СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аглис тилин окутууда тестирлөө инструменттеринин артыкчылыктары

Нажмите, чтобы узнать подробности

Билим берүүдө билим алууучунун (окуучу, студент, курстун угуучусу ж.б.) билим деңгээлин текшерүүдө колдонулуучу инструменттердин бири тестирлөө болуп саналат. Тестирлөө ыкмасы ар кандай мезгилде, ар түрдүү ыкмалар менен жүргүзүлүп келүүдө. Ал эми анын жыйынтыгына толук ынанышкан же тескерисинче, күмөндүү ойлор менен кайчы пикирлерди жаратткан учурлар көп кездешет. Андыктан бул маселеге олуттуу мамиле керек экендиги күндөлүк окутуу процессинде байма-бай кездешип келүүдөбөз.

Просмотр содержимого документа
«Аглис тилин окутууда тестирлөө инструменттеринин артыкчылыктары»

Мааткеримов З.Ж., ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун ага окутуучусу, КРнын билим берүүсүнүн мыктысы


Англис тилин окутууда тестирлөөнүн инструменттеринин артыкчылыктары


АННОТАЦИЯ


Бул макалада англис тили сабактарында тестирлөөнүн ар кандай инструменттерин пайдаануунун артыкчылыктары тууралуу баяндалат. Ал окутуу процессинин сапатын көтөрүүгө түздөн-түз салымын кошуу менен тил үйрөнүүчүлөрдүн тилди үйрөнүү деңгээлин ар кандай ыкма менен аныктоого жардам бере тургандыгын ачып көрсөтөт.


В этой статье рассматривается преимущества использования инструментов тестирования на занятиях английского языка и раскрытие возможности приема определения уровня изучения английского языка.


This article discusses the benefits of using testing tools in English classes and revealing the possibility of accepting a definition of the level of learning English.



Тестирлөө – окуу дисциплинасынын бардык программаларынын окуп, үйрөнгөндөн кийин окутуучу тарабынан студенттердин жалпы билимин текшерүүнүн бирден-бир формасы болуп саналат.

Бүгүнкү күндө “экзамен-диалог” б.а. окутуучу менен студенттин ортосундагы традициялык сынакка караганда тестирлөө экзамени көптөгөн артыкчылыктарга ээ. Тесттик сынактын өзгөчөлүгү- убакыттын так коюлушу менен мүнөздөлөт. Ошондуктан тестирлөөгө даярданып жатканда психологиялык жактан даяр болуусу, ар кандай майда маселелерди өз учурунда чече билүүсү жана убакытты карап берилген суроолорго кыска жоопторду берүү болуп саналат.

Тестирлөөнүн артыкчылыктары:

  1. Объективдүүлүгү

Экзаменатор тарабынан субьективдүү факторлор жок болот. Тесттин жыйынтыгы комьпютер аркылуу жүргүзүлүп, студенттин катышуусунда гана жооптордун картасы пайдаланылат.

  1. Валидность же баалуулугу

Кадимки традициялык экзамендердеги “лотерея” фактору жок болот, б.а. “бактылуу” же “бактысыз” билеттердин түшүп калуусу деген болбойт.

  1. Жөнөкөйлүгү

Тесттик суроолор кадимки экзамендик билеттер менен суроолорго караганда конкреттүү, кыска, так жана туура жоопторду же тактоолорду, негиздемелерди талап кылбайт, болгону туура жоопту же жоопторду же дал келүүчүлүктү белгилеш керек.

  1. Демократиялуулугу

Бардык тест тапшыруучуларга бирдей сандагы тесттик суроо-тапшырмалардын жана бирдей убакыттын бирдик өлчөмү берилгендиги менен мүнөздөлөт.

  1. Массалуулугу жана кыска мөөнөттүүлүгү

Белгилүү бир кабыл алынган убакыттын ичинде көптөгөн сандагы тест тапшыруучуларды өзүнө камтыгандыгы менен өзгөчөлөнөт.

