СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адептүүлүк-адам көркү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адептүүлүк-адам көркү»

Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектеп-мекемеси


Тарбиялык саат


Тема: Адептүүлүк- адам көркү



Мугалим:Б.Дж.Салимбаева

Тема: Адептүүлүк- адам көркү

Сабактын максаты:Саламдашуу, тамактануу, көчөдө жүрүү адептерин үйрөнүп, аларды өз

турмушунда пайдалана алышат.

Сабактын жабдылышы:Мугалимдин баяндамасы, тарткатмалар

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: окуучулар 3 топко бөлүнүшөт. Ар бир топко тарткатмалар таркатылат.

1-топко: Саламдашуу адеби

Адеп- бул бузукулуктун чегине чейин жеткирбей турган адам баласындагы асыл сапат. Жулунуп жулкунбай, нысаптуу , өзүн да , өзгөлөрдү да сыйлай билүү адептүүлүккө жатат.

Инсандын ар тараптан өсүшү үчүн акыл тарбиясы, адеби эл турмушунда эзелтеден чоң мааниге ээ болуп келген. “ Адеби бар азамат ар бир сөздү кынаптаар” деген сыяктуу макалдын жардамы менен ар тараптан өскөн, намыскөй жигиттерди даңкташкан. Ал эми бабыз Жусуп Баласагын “Жаман иштен сактаса, абийир сактайт, жакшы ишке баштаса, абийир баштайт “ деп айткан экен. Ошентип адамдагы бардык жакшы сапаттар абийирдүүлүк, ар намыстуулук, жүйөөлүү ой пикир чынчылдык, сөз менен иштин айкалышуусу сыяктуулар анын адептүүлүгүн айгинелейт. Жаман сапаттарды адамдын адепсиздигине ыйгарып коёбуз.

Адептүүлүктү адамдардын өз ара мамилесинен, башкалар менен болгон карым-катнашынан улам баамдап, байкап билебиз. Адамдын адамга ишенүүсү,андан ийменүүсү, туура эмес жоругу үчүн эл алдында кыйналып кысталуусу анын адептүүлүгүн айгинелейт.

Тааныш же бейтааныш адамга кезигип калсан созсуз турдо салам берип коруш.Бул сенин адептуулугундун белгиси.Тааныш адам менен саламдашып туруп калбай ал-акыбалын сура.

Бироо сага салам берсе, дароо алик алып, саламына жооп бер. Саламды толук турдо «Ассалоому алейкум», деп айт. Саламдын жообу «Ваа алейкум ассалам»- болот.

«Ассалоому алейкум»- араб создору. Кыргызча мааниси «Сизге тынчтык болсун». «Ваа алейкум ассалам»-дегени «Сизге да тынчтык болсун».

Башынды ийкеп койбой, колдорунду кокурокко коюп салам бер. Копчулук менен учурашып жатканда бардыгына, жалпы бир гана салам айтсан жетиштуу болот.Озундон жашы улууга, басып бара жатсан олтурган кишиге, атчан болсон жоо адамга биринчи салам беришин шарт. Кемсинтип , шылдындагансып ыржайып салам беруу адепсиздик. Саламды шыбырап койбой угуза айт. Кол берип учурашкан чакта колундун учун берип саламдашпа. Бул-адепсиздик, адамды тоготпогондук.

2-топко: Тамактануу адеби

Эн биринчи колду таза жууп анан тамакка олтуруу керек. Тамакты өз убагы менен, керектүү өлчөмдө жешке көнүккүн. Ашыкча эле жей берсен, синире албай кыйналасын.

Ачуу, кычкыл нерселерди, этти сут менен жебегин. Жыттанып калган жана ачып калган тамактан да этият болгун. Кыргыз элинин өзгөчө салттарынын бири, кичуулор улуулардан мурун тамакка кол салган эмес, ата-энен дасторконго кол узатмайынча,сен кол узатпагын. Тамакты өз алдындан гана алып жегин. Нанды дайыма кош колдоп сындыргын. Оозундагы тамакты шашпай, акырын чайнап жуткун. Тамак жеп жаткан учурда сүйлөп, башкаларга жолтоо болбой, эгер суюк тамак болсо аны шорулдатпай ичүү керек. Оозго тамак салып алып сүйлөө же кулуу адепсиздик.

Оозуна тийгизген тамакты кайра табакка салбагын. Тазалыкты сактап этият тамактан. Суюк же коюк тамактар дасторконго же кийимдерине төгүлбөсүн. Дасторконго коюлган момо-жемиштерди жешти кааласан, жеген мөмөлөрүндүн кабыгын жана данегин желбеген мөмөлөрдүн, дасторкондун үстүнө таштаба. Өзүнчө бир бош идишке ташта. Тамактанып бүткөн соң дасторконго бата тилеп, тургандан кийин колду жуу абзел.

3-топко: Көчөдө жүрүү адеби

Окуучум,көчөдө жургондо этияттык менен жүр,кийимдеринди ыплас нерсеге булгап алуудан сакта. Оозунду ачып ар нерсеге караба. Базарда жана адамдар көп жыйылган жайларда өтө этияттык менен абайлап жур. Элебестик менен кадам шилтеп,адамдардын бүтүн басып кетип же туртуп ушул сыяктуу бейжай аракеттерди жасаба.Эки адам сүйлөшүп турган болсо, алардын ортосунан өтүү адепсиздик.

Жолдо карыя адам учурап калса,четирээк басып,түртүп өтүп кетпей, акырын алдыга отуу керек. Адамдар өтчү жолдун ортосунда сүйлөшүп туруу туура эмес, четирээк жагында сүйлөшкөн оң. Жолдун үстүндө таш,тикен сыяктуу нерселерди көрсөң четке ал, сооп табасын. Жолго түкүрүү, ыплас нерселерди таштоо адепсиздик. Кары же алсыз адамдардын колунан жүгүн алып жардамдашсан мээримдүү иш жасаган болосун. Жолдон өтүп бараткан адамдарга тийишүү да адепсиздик. Бироо жарым жыгылып калгынын көрсөң ага дароо жардам бер.

2-кадам: ар бир топ бөлүнгөн текстти окушат жана топто талкуулашат. Белгиленген убакыттан соң презентацияга чыгышат.

Суроолор жана тапшырмалар

1. Саламдашуу адебин кандайча түшүндүң? Саламдашуу эрежелерин айт.

2. Тамактануу эрежелерине макулсунбу жана аларды аткара аласынбы?

3. Көчөдө жүрүү адеби боюнча сен эмнелерди билесин?

Баалоо:Окуучунун жооп бергенине карап баалоо

Үй тапшырма: Адамдык сапаттарга эмнелер кирет. Жазып келүү




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!