СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алыкулдун өмүрү - ырларында (поэзия кечеси)

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Алыкулдун ырлары - өмүрүндө" поэзия кечесинин презентациясы

Просмотр содержимого документа
«Алыкулдун өмүрү - ырларында (поэзия кечеси)»

АЛЫКУЛДЫН ӨМҮРҮ- ЫРЛАРЫНДА

АЛЫКУЛДЫН

ӨМҮРҮ-

ЫРЛАРЫНДА

 Улуттук профессионал поэзиябыздагы эч бир акын багындыра элек бийик чокуну багындырып, бийиктигинде түбөлүккө жашап калган кайталангыc талант- Алыкул Осмонов  1915-жылдын 21-мартында Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында туулган. Беш жашка толо элек кезинде ата-энесинен эрте ажырап, балдар үйүндө тарбияланган.

Балалыгы  Эрке желдей беттен сылап желп эткен,  Ал кез калып, токтоо, толук жаш жеткен.  Эстүү болуп бүгүнкүдн эртеңки,  Кечекиге уялышкан кез кетти.  (А. Осмонов)

   Алыкулдун балалыгы Токмок шаарындагы балдар үйүндө өтөт. Мына ушул жерде ийримдердин активдүү катышуучусу, пионер отрядынын барабанчысы болот. Адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт, анча-мынча алгачкы ырлары дубал гезитке чыгып турат. Ошол жерден акын эне мээримине суусап турган өз тарбичысы Агриппина Грунья Савельева менен таанышып, ага өзгөчө ынак болот, ага арнап ыр да жазат.

ГРУНЬЯ САВЕЛЬЕВНАГА   Далай таттуу даам жедим колуңдан,  Кем көрбөдүң өз бир тууган, бооруңдан.  «Начар экен, бат оңолсун бала» — деп,  Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан.   (А.Осмонов)

 Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы

Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга байма-бай жарыяланат.  Анын алгачкы махабатын да дал ушул техникумдан кезиктирет .

ГҮЛ МЕНЕН КУШ   Гүлдүн жашыл шагы экен,  Өскөнү салкын багы экен.  Ушул кушка ылайык,  Гүлдүн да толгон чагы экен.   А.Осмонов ГҮЛҮМӨ Жайлоодо өскөн жадырап, Кыпкызыл, жашыл гүлүм бар. Өмүрлүккө сактаган, Бактылуу гана күнүм бар.  А.Осмонов

ГҮЛ МЕНЕН КУШ Гүлдүн жашыл шагы экен, Өскөнү салкын багы экен. Ушул кушка ылайык, Гүлдүн да толгон чагы экен. А.Осмонов

ГҮЛҮМӨ

Жайлоодо өскөн жадырап,

Кыпкызыл, жашыл гүлүм бар.

Өмүрлүккө сактаган,

Бактылуу гана күнүм бар.

А.Осмонов

 Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин

Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

ШОТА РУСТАВЕЛИГЕ   Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,  Эр үчүн, керек жерде ак кызматы.  Жөнөй бер дагы сонун жерге алпарат,  Алдагы мен берген ат–кыргыз аты.   Таарынба, белегимдин көрдүң азын,  Сынагын кандай экен ичин ачкын,  Ал белек сага тааныш–сулуу Нестан,  Мен аны кыргызчалап кайра жаздым.   Тариэл–сен көргөндөй баа жетпес эр,  Автандил–жүзү жылуу акылман шер,  Түз талаа, бактуу калаа, тунук суулар...  Баары бар... Тинатин кыз үн салган жер.

Күн өткөн сайын өзүнө койгон талабы катаалдап, акын улам жаңы бийиктикти самап, поэзиянын улам жаңы аралдары менен жээктерин ача берди. Ошенткен сайын анын адам менен Ата Журтка болгон сагыныч-кусалыгын билдирген, жашоо менен өмүргө кумары канбаган ырларынын ажары ачылып чыга келди. Акындын мындай тематикадагы не бир укмуштуу, не бир азем керемет сулуулугу, кооздугу менен өзүнө куштар кылып, төбөсү асман тиреп, шоодурап менменсинген мырза теректи эске салат.

 Жазда башка… Жел тийбесин абайла,  Көпкө турбас, мобул турган сур булут.  Бүт дартыңды өз мойнума алайын,  Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!

Бирок ал өмүрү өткөнчө өзүнүн чыгармаларына канааттанган жок, улам жаңы, жакшыларды жараткысы келди. Мына ушул умтулуу аны ыр жазууга гана эмес, жашоого да шыктандырды. Ошондуктан акын өзүн аябады, жанын жай таптырбай жабыркаткан ооруга карабай, күрс-күрс кан жөтөлүп отуруп да, кара жанын карч уруп, бир сап ыр үчүн түн күзөп көшөрө эмгектенди.

Ысык-Көл, сени сүйдүм, сени ырдадым.  Ырыма өзүң болдуң бел кылганым.  Күнүмдүн ичкен суудай берекеси  Өзүңдүн бир көйкөлүп ыргалганың.  Ысык-Көл, сен ырыскым, сен жыргалым,  Ырыма өзүң болдуң дем кылганым.  Өзүнчө урматтуу бир салт экен го,  Күрпүлдөп көбүк чачып турган маалың.

Жогорку талап, тынчтык бербеген тынымсыз изденүү Осмоновдун чыгармаларын кулач жеткис, асман мелжиген алп чынарга айландырды. Дүпүйгөн чынардын сансыз бутактары бар сыңары  А. Осмоновдун керемет поэзиясынын мазмуну да ар түрдүү жана өтө бай. Анда бирде  Ата Журттун асылдыгы, ага деген сүйүүнүн ыйыктыгы даңкталса,  бирде адам баласын дүйнөнүн ээси кылуудагы кудуреттүү эмгек ырдалат. Анын чыгармаларында кээде өмүр менен өлүм бой тирешип тура калат да,  анан акын өмүрдүн улуулугун жана  түбөлүктүүлүгүн не бир мукам кайрыктарга салат.

Эмнелер жок, бул дүйнөдө–жарыкта,  Не бир сонун... не бир кымбат асыл баа...  Мен кетерде, ошончонун ичинен  Сагынарым,  Эң аярым  Эң кымбатым–музыка!

Түн айлуу түн, көл да бүгүн толкунсуз,  Бир телмирип, бир жылмаят кээде суз.  Бурчу бери, ушул түнкү кайыкты,  Көл үстүндө мен болоюн учкан куш.

Ырас өмүр кандай кыска, кандай аз...  Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.  Бирок чиркин аздыгына мейли эле,  Анын октой тездигине катат баш  Кечээ гана тиги кырда жок эле,  Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?

Ах, чиркин биздин күндөр кандай таттуу,  Бүгүндөн эртеңкиси ырахаттуу!  Табият жана анын музыкасы,  Күн санап,кандай сулуу, кандай шаттуу!…

Тооруй басып тосуп чыгып жолумдан,  Бурай кармап, майыштырып оңумдан,  Жаш өмүрдө жаңы бөбөк көрөрдө  Таш боор өлүм тартып кетти колумдан.

 Ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайтты.

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!