СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адам организиминдеги глоссарий сөздөр

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адам организиминдеги глоссарий сөздөр»

Глоссарий

Авитаминоз (латын тилинде "вита" – «өмүр», "а" – «жоктугу»)- тамак –ашта көпкө чейин керектүү заттардын жетишсиздигинен пайда болгон оорулар (цинга, иттий оорусу ж.б.)

Авитаминоз (от лат. "вита" - жизнь, "а" - частица отрицания)-болезни (цинга, рахит, бери-бери и др.), вызванные длительным недостатком в пище жизненно необходимых веществ (витаминов).

Агглютинация – 1) суюктукта болгон бөлүкчөлөрдүн тоголокчолорду жабышы (микробдорду, кан денелерин), 2) жандуу клеткаларда белоктун уюшу (жогорку температуранын улуу заттардын таасири астынды, ж.б.).

Адаптация — организмдерде эволюция учурунда пайда болгон жашоо шартка ыңгайланышы.

Адреналин – бөйрөк үстүндөгү бездин мээ бөлүгүнүн гормону. Канга сиңип анын алмашуусун тездетет, канттык алмашылышын ирээтке салат, кан тамырлырдын ичкеришинин себебинен кан басымдуулугун көтөрөт.

Азоттук баланс – тамак-аш менен түшкөн азоттун жана организмден бөлүнүп чыккан азоттун санынын айырмасы.

Аккомодация (латын тилиндеги "аккомодацио" – «ыңгайланышы») – ар түрдүү аралыкта нерселерди даана көрүүгө көздүн үйрөнүшү, бул чечекейдин ийрейип өзгөрүшү кирпик булчущдардын жыйрылышынан болот.

Акромегалия - кескин түрдө дененин кээ бир бөлүктөрүнүн пропорциялаынын бузулушу, алардын чоңоюп кетиши (манжалардын, тамандын, кулактардын, тилдин, мурундун, эриндердин). Анын себеби ашык өсүүнүн гормонунун гипофиз аркалуу бөлүнүп чыгаруусу. Адатынча адамдын өсүшүнүн процесси токтогондо пайда болот (20-40 жаштагы адамдарда).

1. Аксон же нейрит – нерв клетканын узун талчасы (урчугу) түрүндөгү нерв буласы

2. Актин – булчуң ткандын белокторунун бири.

3. Аллергия (грек тилинде "аллос" – «башка», "эргон" – « таасири») – бул организмге башка организмдин же анын иш аракеттинин продуктуларынын тийгизген таасиринин себебинен пайда болгон оору (чөптөрдүн гүлдөгөндө чөп ысытма, бөрү жатыш, колкочолордук астма, дарыларга аллергия ж.б.)

4. Альбинизм – бул организмдин түрлөрүндө нормада мүнөздөлгөн түстүн жок болуусу.

5. Амилаза – мальтозага чейин крахмалды ажыратуучу фермент.

6. Анализаторлор – дүүлүгүнү анализдеген рецептордон, нервден жана чоң жарым шаарлардагы борбордон турган системалар. Угуу, көрүү, даам татуу, тери сезими анализаторлор бар.

7. Анатомия – бул организмдин жана анын органдарынын түзүлүшү жөнүндөгү илим. Грек тилиндеги «анатоме»- «жарып өтүү» деген сөздөн чыккан. Адамдын түзүлүшүн изилдөө жолдору – сойуп көрүү жана анын органдардын изилдөө. Байыркы заманда адамды сакайлоо үчүн аны сойушу күнөө деп саналган, ошондуктан адамды сойууга тыйуу салынган.

Анемия (грек тилинде "ан" –«жоктукту», "гема" – «кан»), аз кандуулук – кандын көлөмүнүн азайып кетиши же анын сапаттык курамынын өзгөрүштөрү менен байланыштуу оору, мисалы эритроциттердин жана алардагы гемоглобиндин санынын азайып кетиши.

Аорта – кандын айлануусунун чөң тегеригинин негизги артериясы, ал жүрөктүн сол карынчасынан башталып, куштарда оңго жана сүт эмүүчүлөрдө сол жакка багытталат.

