СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ар бир инсан дин тутуу эркиндигине ээ

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ар бир инсан дин тутуу эркиндигине ээ»

Жалал-Абад шаарындагы И.Сатыбаев атындагы №19 жалпы орто билим берүүчү мектеп-мекемеси


Тарбиялык саат


Тема Ар бир инсан дин тутуу эркиндигине ээ









Мугалим________________________________________



Тема: Ар бир инсан дин тутуу эркиндигине ээ.

Сабактын максаты:

«дин» түшүнүгүн жана анын маңызын, дин менен маданияттын жана коомдун байланыштарын, диндин руханий маданиятка таандык экендигин жана анын коомдогу орду менен ролун, аткарган функциясын аныктоого жана аларды өз турмушунда пайдалана билүүгө үйрөтүү.

Сабактын жабдылышы:Мугалимдин баяндамасы, тарткатмалар

1-кадам: окуучулар 2 топко бөлүнүшөт. Ар бир топко тарткатмалар таркатылат.

Киришүү

Ардактуу балдар, силер мектепте, айланадагы чөйрө, табият, коом жана анын баалулууктарынын түзүлүшү сыяктуу ар кандай билимдердин негиздерин үйрөнөсүңөр. Бул билимдер силерге ар тараптан өнүккөн жана билимдүү адам болуу, ошондой эле практикалык ишмердүүлүк үчүн керек болот. Бул билимдерден тышкары ар бир адамдын инсан катары калыптануусу, анын ички дүйнөсүнүн жана маданиятынын түзүлүүсү үчүн маанилүү болгон түшүнүктөр, ойлор жана ар кандай маалыматтар дагы бар. Дүйнөлүк маданияттагы, адабияттагы, көркөм чыгармачылыктагы, искусстводогу, саясаттагы жетишкендиктер, адамдын сезимдерин, ойлорун жана иш-аракеттерин ар дайым коштоп жүргөн жалпы адамдык этикалык баалуулуктар күнүмдүк жашоодо алгач диний баалуулуктардын негизинде өнүгүп башташкандыгын белгилеп кетүү керек. Дин кудайга ишенген адамдардын диний кызыкчылыктарын, моралдуулугун, адептүүлүгүн, ошондой эле жакшылык жана жамандык жөнүндө түшүнүктөрүн калыптандырат. Дин – адамдын коомдук күнүмдүк жашоосунун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат, себеби ал анын сезимдерине, ойлоруна жана иш-аракеттерине таянат. Дин маанилүү орун ээлеген дүйнөнү түшүнбөстөн башка адамдар менен ынтымакта жашоо мүмкүн эмес. Бул биздин өлкөгө өзгөчө тиешелүү, себеби Кыргызстанда ар кандай диндерди карманган 100ден ашык этностун өкүлдөрү жашайт, алар түрдүү диндерди тутушат, анын ичинде Кыргызстандын аймагында мурун таралбагандары да бар.

Жогоруда белгиленип кеткендей, дин тутуу эркиндиги пикир эркиндиги, биригүү укугу, чогулуштар эркиндиги сыяктуу башка укуктар жана эркиндиктер менен тыгыз байланышкан. Кыргыз Республикасында бул укуктарга жана эркиндиктерге Конституция менен кепилдик берилген. Атап айтканда, 31-беренеде «ар ким өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу”, ал эми 34-беренеде “ар ким тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу…” жана 35-беренеде ар ким “биригүү эркиндигине укуктуу” экендиги каралган. Кыргызстанда диний уюм тарабынан укуктун субъекттүүлүгүнүн статусун алууга тиешелүү маселелер 2008-жылдын 31-декабрындагы “КРдагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” КРнын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

Динди изилдөөгө карата мамилелер ар түрдүү болот. Алардын ичинен, биз эң маанилүүлөрү болгон – теологиялык, атеисттик жана дин таануучулук мамилелерди талдоого алабыз.

Теологиялык мамиледе дин аалымдары динди теологиялык текстердин негизинде анализдешет.

Атеисттик мамиледе атеисттер бардык диндердитескери баалашат. Алар кудайга жана табияттан тышкаркы нерселерге ишенишпейт. Атеистер үчүн дин – бул убактылуу көрүнүш, адамзаттын билимсиздигинин жана жаңылышуусунунун натыйжасында келип чыккан нерсе.

Дин таануучулук мамиледе болсо,дин – адамдын социалдык жана психикалык болумушундагы татаал, тарыхый жактан шартталган феномен катары каралат. Диний тажрыйба оң жана тескери мааниге ээ болушу ыктымал жана ар кандай натыйжаларды жаратышы мүмкүн. Ошондуктан ал, логиканын жалпы илимий жана атайын усулдарынынжардамы менен фактыларды талдоого алуунун негизинде, бейтарап дүйнө таануучулук коз карашта изилдениши керек.

Тотемизм, фетишизм, анимизм, шаманизм жөнүндө.

Аталышы

Түшүндүрмөсү

Сенин түшүнүгүң

тотемизм

Тотемизм – адамдар мененжаратылыш объектилеринин (жаныбарлар жана өсүмдүктөр) ортосундагы мистикалык байланыштарды чагылдырган ишенимдерге негизделген түшүнүктөрдүн жана ырым-жырымдардын комплекси


фетишизм

Фетишизм (португ. feitico – амулет, магиялык буюм) – кандайдыр бир буюмдардын, нерселердин сыйкырдуу күчтөрүнө, касиеттерине, анын адамдардын жашоосуна таасирин тийгизе тургандыгына (кырсыктан сактоочу, айыктыруучу, күч-кубат берүүчү ж.б.), ишенүүдөн келип чыккан алгачкы ишенимдердин бир түрү


анимизм

Анимизм (латынча animus – «жан») – предметтердин жандуулугуна болгон ишеним дээрлик байыркы маданияттын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Адамдар алгачкы мезгилдерде асмандын, күндүн, күн желесинин, табият кубулуштарынын, курчап турган жаратылыштын жаны бар экендигине ишенишкен.


шаманизм

Шаманизм – (Сибирь элдеринин тилдеринде саман – каардуу) культтун кызматчылары – шамандардын табияттан тышкаркы жөндөмдөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө ишенүүгө байланыштуу келип чыккан жөрөлгөлөрдүн жана ырымжырымдардын өзгөчө комплекси. Шаман – бул жрец, дарыгер жана рухтар менен байланышуучу.






Сабакты бышыктоо:

1.Динсиз маданият ѳнүгѳ алабы?

а) ооба ѳнүгѳ берет; б). жок маданият менен дин дайыма биргеликте ѳнүккѳн;

в) диндерде ар түрдүү маданияттар чагылдырылган.

2. Дүйнѳлүк диндерге кайсылар кирет?

а) джайнизм, даосизм, конфицийчилик; б). буддизм, христиан, ислам;

в) иудаизм, индуизм, синтоизм.

3. Алгачкы диний ишенимдеринин формаларынын бири, португал тилинде сөзмө-сөз «магиялык буюм» дегенди түшүндүрөт, ал кайсы сѳз?

а). фетишизм; б) анимизм; в) тотемизм; г) магия;

4. Адамдардын өздөрүнүн келип чыгуусун кайсыл бир жаныбарларга байланыштыруусу жана ошол жаныбарлардын ыйыктыгына болгон ишеним кандайча аталат?

а) магия; б) антропоморфизм; в). тотемизм; д) фетишизм;





Сабакты баалоо: Окуучунун жооп бергенине карап баалоо.

Үй тапшырма: Ар бир инсан дин тутуу эркиндигине ээ деген темада дил баян жазып келүү.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!