СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адепсиздик-кылмыш, кылмыштын акыры-жаза

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кылмыштуулук боюнча тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Адепсиздик-кылмыш, кылмыштын акыры-жаза»

Адепсиздик –кылмыш, кылмыштын акыры – жаза. Тарбиялык саат 10 а класс Класс жетекчиси Өмүралиева К.Д.

Адепсиздик –кылмыш, кылмыштын акыры – жаза.

Тарбиялык саат 10 а класс

Класс жетекчиси Өмүралиева К.Д.

Сабактын максаты : Билим берүүчүлүк : Окуучулар адепсиздик, кылмыштуулук боюнча түшүнүк алышат.  Өнүктүрүүчүлүк:   Кылмыштуулуктун жана адепсиздиктин акыры жакшылыкка алып келбестигин билишет.  Тарбия берүүчүлүк : Окуучулар бирин- бири уга билишет, ар дайым адептүү болууга аракет кылышат.  Жогорудагы максатка жетет деп билсек болот, эгерде алар; Окуучулар адепсиздик, кылмыштуулук боюнча түшүнүк алышса; Кылмыштуулуктун жана адепсиздиктин акыры жакшылыкка алып келбестигин айырмалап билишсе; Окуучулар бирин- бири уга билишсе, ар дайым адептүү болууга аракет кылышса;

Сабактын максаты :

Билим берүүчүлүк : Окуучулар адепсиздик, кылмыштуулук боюнча түшүнүк алышат.

Өнүктүрүүчүлүк:   Кылмыштуулуктун жана адепсиздиктин акыры жакшылыкка алып келбестигин билишет.

Тарбия берүүчүлүк : Окуучулар бирин- бири уга билишет, ар дайым адептүү болууга аракет кылышат.

Жогорудагы максатка жетет деп билсек болот, эгерде алар;

Окуучулар адепсиздик, кылмыштуулук боюнча түшүнүк алышса;

Кылмыштуулуктун жана адепсиздиктин акыры жакшылыкка алып келбестигин айырмалап билишсе;

Окуучулар бирин- бири уга билишсе, ар дайым адептүү болууга аракет кылышса;

Сабактын тиби: Жаңы материалдар менен тааныштыруу Сабактын усулу: Көрсөтмөлүү.  Аңгемелешүү, топтор  менен иштөө. Сабактын жабдылышы: Батман, ноутбук, сурөттөр,  маркер, кылмыштуулук боюнча  буклеттер, макал-лакаптар жана  учкул сөздөр жазылган кагаздар.

Сабактын тиби: Жаңы материалдар менен тааныштыруу

Сабактын усулу: Көрсөтмөлүү. Аңгемелешүү, топтор

менен иштөө.

Сабактын жабдылышы: Батман, ноутбук, сурөттөр,

маркер, кылмыштуулук боюнча

буклеттер, макал-лакаптар жана

учкул сөздөр жазылган кагаздар.

Сабактын жүрүшү:  Уюштуруу:  Саламатсыздарбы, урматтуу окуучулар! Бүгүн биздин коомдун алдында турган эң актуалдуу кыйынчылыктардын бири өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук болуп саналат. Анда силер менен бүгүнкү сабагыбызда адепсиздик жана кылмыштуулук жөнүндө аңгемелешебиз. Сабагымды төмөндөгү бир сап ыр менен баштагым келди:  Адептүү бол, салам айтып дайыма, Улуу-кичүү, кары-жашы, барына. Эстүү экен кимдин уулу, кызы деп, Ээ болосуң өзүң дагы алкышка.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу:

Саламатсыздарбы, урматтуу окуучулар!

Бүгүн биздин коомдун алдында турган эң актуалдуу кыйынчылыктардын бири өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук болуп саналат. Анда силер менен бүгүнкү сабагыбызда адепсиздик жана кылмыштуулук жөнүндө аңгемелешебиз.

Сабагымды төмөндөгү бир сап ыр менен баштагым келди:

Адептүү бол, салам айтып дайыма,

Улуу-кичүү, кары-жашы, барына.

Эстүү экен кимдин уулу, кызы деп,

Ээ болосуң өзүң дагы алкышка.

