СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Акыл айга жеткирет

Нажмите, чтобы узнать подробности

Конкурс кыргыз тил

Просмотр содержимого документа
«Акыл айга жеткирет»

«ЭЛИМДИН КЫЗЫЛ ТУУСУ БОЛГОН КЫРГЫЗ ТИЛИН САКТАЙЛЫ!» ураандын алдындагы

«АКЫЛ - АЙГА ЖЕТКИРЕТ, БИЛИМ – КӨККӨ ЖЕТКИРЕТ »

аттуу 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган 6-класстар аралык кыргыз тил сабагынан уюштурулган предметтик конкустун планы

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар өз эл-жерин, эне тилибиз болгон кыргыз тилибизди, ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап, аздеектөөсү үчүн түрдүү булактардан маалыматтарды алышат жана 5-6-класстарда кыргыз тилинен өтүлгөн темаларды билишет.

  2. Шамдагайлыкка, активдүүлүккө, ойлоп тапкычтыкка көнүгүшөт жана өтүлгөн темаларды эске сактай алышат.

  3. Партиоттуулукка, намыскөйлүккө, ынтымак-достукка, ата мурастарын сактоого, эне тилин өнүктүрүүгө болгон сезимдери ойгонот.

Сабактын тиби: алган билимдерди бышыктоо, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу

Сабактын формасы: таймаш сабак

Сабактын усулдары: оозеки суроо-жооп, сүрөттүү тапшырма, крассворд, схема менен иштөө

Сабактын жабдылышы: ноутбук, тв, флешка, стенддер, ватман, маркер ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Слайддан мугалим эне тил күнүнүн эмблемасы менен катар жазылган 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү жана биздин эне тилибиз болгон кыргыз тили жөнүндө маалымат берет жана эне тил жөнүндө ыр окулат.

Кел даңктайлы кыргыз тилди,
Кыргыз тили менен дили балкыган,
Ободогу ай жылдыздай жаркыган.
Илим тили, бакыт тили, жан тилим,
Көркөм сөздүн мухитиндей чалкыган.

Кыргызымдын улуулугу анын карапайым мүнөзүндө,
Кыргызымдын сулуулугу анын жүрөгүндө,
Кыргызымдын тарыхы санжырада

Кыргызымдын сыймыгы Ысык – Көлүндө
Кыргызымдын маданияты Манаста
Кыргызымдын музикасы комузда,

Кыргызымдын өлбөстүгү анын кереметтүү тилинде
Кыргызымдын өлбөстүгү чечендиги
Акылынын тунуктугу элинде:

Саламатсыздарбы бүгүнкү конкурстун катышуучулары, азыр эне тилинин эл аралык күнүнүн белгилениши тууралуу кыскача маалымат бере кетейин. Эне тилдин эл аралык күнү 1999-жылдын ноябрь айында ЮНЕСКО тарабынан бекитилген. 2000-жылдан баштап ал эл аралык деңгээлде белгиленүүдө. Эмне үчүн ал 21-февралда белгиленип калган деген суроо бере турган болсок. 1952-жылдын 21-февралында Бангладештик (Дакка республикасы) студенттер оз эне тилин мамлекеттик тил катары кабыл алынсын деген талап менен демонстрацияга чыгышып, курман болушкан. Ошол күндү эскерүү максатында 21-февраль “Эне тилдин эл аралык кунү” деп белгиленип калган. Демек, 23-сентябрь кыргыз республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Ал күнү кыргыз эли гана тил күнүн белгилейт. Ал эми 21-февраль бүткүл дүйнө өз эне тилдеринин мамлекеттик тил күнүн белгилешет. 21-февралбы, 23-сентябрбы кайсы күн болбосун биз кыргыз мамлекеттик тилибиздин кунүн белгилейбиз. Залкар жазуучубуз Ч.Айтматов айтмакчы: “Кыргыз эли жер үстүндө жашап турса, кыргыз тили да жашай берет” деген, бирок, биз ошол тилибиз, элибиз жер үстүндө жашай бериши үчүн элибизди, жерибизди тилибизди дилибизди өнүктүрүп, өстүргөнгө болгон далалатыбызды жасашыбыз керек. Жөн гана кыргыча сүйлөгөндү билсем болду деген максат болбош керек, кыргыз тил предметин эң жакшы деңгээлде өздөштүрүшүбүз керек. Мына ушул максат менен бүгүнкү таймаш сабагыбызды уютуруудабыз.

Анда эмесе таймаш-сабактын этаптары жана талаптары менен тааныштыра кетейин. Таймаш-сабак төрт этаптан турат.

  1. Стен газет жактоо

  2. Суроолорго жооп

  3. Сүрөттүү тапшырмалар (фразеологизмдер)

  4. Кимдин сөз байлыгы күчтүү?

  5. Суроолорго жооп

  6. Сүрөттүү тапшырмалар (макалдар)

  7. Талдоолор

  8. 6-тапшырма: Көркөм окуу





Бүгүнкү сабакта 2 топ бар. 6 а класс жана 6 б класс

Таймаштын калыстар тобу менен таанышта кетсек.

Калсытар тобунун төрайымы: К. Иманалимев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары, кыргыз тил жана адабият мугалими Гулмира Жапарова, гуманитардык илимдер бирикмесинин жетекчиси, орус тил мугалими Гулиза Тюменбаева, класс жетекчилер бириксеминин жетекчиси, кыргыз тил мугалими Загира Зикиралиева.

