СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ак Булактан чыккан инсандар

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ак Булактан чыккан инсандар»

Бакиров Атабек





Бакиров Атабек 1944-жылы Ноокат районунун Ак-Булак айылында туулган. Орто мектепти бүткөндөн кийин Москвадагы Аскер чек-ара окуу жайына тапшырып, аны 1967-жылы бүтүргөн. Эмгек жолун Тажикстандын Мургаб чек-ара кызматында өтөө менен баштаган. Кийин Фрунзе шаарынын аскер коммиссариаттарынын биринде иштеген. 1980-1985 жылдары Майлысуу шаардык аскер коммиссариатынын башчысы 1985-1989-жылдары Нарын облусттык коммиссариатынын башчысы болуп иштеген. Эгемендүүлүк алган жылдары чек- ара заставаларын түзүүгө зор салым кошкон.

Бакиров Атабек аскер кызматына кошкон бараандуу салымы үчүн полковник наамына чейин жетип , көптөгөн сыйлыктарга татыган.






Жусубалиев Али Бурканович

Жусубалиев Али Бурканович 1977 - жылы 1-январда Ош областына караштуу Ноокат районунун Ак - Булак айылында туулган.1994 - жылы Тельман атындагы орто мектепти (азыркы күндөгү Саты Токторов атындагы орто мектеп) аяктаган. Ошол эле жылы ОШМУнун теология факультетине тапшырып 1999-жылы ийгиликтүү бүтүрүп. Түркия Мамлекетинин Анкара университетинин базасындагы магистратурага тапшырган. 2001-жылы 13-июнда Түркия мамлекетинин Анкара университетинде «Фергана аймагындагы Ислам дининин кирүүсү жана жайылуусу» -деген темада магистратуралык дисертациясын түрк тилинде жазып коргогон. Ошол эле жылы жогоруда аты аталган окуу жайда докторантурага баштап, 2007-жылы күзүндө Түркия мамлекетинин Анкара университетинде «Кыргыздын Ислам кабыл алуусу» - деген темада доктордук (Европа стандартындагы (Рh.D) диссертатциясын да түрк тилинде жазып ийгиликтүү коргоп, теологиянын докторү деген академиялык даражага ээ болгон. Жыйырмага жакын илимий макалалардын автору.

Жусубалиев Али ОшМУнун, Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим Министрлигинин, Борбордук профсоюз Комитетинин Ардак грамоталары жана 2016-жылы ОшМУ-да 1- даражадагы мыкты окуу - усулдук колдонмо диплому менен сыйлаган.

Иметов Букарбай

Иметов Букарбай 1951-жылы 5 - янвврда Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылында туулган. 1966- 68 жылы Ноокат районундагы К.Маркс атындагы орто мектепти бүтүргөн. Кызыл-кыя шаарындагы N 2 -кесиптик техникалык окуу жакында окуп, жыгач уста кесибине ээ болгон. 1968 - 70 -жж. Ноокат районунуна караштуу Тельман колхозунда курулуш бригадасында эмгектенген 1970-72- жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1972- жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык педагогикалык факультетине кирип, 1976-жылы музыка мугалими кесибине ээ болгон. 1976-жылы ОшПИнин музыка факультетинде лаборант, ага лаборонт болуп эмгек жолун баштаган. 1984 - 88-жж. Москвадагы В.И.Ленин атындагы педагогикалык институтунда стажёр, аспирант. 1988-жылы ошол эле институттун "Жогорку мектептин педагогикасы жана психологиясы" кафедрасында кандидаттык диссертатциясын коргогон. 1989-жылы "Музыкалык тарбиялоонун усулу теориясы жана музыкалык аспаптарда ойноо" кафедрасынын башчысы. 1994-жылы ОшМУнун тарбия иштери боюнча проректору, 1997-жылы ОшМУнун алдындагы "Квалификацияны жогорудатуу жана адистерди кайра даярдоо" институттун бөлүм башчысы, 1998-жылдан ошол эле институттун директору, 1999-жылдын ноябрь айынан баштап ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы болуп иштеген. 2004-жылдан баштап үзгүлтүксүз билим берүү институтунун директору, 2006-жылдан искусства факультетинин деканы, 2008-жылдан ЖОЖдорго даярдоо квалификацияны жогорулатуу жана прогноздоо институттун директору, 2009-жылдан университетинин эс алуу борборлорунун директору. 2011-жылдан баштап азыркыга чейин музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хордо дирижерлөө кафедрасынын башчысы болуп эмгектенет.