Аракечтик (араб тилиндеги "алкоголь" - спирт, жүзүм спирти) – ичкилик менен кыянаттык – чексиз ичкиликти пайдалангандын ооруусунун абалы. Өзгөчө балдарга жана өспүрүмдөргө коркунучтуу, анткени бат адат болуп кетиши мүмкүн.

Аралык нейрондор – алардын урчуктары борбордук нерв системадан чегинен чыкпаган жана түз рецептор менен эффектор менен байланышпаган нерв клеткалары.

Артериялар – кан айлануусунун чоң жана кичине тегеректеринин кан тамырлары, алар боюнча кан жүрөктөн органдарга жана ткандарга агат. Алар жыйрулууга жөндөмдүү, керегилери жоон. Кан айлануусунун чоң тегеригинин артериялары боюнча кычкылтекке артериалдык кан агат. Кан айлануусунун кичине тегерегинин артериялары боюнча көмүр кычкыл газга бай веноздук кан агат.

Атрофия – булчуңдун көпкө чейинки иштебегендигинин негизиндеги анын ишке жендөмдүүлүгүнүн жоготуусу. Базофилдүү лейкоциттер, базофилдер – гранулоциттердин тобуна кирген ак түстүү кан клеткаларынын бир түрү. Алардын плазмасы өтө ири бүртүктүү, негизги боёгучтар менен көк түстүү болуп бойонот. Канда 0,5тен 1,0%ке чейин баардык лейкоциттер камтыйт.

Балластык тамак –аш заттар – тамак-сиңирүү шире менен сиңбеген тамаш-аштын бөлүгү, мисалы – клетчатка.

Барокамера – ар түрдүү бийиктерде организмдин жүрүм – турумун изилдегенге пайдаланган жасалма атмосфералык басымдуулукту пайда кылуучу камера.

Барорецепторлор – органдардын стенкаларына басымдуулукту жана булчуңдардын чымыркануусунун өзгөрүштөрүн кабыл алуучу сезүү органы. Алар ички рецепторлордун интеррецепторлоруна кирет..

Булчуң тканы адамдын жана жаныбарлардын организминде кыймылдаткыч процесстерин пайда кылат. згөчө жыйрылуу структуралардан – миофибриллардан турат. Булчуң ткандары: жылма, таргыл скелеттик жана жүрөктүк таргыл болгон түрлөргө бөлүнөт.

Веналар – жүрөктү көздөй кан жылышын камсыздоочу кан тамырлар. Алардын жыйрулууга жөндөмсүз, жука керегеси болот. Ичинде клапандар бар. Чоң кан айлануу тегеринин веналар боюнча веноздук, кичине кан айлануу тегеригинин веналар өпкөлөрдөн – артериалык кан агат..

Гаметалар – жыныстык клеткалар.

Ганглиялар – нерв түйүлдүктөр

Гельминтология (грек тилинде "гельминтос" – «курт») - адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн мителик курттар менен козгочууланган ооруларын изилдеген паразитологиянын бир бөлүгү

Гематология (грек тилинде "гема" – «кан») – кан системасынын түзүлүшү, функцияларын жана ооруларын изилдеген илим.

Гемоглобин - эритроциттерде кармалган кандын боёгуч заты. Жеңил кычкылданат (оксигемоглобинди пайда кылып) жана кычкылтекти бөлүп чыгарып калыбына келет.

Гемофилия (грек тилинде "гема" –«кан», "филео" – «сүйөм») кандын уюбай калганы жана кан агууга шыгы пайда кылган тукум кууган оорусу

Гермафродитизм – бир особдо эркектик жана энелик жыныс системалардын болушу.

