СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 22.05.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы»



Сабактын темасы: Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү

Сабактын методу: Ангемелешүү, айтып берүү, окуучулар

өз алдынча иштөө методдору

Сабактын жабдылышы: Слайд, буклеттер, ватман, карточкалар

Сабактын максаттары:

Көрсөткүчтөр:

Билим берүүчүлүк максаты:

Акындын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча билимдерин тереңдетишет, анын адамдык, акындык дараметине таасирленишет, көркөм окууну мыкты өздөштүрүүгө жетишишет;

-Окуучулар Алыкул Осмоновдун өмүр баяны менен таанышып, өз түшүнүктөрүн айтып бере алышса;

-Акындын ырларын окуу менен алардын маанисине талдоо жүргүзө алышса;

Өнүктүрүүчүлүк максаты:

Акындын поэзиясындагы көркөм чеберчиликти, кыскалык менен тактыкты, конкреттүүлүктү далилдер менен талдоого үйрөнүшөт;

-Окуучулар акындын өмүр жолундагы маанилүү окуяларын айтып бере алышса;

Тарбия берүүчүлүк максаты: Өмүрдү, турмушту баалай билүүгө, Ата Журтту, касиеттүү Ысык- Көлдү сүйүүгө, улууну урматтоого, кичүүнү

ызаттоого тарбияланышат;

-Туура, так сүйлөөгө үйрөнүшсө жана өз алдынча, топтордо иштей алышса;



Сабактын жүрүшү

Түшүндүрмөлөр

Уюштуруу иши (2-3 мин.)

Саламдашуу,класстын, окуучулардын сабакка даярдыгын кароо;

Окутууну ийгиликтүү ишке ашырууга шарт түзүлөт. Класстын жана окуучулардын сабакка даярдыгына байкоо жүргүзүү

Өтүлгөн темаларды кайталоо: түзүлгөн суроо-жооптор менен

Өтүлгөн материалдар боюнча билимдери тереңдейт жана бышыкталат. Өздөрүнүн канчалык деңгээлде материалдарды өздөштүргөнүн баамдап билишет;



Алыкул Осмонов отуз беш гана жыл жашап, ошол кыска өмүрүнүн он беш жылдай гана убакытын эле чыгармачылык ишке арнады. Бирок, өзү айткандай, “кыйын жашап, жакшы жазган” акын кыска өмүрүндө Чолпон жылдыздай, нар көтөргүс көркөм дөөлөттөрдү жаратып, кыргыз адабиятында өз ысмын жаркыратып калтырып кетти.

Мен уялам, мына мындан уялам,

Көзгө толор бир чоң эмгек кылбагам.

Колун кезеп, жолуң болгур дегенсийт,

Жер шаарынан күлүк учкан заманам, - деп өзүнө-өзү канааттанбай, мындан да жакшы ыр жаратууну эңсеген кыргыз элинин таланттуу акыны, чебер котормочусу жана драматургу Алыкул Осмонов 1915-жылы азыркы Панфилов районундагы Каптал – Арык айылында туулган. Өтө жашында ата-энесинен ажырап, 1919-жылы Бишкектин жетимканасына өтүп, 1921-1929-жылдары Токмоктогу жетим балдар үйүндө, 1929-1932-жылдары Бишкектеги Борбордук педагогикалык техникумда тарбияланат. Каралашар кишиси жогунан окуусун аяктай албай, айылга кетет, аяктан да ылайыктуу жумуш табылбай, кайра борбор шаарга келет да, 1932-жылы “Чабуул” журналына кызматкер болуп орношот. Талапкер бала Токмокто интернатта окуп жүргөндө эле ыр жаза баштап, анын айрымдары дубал газетага да чыгат. 1930-жылы сентябрда “Сабаттуу бол” газетасына жарыяланган “Кызыл жүк” деген ыры акындын алгачкы басмадан чыккан чыгармасы. Андан кийин ырлары газета – журналдарга үзгүлтүксүз чыгып турган. Ошол биринчи ыры жарыяланган он беш жашынан тартып, акын улам поэзия дүйнөсүнө тереңдеп кирүүгө аракеттенип, бир топ ырларды жараткан.

1935-жылы “Таңдагы ырлар”, 1937-жылы “Жылдыздуу жаштык”, 1938-жылы “Чолпонстан” аттуу үч ырлар жыйнагы жарык көрөт. Бирок бул китептер акындын талантын, жекече өзгөчөлүгүн толук көрсөтө албады. Ал жыйнактардагы ырлар ошол кездеги көпчүлүк акындардын ырларынын деңгээлинен аша албады, ал түгүл айрымдары эстетикалык жактан жармач болуп, төмөн да турду. Ошону менен бирге бул жыйнактардан акындык таланттын “жылт” эткен учкундарын көрсөткөн айрым ырлары менен саптары көрүнө калган учурлар да болду.

1935-1938-жылдары А. Осмонов ыр түрүндөгү алты, кара сөз түрүндөгү 2 котормо китепчени, 1940-жылы грузин классиги Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” дастанын которуп, бастырып чыгарган.

1945-жылы Алыкулдун “Махабат”, 1946-жылы “Жаңы ырлар”, 1947-жылы “Менин жерим – ырдын жери”, 1949-жылы “Жаңы ырлар” деген оригиналдуу ырлардан жана поэмалардан куралган жыйнактары чыккан.