1989-жылдан баштап ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү. 2007- жылдан "Музыкалык тарбиялоонун усулу, теориясы жана хорду дирижерлөө" кафедрасынын профессору.

Иметов Букарбай 30дан ашуун илимий макалалардын автору, " Сендейди биз кайдан гана табабыз" , " Тамаша" , " Кыргыз Атам" аттуу илимий популярдуу , сатиралык жана адабий китептердин автору. Р. Абдыкадыровдун 70 жылдыгына карата "Рыспай " аттуу басылманын даярдаган төрт автордун бири, китептин илимий редактору.

Иметов Букарбай билим берүү жана илим министрлигинин, Республикалык профсоюз федерациясынын Ардак Грамоталарын алган . Элге билим берүү бөлүмүнүн мыктысы, " Манас эпосунун 1000 жылдыгы " эстелик медалы жана 2014- жылы КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы менен сыйлаган.

Купуев Пирмат Купуевич

Купуев Пирмат 1942- жылы Ноокат районуна караштуу Ак- Булак айылында туулган. 1966-1968- жж. Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы машина куруу заводунун инженер - технологу , улук- инженер - технологу , экспорттук аймактын мастери болгон.

1969- 1972- жж. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин "экономика жана эл чарбасын башкаруу" адистиги боюнча " өнөр жай экономикасы" кафедрасынын күндүзгү аспирантура бөлүмүнө тапшырган. 1972-1990- жж. Аспирантураны ийгиликтүү аяктап, "Эл чарбасын пландоо" кафедрасында мугалим болуп иштеп баштаган. 1972-1990- жж. ушул эле кафедрада окутуучу, улук окутуучу, доцент жана кафедра башчысы болуп эмгектенген. 1973-1980- жж. бир мезгилде Экономика факультетинде декандын орун басары жана декандык милдетти аткарган. 1989-1990- жж. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин алдындагы экономикалык жана юридикалык кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинде декан болуп эмгектенген. 1989- жылы Советтер Союзунун Жогорку Аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде "профессор" наамы ыйгарылган. 1990- жылы " Жогорку мектептин мыктысы" наамы менен сыйланган.

1991-1993- жж. Ош Жогорку Технологиялык колледжинин ректору, 1993- жылы Ош областтык мамлекеттик администрациясынын экономикалык суроолору боюнча башкы кеңешчи.

1994-1999- жж. Кыргыз Республикасынын Түштүктөгү Улуттук Илимдер Академиясынын бириккен илимдер институтунун директору.

1999-2002- жж. Ош Мамлекеттик Университетинин укук жана экономика институтунун директору, 2002-2005- жж. ОшМУнун " Бизнес жана менеджмент факультетинин деканы, 2005-2008- жж. Ош Мамлекеттик Университетинин экономика бөлүмүнүн башчысы, 2008-2009- жж. университеттин финансы - экономикалык факультетинин деканы, 2009- жылдан бери" Финансы жана кредит кафедрасынын профессору.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө - корреспонденти (1997), Кыргыз Республикасынын Инженердик Академиясынын академиги , Кыргыз Республикасынын Илим жана билим берүүнүн Эмгек сиңирген ишмери(2013).

Купуев Пирмат экономика тармагына адистерди , жаш окутуучуларды тарбиялоодо өзүнүн зор салымын кошуп келе жатат. Ош Мамлекеттик Университетинин жана Экономика жана ишмердүүлүк университетинин алдындагы экономика илимдери боюнча кандидаттык диссертацияларды жактоо боюнча Диссертациялык Кеңештин төрагасы, төрөганын орун басары катары жаш илимпоздорду даярдоодо кадыр баркка ээ. П. Купуев 120 дан ашык илимий иштери , 8 монографиясы жарык көргөн. Анын жетекчилиги менен эки экономика илиминин доктору, 12 илимдин кандидаты диссертацияларын ийгиликтүү жакташты. 10 дон ашуун аспиранттарга жана докторанттарга илимий жетекчиси.