  1. Технологиялуулугу

Сынакты комьютердик же бланкалык түрдө өткөрүү технологиялык жактан ыңгайлуулугу б.а. тестти жазып, көчүрүп олтурбагандыгы менен түшүндүрүлөт.


Тестирлөөнүн терс жактары

Салыштырмалуу эң жакшы, сапаттуу тесттик тапшырмаларды түзүү кыйынчылыгы б.а. каталары тыкыр текшерилген, көрсөткүчтөрү ишенимдүү жана ырааттуу түрдө жайгаштырылып түзүлгөн болушу шарт. Тесттерди түзүүдө жана аны пайдаланууда кымбат баалуу техникалык каражаттарды пайдалануу. Мисалы: заманбап акыркы муундагы компьютерлер же ноутбук, диапроекторлор, кара же түстүү кагаз иштетилүүчү принтерлер, сканерлер ж.б.


Тесттин аныктамасы

Тест- мазмуну жагынан улам оорлоштурулган, студенттердин даярдыгынын деңгээлин натыйжалуу өлчөөчү атайын формадагы суроо-тапшырмалардын системасы жана билимдердин тизмегин сапаттуу баалоого түрткү берүүчү сынактын бир түрү.


Илимий жактан негизделген тест –тиешелүү тематикаларга карап, атайын белгиленген стандарттарга дал келген текшерүүнүн ишенимдүү жана баалуу усулу болуп саналат. Ишенимдүү делип өткөрүү шарттарын өзгөртүү менен, көбүнчө убактыны же тесттик тапшырмалардын топтомун макулдашуу жолу менен бир эле тайпада өткөрүүнү түшүнөбүз. Ишенимдүүлүк көрсөткүчү бул дайыма нөлдөн тиешелүү бирдиктерге чейин оң маанини берүүсү аталат. Көбүнчө ишенимдүүлүгүн текшерүүдө тесттик сынакты 2 жолу өткөрүү сунушталат жана алынган баллдарды салыштыруу менен аныкталат. Эгерде 2 тесттин жыйынтыктары окшош болсо, тесттин ишенимдүүлүк деңгээли ошончолук жогору болот.

Тесттирлөөнүн баалуулугу – алдыга койгон максатка жетүүдөгү бааллуулугу болуп саналат б.а. пайдаланууга жарактуулугу боюнча белгилүү бир шарттарда, кайсы-бир критерийлерди/ өлчөмдөрдү пайдаланууга жарамдуулугунан көрүнөт.

Педагогикалык көз караштан алганда тесттин мазмуну боюнча баалуулугу тажрыйбалуу окутуучу-эксперт тарабынан тесттин суроо-тапшырмалары төмөнкүчө белгиленет.

  • Тест тапшыруучунун өзү окуп жаткан окуу программасына дал келүүсү;

  • Окуу программасын толук камтыгандыгы;

  • Тест тапшырмаларына ийгиликтүү жооп берген тест тапшыруучунун предметти билүүсүнө, алган баасынын дал келүүсүнө ишенимдүүлүгү;


Тесттин баалуулугу төмөндөгү суроолор менен да тыгыз байланышта экендиги менен мүнөздөлөт. Алар:

  • Текшерүүнүн жыйынтыгына канчалык ишенсе болот жана ушул ишенимге кандай аргументтерди атаса болот?

  • Аныкталган билим деңгээли окутуунун .сапаты жана максатына карай көз караштан алганда татыктуубу?

  • Студенттердин билими жөнүндө обьективдүү, ынанымдуу маалымат алуу үчүн канча суроо берсе болот?

  • Сапаттуу текшерүүнү ырааттуу, оптималдуу уюштурууга канча убакыт талап кылынат?


Тесттик суроолорду иштеп чыгуунун этаптары:

  1. Ой-пикир же идея жаратуу. Окуу дисциплинасынын өзгөчө структурасы болгон предметтик билимдин концепциясы тесттик суроо-тапшырмалардын негидери болуп саналат.

  2. Максат коюу. Максат так жана туура коюлушу керек. Тесттик суроо-тапшырмалар эмне максатта түзүлүп жатат?

