоп,
Көрүп өтөт жыргалын.

Ыйман табаар бир жайың,
Улуу-кичүү ук баарың.
Ата-энени пир тутуп,
Айныксыз жаса кызматын.
Керектүүсүн белендеп,
Тиригинде сыйлагын.
Кыянат сүйлөп ороңдоп,
Асти капа кылбагын.

Ата-энени сыйлаган,
Алладан алат ыракмат.
Батасы тийип атанын,
Жашоодо көрөт ырахат.
Ата-энени сыйласаң,
Сый көрөсүн баладан.
Алла да болуп ыраазы,
Ар качан сактайт балаадан.

Ата-энени сыйлабас,
Калып кетет назардан.
Жакшылык көрбөй турмушта,
Кордукту көрөт ал наадан.
Ата каргышы ок болот,
Абайла жаштар абайла!
Акыл-эсти токтотуп,
Атаңдан алгын ак бата!

Бүткөн бойду сактайлы,
Кесирлүү жаман арамдан.
Айкөл мүнөз Манастай,
Адамзатка жарашкан.
Адилеттүү ак ниет,
Таза жүрүм-турумуң.
Бажоо жашоо турмушуң.
Ыймандуулук мына ушул!

.
Адам болом дегенге,
Мына ушул асыл тарбия!
Адептүүлүк адамды,
Кадыр-баркка жеткирет.
Илим-билим аркалап,
Келечекке жүткүнтөт.

Улууларды урматтап,
Кичүүлөрдү сыйлайлы.
Насаат сөзү карынын,
Акылга болот уютку!
Кайыр кыл жетим, жесирге,
Тиригиңде көзүңдүн!
Көтөрүлүп көп сүйлөп,
Боло көрбө өзүмчүл!

Берешен болгун жашоодо,
Ажаатын ачып бирөөнүн.
Ошондо кудай кечирет,
Байкабай кылган күнөөнү.
Бакылдактан алыс бол,
Ошонун өзү жаман жол..

Көп уктаган жарашпайт,
Көптү билген адашпайт.
Эрте туруп жүз чайкап,
Тообо кылып келме айтып,
Тилек кылсаң кудайдан,
Максатыңа жетесиң.
Ожалып ниетиң оңолуп,
Ооматың артат ыймандан!

Ушул ырлардан кийин окуучулар адеп, ыйманжонундо макал айтышат.

Сабакты жыйынтыктаймын.


























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!