СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Акылды-жана-iq-ну-жогорулатуунун-10-жолу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Акылды-жана-iq-ну-жогорулатуунун-10-жолу

Просмотр содержимого документа
«Акылды-жана-iq-ну-жогорулатуунун-10-жолу»

Акылды-жана-iq-ну-жогорулатуунун-10-жолу

Күнүмдүк жумушту аткарууда көпчүлүк адамдар сапаттуу акыл иш-аракеттеринин жетишсиздигин сезишет. Мээ дайыма баягы эле көнгөн маселелер менен гана алек болгондуктан толуккандуу жашоону сезе албайт. Акыл ооруларын кантип алдын алууга мүмкүн, каткенде өзүбүздү өнүктүрүп, жаңы нерсе үйрөнө алабыз?

Искусствого кайрылыңыз

Билимдүү инсан өзүн искусство түшүнүгүсүз элестете албайт. Бирок көп учурда биздин буга убактыбыз да жок. Искусство — бул сырттан эле жайбаракат байкоо жүргүзүү эмес, анткени бул учурда акыл жана кабыл алуу жөндөмү өнүгөт. Мисалы, сүрөттөө искусствосун түшүнүүгө тырышыңыз — көргөзмөлөргө барыңыз, музыка угуңуз, фильмдерди көрүңүз. Бул сизге коомдук жана ички процесстерди түшүнүүгө жардам берүү менен гана тим болбостон, ошондой эле толуккандуу жашоону сездирет.

Чет тилдерди үйрөнүңүз

Чет тилди өздөштүрүүдө биз өзүбүздү жаш бала сезебиз. Анткени бул  оор процесс, аны балдар жайбаракат, кадам артынан кадам таштап, ан сайын өнүгүү менен аткарышат. Сиз мээни машыктыруу менен гана чектелип калбастан, бир учурда максатыңызды ишке ашырасыз. Белгилей кетчү нерсе, тил үйрөнүү улгайган чакта эс-тутумдун начарлашынан куткара алат.

Уйкуңузду кандырыңыз

Бул кеңеш мурдатан бери эле айтылып келет. Мээнин иштеши менен жакшы уйкунун түздөн-түз байланышы бар. Айрыкча, эгерде сиз уйкуңуз канбаган абалда жаңы маалыматты өздөштүрүүгө киришсеңиз, акылдын иштеши менен уйкунун байланышы сизге айдан ачык билинет. Чала уйку мээнин иштешин бузат. А жакшы уйку акылды күчтөндүрөт.

Окулчу китептердин тизмесин түзүңүз

Качан биз бир нерсени билүүнү каалаганда, суроолорубузга жооп табуу үчүн, биринчи кезекте,  китептерге кайрылабыз. Китеп окууда үзгүлтүккө жол бербөө үчүн, бир планга баш ийүү пайдалуу. Китептерди жанрлар же изилдөө тармагы боюнча тизмектеп, окууга киришиңиз. Китептен максималдуу пайда алуу үчүн, аны «активдүү окуу» методун туура колдонуп окуңуз.

Жаңы тааныштарды күтүңүз

Башкача айтканда социалдык тармактарды колдонуңуз. Социалдык байланыштардын көп түрдүүлүгүн түшүнүү, жүздөрдү жана ысымдарды салыштыруу — бул татаал акыл иш-аракеттери. Социалдык тармактар аркылуу же дагы башка жол менен болсун, тааныш күтүүдө сиз жаңы байланыштарга жана маалыматтарга ээ болосуз. Жумушчу байланыштардын түйүнүн куруу — «нетворкинг» жөнүндө жадагалса атайын китептер жазылган.

Пайдалуу тамак-аш менен гана азыктаныңыз

Эс-тутумдун начарлашын алдын алуу жана мээнин ишмердүүлүгүнө өбөлгө түзүүдө белгилүү азык-түлүктөр жардам бере алат. Мөмө жемиштер, жер жемиштер, жашылчалар жана дан өсүмдүктөрү менен көбүрөөк азыктануу керек. Деңиз азыктардын мээнин иштешине болгон таасири өзгөчө орунду ээлейт. Эгерде сиз интеллектуалдык ишмердүүлүк менен алектенсеңиз көбүрөөк суюктук ичиңиз — минералдык суу, көк чай. Кофе жана шоколадды ченемдүү дозаларда колдонуу да мээге пайда алып келет.

Видео оюндарды ойноңуз

Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, видео оюндарды ойногон балдар курдаштарына караганда жогорку бааларды алышат. Мындай оюндарга кызыккан чоң адамдар да четтен чыгат. Квесттерди ойноо менен биз татаал баш катырмаларды чечип, сюжеттин ардан ары өнүгүү багытын тандап, маанилүү чечимдерди кабылдайбыз… Мунун баары акыл жүгүртүүнү өнүктүрүүгө зор шарт түзүп берет.

Баш катырмаларды чечиңиз

Жеңил көрүнгөнүнө карабай, баш катырмалар эң пайдалуу иштердин бирине кирет. Табышмактарды чечүү мээни жаштандырат, жол жүрүү убактысын пайда менен өткөрүүгө жардам берет, эс-тутумдун начарлашын алдын алат.

Соцтармактарда лекцияларды угуңуз

Көп сандагы социалдык тармактардын барлыгына карабай, интернет дагы деле түркүн тармактар боюнча күчтүү маалымат булагы болуп эсептелет. Жеке өнүгүп-өсүүнүн эң эле айкын жолу — бул лекциялар. Өздөрүнүн окуу материалдарын интернетке көптөгөн университеттер да киргизишет.

Акылдуу телекөрсөтүүлөрдү көрүңүз

Ооба, сыналгыдан түркүн каналдарда ар кандай нерселер көрсөтүлөт жана көп учурда берилген маалыматтар такталбаган же анча пайдасыз болуп чыгат. Бирок, анын арасында билим берүү каналдары да жок эмес жана аларды интернеттен легалдуу түрдө көрүүгө көп учурда мүмкүнчүлүк берилбейт.

Insan.kg – Булак

http://insan.kg/%d0%b0%d0%ba%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b-%d0%b6%d0%b0%d0%bd%d0%b0-iq-%d0%bd%d1%83-%d0%b6%d0%be%d0%b3%d0%be%d1%80%d1%83%d0%bb%d0%b0%d1%82%d1%83%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-10-%d0%b6%d0%be%d0%bb%d1%83/


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!