СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адам бул-калем

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Адам бул-калем»

Чөйрөбүзгө пайдалуу адам болуу: Адам бул – калем.


А: Окуучуларга суроолор.


  1. Адамды калемге окшотууга болобу?

  2. Адамдын турмушундагы кыйынчылыктар кандай пайда алып келет?

  3. Силер аркаңардан кандай сөздүн калышын каалайсыңар?


Б: Теманы түшүндүрүү.

Калем жасаган уста колундагы калемди жасап бүткөндөн кийин ага кайрылып:

Сен мындан кийин өз кызматыңды так өтө. Сени белгилүү бир максат менен жасап жатканымды жана төмөнкү беш нерсени эсиңден чыгарба:

  1. Сени бирөө өз колуна алып, туура багыт бергенде гана улуу иштерди жасай аласың.

  2. Сен мезгил-мезгили менен катуу сыноодон өтүп, кыйынчылык менен курчуткан абалга туш болосуң. Бирок, сенин эң жакшы калем болуп, кылган ишиңди так болушу үчүн чындай сыноо зарыл.

  3. Өзүң кылган каталарды өчүрүп, оңдоо мүмкүнчүлүгү болот. Ошондуктан жаңылышкан болсоң аны өчүрүп, кайра оңдогонго аракет кыл.

  4. Жашооңдогу эң маанилүү бөлүк сенин ичиңе жайгаштырылган. Ар бир ишиңди ыкластуулук менен аткарганга аракет кыл. Жүрөгүң менен көңүлүңдү кирден арылтып, жакшылыкты гана алып кал.

  5. Кандай гана тегиздикте колдонбосун, ар дайым түз, так жана даана билинген, артыңдан өчпөй турган жакшы из калтырышың керек. Кандай гана абалда болбогун жазганды токтотпошуң керек. Бул сенин милдетиң.

Адам дагы калем сыяктуу. Калемге берилген мүнөздөмөлөрдү жана милдеттерди да адамга ыйгарууга болот. Бала төрөлөт, ата-энесинин тарбиясын көрөт. Мектепке барат, окуйт, билим алат. Ишке баштап, коомго аралаша баштайт. Мына ушул процесс менен инсан өзүнүн багытын алат. Ар бир адамдын коомдо өзгөчө орду бар экенин баарыбыз сезишибиз керек. Бешиктеги баланын бек болорун ким билет дегендей ар бир балага өзүнө жараша мамиле кылып, мыкты жарандарды тарбиялаш керек. Талантына, шыгына жараша багыт бериш керек. Бала деген жаш көчөт, аны кантип бутап, кай жакка бурсаң, ошол тарапты карай өсөт. Мөмөлүү даракты үстүнөн бутаса капталга карай өсүп, көп мөмөлүү болот. Теректи болсо капталдарынан бутап, жогору карай өстүрүшөт. Канчалык бийик жана калың болсо ошого жараша андан көп жыгач чыгат. Адамга да талантын жана шыгын байкап ошого жараша ата-эне да, мектеп да, коом да багыт бериш керек.

Кез-кези менен биз калемди учтайбыз. Себеби, жакшы жана кооз жазалы дейбиз. Бычак менен калемди кескендей, адамдын да башына турмуштун оор сыноолору, түйшүктөрү түшөт. Бычак калемди сайгылап, кескендей көрүнгөнү менен ал жерде калем учталып жатат. Ошол сыңары, ар бир мүшкүл, тагдырдын оордугу жана түйшүктөрү да адамды чыңалтып, кайрап, такшалдырат. Кандай гана проблема болбосун адам сабырдуулук кылып, аны жеңгенди билиши керек. Ар бир проблеманы сабыры менен жеңген сайын түрдүү тажрыйбаларга ээ боло баштайт.

Калемдин жакшы жагы, аркасында өчүргүчү бар экендигинде. Ката жазылып же чийилип калса, өчүргөнгө мүмкүнчүлүк бар. Эч бир адам жашоосунда ката кылбай койбойт. Бирок кетирилген катаны сезип, моюнга алып, анан оңдой билүү - жогорку адамдык сапат. Каталар убагында жоюлбаса аркадан көп каталардан кетирилишине себеп болот.

Калем, ичине жайгаштырылган стерженинен улам жазат жана чиет. Жазылган нерселери ичиндеги стерженинин сапатына жараша болот. Адам дагы ички дүйнөсүнүн сапатын жогору кармаш керек. Ичиндеги текеберлик, эгоизм, менменсинүү, кыскануу сыяктуу сезимдеринен арылышы керек. Адам боорукердик, мээримдүүлүк, жардамдашуу, кечиримдүүлүк, кичипейилдүүлүк, жоопкерчилик жана толеранттуулук сезимдери аркылуу гана коомдо өз ордун табат жана кадыр-баркка ээ болот. Аткарган ар ишин ичинен келген ыкластуулук менен, берилүү менен аткарса берекесин көрөт.

Калемге айтылган акыркы насаат бул – түз, даана жана так жазуу, чийүү. Адамдын да аткарган иштери туура жана акыйкат болуш керек. Ар бир таштаган кадамына жооп бергидей болуш керек. Жасаган иштери, жашаган жашоосу башкаларга үлгү болуп, кийинки муундарга да калыш керек.

Демек, адам ата-энесинин тарбиясы менен жуурулуп, мектеп жана университеттен алган билими менен туура багытка түшөт. Турмушка аттанат жана жашоо турмушунда көптөгөн нерселерди башынан өткөрөт, бышат, куурчуйт жана мол тажрыйбага ээ болот. Ишинде, үй-бүлөсүндө, коомдо ар ким менен мамиле кылат жана бул алакаларда ката кылбай койбойт, бирок кетирген каталарын оңдой билиши керек. Мойнуна алып, кечирим сураганды билиши керек. Бирөөнүн акысын билбестен жеп алган болсо, аркасынан сүйлөп койгон болсо, капа кылган болсо өзүн кечирте билүүсү зарыл. Ар бир кылган ишин ички дүйнөсүнүн жакшы гана сезимдери менен аткарышы керек. Кандай гана кесип тандабасын, элге пайдасы тийе тургандай кылып иштеши керек. Мына ошондо ал кишиден кийинки муунга, коомдо, балдары жана неберелерине жакшы из калат.


В: Накыл сөздөр.


Адамдардын көпчүлүгү туура жашоого эмес, көп жашоого умтулат. Чынында, туура жашоо баарынын колунан келет, ал эми өз эркине же каалосуна карап узак жашоо эч кимдин колунан келген эмес. (Сенека)

Ак ниет адамдарга асылгандар көп болот, бирок абийирин эч ким ача албайт. (А. Франс)

Кетирген кемчиликтен уялба, өз кемчилигин сезүү – турмуштун мыкты сабагы, өзүн-өзү тарбиялоонун мыкты каражаты. (Карлейл)

































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!