СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

«Акыл ордо» оюну

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Темасы:  «Акыл ордо» оюну

Максаты: Окуучулардын “Манас” эпосу боюнча жана кыргыз-тли, кыргыз адабияты сабагында алган билимдерин өркүндөтүп.дүйнө таанымын өстүрүү.

“Манас таануу” дүйнөсүн, “Манас” эпосунун уч илтигин кеңири таанытуу.

Бабаларыбыздын дөөлөтүн, эне тилди, кыргыз адабиятын, касиеттүү каада- салттарыбызды  жаш муундарга үйрөтүп өткөрүү.

Окуучуларды мекенчик болууга, Манас атабыздай айкөлдүккө, Каныкей энебиздей кыраакы, аклыман болууга, кыргыз тилинде так, туура, көркөм сүйлоого, каада-салт,  үрп- адаттарыбыздын учугун улап, унутпай колдонуп, кийинки урпактарга да үйрөтүп, кастарлоого тарбиялоо

Просмотр содержимого документа
««Акыл ордо» оюну»

Темасы: «Акыл ордо» оюну

Максаты: Окуучулардын “Манас” эпосу боюнча жана кыргыз-тли, кыргыз адабияты сабагында алган билимдерин өркүндөтүп.дүйнө таанымын өстүрүү.

“Манас таануу” дүйнөсүн, “Манас” эпосунун уч илтигин кеңири таанытуу.

Бабаларыбыздын дөөлөтүн, эне тилди, кыргыз адабиятын, касиеттүү каада- салттарыбызды жаш муундарга үйрөтүп өткөрүү.

Окуучуларды мекенчик болууга, Манас атабыздай айкөлдүккө, Каныкей энебиздей кыраакы, аклыман болууга, кыргыз тилинде так, туура, көркөм сүйлоого, каада-салт, үрп- адаттарыбыздын учугун улап, унутпай колдонуп, кийинки урпактарга да үйрөтүп, кастарлоого тарбиялоо



Калтырган жети осуят Манас баба,

Кийинки урпактарга, мага, сага.

Эмгекчил бол окуучум талыкпаган,

Ээ кылат ар өнөргө билим гана.


Самаматсыздарбы бүгүнкү кеченин коноктору.

“Акыл ордо” сынагына куш келипсиздер. Бүгүнкү аткарылып жаткан иш чара 7- класстар арасында уюшулган “Кыргыз тили күнүнө” арналган бир айлык декадабыздын класстан тышкаркы иши деп билсеңиздер болот. Мен кыргыз тили жана адабият мугалими: Нурдунбекова Акмарал Мамытбековна.

Кыргыз –тилинде сүйлөгөн кыргыз элинин сулуулугу, улуулугу эмнеде экендигин билебизби?

  1. Кыргыздын улуулугу - анын карапайым мүнөзүндө

  2. Кыргыздын сулуулугу – анын жүрөгүндө

  3. Кыргыздын тарыхы- санжырада

  4. Кыргыздын сыймыгы - Ысык-Көлүндө

  5. Кыргыздын маданияты –Манаста

  6. Кыргыздын музыкасы –Комузунда

  7. Кыргыздын өлбөстүгү- анын кереметтүү “тилинде”

Бул сөздөрдү айтканымдын себеби бүгүнкү “Акыл ордо” оюнубуздун негизги өзөгү мына ушул керемет сөздөр менен байланышат.


Уч буроо, жалгыз тээк, уч кыл комуз,

Чертилбейт, күүгө келбейт, чебер колсуз.

Опоной, көргөн көзгө жоп-жөнөкөй,

Бирок да, өнөрү бар айтып болгус, - деп

А.Осмонов акыныбыз айтып кеткендей, кыргыз комузу дүйнө элдерин “Торгой таншык” добушу менен тамшантып келет эмеспи. Бүгүнкү оюнубуздун ачылышын муукам үндүү комуз күүсү менен баштоого уруксат этиңниздер. 7-кл Таалайбек кызы Үпөл, Канатбекова Жибек “Жаштар маршы”


  1. “Акыл –айга жеткирет,

Өнөр - көккө жеткирет” – демекчи өнөр секичесине

“Акыл ордо” оюнунун катышуучуларын чакырып алсак.

  1. Бүгүнкү оюнга “ таразадай тактыкты, калыстыгын” көрсөтүү үчүн келген калыстар тобу менен тааныштырып өтсөм.

