СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аксы окуясы 8-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Балдар Аксы окуясы боюнча кенен маалымат алышат .

Просмотр содержимого документа
«Аксы окуясы 8-класс»

Таласбай Жаналиев атындагы жалпы орто билим берүучү мектеби” мекемеси

Тема: 17-март Аксы окуясы

Сабактын максаты: Ар түрдүү тарыхый маалымат булактарын өздөштүрүүнүн негизинде 2002-жылдардагы аксы окуясына мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн бөлүп көрсөтүү жана алардын Кыргызстандагы тарыхый процесстин өнүгүүсүнө таасир этүү мүнөздөрүн аныктоо.



Саламатсыңарбы урматтуу окуучулар!

1. Кыргызстандагы Аксы окуяларынын жана элдик революциялардын (2005-2010-жж)себептерин талкулоо

2002-жылдагы Аксы окуялары-2002-жылдын 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында укук коргоо органдары тарабынан бийликтин зомбулугуна каршы демонстрацияга чыгышкан куралсыз элге каршы ок атылган.Элдин нааразылыгынын себеби Кытай менен чектешкен кыргыз-кытай чек арасындагы Үзөңгү-Кууш участогунун берилиши болгон.Ал эми түздөн-түз шылтоосу буга жана чек ара маселелеринин ачык айтылбагандыгында каршы чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы болгон.Куралсыз элди куугунтукка алуу анын эртеси күнү да улантылган. Аксы окуясы - 2002-жылы Аксы районунда болгон окуя. 2002-жылы 17-мартта Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык кылып, райондун борборуна жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Андан 4 киши курман болгон. Ошол эле жылы 18-мартта Аксы районунун борбору Кербенде милициянын огунан бир жигит, токмогунан дагы бир киши каза тапкан



19 жыл катылган “жашыруун маалымат”

Аксы окуясынын арты президенттик, үй-бүлөлүк жеке башкарууга каршы жалпы улуттук күрөшкө айланганы айтылып келет. Ошол эле учурда ага эмдигиче укуктук баа берилбей, кыргыз бийлиги да, коомчулук да сабак албаганы тууралуу пикирлер басымдуу.



2002-жылы Үзөңгү-Кууш Кытайга берилгени үчүн ошол кездеги президент Аскар Акаевге Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган Азимбек Бекназаров импичмент жарыялаган. Бийлик буга аны камакка алуу менен жооп узаткан. Буга бир топ укук коргоочулар, активисттер каршы чыгып, ачкачылык кармаган.Алардын бири - Аксы окуясына баштан аяк катышып, акыйкаттык издегендер менен Ош, Бишкек шаарларына жөө жүрүшкө чогуу чыккан укук коргоочу Азиза Абдирасулова.«Аксы окуясына саясий гана баа берилген. Бирок ал туура берилген жок. Аксылыктарды экиге бөлүп, бирине акча берип, бирин куугунтуктаган саясат болгон ал кезде. Мен аксылыктардын укугун коргоп, жети жыл жүрдүм. Жогорку сотко эки жолу келгенбиз. Бирок ошол убакта да, азыркы кезде да буга укуктук баа берилген жок».

Азиза Абдирасулова көп жылдардан кийин Аксы окуясы тууралуу бардык маалыматтар менен таанышып чыккан.Учурунда “мамлекеттик сырды" эч жакка чыгарбоого кол коюп берген укук коргоочу, куралсыз элге ок атылышына эмне себеп болгонун минтип айтты.«Акыркы жолу ошондой маалыматтар менен 2014-жылы таанышып, “беш жыл ичинде эч жакка таратпайм” деп кол коюп бергем, мөөнөтү бүттү. Эми айта берсем болот. Ошол кезде атайын кызмат тарабынан да бийликке туура эмес маалыматтар жетип турган. Бекназаров камалгандан кийин аксылыктар нааразылык билдирип, райондун борборуна бармакчы болгонунан тартып, “аларда курал бар, бийликти басып алууга аракет кылып жатат” деген жалган маалыматтар берилген экен. Конвертке эле “ушундай маалымат келди” деп жазып туруп, бийликке берип коюшкан. Анын чын-бышыгы сүрүштүрүлгөн эмес.

Дагы бир тасма көрдүм. Анда адамдын бети көрүнбөйт, бир машинада бара жатып эле бирөө “элде курал бар, алар 17синде басып алышат, 16сында чыгышат” деп айтып жатат. Ушуга окшогон материалдарды негиздеп гана элди тосуп, атып жиберишкен. “Мамлекеттик сыр, муну таркатпайм” деп кол коюп бергенден кийин ошол тасманы көрүп, “ушуга негиздеп эле алты кишини атып, жыйырмадан ашуунун жарадар кылдыңарбы? Дагы кандай документтериңер бар?” деп сурагам».

Аксы окуясынын негизги максаты унутулду”

“Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова дагы Азимбек Бекназаров камалганда ачкачылык жарыялаган. Ал бул кандуу окуяга тиешеси бар бир да аткаминер жазага тартылган жок деп эсептейт.



«Кыргыз бийлиги бүгүнкү күнгө чейин окуяга укуктук баа берген жок. Айыптуу, күнөөсү бар аткаминерлердин бири да тиешелүү жазасын албады. Аксы трагедиясын саясатчылар, бийлик чайкоочулукка айландырып, улам бийлик алмашкан сайын, убада беримиш болуп, бирок анын өтөсүнө чыкпай келет. Эл болушкан депутат (Бекназаров -ред.) да ошолордун бири катары бийликке келгенден кийин, ага көңүл бурган жок. Баласын, өкүл баласын кызматка отургузуп, бийликти гана эңсеп жатат.Бийлик Аксы трагедиясына кабылган адамдарды – балдарын жоготкон энелерге, атасынан ажыраган балдарды, өмүрүн тобокелге салып жарадар болгондорду ойлогон жок. Эскерүү болот, тегерек үстөл жана башка иш-чаралар өтөт, бүттү. Кайра бир жылга чейин унутулат. ИИМде да, сотто да, эч бир күч түзүмүндө реформа болгон жок. Ошонун кесепетинен былтыр октябрда кан төгүлүп, адам өлдү».

Жыйынтыктоо:

Аксы окуясынын тергөө, сот иштеринде баштан-аяк жүрүп, жактоочукылган Сартбай Жайчыбеков да бул ишке Кыргызстанда акыйкат баа берилген жок деген жүйө менен БУУнун адам укуктары комиссариатына чейин кайрылган.

Адвокат трагедиядагы жабырлануучулар менен кошо эле учурунда “куралсыз элге ок аткан” Аскар Акаев бийликтен кетсе эле акыйкаттык орноп, аксылыктардын көксөөсү сууйт деген ишеничте болгон.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!