Матишов Калык

Матишов Калык 1936-жылы 5-майда Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.1952-жылы Тельман 7-жылдык орто мектебин бүтүп, 1953-жылы Жалал-Абаддагы педучулищеге кирип, 1953-жылы биринчи курсун бүткөндөн кийин аны таштап, Аравандагы Төлөйкөн орто мектебин 1954-жылы толук бүтүргөн. 1955-58 жж. Ленинградда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1958-59-жж. Кызыл-кыя шаарында коменьщик болуп иштеген. 1959-жылы ОшПИнин физика-математика факультетине тапшырып, 1964-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Педагогикалык эмгек жолун 1964-65 жылдары Араван районундагы Навои атындагы орто мектепте физика-математика мугалими болуп баштаган.

1965-71 жылдары М.Горкий атындагы орто мектепте мугалим, профком болуп иштеген.1971-99-жылдары тактап айтканда 30-жылга жакын Тельман орто мектебинде директор болуп иштеп пенсияга чыккан. Андан кийин да аталган мектепте 2008-жылы чейин окуучуларга билим берип, ардактуу мугалим болуп эмгектенген.

Матишов Калык коомдук иштерде 1972-77- жж. 4 мектепти бириктирген партиялык уюмдун секретары, 1973-91-жж. Тельман колхозунун колхозчу активдеринин саясий пропогандисти, 1972-92- жж. Кыргыз-Ата сельсоветине 5 жолу катары менен депутат, 1970-85 - жж Ноокат райондук элге билим берүү бөлүмүнүн райондук математиктер секциясын жетектеген. Матишов Калык эл агартуунун отличниги,райкомдун бир нече громаталары менен сыйланган. Учурда кадырлуу аксакал, 3 уул 2 кыз 13 неберенин жана 1 чөбөрөнүн чон атасы.

Токторов Саты (1933-1997)

Токторов Саты 1933-жылы Кыргыз-Ата айылында туулган.1951-жылы Кыргыз-Ата орто мектебин бүтүрүп Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик Институттуна тапшырган.

1958-жылы аталган окуу жайдын врач -дарыгер кесибин ийгиликтүү аяктап, Ноокат райондук борбордук ооруканасында врач-терапевт болуп эмгек жолун баштаган. 1962-жылы борбордук оорукананын башкы врачынын жардамчысы болуп иштеген.

1970-жылдан баштап Ноокат райондук тубдиспансерде башкы дарыгер болуп, 1975-жылдан рентгенолог болуп пенсияга чыкканга чейин иштеген. 1997-жылы дүйнөдөн кайткан.

Токторов Саты Ноокат районунан чыккан биринчи жогорку билимдүү дарыгер болгон. Ондон ашык грамоталар менен сыйланган.

Азыркы Ноокат районунун тарых музейинде иштеринин баары бар. Жети баланын атасы (4 уул -3 кыз). Балдарынын баары жогорку билимдүү, өз кесиптеринин ээлери болуп иштейт.



Кочкоров Чиркеш

Кочкоров Чиркеш 1930- жылы Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылында туулган. Балалык мезгили согуш мезгилине туура келип, тылда эмгектенген. 1952- жылы Ноокат районундагы Правда орто мектебин бүтүрүп, ошол эле жылы Ош Мамлекеттик Педагогикалык институтунун тил- адабият факультетине тапшырган. Аны 1956- жылы ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы "Интернационал" мектебине мугалим болуп кирген. 1957-1958- жж. "Ломоносов" атындагы орто мектебине мугалим болуп кирген. 1959-1961- жж. "Тельман" атындагы орто мектепте директору, 1961-1962- жж. Кичи- Алай сегиз жылдык мектебинде директор, 1962-1972- жж. Свердлов атындагы орто мектебинин директору болуп иштеген. 1973--1991- жж. "Тельман атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1991- жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Кочкоров Чиркеш Кыргызстан мугалимдеринин lV- жана VI- съездинин делегаты болгон. " Эл агартуунун мыктысы", Лелиндин 100 жылдыгы медалы менен сыйланган. Ак - Булак айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы болгон.