Мезгилдин жүрөк өйүткөн азыркы көйгөйу мектеп окуучуларынын арасындагы майда  рэкетчилик, хулигандык, кылмыштуулук  болуп жатат. Арабызда бул көрүнүштөр күндөн кунгө куч алып баратканы байкалууда. Айрыкча шаар четинде мектептерде, райондук , мектептерде көбүрөөк байкалууда.

Мезгилдин жүрөк өйүткөн азыркы көйгөйу мектеп окуучуларынын арасындагы майда  рэкетчилик, хулигандык, кылмыштуулук  болуп жатат. Арабызда бул көрүнүштөр күндөн кунгө куч алып баратканы байкалууда. Айрыкча шаар четинде мектептерде, райондук , мектептерде көбүрөөк байкалууда.

Өспурүм кез – инсандын калыптануу мезгили. Ушул учурда көпчүлүк уул, кыздарыбыз туура эмес жолдорго түшуп кетишет. Улуулардын айткан создөрүн укпай адепсиз аракеттерди жасап жатышат. Өспурүм куракта мунөздүн андан аркы калыптануусу журөт. Кылмыштуулукка да ушул куракта көп барышат.

Өспурүм кез – инсандын калыптануу мезгили. Ушул учурда көпчүлүк уул, кыздарыбыз туура эмес жолдорго түшуп кетишет. Улуулардын айткан создөрүн укпай адепсиз аракеттерди жасап жатышат. Өспурүм куракта мунөздүн андан аркы калыптануусу журөт. Кылмыштуулукка да ушул куракта көп барышат.

Урматтуу окуучулар,алгач адепсиздик менен кылмыштуулукту бири-биринен айырмалап, түшүнүп алуу үчүн  кластер  түзөлү.  - Адепсиздик деген эмне? – Бул коомдогу адеп- ахлак нормаларын бузуу.  – Кандай сапаттар кирет? Адепсиздик, калпычылык, ушактоо, мазактоо, ыймансыздык ,оройлук, ачкөздүк жана көрө албастык.  Кылмыштуулук деген эмне? Кылмыштуулук деген бул бирөөгө зыян келтирүү, коомго тура эмес мамиледе болуу.  Кандай сапаттар кирет? Кылмыш , уурулук, рэкетчилик , баңгилик, аракечтик, бейбаштык, мушташуу, ж.бкирет.

Урматтуу окуучулар,алгач адепсиздик менен кылмыштуулукту бири-биринен айырмалап, түшүнүп алуу үчүн  кластер  түзөлү.

- Адепсиздик деген эмне?

Бул коомдогу адеп- ахлак нормаларын бузуу.

Кандай сапаттар кирет?

Адепсиздик, калпычылык, ушактоо, мазактоо, ыймансыздык ,оройлук, ачкөздүк жана көрө албастык.

  • Кылмыштуулук деген эмне?
  • Кылмыштуулук деген бул бирөөгө зыян келтирүү, коомго тура эмес мамиледе болуу.

  • Кандай сапаттар кирет?
  • Кылмыш , уурулук, рэкетчилик , баңгилик, аракечтик, бейбаштык, мушташуу, ж.бкирет.
Ал эми азыр кылмыштуулуктун чыгуу себептерине кайрылсак: Албетте, бекерчилик, бейбаштык.  Кароосуз калган балдардан, чыр –чатактуу үй-бүлөлөрдөн, интернет, убакытты туура эмес пайдалануудан, максатсыз көчөдө жүрүүдөн жана эң башкысы ата- энелердин шалаакылыгынан, өз балдарына жетиштүү деңгээлде көңүл бурбаганынан, үйдө көзөмөл жоктугунан келип чыгат.

Ал эми азыр кылмыштуулуктун чыгуу себептерине кайрылсак:

Албетте, бекерчилик, бейбаштык.

Кароосуз калган балдардан, чыр –чатактуу үй-бүлөлөрдөн, интернет, убакытты туура эмес пайдалануудан, максатсыз көчөдө жүрүүдөн жана эң башкысы ата- энелердин шалаакылыгынан, өз балдарына жетиштүү деңгээлде көңүл бурбаганынан, үйдө көзөмөл жоктугунан келип чыгат.

Рэкетчилик – англис тилинен которгондо “зордук зомбулук” дегенди түшүндүрөт. 

Рэкетчилик – англис тилинен которгондо “зордук зомбулук” дегенди түшүндүрөт. 

