Просмотр содержимого документа
«"Анарбайдын копуросу" сабактын иштелмеси. 9 - класс.»
Сабактын темасы: Касым Каимов «Анарбайдын көпүрөсү»
Сабактын тиби: Жаӊы билимди өздөштүрүү сабагы.
Сабактын формасы: Класстык сабак.
Сабактын методу: Интерактивдүү методдор. «Фишбон», «Же балык скелети»
Сабактын максаттары:
Билим берүүчүлүк | Өнүктүрүүчүлүк | Тарбия берүүчүлүк |
К.Каимовдун «Анарбайдын көпүрөсү» аӊгемеси тууралуу маалымат алышат. | «Анарбайдын көпүрөсү» аӊгемесин окуу менен окуучулардын себеп – натыйжа байланыштарды аныктоого, анализдөөгө жана билгичтигин өнүктүрүү. | Коомдук материалдык байлыктарды сактоо, көбөйтүү, өнүктүрүүгө, аларды сарамжал пайдаланууга карата ыкластуу мамилесин пайда кылуу. |
Окуучулар ээ болуучу компетенттүлүктөр:
Окурмандык компетенттүүлүк | Баалуулук - дүйнө таанымдык компетенттүүлүк | Адабий – чыгармачылык компетенттүүлүк. |
К. Каимовдун «Анарбайдын көпүрөсү» аӊгемесин окуп, мазмунун, автордун айтайын деген ойун түшүнүшөт. | Аӊгемедеги көтөрүлгөн маселени аныкташат, анын себептерин табышат, фактылар менен далилдешет, корутунду чыгарышат. | Аӊгеменин өзүнө, же андагы каармандарга карата эссе жазышат. |
Сабактын жүрүшү:
Этап | Убактысы | Мугалимдин ишмердүүлүгү | Окуучунун ишмердүүлүгү | Компетнт -түүлүктү Баалоо. |
Уюштуруу | 5 мин | «Кимдин үнү» оюнунун шартын түшүндүрөт. | «Кимдин үнү оюнун ойношот. | |
Үй тапшырмасын текшерүү. | 5 мин | Окуучулардын тапшырмаларын карап чыгат. | Тапшырмаларын көрсөтүшөт. | |
Өтүлгөн теманы кайталоо. | 5 мин | 1 - тапшырма «Концептуалдык картаны» толтурууга тапшырма берет. | «Концептууалдык картаны» толтурушат | |
Жаӊы тема | 10 мин | 2 - тапшырма «Фишбон» усулунун негизинде иштөөгө багыт берет. | «Фишбон» усулунун негизинде иштешет. | |
Бышыктоо | 10мин | 3 - тапшырма 5 мүнөттүк ээсе жазууга тапшырма берет. | «Анарбайдын көпүрөсү» аӊгемесине,же андагы каармандарга эссе жазышат. | |
Сабакты жыйынтыктоо | 5 мин | Окуучулардан сабакты жыйынтыктоону сурайт. | Окуучулар смайликтин жардамы менен сабакты жыйынтыкташат. | |
Баалоо | 3 мин | Баллдын негизинде баалоо. Ар бир тапшырмага 5тен балл берилет. | | |
Үйгө тапшырма берүү. | 2 мин | | «Ата мурастан келаткан өрнөктүү салттар» деген темада дил баян жазып келүү. | |
1 – тапшырма:
Концептуалдык карта түзүү.
Аӊгемелери. | Романдары | Сатиралары | Кызматы | Турмушу. |
| | | | |
2 – тапшырма:
«Фишбон» усулу.
Күтүлүүчү натыйжа. Окуучу:
- Маалыматты тереӊ өздөштүрөт;
- Талдайт, жыйынтыктайт, баалайт;
- Жаӊы маалымат менен жыйынтыктуу жумуш аткарат.
Жүзөгө ашыруу кадамдары:
1 – кадам: Текстти ар бир окуучунун жеке окуусу;
2 – кадам: Окуу процессинде скелеттин башында текстте карала турган маселени белгилөө;
3 – кадам: Жогорку «кошумча бутактарында» маселенин себебин белгилөө, төмөнкү «сөөкчөлөрүндө» окуунун жүрүшүндө себепти аныктай турган маалыматтарды жазуу.
4 – кадам: Балыктын «куйругуна» корутунду жазуу.
5 – кадам: Жупта, топтожумушту талкуулоо.
6 – кадам: Топтун жумушун класста таанытым жасоо.