Эки топ аттары жана урааны менен тааныштырышат.

1-тапшырма: Эне тилге арналган стен газеталарын жакташат

2-тапшырма: Калыстар тобунун астында карточкаларга салынган аралаш түрдө коюлган суроолор бар. Ар бир топ башчысы келип бирден билет алат да топтогу мүчөлөр менен кеңешип жооп беришет. Убакыт 5 секунд берилет. 10 суроо түзүлөт ар бир топ 5тен суроого жооп берет.

  1. Сөз айкашынын тутумундагы сөздөрдүн өз ара байланышуу жолдору кандай?

  2. Жалаң жана жайылма сүйлөм деген эмне?

  3. Тең байланыштагы жана багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм деген эмне?

  4. Сөз туркүмү, аны классификациялоо

  5. Мүчө жана анын түрлөрү

  6. Текст жана анын мүнөздүү белгилери

  7. Кептин стилдери

  8. Кептин түрлөрү

  9. Этиш жана анын чактары

  10. Багыныңкы байланыштагы жана тең байланыштагы сүйлөмдордөн түз

3-тапшырма: Экрандан сүрөттөр берилет ошол сүрөттөрдөн туруктуу сөз айкаштарын табышат.Убакыт үч мүнөт берилет.

4-тапшырма: Кимдин сөз байлыгы күчтүү?

5-тапшырма: Калыстар тобунун астында карточкаларга салынган аралаш түрдө коюлган суроолор бар. Ар бир топ башчысы келип бирден билет алат да топтогу мүчөлөр менен кеңешип жооп беришет. Убакыт 5 секунд берилет. 10 суроо түзүлөт ар бир топ 5тен суроого жооп берет.

  1. Сөздөрдүн морфологиялык жол менен жасалышы

  2. Сөз жасоонун синтаксистик жолу

  3. Зат атоочтун жөндолүш типтери

  4. Сын атоочтун даражалары

  5. Эскирген сөздөр жана алардын бөлүнүшү

  6. Диалектилик сөздөр

  7. Сөздүктөрдүн түрлөрү

  8. Туруктуу сөз айкашы менен эркин сөз айкашынын айымачылыгы

  9. Сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрү жана алардын байланышуу жолдору

  10. Жөндомолөр жөнүндо түшунүк, суроолору жана мүчөлөрү

6-тапшырма: Экрандан сүрөттөр берилет ошол сүрөттөрдөн макалдарды табышат.Убакыт үч мүнөт берилет.

7-тапшырма: Талдоолор боюнча тапшырмалар берилет, талдашат.

  1. Ат деген сөзгө фонетикалык талдоо

  2. От деген сөзгө фонетикалык талдоо

  3. Эненин мээрими деген сөз айкашына талдоо жүргүз

  4. Колдүн жээги деген сөз айкашына талдоо жүргүз

  5. Өмүр деген сөзгө лексикалык талдоо жүргүз

  6. Жашоо деген сөзгө лексикалык талдоо жүргүз

  7. Төөнүн куйругу жерге тийгенде барабыз. (синтакаситик талдоо)

  8. Билимдүү миңди жыгат, билимсиз бирди жыгат. (синтаксистик талдоо)

  9. Анын көйнөгү кызылыраак. (морфологиялык талдоо)

  10. Анын китеби кызыктуураак. (морфологиялык талдоо)

8-тапшырма: 2топтон эки окуучу эне тилге арналган ырлардан көркөм окуу айтышат.

Сабакты жыйынтыктоо: Калыстар тобуна соз берилет. Калыстар тобу жыйынтыгын чыгарып 1-жана экинчи орундар үчүн грамоталарды тапшырышат.

Мугалим: Касиеттүү эне тилибиздин уюткусу, көрөңгөсү болгон ак калпактуу элибиз жашап турганда кыргыз эли эч кача жоголбосуна, дүйнөлүк башка тилдер менен теңтайлаша өнүгүп, келечек урпактарга аалам мейкиндигине кокөлөтчү канат_булак болоруна ишенебиз. Ошондуктан улуттук дөөлөт уюган эне тилибизди ыйык тутуп, даңазалап, көккө көкөлөтүп туу кылып көтөрүп алалы. Эне тилибиз болгон кыргыз тилинин грамматьикасын да жогорку деңгээлде өздоштүрүүгө аракеттенил деп бүгүнкү таймаш сабагыбызды жыйынтыктайбыз. Саламатта болуңуздар.







КИМДИН СӨЗ БАЙЛЫГЫ КҮЧТҮҮ?

М Л А А

































КИМДИН СӨЗ БАЙЛЫГЫ КҮЧТҮҮ?

Ч К А А

































Кантип айтам? Алтынбек Исмаилов

Эх кыргызым ойлончу , эсти жебе,

Эне – атаңдын айтканын эски дебе.

Тарыхты сен тарс атып салсаң дагы,

Таңдайыңа сайылат эски жебе.



Какшап келем доо кетип балдарыңа,

Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.

Бурмаладык тилди деп кантип айтам?!

Бабалардын байыркы арбагына.



Уу чалканды мойнума артам дагы,

Улутумдун азабын тартам дагы.

Унуттук деп тилимди кантип айтам?!

Урпактарга уялбай аркамдагы.



Тилсиз элдин тукуму курут болгон,

Тилин сактап калган эл улут болгон.

Ата салтын, мурасын унуткандар,

Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон.



Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,

Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.

Кыргыз тилден эсирип тангандарды,

Эне тилде ашатып сөккүм келет!










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!