Гигиена (грек тилинде "гигиенос" – «ден соолук») жашоо жана эмгек шартардын ден соолукка тийгизген таасирин жана оорулардын алдын алуунун чараларын изилдеген илим

Гипертония (грек тилинде "гипер" – «тышкары», "тонос" – «күч салуу») артериалдык кан басымдуулуктун көтөрүлүшүнүн оорусу

Гиподинамия - аз кыймылда өмүр сүрүү

Гипотония (грек тилинде "гипо" – «төмөң», "тонос" – «күч салуу») артериалдык кан басымдуулуктун төмөндөшүнүн оорусу

Гипофиз – мээнин негизинин астында жайланышкан орган. Алдынкы, аралык жана арткы, дөбө өлүктөрдөн турат. Гипофиз бөлүк чыккан гормондор өсүүнү, жыныстык өнүгүү жана башка процесстерди башкаруучу негизги ролду ойнойт.

Гонадалар – жыныс системанын органдары, аларда жыныс клеткалары (аталык бездер, энелик бездер) пайда болот.

Гонадотроптук гормон – организмдин жыныстык системасын ирээтке салган гипофиздин алдынкы бөлүк менен бөлүп чыгарылган гормондорунун бири

Гормондор – ички секрециянын бездери менен бөлүп чыгарган физиологиялык активдүү заттар, алар кан менен дене боюнча таралып жана айрым органдар менен толук системалардын өнүгүсүн жана иш аракетин жөнгө салат.

Грааф көбүкчөлөр – суюктук менен топтолгон (фолликулар) көбүкчөлөр менен капталган энелик бездин ички жагында жайланышкан жумуртка клеткалар.

Гранулоциттер – жаныбарлардын жана адамдын ак түстүү кан клеткаларынын лейкоциттеринин бир тобу, алардын плазмасы бүртүктүү, нейтрофиллдер, базофилдер жана эозинофилдер болуп бөлүнөт.

Гумордук жөнгө салуу (латын тилинде "гумор" – «суюктук», "регуляре" – «ирээтке салуу») – гормондордун же химиялык жана физиологиялык активдүү заттардын жардамы менен кан, лимфа, ткан суюктук аркылу ички органдардын аракетин жөнгө салышы

Дальтонизм - кээ бир түстөрдү ажырата албоо майыбы, биринчи болуп англиянын физиги Дальтон баяндап чыккан, ал өзү ошол оору менен ооруган. Бул тукум кууган оорулардын бири, ал энеден өтөт.

Дезинсекция (француз тилинде "дез" – «каршы» жана латын тилинде "инсектум" – «курт-кумурска») – химиялык каражаттардын жана өзгөчө жабдуулар менен зыяндуу курт-кумурскуларды (чиркейлерди, чымындарды, бүргөлөрдү, биттерди, мите коңүздарды) жана кенелерди жок кылуу. Заманбап учурда өтө манилүү күрөштүн биологиялык ыкмаларында - куштарды, балыктарды, курт-кумурскуларды, жырткычтарды ж.б. колдонуу.

Дизентерия (грек тилинде "дис" – «бузулушу», "энтерон" – «ичеги») – дизентерия таякча же дизентерия амеба менен козголгон жугуштуу оору

Жумуртка же жумуртка клеткасы – энелик жыныстык клетка. Оогенездин натыйжасында, хромосомалардын гаплоиддуу жыйындысына ээ энесинин жыныстык безинде пайда болот. Жумуртка клеткасында ядросу, органела менен цитоплазмасы болот. Сыртынан мембраналык кабыкчасы, үстүнөн чел кабыгы, тери сыяктуу же катуу акиташтан турган кабыгы менен капталат.

Жүрөктүн автоматиясы (грек тилинде "автоматос" – «өзү кыймылдоочу») сезимге карабастан жүрөктүн булчуңунун ритмдеги жыйрылышынын жана шалдайышынын өзгөчүлүгү.

Жылмакай булчуң тканы – булчуң ткандардын бир түрү. Узун ийик формадагы клеткалардан турат. Жылмакай булчуң клеткалар жай жана ритмдүү жыйрылат.

Иммунитет (латын тилинде "иммунитас" – «бошонуу») организмдин жугуштуу ооруга жуктурбастык. Иммунитет тубаса – табигый, энеден берилет, жана ооругандан кийин же вакцина менен эмдөөдөн кийин пайда болгон жасалма болот.

