СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адеп-ахлак -адамдын көркү.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык сааат

Просмотр содержимого документа
«Адеп-ахлак -адамдын көркү.»

Адеп- ахлак – адамдын көркү.

А: Окуучуларга суроолор.

  1. Конок күткөндө биз эмнеге көңүл бурабыз?

  2. Бирөө менен кантип учурашабыз?

  3. Карыларыбызга кандай мамиле кылышыбыз керек?

Б: Теманын түшүндүрүү.

Адеп, коомдо салт-санаа жана белгилүү эрежеге айланган жүрүш-туруш жана кыймыл аракет же теориялык билим дегенди түшүндүрөт. “Адаб” сөзү араб тилинен кошулган сөз. Арапчадагы мааниси чакыруу, назиктик, кичипейилдик, суктануу мактоо деген маанилерди берет. Ал эми ислам дининдеги мааниси, Кудайдын жана Пайгамбарыбыздын буйрук жана тыйу салууларына ылайыктуу баш ийип жашоо.

Эми төмөндө адеп-ахлакка ээ болуп жашоо үчүн кээ бир мүнөз жана эрежелерге, салт-санааларга өзүнчө токтолуп өтөлү.

Кичипейилдүүлүк (жумшак мүнөз): Кичи пейилдүүлүк - жагымдуу мүнөз, эмоцияга алдырбоо, жинденбөө, кечиримдүү болуу, ар кандай жаман абалда өзүн кармоо жана оор бастырыктуу болуу.

Кичипейилдүүлүк адеп-ахлактын фундаментин түзөт. Чындыгында кичипейилдүү киши коомдо урмат-сыйга ээ болот. Коомдо кичипейилдүү кишилердин саны көп болсо проблемалардын саны азаят. Коомдун проблемаларын чечүүүчүн ар бирибиз кичипейилдүү болууга аракет кылышыбыз керек.

Карыларга урмат-сый: «Карысы бардын ырысы бар» - деген сөз бар элибизде. Ал эми «Бели бүкчөйгөн карылар, сүт эмген бөбөктөр, оттогон айбандар болбогондо силерди балээлер сел сыяктуу каптамак» дейт динибизде. Коомубузда карыларыбыз болгондугу үчүн биз тынчтыктабыз жана ырыскыбыз мол. Карыларга урмат-сый коомдук транспорттордо орун бошотуу, оордугун колунан алуу, көпчүлүктүн ичинде алгач сөздү аларга берүү, алардын жанында жогору үн менен сүйлөбөө, адеп ахлаксыз кыймыл аракет жасабоо, төрдөн орундук көрсөтүү болуп эсептелет. Ар бирибиз картаябыз, ошондуктан жаштыгыбызда карыларга урмат-сый көрсөтсөк, карыганда биз да урмат-сый көрөбүз.

Саламдашуу адеби: Саламдашуу адамдардын арасында жылуу мамилени күчөтөт. Динибизде салам берүү сүннөт, алик алуу фарз деп айтылат. Бири-бирибизди дагы жакындан таанып билүүүчүн, достукту күчөтүүүчүн арабызда саламдашууну адатка айландыралы.

Саламдашуунун эрежелери:

  • Топ болуп отурган кишилердин жанына келгенде башка сөздөн мурда саламдашыңыз.

  • Жолукканда саламдашкан сыяктуу, коштошоордо да саламдашыңыз.

  • Жолугуп калган эки кишинин жашы кичинеси чоңуна, саны аз болгон кишилер саны көп болгондоруна, жаштар карыларга, ат үстүндө болгон жөө болгондорго, басып бараткандар отургандарга, аркадан келгендер алдыдагыларга салам беришет.

  • Көпчүлүккө берилген саламдын алигин бир киши алса болот.Эч бириси алик алышпаса баары салам берген кишиге карыз болушат.

  • Саламга дароо жооп берүү, салам берген киши уга тургандай үн менен алик алуукерек.

  • Салам берген кишинин саламын укмаксан болуу туура эмес.