Кочкоров Чиркеш 2005- жылы 23- февралда 75 жашында дүйнөдөн кайткан.


Темиров Абидин

Ырчы жана композитор Абидин Темиров 1968- жылы 3- февралда Ош областынын Ноокат районуна караштуу Тельман айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 3 жашынан баштап "Кызгалдак" балдар бакчасында тарбияланган. Тельман атындагы орто мектепте билим алуу менен биргеликте райондук " Алтын - Булак" , айылдык " Дастан" ыр- бий ансамблине катышып ырдай баштайт.

1983- жылы Ош Мамлекеттик музыкалык окуу жайдын орус эл аспаптар бөлүмүнүн аккордеон классын , оркестр дирижерлук бөлүмүнүн бүтүргөн. Ошол эле мезгилде композитор Т. С. Чалапиновдун композиторлук бөлүмүнөн сабак алган. Андан кийин Ош филармониясында музыкалык жетекчи жана көркөм жетекчи болуп эмгектенген. 1990- жылдан 1992- жылга чейин Т. Сатылганов атындагы филармонияда иштеп, кийин Чүй областындагы " Шаршен" атындагы куудулдар театрын Ж. Алыкулов менен биргеликте ачышып, ошол жерде эмгектенген. Кийинки чыгармачылык жолун " Кыргыз-Ата" филармониясын жетектөө менен бирге "Монарес" филармониясында кеңешчи жана чыгармачылык бөлүмүн жетектейт. Андан кийин " Айкөл" маданият фондунда көркөм жетекчи, менеджер болуп иштеген.

К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториясын аяктаган. Көптөгөн ырчылардын автору жана классикалык чыгармаларды жазган. Бүгүнкү күндө анын чыгармаларын көптөгөн кинолордон, теле берүүлөрдөн, радио уктуруулардан кезиктирүүгө болот. Бир топ сыйлыктардын, грамоталардын , дипломдордун ээси. Актёр чебер музыкант, обончу- композитор, аткаруучу , ар түрдүү таланттын ээси.

Элге кылган эмгегин баалап, КРнын Президенти А. Атамбаев 2016- жылы 31- августта "КРнын эмгек сиңирген артисти" деген наам тапшырган. Бүгүнкү күндө ОсОО Агро- Топ ЖЧК ишканасын жетектейт.


Эралиев Какан Торонович

Полковник Эралиев Какан Торонович 1957- жылы 15- декабрда Ош областынын Ноокат районунун Тельман айылында ( азыркы Ак-Булак) жарык дүйнөгө келген. 1965- жылы Тельман атындагы 8 жылдык мектепке кирип, Карл Маркс орто мектебин окуп бүтүргөн. 1976-78- жж. Ата Журт алдындагы ыйык милдетин аткаруу максатында Советтик армиянын катарында кызмат өтөп, 1978- жылы Венгер Эл Республикасынын " Дебрецен" деген шаарында прапорщиктердин окуу жайына кирип ийгиликтүү аяктаган. 1983- жылга чейин Венгрия Республикасынын "Эстергом" деген шаарында кызматта болгон.

1983- жылдан 1985- жылга чейин өз ыктыяры менен Афганистан жергесинде командир эвакуационного взвода болуп аскердик кызматын өтөгөн.

1988-93- жж. Германия Демократиялык кийин Федералдык Республикасында аскердик милдетин аткарган.

1993- жылы Россиянын Крапоткин деген шаарында кызмат өтөп, 1994- жылдан 2011- жылга чейин Ош гарнизонунда буюм кампасынын башчысы, аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары аскер бөлүгүнүн командири жана КРнын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин чек ара аскерлигинде Башкы ордо башчысын аркалап келди.

2001- жылы Баткен Университетинин " юриспруденция" адистигин алган.

2010- жылы КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Ак эмгегинин акыбети кайтып азыркы учурда Чек-ара аскерлигинин Ардактуу пенсионери. Пенсионер болуп эс алуу менен бирге Ош шаарынын Ооган согушунун ардагерлеринин төрагасы болуп, Ооган согушунун катышуучуларынын башын бириктирип, коомдук саясий иш чараларды бир чечишүү менен коомдук жумушту аркалап келет.