  2. “Билимдүүнүн түнү-күн,

Билимсиздин күнү - түн”

“Билеги күчтүү- бирди жыгат,

Билими күчтүү –миңди жыгат” – демекчи алдыңыздарга Фрунзе атындагы 3- орто мектептин 7- класстарынын арасындагы эң билимдүү, эң акылдүү, өзүнө ишенген окуучуларыбыз билимдерин сынамак учун келип отурушат. Анда эмесе окуучулар өздөрүн бул оюнга кандай максатта келгендиги тууралуу тааныштырып өтүшсө.


  1. “Акыл ордо” оюнунун шарты менен тааныштырып кетсем

  1. тур: 8 окуучу катышат. Кыргыз тили сабагы боюнча суроолор болот . 8 окуучудан туура жооп берген 6 окуучу калат

  2. тур: Кыргыз адабияты сабагы боюнча 6 окуучудан туура жооп берген 3 окуучу калат.

  3. Тур: “Финал” тандалып, мыктылардын мыктысы калат, алар 1,2,3. орундар үчүн ат салышат.

Суроосу: Дүйнө жүзү боюнча көлөмү жагынан алдыңкы орунду ээлеген, кылымдар боюу карыбай ооздон-оозго өтүп, оозеки түрдө айтылып келген

“Манас” эпосу боюнча болмокчу.

Суроолор тест түрүндө берилет “туура” деп берилген жооп колдорундагы тамгалар аркылуу билдирет. Жеңүүчүлөр калыстар тобунун жардамы менен белгиленет.


I тур: Кыргыз тили сабагы

  1. Тыбыш, алардын бөлүнүшү,үндөштүк жөнүндөгү илим, тил илиминде кантип аталат?

А) морфология

Б) пунктуация

В) фонетика

2. Тилдин катышына карай үндүүлөрдүн бөлүнүшү

А) Кең, кууш

Б) кыска, созулма

В) жоон, ичке

3. “И” тамгасынын алфавиттеги ордун белгиле

А) 10 Б)12 В)16

4. Оозеки сүйлөм учурунда тынымдардын аталышы

А) пауза Б) интонация В) логикалык басым

5. “Алфавит” сөзү кабыл алынган тилди белгиле

А) орус б) грек В) латын

6. Синоним сөздөрдү белгиле

А) өйдө – төмөн- ылдый

Б) ыссык - суук - жылуу

В)жаан – жамгыр- ношор

7. Антоним сөздөрдү белгиле

А) узун- бийик

Б) күн -түн

В) таттуу – катуу

8. “Жазмакчы” этиш сөзүнүн ыңгайын белгиле

А) каалоо- тилек ыңгай

Б) ниет ыңгай

В) буйрук ыңгай

9. “Сарыраак, калыңырак” сын атоочтун кайсы даражасы?

А) күчөтмө даража

Б) жай даража

В) Салыштырма даража

10. “Патриот” деген сөздүн кыргызча мааниси

А) мекенчил

Б) улутчул

В) жердешчил

11. Өткөн чакта турган этиштин өздүк мамилеси

А) келе жатат

Б) чыгышат
В) өтүндүм

12. “Спонсор” деген сөздүн кыргызча мааниси

А) жардамчы

Б) көмөкчү

В) демөөрчу

1- турдун жыйынтыгы чыккыча

Манас, Манас, эр Манас,

Эр жигиттер, Эр Манаска катарлаш.

Кыргыз үчүн, кызмат кылам дегендер,

Ураан салып, кырк чорого катарлаш.

Мен кыргызмын урпагымын Манастын,

Миллиондогон ыр сабында айтылган.

Из калтырып дүйнө жүзүн кыдырып.

Кылымдардын тарых жүзүн артынган.

Мен кыргызмын урпагымын Манастын,

Сөздөрүм курч, сугарылган кылычтай.

Жүрөктөрдө улуу Манас жашаарын,

Жүрөлүчү кыргыз элим унутпай.

“Башканы коюп Манасты айт,

Жер соорусу Таласты айт” демекчи келечекте “Манас” дастанынын учугун улап кетүүчү жаш манасчы балдарыбызга кезек берсек.

Кезинде Саякбай атабыз 500 000 ыр саптарын айтса да бу “Манас” дастаны түгөнбөгөн кенч экен го... Ошондуктан бүгүн убактыбыз чектелүү болгондуктан балдарыбыз кыскача үзүндү айтып беришсе


II. Тур Кыргыз адабияты сабагынан

  1. Карышкырга атын союп берген бала ж/догу жомок.

А) “Акылдуу дыйкан”

Б) “Алтын куш”

В) “Акыл Карачач”

2. Кыргыз фантастикасынын өнүгүшүнө салым кошкон жазуучу

А) Жоомарт Бөкөнбаев

Б) Төлөгөн Касыбеков

В) Беганас Сартов

3. “Укуругум долоно

Ууру, бөру, жолобо” ө денег саптар кайсы элдик ырдан?