  • Салам берип, алик алуу достуктун белгиси

Чүчкүрүү адеби: Чүчкүрүү бардык адамдарда болотурган физикалык абал жана муктаждык. Чүчкүргөндө оозу жана мурдунан чыгып кете турган нерселер айланасындагы кишилердин тынчын албашы үчүн колу менен жүзүн жабуусу туура болот. Эстегенде алакандын аркасы менен оозду жабу туура болот.


Тамактануу адеби: Тамактанууучурунда көңүл бура турганнерселер:

  • Тамактанаардан мурда жана тамактангандан кийин колду таза жууш керек

  • Тамакты оң кол менен жеш керек. Тамактанууну баштаганда «Бисмиллах» жана бүткөндө «Алхамдулиллах» деш керек.

  • Тамак жеп жатканда шашылбоо керек, майда чайнап анан жутуукерек.

  • Тамак жей баштаардан мурда улуу кишинин биринчи башташын күтүүкерек.

  • Кашыгындагы тамакты суутуу үчүн ага үйлөгөн туура эмес. Ар ким өз алдынан жеш керек. Ооздо тамак менен сүйлөбөө керек.

  • Тамакты бышырган кишиге ырахмат айтуу керек. Дасторконду салганда жана жыйганда жардамдашуукерек.

Элдер менен сүйлөшүү жана насаат айтуу адеби: «Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат», «Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет»-дейт элибизде. Инсандар сүйлөшүү аркылуу бири-бирин түшүнүшөт.Элдер менен сүйлөшүүдө кээ-бир эрежелерге көңүл буралы.

  • Салам айтуу менен сөздү баштоо керек.Ал абалын суроо туура болот.

  • Сүйлөшүп жаткан кишиге жараша атын атагандан кийин мырза,эжей,агай….. деп кошуп айтуу туура болот.

  • Сен деген сенек сөз, сиз деген сылык сөз,өзүңөн чоңдорго ар дайым сиз деп кайрылуу туура болот.

  • Сүйлөшүп жатканда үн тонуна көңүл буруп, катууайтып алуудан сактануу керек.

  • Чакырылган кишиге келиңиз деп кайрылып орундук көрсөтүүкерек.

  • Бирөө жөнүндө сүйлөп жатканда өтө мактап же өтө жамандагандан этият болуу керек.

  • Көп сүйлөгөндүн көп катасы болот.Аз жана саз сүйлөө туура болот.

  • Өзүң эле сүйлөй бербей башкаларды да уга бил.

Конок күтүү жана коноко баруу адеби: Коомчулук арасында бири-бирине конокко баруу, конок күтүү салты достукту, туугандык карым катнашты бекемдейт. Коомдогу социалдык проблемалардын чечилишине себепкер болот.Албетте коноко баруу, конок күтүү биздин динибизде да, салтыбызда да бар адат. Ошондуктан ата-энебизден баштап, ага-карындаш, урук-туугандардын баарын зыярат кылып, ачуу-таттуу күндөрүндө ар дайым алардын жандарында бололу. Эч мүмкүнчүлүк болбоду дегенде туугандарыбыздын акыбалын сурап, жылуу сөз айтып, жакшылыктарды каалап, алар жөнүндө жакшы ойдо бололу. Мүмкүнчүлүк болгондо үйлөрүнө зыярат кылып, жашоо шарттарын жакындан көрүп, алыбызга жараша жардам берели, кары-картаңдардын кызматын кылалы.

Үйгө конок келгенде көңүл бурула турган эрежелер:

  • Конок келгенде үй ээси тосуп алып, кайра өзү узатып коюу туура болот.

  • Үй ээси сакал-мурутун түздөп, чачын тарап, кийим кечесине көңүл бурган абалда коногун тосуп алуу тура болот.

  • Конок тосо турган бөлмөлөрдүн тазалыгына, абалына көңүл буруу керек.

  • Үй ээлери келген конокко «кош келиңиздер» деген жылуу сөздөр менен ыраазычылыгын билдирип тосуп алуу туура болот.

  • Дасторконго конокту жалгыз калтырбоо керек, жанында үй ээлеринен бирөөсү чай куюуп, сөзгө тартып отурганы тура болот.

  • Коноктун жанында үй ээлери бири-бири менен урушпай, кату сөз сүйлөбөй, сылык болгону жакшы.