Эралиев Какан үй бүлөлүү, 3 уулдун атасы 7 неберенин чоң атасы.

Жубайы Ашимова Алийма жолдошу менен биргеликте эриш аркак чет мамлекеттерге чейин барып аскердик кызмат өтөп келген, азыркы учурда КРнын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара аскерлеринин Ардактуу пенсионери. Уулдары үчөөсү тең ата жолун улай аскер кызматында Мирлан, Нурлан КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын майорлору , Талант ага лейтенант, офицерлер.

Токторов Алмаз Сатыевич

Токторов Алмаз Сатыевич 1966- жылы 5- июлда Ош областынын Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылында туулган. 1988- жылы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Институттунун фармация факультетин бүтүргөн.

1988-90- жж. Ош областтык Аптека башкармалыгынын Көзөмөл-Аналитикалык лабораторияларында аналитик адиси болуп иштеген. 1990-1991- жылдары Ош шаарындагы N 311 аптекасынын башчысынын орун басары, 1991-1992- жылдары Ош облаттар аралык артекалык базасынын башчысынын орун басары, 1992-94- жж. "Ак-Пейил " фирмасынын директору,1994-96- жж. Ош областтык N 311 аптекасынын башчысы болуп иштеген.

1996- жылдары Ош -Фарм-Ка акционердик коомунун директору. КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1996- жылы "КРнын саламаттыкты сактоосунун отличниги алган.

2010-2014- жылдары Кыргыз Республикасынын"МеТА" проектисинин тең төрагасы.

2016- жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп иштеп келүүдө. Үй бүлөлүү, 3 баланын атасы.


Бабакулов Данияр


Бабакулов Данияр 1986- жылы 27- январда Бишкек шаарында туулган. 5 жашында өзүнүн кичи мекени Кыргыз-Атага келип 9- класска чейин окуган. Кызыл-Кыя шаарына көчүп барып, орто мектепти ошол жактан бүтүргөн. Андан кийин аскердик милдетин өтөп, кийин ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетин бүтүргөн. 2011- жылы мигранттадын катарында Москва шаарына барып, кыргыз жаштарынын башын бириктирип, спортко үндөгөн"Жаш-Күч " спорттук клубуна машыгып турган. Бабакулов Данияр ММА боюнча спорттун чебери, КМШ өлкөлөрүнүн арасында өткөрүлгөн жиу- житсу боюнча чемпион (2012 ,2015), ММА боюнча дүйнө чемпиондагы коло медалдын ээси. Эл Аралык АLASH, PRIDE, PRO, FC турнирлеринин жеңүүчүсү.

Бабакулов Данияр бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлде чоң орду бар сыймыктуу , чыгаан спортчу.





Каранова Толгонай Нурбаевна

Каранова Толгонай 1972- жылы 1- ноябрда Ноокат районунун Ак-Булак айылында туулган. 1996- жылы Ош Мамлекеттик Университетинин Кыргыз филология факультетин бүтүргөн. 1998-2009- жж. БатМУ КГПИнин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу, 2009-2012- жылдары Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улук окутуучусу, 2013-2014- жылдары БатМУ КГПИнин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын кафедра башчысы, кафедрасынын доценти, 2014- жылдын октябрынан БатМУ КГПИнин гуманитардык факультетинин деканы, 2016- жылдын БатМУ СПИнин кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн башчысы, кыргыз тили жана тарых кафедрасынын доценти, 2016- жылдын февраль айынан баштап кесиптик орто билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматында эмгектенип келүүдө.

2013- жылдын кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 14 төн ашуун илимий макалалардын, эки окуу усулдук колдонмолордун автору.

Т. Н. Каранова - билим берүүнүн мыктысы, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак Грамотасы, БатМУнун , институттун Ардак Грамоталары менен сыйланган.

2013- жылы Кыргыз Республикасынын "Ыйык тил" коомунун төш белгисине татыктуу болгон.