Рэкетчилик баланын башына түшө турган эң жаман көйгөйлөрдүн бири.   Акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык, мектеп жашындагы балдардын болжол менен 30% өмүрүндө рэкетчиликтин кандайдыр бир түрүнө дуушар болушкан.   Тилекке каршы, баланы коркутуп-үркүткөн учурларды билүү ар дайым эле оңой боло бербейт. Бул көйгөйгө кабылгандар ар кандай факторлордон улам, ал жөнүндө сүйлөшпөөнү чечишет. Бир нече изилдөөлөр көрсөткөндөй, мугалимдер дагы, ата-энелер дагы ушул жагдайлардын бири болжол менен жарым убакыт болгондо билишпейт.

Рэкетчилик баланын башына түшө турган эң жаман көйгөйлөрдүн бири.

  Акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык, мектеп жашындагы балдардын болжол менен 30% өмүрүндө рэкетчиликтин кандайдыр бир түрүнө дуушар болушкан.

Тилекке каршы, баланы коркутуп-үркүткөн учурларды билүү ар дайым эле оңой боло бербейт. Бул көйгөйгө кабылгандар ар кандай факторлордон улам, ал жөнүндө сүйлөшпөөнү чечишет. Бир нече изилдөөлөр көрсөткөндөй, мугалимдер дагы, ата-энелер дагы ушул жагдайлардын бири болжол менен жарым убакыт болгондо билишпейт.

  РЭКЕТТИН СЕБЕПТЕРИ  үй-бүлөдөгү тарбиянын жетишсиздиги, көр оокаттын айынан көп иштеген жана чет өлкөлөргө чейин акча табуу максатында кеткен ата-энелердин баласынын жүрүм-турумун көзөмөлдөй албагандыгы, балага толук кам көрө албагандыгы;  2) Окуучулардын айтуусу боюнча рэкетчилик өспүрүмдөр арасында бийлик үчүн күрөш, башкаларга үстөмдүк кылуу, коркутуу, «тандамал чөйрөгө» кирүү, назарга илинбей калуу коркунучунан келип чыгат;  3) рэкетчиликке кабылган балдар мугалимдерге, ата-энелерине ишеним артышпайт, себеби көп учурда чоң кишилер мындай маселени чечүүдө катаал, чогоол иш жүргүзүү менен рэкеттин курмандыгын ашыкча коркунучка дуушар кылышат;  4) окуучулардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалынын ар түрдүүлүгү; 5) бош убактыларын туура пайдалануу уюштурулбагандыгы. 6) криминалдык чөйрөнүн таасири көбөйгөндүгү кооптондурууда; 8) балдардын өз укуктарын коргоо механизмдерин билбегендиги, өзү теңдүү өспүрүмдөргө, ал өзүнөн алсыз болсо да, каршы тура албагандыгы; 9) оюн-зоок мекемелердин көптүгү жана балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карабай эшиктеринин ачыктыгы;

  РЭКЕТТИН СЕБЕПТЕРИ

  • үй-бүлөдөгү тарбиянын жетишсиздиги, көр оокаттын айынан көп иштеген жана чет өлкөлөргө чейин акча табуу максатында кеткен ата-энелердин баласынын жүрүм-турумун көзөмөлдөй албагандыгы, балага толук кам көрө албагандыгы;

2) Окуучулардын айтуусу боюнча рэкетчилик өспүрүмдөр арасында

бийлик үчүн күрөш, башкаларга үстөмдүк кылуу, коркутуу, «тандамал чөйрөгө» кирүү, назарга илинбей калуу коркунучунан келип чыгат;

3) рэкетчиликке кабылган балдар мугалимдерге, ата-энелерине ишеним артышпайт, себеби көп

учурда чоң кишилер мындай маселени чечүүдө катаал, чогоол иш жүргүзүү менен рэкеттин

курмандыгын ашыкча коркунучка дуушар кылышат;

4) окуучулардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалынын ар түрдүүлүгү;

5) бош убактыларын туура пайдалануу уюштурулбагандыгы.