Вакцина латын тилиндеги "вакка" – «уй» деген сөздөн чыккан, анткени биринчи уйдун чечекти козгоочудан бөлүп чыккан. Азыркы учурда эмдөөгө пайдаланган бардык препараттар вакциналар деп аталат.

Кан пайда кылуучу орган – кан жана лимфа клеткаларынын пайда кылуучу орган. Негизги кан пайда кылуучу орган кызыл чучук, анда эритроциттер, лейкоциттер, тромбоциттер пайда болот.

Кандын басымдуулугу – кан аккан кан тамырларга кандын тийгизген басымдуулугу. Кан басымдуулугунун көлөмү жүрөктүн кагышынын күчү, канын жана кан тамырлардын каршылыгы менен негизделет. Артерияларда карынчанын жыйруулусунда кан басымдуулугу максималдуу болот - сымап к. 115-125 мм. Диастолада – минималдуу кан басымдуулугу - сымап к. 70-80 мм.

Кандын группалары – белоктордун түзүлүшүнүн айырмасы менен байланыштуу ар түрдүү адамдардын кандын имунологиялык өзгөчүлүктөрү

Коко – үн жылчыгынан кийинки кекиртек түтүкчөсүнүн үстүнкү бөлүгү

Көздүн астигматизми (грек тилинде "а" – «жоктукту», "стигма" – «чекит») - шооланын көздө бирдей чагылышпагандыгынан көздүн начар көрүшү.

Көкүрөк көңдөйү – өпкө, жүрөк, кызыл өңгөч жайланышкан көкүрөктүн ичиндеги көңдөйү

Көкүрөк сөөгү – омуртка тутумунун кабыргалар байланышкан сөөгү

Көөдөн – көкүрөк омурткалар, көкүрөк сөөгү, кабырга жана кабырга кемирчек менен пайда болгон скелеттин сөөк – кемирчектүү бөлүмү

Кулкун - ооз көңдөйүнүн жана кызыл өңгөчтүн ортосундагы тамак – аш сиңирүү түтүкчөнүн алдынкы бөлүгү.

Метаболизм (грек тилинде "метаболе" – «өзгөрүү») – заттар жана энергиянын алмашуусунун процесстеринин жыйынтыгы жана жандуу организмдердеги алардын биохимиялык өзгөрүшү

Миопия - алыстагыны көрбөгөнү (миопия – грек тилинде "миопс" – «көз жүлжүйтүү»), көз чанагы сүйрү болот, ошондуктан нерседен чагылган кичирейген (жүлжүйгүн) көздүн тордомо челине жетпейт.

Наркомания (грек тилинде"наркозис" – «уйку, селдейип калуу», "мания"- «өтө берилгендик») – адамдарда амандык, кубанычтуулук, мастык, наркотик уйку деген жалган сезимдерди пайда кылган наркотик заттарга өтө берилгендиги. Алкоголь менен тамеки тартканы да наркоманияга кирет, ал өнөкөт болгон ооруларга чалдыктырат.

Нерв тканы нерв клеткалардан жана нейроглиядан турат. Нерв клеткалары нерв импульстарын пайда кылууга, дүүлүгүчтөрдү кабыл алганга, өткөргөнгө жөндөмдүү, нейроглия – таяныч, тамактануу, коргоо жана чек салуу функцияларды аткарат.

Нефрит (грек тилинде "нефрос"- «бөйрөк») – түрмөктүн аппаратынын бузулушу менен байланыштуу бөйрөктүн сезгенүү оорусу

Орган – ар түрдүү ткандардын системасы, ткандардын бири же бир нече ткандар басымдуулук кылып, анын түзүлүшүн жана функциясын аныктайт. Организмдин бир бөлъгъ болгон үчүн орган бир нече белгилер менен мүнөздүү: денедеги жайланышы, өзгөчө формалуу, башка органдар менен өз ара байланышы боюнча. Организмде ар бир органга өзгөчө функцияга ээ. Органдардын көпчүлүгү көп функцияларды аткарат. Организмде органдар биригип комплекстерди – системаларарды пайда кылыт.