Атабаев Алмаз

Атабаев Алмаз 1982- жылы 26- февралда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылында туулган. Ал 1996- 2000- жылдары С. Мырзакуловдун, кийин Н. Төрөкуловдун жетекчилиги астында машыккан. Спорттук карьерасы 2001- жылы Бишкек шаарынын "Дасмия" волейбол клубунда ойноо менен баштаган.

2002-2003-- жж. Каракол шаарынын " Ата-кенч" ВК, 2003-2006- жж. Казакстандын Алматы шаарынын "Казнау" ВК , 2006-2007- жж. Россиянын Новосибирск шаарынын " Темп" ВК , 2008-2009- жж. Чита шаарынын " Борья" ВК, 2009- жылы Кыргызстандын Бишкек шаарындагы "Саламалик" волейбол клубуна чакырылган.

Атабаев Алмаз спорттун чебери, КРнын волейбол курама командасынын мүчөсү, волейбол федерациясынын вице-президенти, 2009- жылы жылдын "Эң мыкты оюнчусу" болгон.


Жусубалиев Абдыганы

Жусубалиев Абдыганы 1931- жылы Ноокат районунун Ак- Булак айылында туулган. Балалык жылдары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарына туура келип, тылда эмгектенген. Правда мектебин бүтүрүп, 1952- жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз филологиясы факультетине тапшырып, аны 1956- жылы бүтүргөн. К. Маркс орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган жана ал мектепте көп жыл бою директор болуп эмгектенген. "Эл агартуунун мыктысы", көптөгөн медалдардын ээси. 1996- жылы Ардактуу эс алууга чыккан. 1996- жылы дүйнөдөн кайткан.







Маматалиев Капар Маматалиев Капар 1905- жылы Ноокат районунун Ак-Булак айылында туулган. Ал айылдагы сабаттуу киши болгон. Согуш мезгилинде тылда башкаруучу болуп эмгектенген. Колхоздор жаңыдан түзүлгөн кезден тартып 1948-жылга чейин Тельман атындагы колхоздун раиси болуп иштеп, бүгүнкү Ак-Булак айылынын өнүгүүсү үчүн ошол мезгилде көп жумуштарды аткарган. Тактап айтканда орус архитекторлору менен айылдын көчөлөрүн чийдирип, элди отурукташтырган. Анын ысымы Ак-Булак айылындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылган. Кийин колхоздорду ирилештирүү башталып, 1951- жылы төрт майда колхоз бириктирилип, чоң Тельман колхозу болуп түзүлгөн. Кийинчерээк анын раиси болуп иштеген. Маматалиев Капар Ноокат районундагы “Арал” колхозунда да раис болуп иштеген. Коммунисттик партиянын мүчөсү болгон. Көптөгөн сыйлыктардын ээси. Ал 1971- жылы дүйнөдөн кайткан. Азыркы учурда анын ысмы айылыбыздын борбордук көчөсүнө берилген.









Гөбөев Карыбек

Гөбөев Карыбек 1903- жылы Ноокат районунун Ак-Булак айылында туулган. Аны жаш кезинде медресеге берип, эки жылдай окугандан кийин Совет бийлиги орногон учурда ага кызмат кылат. Басмачыларга каршы согушуп, Көк-Бел жакты басып алган басмачыларга каршы согушка жөнөтүлгөн. Ал жерде колуна ок тийип жаракат алган. СССР менен Кытайдын ошол кездеги саясий мамилелеринен улам 1933-жылы Орто Азиялык Советтик өлкөлөрдөн жашыруун аскер түзүлүп, Алматыда атайын даярдыкта болуп Кытайга жиберилген. Аны контрабандист чал жашыруун жол менен алып өткөн экен. Анын арасында Гөбөев Карыбек болуп, ошол жакта да 2-3 жыл болгон. 1948- 1951- жж. Тельман колхозунун раиси, Арал колхозунун раиси, Папан жакта да Раим болгон. 1992- жылы 90 жаш чамасында дүйнөдөн кайткан.