А) “Бекбекей”

Б)”Оп майда”

В) “Шырылдаң”

4. “Эр Төштүк” эпосунда Төштүк эмне себептен жер алдына кирип кетет?

А)Сыйкырчы жез кемпирден качып

Б) Агаларын издеп

В) атасын куткаруу үчүн

5. Ч. Айтматовдун кайсы чыгармасында мугалим Дуйшөндүн образы түзүлөт?

А) “Жамийла”

Б) “Биринчи мугалим”

В) “Бетме-бет”

6. А. Осмоновдун ымыркай кызына арнап чыгарган чыгармасы

А) Жыпарга

Б)Кызыма

В) Бөбөккө

7. “Менменсинген карачай,

Пейили кенен чалдардай” - бул саптар А. Токомбаевдин кайсы ырынан?

А) “Жайкы таңда”

Б)”Айнурунда кышкы түң”

В) “Комуз күүсү”

8. “Балык жана балыкчы жонундогү жомоктун автору

А) Ю. Лермонтов

Б) И. Тургенев

В) А. Пушкин

9. “Кожожаш” эпосу жанырдык жактан кандай эпос?

А) баатырдык эпос

Б) турмуш –тирикчиликтик

В) мифологиялык эпос

10. Ч. Айтматовдун “Бугу эне” жомогу кайсы повесттинен үзүндү болуп алынган?

А) “Атадан калган туяк”

Б) “Ак кеме”

В) “Эрте келген турналар”


2 турдун жыйынтыгы чыккыча:

Музыкалык номер: “Кыргызстан” Жамбаева Айзирек ө 7 а класс

Кайың барбы кыргыз балта чппачан

Кыр – жон барбы кыргыз кыргын таппачан

Кылымдарга аты калбай өчөөрдө

Кыргыз элин кыраан Манас сактаган

Белес- белден беш удургутуп өткөн эл

Арстан болуп ай чапчыган көчмөн эл

Курандылап куруп бара жатканда

Эр Манасты туу карманып өскөн эл.

Манас улуу – кыргыз элдин желеги

Ата мурас, аклы, ойдун тереңи

Түбөлүккө ташка тамга баскандай

Кыргыз элдин адамзатка белеги


Финал: “Манас” эпосунан


  1. “Аты Манас болсун, ар балаадан калас болсун!” деп бата берип Манаска ат койгон ким?

А) Дубана

Б)Бакай

В)Ак балта

  1. “Манас” эпосундагы Манастын образында негизги сапаттарынын бирин ата.

А)жоотучу

Б) айкөлдүгү

В) илимге умтулгандыгы

  1. Эпостогу Айчүрөктүн образы эмненин символу болуп эсептелинет?

А) сулуулуктун

Б) чыккынчылыктын

В) эки жүздүүлүктүн

  1. Манастын энесинин өз аты ким?

А) Зулайка

Б) Шакан

В) Чыйырды

  1. Манастын жубайы Каныкейдин чыныгы аты ким?

А) Санирабийга

Б)Ханбийке

В)Сабина

  1. “Манас” эпосу кандай түрлө айтылат?

А) Ыр түрүндө

Б)кара сөз түрүндө

  1. Азыркы кезде көзү тирүү манасчыны ата

А) Саякбай Каралаев

Б) Уркаш Мамбеталиевү В) Талантаалы Бакчиев

  1. “Семетей” эпосундагы Күлчөрө кимдин уулу?

А) Чубактын

Б) Сыргактын

В) Алмамбеттин

  1. “Манас” эпосундагы Чоң жинди ким? Ал атты балага ким койгон?

А) Чоңканжар, Эсенкан

Б) Манас, Акбалта

В) Ажыбай, Жакып


Финалдын жыйынтыгы чыккыча:

Өзгөчө кыргыз чебери,

Элимдин күмүш кемери.

Келгиле анда жалпыбыз,

Кыргыз бийин көрөлү.

6А кл. кыздары “Кыргыз бийин” бийлешет.


Жыйынтыктоо:

  1. Эркинбекова Наргиза

  2. Эрик уулу Мирлан

  3. Мамашаева Шаани


Орундал аныкталып грамоталар берилет. Урматту окуучулар силер билимдүү, акылдүү болсоңор жашоодо көптөгөн ийгиликтерди багынта аласыңар, келечегиңер кең, дениңер сак болсун, окыыларыңарга ийгилик жана бүгүнкүсыйлыгыңар кут болсун.

Ардактуу “Акыл ордо” оюмунун коноктору коөул бурганыңыздарга терең ыраазычылык билдирем.

Саламатта барыңыздар!














Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!