Органдардын системасы – келип чыгышы жана түзүлүшү, окшош аткарган функциялары боюнча бирдей анатомия жагынан байланышкан органдардын тобу. Кээде органдардын системасын аппарат деп аташат. Аппарат – бул органдардын функциясы боюнча биригиши, органдар келип чыгышы боюнча жана түзүлүшү боюнча бирдей же айырмаланынышы мүмкүн. Мисалы, сөөктөр жана булчуңдар таяныч- кыймылдаткыч аппаратты пайда кылат.

Өпкөнүн жашоо тиричилигинин көлөмү – адамдын терең демалуусунан кийинки дем чыгаруунун көлөмү (орто эссеп менен 3500 см3 жакын). Тамеки чеккен адамдарда өпкөнүн көлөмү – 3000 см3, спортсмендерде – 5000 см3.

Өсүүнүн гормону – организмдин өсүү процессин ирээтке салган гипофиздин алдынкы бөлүк менен бөлүп чыгарылган гормону.

Плеврит (грек тилинде "плевра" – «каптал») – өпкөнү капталган жана көкүрөк көңдөйдүнүн ички үстүн жапкан плевранын сезгенүү процессинин натыйжасындагы оорусу

Пульс, тамыр (латын тилинде"пульсус"- «согуу») – жүрөктүн кыскарылышы менен мезгилдеш артериялардын мезгил-мезгили менен түрткүнүнө күч салуу. Тамырдын согушу бир минутада 70-75 жолу жүрөктүн кагышы менен бирдей. Тамырдын согушу артериялар дененин үстүнө жакын жайланышкан пульстук чекиттерде сезилет.

Резус-фактор – эритроциттеги тукум кууган фактор (антиген). Биринчи макака-резус деген маймылдардан табылган. Адамдардын 85%де канында резус фактор болот, алар ощ резусту, калган 15% - резусу терс (жок) болот.

Рентгенология (В. К. Рентген немец окуумуштуунун атынан) – органдардын түзүлүшүнүн жана функцияларынын рентген чагылуусу аркалуу аныктаган жана оорулардын диагностикасын изилдеген илим

Рецепторлор (латын тилинде "рецептор" –« кабыл алуучу») борбордук нерв системага өткөрүлгөн сырткы жана ички дүүлүйгүлөрдү кабыл алуучу структуралар. Көрүү рецепторлорга тордомо кабындагы таякчалар жана колбача, угуу рецепторлорга үлүлдүн кортнев органы, даам татуу рецепторлорга - тилдин даам таттыргыч бүдүрөлөрү кирет.

РОЭ – эритроциттердин тунуусунун реакциясы (СОЭ – эритроциттердин тунуусунун ылдамдыгы) – уюшунун сакталган кандын бөлүнүнүн ылдамдыгын аныктоо ыкмасы, жыйынтыгында эки катмарга бөлүнөт: астынкы – эритроциттерден, үстүнкү – тунук плазадан турат. Тездетилген эритроциттердин тунуусу (саатында 4-10 мм ашык) оорунун бардыгын далилдейт. Сколиоз (грек тилинде "сколиозис" – «кыйшаюу») – столдо, партада туура эмес отургандан пайда болгон кыр арканын кыйшайышы Таман жалпайып кетүүчү бут оорусу – тамандын формасынын өзгөрүү.

Тарсылдак - ортоңку жана ички кулактардын ортосундагы жайланышкан жаргагы.

Тарсылдак көңдөйү же ортоңку кулак – угуу сөөктөрү жайланышкан көңдөй, кулкун көңдөйү менен байланышат, кулактын ичиндеги тарсылдак менен обочолонгон.

Терморегуляция (грек тилинде "термо" – «жылуулук», латин тилинде "регуляре" «жөнгө салуу») адамдарда жана жылуу кандуу жаныбарларда дененин температурасын туруктуу кармалышынын физиологиялык процесстеринин жыйындысы. Зат жана энергия алмашуу процесстеринин натыйжасында организмде жылылуулук пайда болот. Жылуулуктун кайтаруу жылылуукту өткөрүү, жылылуукту нурдануу жана буулану жолдору менен тери аркылуу өтөт.