6) криминалдык чөйрөнүн таасири көбөйгөндүгү кооптондурууда;

8) балдардын өз укуктарын коргоо механизмдерин билбегендиги, өзү теңдүү өспүрүмдөргө, ал

өзүнөн алсыз болсо да, каршы тура албагандыгы;

9) оюн-зоок мекемелердин көптүгү жана балдардын жаш өзгөчөлүгүнө карабай эшиктеринин

ачыктыгы;

Ал эми азыр баарыңыздардын көңүлүңүздөрдү доскадагы   макал-лакаптарга   бурмакчымын.  (Окуучулар кыска-нуска кылып, өз ойлоруңарды айтып чечмелеп бересиңер.)    Жакшы болгон баланын атасы жаман болсо да, төрдө отуруп сый табар.  Жаман болгон баланын атасы жакшы болсо да, тоо үстүнөн ит кабар.  2. Өсөрүбүз да, өчөрүбүз да тарбиядан.  3. Балдарга мээримибиз, бактылуу келечегибиз.  4. Майда кылмышты жазаласаң, чоң кылмыштын алдын аласың.

Ал эми азыр баарыңыздардын көңүлүңүздөрдү доскадагы   макал-лакаптарга   бурмакчымын.

(Окуучулар кыска-нуска кылып, өз ойлоруңарды айтып чечмелеп бересиңер.)

  • Жакшы болгон баланын атасы жаман болсо да, төрдө отуруп сый табар.

Жаман болгон баланын атасы жакшы болсо да, тоо үстүнөн ит кабар.

2. Өсөрүбүз да, өчөрүбүз да тарбиядан.

3. Балдарга мээримибиз, бактылуу келечегибиз.

4. Майда кылмышты жазаласаң, чоң кылмыштын алдын аласың.

Рефлексия : - Балдар бүгүнкү сабактан силер кандай жыйынтык чыгарасыңар? -Эмне силердин эсиңерде калды? -Эмне силерге таасир калтырды?

Рефлексия :

- Балдар бүгүнкү сабактан силер кандай жыйынтык чыгарасыңар?

-Эмне силердин эсиңерде калды?

-Эмне силерге таасир калтырды?

   Сабакты жыйынтыктоо:   Улуу адамыбыз И. Раззаков айткандай “Сен таза болсоң, мен таза болсом , коом да таза болот”- деген сөздү өзүбүзгө ураан кылып, бир жакадан баш , бир жеңден кол чыгарсак гана кылмыштуулукту, рэкетчиликти, адепсиздикти жеңебиз деген ойдомун.   Ар бирибиз кылмыштуулуктун акыры – жаза менен бүтөрүн унутпасак жакшы болор эле.   Сабагымдын акырында төмөндөгү улуу инсандардын учкул сөздөрү менен аяктагым келет жана үйгө тапшырмага “Кылмыштуулукту кантип алдын алуу керек” деген темада дилбаян жазып келгиле.  

  Сабакты жыйынтыктоо:

Улуу адамыбыз И. Раззаков айткандай “Сен таза болсоң, мен таза болсом , коом да таза болот”- деген сөздү өзүбүзгө ураан кылып, бир жакадан баш , бир жеңден кол чыгарсак гана кылмыштуулукту, рэкетчиликти, адепсиздикти жеңебиз деген ойдомун.

Ар бирибиз кылмыштуулуктун акыры – жаза менен бүтөрүн унутпасак жакшы болор эле.

Сабагымдын акырында төмөндөгү улуу инсандардын учкул сөздөрү менен аяктагым келет жана үйгө тапшырмага “Кылмыштуулукту кантип алдын алуу керек” деген темада дилбаян жазып келгиле.

 

Антуан Ривароль : Адамзат эңкейишке аккан дарыя, аны артка агыза албайсың. Георг Лихтенберг :  Эң коркунучтуу калп- бурмалап айтылган чындык. Кенже Плиний : Анри Бек  : Жеке кызыкчылык коомдун кызыкчылыгынан кийин туруш керек. Эркиндик менен ден соолук окшош: алардан ажыраганда гана “аттиң” дейсин.

Антуан Ривароль :

Адамзат эңкейишке аккан дарыя, аны артка агыза албайсың.

Георг Лихтенберг :

Эң коркунучтуу калп- бурмалап айтылган чындык.

Кенже Плиний :

Анри Бек  :

Жеке кызыкчылык коомдун кызыкчылыгынан кийин туруш керек.

Эркиндик менен ден соолук окшош: алардан ажыраганда гана “аттиң” дейсин.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!