  3. Пайдалануу шарттары. Тест тапшыруучулардын контингенти аныкталат. Атап айтканда курсу, тесттин көлөмү, окуу мөөнөтү, тест тапшыруунун мөөнөтү, тест тапшыруунун формасы, б.а. компьютердеби же бланкалык тестирлөө түрүндөбү.

  4. Окуу программасынын бөлүмдөрүнө, темаларына анализ.

Жалпы тесттик суроо-тапшырмалардын мазмуну бөлүмдөр боюнча билимге таянуу менен түзүлөт.

  1. Тесттик суроо-тапшырмалардын түрлөрүн аныктоо.

  • Акыктама бере алуусу;

  • Негизги закон ченемдүүлүктөрдү билүүсү (негизги формулаларды, закондорду, принциптерди ж.б.);

  • Далилдүү материалдарды билүүсү;

  • Үйрөнүлүп жаткан көрүнүштү, процессти окшоштуктар менен айырмачылыктардын өз ара байланыштуулугунун ыраатуулугун таба билүүсү;

  • Ар түрдүү булактар (графика, схема ж.б.) менен иштей билүүсү


Тесттик тапшырмаларга анализ жүргүзүү:


Экспертизанын максаты: Квалификациялуу адистерди тартуу менен сунушталган тесттик тапшырмалардын жардамы менен билимди бааласа болобу? Эксперттин пикири боюнча сандык бааларды пайдалануу менен экспертиза жүргүзүлүүсү керек.

Тестти эмпирикалык текшерүү (байкоо, тажрыйба жана эксперименттен алынган фактылар).

Бардык тесттик тапшырмалар текшерүүгө жатат. (100-200 тест тапшыруучуга 40-50 тапшырмадан берүү)

Тесттик тапшырмаларга коюлуучу талаптар:

а) мазмундуулугу – Түзүлүп жаткан тесттин дисциплинанын темаларына, бөлүмдөрүнө сөзсүз таандык болушу.

б) кыскача болуусу- так, кыска түзүлүүсү керек, даана баяндама, бир жоопту билдире турган, сүйлөмдөгү сөздөрдүн жайгашуусу. Жообу менен тапшырма ырастоону жаратышы керек. Сүйлөмдүн алдына ачкыч сөздү пайдалануу зарыл.

в) тесттин татаалдыгын өлчөө, текшерүү-тестти сыноодон өткөрүп жатканда ар бир тапшырманын татаалдыгын өзгөчө белгилөө керек. Тестте ар түрдүү татаалдыктагы тапшырмалар болушу шарт.

г) бири-бири менен байланыштуулугу-мазмуну боюнча тапшырмалар бири-бири менен тыгыз байланышта болушу керек.

д) Дифференцирлөө – студенттерди күчтүү жана күчтүү эмес тайпаларга ажыратуу. Эгерде тесттик суроолорго эч ким жооп бере албаса же бардык студенттер бирдей жооп беришсе да , ал суроолор тесттен алынып коюлушу керек.


Тесттик тапшырмалардын формалары:

Тесттик суроо-тапшырмалардын түрлөрү төмөнкүлөр:

  1. Ачык типтеги тесттер (открытый тип);

  2. Жабык типтеги тесттер (закрытый тип);

  3. Толуктоо (дополнение);

  4. Өз эркинче баяндап жазуу (свободного изложения);

  5. Көпчүлүк жоопторду тандоо (множественного выбора);

  6. Ыраатуулукту калыбына келтирүү (восстановления последовательности);

  7. Карама-каршы жоопту берүү (альтернативный ответ);

  8. Дал келүүчүлүктү калыбына келтирүү (восстановления соответствия);

  9. Бир гана туура жоопту тандоо (с одним правильным ответом)

  10. Бир канча жооптору туура (с нескольким правильным ответов).



Пайдаланыллган интернет ресурстар


  1. www.native-english.ru test

  2. cambridge English.org.ru

  3. test-your-english

  4. iloveenglish.ru tests

  5. www.study.ru test


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!