Ткань – клеткалардын жана анын туундуларынын байыртан бери келип чыгышынын тукум куучулугу (бирдейлиги) бирдиги, өзгөчө морфофизиологиялык жана биохимиялык касиеттерге ээ болгон клеткалардын системасы. Ткандар органдарды пайды кылган курулуш материал. Адамдын организминдеги төрт негизги ткандардын формаларын бөлүп чыгарса болот: эпителий тканы, тутамдаштырыч тканы, булчуң жана нерв ткандары.

Тонус - булчущдардын бир аз жыйрылышынын көпкө чейин сактап турган абалы

Тоолуу оору – бийик тоого чыкканда (атмосфералык басымдуулук төмөңдөйт) жогорку нерв системасынын иш аракетинин бузулушунун себебиндеги оору. Деңиз деңгээлинен 34 чакырым көтөрүлгөндө соо адамдарда сезилет. Тутамдаштырыч тканы түзүлүшү жана функциялары боюнча ар түрдүү болот. Клеткалар жана коллаген, чоюлчак булалар жана негизги заттардан турган клетканын аралык заттары аларга мүнөздүү. Ал тутамдаштырыч жана негизги (кемирчектүү жана сөөк) ткандарга бөлүнөт. Тутамдаштырыч ткань бир нече түрдөн турат: булалуу, майлуу, ретикулялык ж.б.

Үн аппараты - сүйлөө органдары (адамдын экинчи сигналдык система). Кекиртекте жайланышат.

Үн жылчыгы – тилдин артынды жайланышкан жылчык

Физиология (грек тилинде "физис" – «табият») – организмдин жана анын бөлүктөрдүн функциялары жөнүндөгү илим.

Физиотерапия – бул дарылаганга табигий табияттын факторлорун (күндүн нурулары, аба, суу, баткак) же жасалма фактолорду (электр тогу, УБТ токтор, УФ шоолага кармоо) пайдалануу.

Флюорография (француз тилинде "флю" – «туман», грек тилинде "графо" – кыйуу») – флюоресценцияланган экранында сүрөткө түшүрүү менен кичинекей өлчөмдүү пленкада рентген сүрөттөрүн пайда кылуу. Калктын массалуу текшерүүнүн ыкмалары, демалуу жана жүрөк системасынын ооруларын аныктаганга жардам берет.

Ыраакты көргүчтүк - жакындагыны көрө албай, ыраактагыны гана көрүү, көз чанагы куушурак болгондуктан,жарык нурлары тордомо челден өтүп, анын артына түшөт.

Экинчи сигналдык система – адамдын баш мээсинин кыртышына жасаган атайын аракети, сүйлөгөнү менен байланыштуу, предметтер менен сөздөрдүн ортосундагы жана сөз дүүлүгүчтөрдүн таасири аркалуу ар түрдүү аракетти пайда кылуунун байланышын түзөт.

Экинчилик жыныс белгилери – эркектин жана ургаачынын сырткы айырмалоочу белгилери, өзгөчө жыныстык бышып жетүүдө өтө өнүгөт.

Электрокардиограмма –жүрөктүн электр импульстарынын кубулуштарын кагазда же фотопленкада жазуунун ийри сызыгы

Энцефалит (грек тилинде "онцефалос"- «мээ») – канга энцефалиттик козгоочунун пайда болгонунан баш мээнин сезгенүүсү, адамды жайыттагы кене чакканда жугат.

Эпидемиология (грек тилинде "эпидемия" – «кулач оору») – жугуштуу оорулардын пайда болуусунун себептери менен таралышынын ченемдүүлүгүн изилдеген жана алар менен күрөштүн чараларын иштеп чыккан илим.

Эпителий тканы дененин сырткы үстүн жана коңдөй органдардын былжыр кабыкчаларды төшөп турат. Бул ткан коргоо функциянын аткарат, организм менен чөйрөнүн ортосунда зат алмашууну камсыз кылат. Эпителий ткандын клеткалары биригип бир же бир нече катмарды пайда кылат.

Эритроциттердин гемолизи – кабыкчалардын жарылгандыгынан эритроциттердин ичиндегинин кандын плазмасына өтүшү.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!