Муг: Жунусалиев К.Ж.
№ | t | Мугалимдин сөзү | номери | Слайд, анимация, видеофрагмент |
| | Орг. Момент Саламатсыңарбы кымбаттуу балдар. Силер менен кайрадан телесабактан жолугушканыма абдан кубанычтуумун. Эми балдар бүгүкү сабактын темасын айтып баштаардан мурда биз силер менен өтөн сабакты кайталап кетели. Ал үчүн балдар төмөнкүдөй суроолорго жооп берип кетели: 1-суроо | CG_P1 | |
| | Кийинки суроо | CG_P2 | |
| | Азаматсыңар балдар. Эми балдар жаңы темага киришели. Анда эмесе бүгүнкү темабыз: | CG_P3 | |
| | Бүгүнкү сабактын максаты | CG_P4 | |
| | Жаңы теманы түшүндүрүү Эми балдар, алгоритмди берүүнүн 3 жолу бар экен. Алар: Эми балдар ушул ар бир жолун биз силер менен кененирээк карайлы | CG_P5 | |
| | Эле бул алгоритмди берүүнүн табигый жолу. Балдар билесиңерби биз буга чейинки берген алгоритмдерибиздин баары ушул табигый жол менен берилип келди, Бул б.а. кадимки эле тил менен айтылып, катар катары менен аткарылып жаткан алгоритм. | CG_P6 | |
| | Же болбосо ошол сыяктуу эле жагы бир жсеп чыгаруунун алгритмин карап көрсөк, мына балдар, ушулардын баары табигый жол болуп эсептелет. | C1 | |
| | Эми балдар экинчи жолду карай турган болсок бул “блок – схема түрүндө алгоритмди көрсөтүү. Демек балдар блок-схема деген эмне? | CG_P8 | |
| | Мисалы балдар биз блок-схема менен көп кездешебиз, мисалы бир техника сатып алсаңар, анын сөзсүз түрдө техникалык схемасы болот. Ошол сыяктуу эле көптөгөн проуесстерди, кубулуштарды биз схема түрүндө элестетебиз. Мына балдар ошол сыяктуу эле алгоритмди да биз схемалар түрүндө элестетсек болот экен. | CG_P9 | |
| | Эми балдар карайлычы, кайсы блокторго эмнелер дазылат? Демек: | CG_P10 | |
| | Азыркы учурда ушул блок схемалар менен иштөөчү атайын редакторлор да бар, Мисалы: | CG_P11 | |
| | Азыр балдар ушулардын иштеши боюнча видео менен таанышып кетеличи Кана балдар, эми бир алгоритмди, мисалы, кулпуну ачуу алгоритмин ушул блок-схема түрүндө түзүп көрөлүчү Демек: | C1 CG_P12 | |
| | Эми балдар ушул эле алгоритмди шарт коюп бир нече ачкыч бар болгондогусун түзүп көрөлүчү, Анда демек: | CG_P13 | |
| | Мына балдар, түшүндүңөрбү блок схеманы кантип түзүүбүз керек экендигин. Блок схема биздин алгоритмибизди ыңгайлуу түргө келтирип, оңойлукка алып келет экен балдар. Эми балдар айтылгандарды тастыктоо максатында эки суроого жоор берип кетеличи 1-суроо | CG_P14 | |
| | . 2-суроо | CG_P15 | |
| | Азаматсыңар балдар, эми балдар 3- жолу бул атайын алгоритм тилинде же тагыраак айтсак кандайдыр бир программалоо тилинде көрсөтсөк болот экен балдар. Азыркы кезде жүздөгөн программалоо тилдери түзүлгөн, Бирок алардые ар түрдүүлүгүнө карабастан, алардын ар биринде программалоо окшош алгоритмдерди аткаруулан турат. Эми балдар биз бул тил менен кийинчирээк кененирээк таанышабыз, ал эми азырынча мисал берүү менен эле чектелип туралы. Мисалы | CG_P16 | ү |
| | Мисалы | CG_P17 | |
| | Эми балдар ушул эле программаны биз блок –схема түрүндө элестетсек төмөндөгүдөй болот | | |
| | Мына балдар биз силер менен алгоритмди берүүнүн 3 жолу менен тааныштык, эми балдар дагы бир суроого жооп кетели 1-суроо Демек балдар ошентип алгоритмди берүүнүн 3 долу бар экен Алар: Ушуну менен балдар сабак да аягына чыкты, үй тапшырманы жазгыла. Ушуну менен балдар кийинки сабактан жолугушканча сак-саламатта болгула. | | |