Салы Каримов

Каримов Салы - физика - математика илимдеринин доктору, профессор. Ал 1935- жылы 15- апрелде Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылында туулган. 1961-1964- жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын физика - математика институтунда дифференциалдык теңдемелер адистиги боюнча аспирантурада окуган. 1964-1974- жылдары ОшПИнин "Жогорку Математика" кафедрасында ага окутуучу, доценттик кызматтарда иштеген. 1967- жылы Алма-Ата шаарында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

ОшПИнин математикалык анализ кафедрасында 1969-1977- жылдары доценттик кызматта иштеген. 1977- жылдан бери математикалык анализ кафедрасынын башчысы кызматында үзүрлүү иштеп келе жатат. 1984- жылы Киев шаарында докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 1988- жылы профессордук наамы ыйгарылган. Ал математика боюнча түштүктөгү алгачкы, ал эми Кыргызстандагы 2- доктор болуп эсептелет.

Салы Каримов көптөгөн илимий иш-чаралардын уюштуруучусу жана катышуучусу. Ал 1975- жылы Берлинде өткөн эл аралык конференцияга Кыргызстандын атынан катышып, сызыктуу термелүүлөр боюнча баяндама жасагандыгы - маанилүү илимий иш-чаралардын болгон. Салы Каримов илимий жыйынтыктарын Кыргызстанда , Россияда, Казакстанда , ж. б. мамлекеттерде өткөн эл аралык илимий конференцияларда симпозиумдарда , конгресстерде талкууга койгон, үзгүлтүксүз баяндамаларды жасап келет.

Билим берүүдөгү изилдеген жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон. Ал ОшМУнун, Ош шаарындык мэриясынын, Ош областтук администрациясынын бир нече жолку Ардак Грамоталары жана алкыштарын алган. 1983- жылы "Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги" төш белгиси, 1985- жылы Кыргыз ССРинин жогорку Советинин Ардак грамотасынын , 1987- жылы Кыргыз ССРинин ЖОЖдор министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Салы Каримовдун аты Республикасынын " Эмгек даңк" китепчесине жазылган. 100 дөн ашуун илимий эмгектердин жана беш китептин автору.





Молдо Эрали

Жолдубаев Эрали болжол менен 1900- жылы азыркы Ноокат районунун Ак- Булак айылында туулган. Ата- энеден эрте ажыраган.

Молдо Эрали Куу-Майдан айылында илимдүү молдодон араб тилинде окуу менен диний билим алган.Өз кезегинде куран дубалары менен дем салып элди дарылаган.Ошол мезгилде партиянын адамдары диний көз караштагы адамдарды тескеп турган. Санаалаштары ,шакирттери менен бирге бүт диний китептердин баарын өзү жашаган үйүнүн алдындагы жерге көмүп, бекитип турушкан. Ал эми Абдырахман Молдонун өз үйүн мечит-медресе катары намаз окуучу, сабак өтүлүүчү жай катары колдонушкан. Молдо Эрали өзүнүн жеке кызыкчылыгынан баш тарткан пакиза адам болгон. Ал 1980- жылы декабрь айында дүйнөдөн кайткан.



Адиев Карабай

Адиев Карабай 1916- жылы Ноокат районунун Ак-Булак айылында туулган.1938- жылы аскерге жашы жетип,Уралда кызмат өтөгөн.Улуу Ата Мекендин согуш башталган кезде Тельман колхозунан биринчилерден болуп кеткен.Согушта чалгындоо бөлүмүнүн командири болуп, түрдүү жерлерде майданда жүргөн.1945- жылга чейин согушуп,жеңишке аз калганда денесинен жаракат алып, 25 күн госпиталда жатып толук айыгып,жеңиш күнүн Берлинде белгилешкен. 24 орден, медалдардын ээси. Карабай Адиевдин элеси элибиздин жүрөгүндө бекем сакталат.









Тайгара Жумаев

Төкмө акын Тайгара Жумаев азыркы Токмок- Булактын күн чыгыш тарабындагы Үч деп аталган конушта 1885- жылы төрөлгөн.Чоң атасы Пирманбет чоң мерген болгон.

Анын: «Алты кат асман астынан,

Жети кат жердин үстүнөн.

Айзирек деген ыр чыкты,

Азгана Куртка элимден»-

деген сыяктуу ырлары эл оозунда унутулбай сакталып жүрөт. Тайгара Жумаев 1981- жылы

1- августта дүйнөдөн кайткан.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!