  • Коноктун жанында үй ээлери өз ара шыбырашып сүйлөбөө керек. Каткырып күлбөшү керек.

  • Чогуу отурганда улам-улам саатка карабоо керек.

  • Конокту узатып жатып дароо эшикти жаап койбош керек.Конок узак кеткенге чейин эшикте узатып туру керек.

  • Эгерде конок ошол түнү кала турган болсо, жатканга жай көрсөтүп, ыңгайлуу шарт түзүү керек.



Коноккобарганда көңүл бура турган эрежелер:

  • Конокко барган үйдүн коңгуроосун үч жолу каккылап күтүү керек. Эшик ачылбаса тынчын албоо керек. Үй ээси уруксат бергенде гана үйгө кирүү керек.

  • Үйгө киргенде саламдашуукерек.

  • Чакырылган жерге кеч калбоо керек.Айтылган убакта так баруукерек.Эрте да барбоо керек.

  • Конокко таза жана жарашыктуу кийинип баруу керек.

  • Конокко мүмкүн болсо белек алабаруу керек.

  • Конок улам эки жагына карана бербөөсү керек. Көрсөтүлгөн жайга отуруп, үй ээсинин тынчын албоо керек.

  • Сыртка чыкканга жана кол жууганга уруксат суроо керек.

  • Конокко сунулган сый тамакта кемчилик издебөө керек.Болсо да унчукпаганы туура болот.

  • Конок үй ээсинин уруксаты менен үйүнө кайтканы туура болот.

  • Үй ээсинин иши болсо,көп отура бербей эртерээк уруксат суроо керек.

  • Конокко алдын ала айтып барган туура болот. Башка иштер чыгып калса, алдын ала үй ээсине билдирип коюу керек.

В: Аңгеме

Бир акылман ар дайым шакирттерине туура жол көргөзүп, накыл сөздөрүн айтып турат. Бир күнү да адаттагыдай шакирттерин чогултуп алып: «Силер ачууңар келгенде адамга кандай сөз айтасыңар?» - деп сурайт. Ар ким ар кандай жооп айтат: бири тилдейбиз дейт, экинчиси жазалайбыз дейт, дагы бири туура эмес экендигин сөз менен айтып жеткизебиз дейт. Ошондо акылман адам аларга кайрылып: «Бирөөгө жаман сөз айтып жатып бир нерсени эсиңерден чыгарбагыла: акмак адам гана башканы акмак деп тилдейт. Себеби, акылы кыска адам өзүнө тааныш мүнөздү башкага ыйгарат, өзүнө тааныш сөздөр менен гана тилдейт. Жөндөмсүз адам гана башканын жасаганына акылы жетпей, аны жамандайт. Коркоктор гана өзүнүн коркоктугун билдирбеш үчүн колунан келген учурда башкаларга чоң сүйлөп калат. Көп нерсени билбеген адам өзүн көрсөтүүүчүн көптү көргөндөй сүйлөп, өз кемчилигин билдирбегенге аракет кылат да, башкаларга өйдөсүнүп сүйлөйт. Башкача айтканда, алар айткан сөздөрү менен өздөрүнүн ким экендигин билдирип коет. Ошондуктан, адамга ар дайым бийик болгуула жана жаман сөз айтпагыла» - деп насыйкат кебин айтат.



Г. Накыл сөздөр.

Адамдар менен жакшы мамиледе бол.

Конок өз ырыскысы менен келет.

Үйүңө канча бут кирсе ошончо кут кирет.

Адамга баарынан кыйыны – күн сайын адам болуу... (Ч. Айтматов)

Бөлмөнү кооз гүлдөр көрктөндүргөндөй эле, жылуу сөздөр жана таамай айтылган ой пикирлер да адамдын жан дүйнөсүн көрктөндүрөт. (С. Жигитов)


Д: Ыр саптары

Абийирди таза жыйган бар,

Ал үчүн жанын кыйган бар.

Кадырлайт адам бир-бирин,

Кантсе да ичте ыйман бар. (Н. Алымбеков)


Өмүр адамга энчиленген марттык

Адамгерчилик андан да артык. (Конфуций)







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!