Бул жыйнактар кыргыз адабиятында өз үнү бар, таланттуу акындын келгенин көрсөттү. Өлүм, өмүр, дүйнө, жашоонун маңызы, эмгек, сүйүү, жаратылыш жөнүндө байыртан бери эле ырдалып келаткан темаларды А. Осмонов өзүнчө көрүп, өзүнүн жеке турмуш элегинен өткөрүп, өзүнчө чечти. Эң негизгиси ал катуу изденди: укмуштай көп окуду, батыш жана чыгыш адабиятынын ири классиктеринин чыгармаларын которду, эл аралап, элдин сөзүн жыйнады, күнү-түнү түйшүк тартып, “ыр көлүндө сүздү”, пьесалар жазды. Мына ушундай талыкпас изденүү, чыгармачылык түйшүк, өзүнө-өзү алымсынбоо акынды жетилтти.

Акын кыргыз фольклорунун үлгүлөрүнө да кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгып, көп эмгектерди калтырган. Бул багытта жараткан “Толубай сынчы”, “Карагул ботом”, “Мырза уул”, “Ак мөөр” аттуу поэмаларын жаратып, кыргыздын атактуу ырчы, манасчылары, жер- суу аттары, айбанаттар, элдик календарь ж.б. калк арасында айтылган бир нече уламыш, легендаларды жыйнап калтырган. Балдар жазуучусу катары да таанылган. “Түлкү менен каздар”, “Эки метр Эсенгул”, “Балдар менен турналар”,ж.б. ырлары менен жаңылмачтары балдарга арнап жазган мыкты чыгармаларынан болуп саналат.

Мындан сырткары драматургия жанрына кайрылып, “Ракыя”, “Корукчу Кооман”, “Экинчи бригада”, “Ак Мөөр”, “Баатырдын өлүмү” аттуу пьесалары, драмалары жазылып, кыргыз адабиятынын драматургия жанрынын калыптанышына да салымын кошкон.

1941-1948-жылдары А. Осмонов персче жазылган орто кылымдык азербайжан акыны Низами Ганжевинин “Хосров - Ширин” поэмасын, англиялык улуу драматург У. Шекспирдин “Он экинчи түн” комедиясын жана “Отелло” менен “Евгений Онегин” аттуу ырдан бүткөн романын кыргызчалаган. Булардын ичинен өз убагында “Отелло” менен "Евгений Онегин" жарыкка чыккан.

Айрыкча акындын жеке турмушу ары татаал, ары өксүктүү: жашынан учук оорулуу болуп жаш жанына тынчтык бербеген катуу илдетке чалдыгып, кан жөткүрүп калды. Бир жагынан айыкпаган кесел акынды алсыратып чүнчүтсө, экинчи жагынан көксөп жүрүп көргөн кызы Жыпар айына жетпей чарчап калды. Буларга кошумча, жары Зейнеп менен турмуш оту күйүшпөй, көбүнчө жалгыз, түнт жашады.

Айтылуу Алыкул акын чыгармачылыгы гүлдөп, поэзиянын не бир керемет сырларын ачып, анын не бир бийик белестерин ашып бараткан мезгилде, 1950-жылы бар болгону 35 жыл жашап, узак жыл жанын кыйнап келген дарттан – кургак учуктан каза тапты.

Сандар сүйлөйт:

  1. 14 жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирет;

  2. 1930-жылы “Сабаттуу бол” гезитинин сентябрь айындагы санында биринчи жолу “Кызыл жүк” деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет;

  3. 1937-жылы “Таңдагы ырлар” жыйнагы жарык көргөн;

  4. 1938-жылы “Ардак белгиси” ордени менен сыйланат;

  5. 1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн;

  6. 21-март Алыкулдун туулган күнү;

  7. 1945-жылы “Махабат” аттуу жыйнагы жарык көргөн;

  8. 1946-жылы “Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги Каарман эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган;

  9. 1947-жылы “Жаңы ырлар” жыйнагы жарык көргөн;

  10. 1950-жылы Москвада орус тилинде жарык көргөн “Мой дом” аттуу ырлар жыйнагы адабият боюнча Сталиндик сыйлыктын талапкерлигине көрсөтүлгөн;

  11. 1950-жылы 12-декабрь күнү Алыкул Осмонов көз жумган;

  12. 1967-жылдары чыгармаларынын үч томдугу жарык көрдү;

  13. 1986-жылы Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты белгилеген;

  14. Ошондой эле жаштар арасында жыл сайын өтүүчү “Алыкулдун Ак боз ат” аттуу поэзия майрамын уюштурган;

  15. 12 драма жазган;

(Сабак А. Осмоновдун сүрөттөрү менен жасалган слайд менен коштолот. )

Сабакты бышыктоо: Суроо - жооп;

Сабакты жыйынтыктоо: Окуучулардын билимин баалоо;

Үйгө тапшырма: Алыкул Осмоновдун

өмүрү, чыгармачылыгын окуп келүү;













Турдакун Усубалиев атындагы орто мектеби













10 - класс

Мугалим: Абдырасулова Надира











Кочкор району

















3



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!

Закрыть через 5 секунд
Комплекты для работы учителя
Поделитесь с друзьями
ВКонтактеОдноклассникиTwitterМой МирLiveJournalGoogle PlusЯндекс