СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ардак наамдар жөнүндө жобо

Категория: Директору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Институтта көп жылдык талыкпаган эмгеги, илимий, педагогикалык, административдик-уюштуруу, коомдук жана тарбиялык иштери, институттун өнүгүүсүнө кошкон ири салымы, материалдык-техникалык базаны түзүү, эл аралык мамилелерди өнүктүрүү, институттун авторитетин бекемдөөгө шарт түзгөн ишмердиктин башка түрлөрүнө катышкандыгы үчүн ардактуу наамдар белгиленет

Просмотр содержимого документа
«Ардак наамдар жөнүндө жобо»

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык

жана билим берүү институтундагы ардактуу наамдар жөнүндө

ЖОБО

202___-ж. ____________

1. Жалпы жоболор

1.1. Институттагы ардактуу наамдар институттун, анын кафедраларынын кызматкерлерин, ошондой эле сыртта иштеген адамдарды сыйлоо формасы болуп эсептелет.

1.2. Институтта көп жылдык талыкпаган эмгеги, илимий, педагогикалык, административдик-уюштуруу, коомдук жана тарбиялык иштери, институттун өнүгүүсүнө кошкон ири салымы, материалдык-техникалык базаны түзүү, эл аралык мамилелерди өнүктүрүү, институттун авторитетин бекемдөөгө шарт түзгөн ишмердиктин башка түрлөрүнө катышкандыгы үчүн ардактуу наамдар белгиленет, алар:

1.2.1. Ардактуу наамдар:

- ОшТУнун Өзгөн институтунун ардактуу профессору;

- ОшТУнун Өзгөн институтунун кафедрасынын ардактуу профессору;

- ОшТУнун Өзгөн институтунун ардактуу ардагери;

- ОшТУнун Өзгөн институтунун ардактуу бүтүрүүчүсү.

1.2.2. ОшТУнун Өзгөн институтунун кафедрасынын ардактуу профессору» (мындан ары - «Кафедранын ардактуу профессору» наамы).

«Кафедранын ардактуу профессору» наамын ыйгаруу илимди жана билим берүүнү өнүктүрүүдөгү институттун профессордук-окутуучулук курамынын сиңирген эмгегин коллективдүү түрдө таануу болуп саналат. Кадрларды даярдоодогу профессордун жеке салымын официалдуу таануу менен бирге бул наамды ыйгаруунун максаты окутуучулардын институттун пайдасына болгон жемиштүү ишмердүүлүгүнө дем берүү (стимул) болуп эсептелет.

«Кафедранын ардактуу профессору» наамы учурда институтта эмгектик-укуктук мамилелерде турган адамдарга институттун Окумуштуу кеңеши тарабынан төмөнкүлөрдү эске алуу аркылуу ыйгарылат:

- маанилүү илимий эмгектеринин саны, анын ичинде эл аралык илимий базаларга кошулгандары;

- коомчулук жана илимий чөйрө тарабынан таанылган илимий иштелмелер (разработки) жана белгилүү илимий мектептерге таандыктыгы;

- илимий кадрларды даярдоодогу жемиштүүлүк (жыйынтык);

- активдүү илимий-коомдук ишмердик (эл аралык илимий иштерге, илимий-техникалык, эксперттик, мамлекеттик коомдук кеңештерге жана тармактык структураларга, кесиптик бирикмелерге катышуу);

- мамлекеттик деңгээлде жана Кыргыз Республикасынын жеке субьектисинин деңгээлиндеги жеке жетишкендиктери;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана институттун грифи менен басылып чыгарылган монографиялары, окуу китептери, окуу колдонмолору;

- окуу-усулдук иштердеги жетишкендиктери;

- институттагы жана андан сырттагы илимий жана коомдук ишмердиги;

- ведомстволук ардак наамдары жана сыйлыктары, анын ичинде билим берүүчүлүк жана илимий ишмердиги үчүн;

- башка өзгөчө жетишкендиктери жана сиңирген эмгеги.

«Кафедранын ардактуу профессору» наамына сунуштар кафедра тарабынан сыйлыкка талапкер тууралуу тастыкталган маалыматтарды институттун Окумуштуу кеңешине жазуу жүзүндө берилет. Сыйлоо тууралуу чечим институттун Окумуштуу кеңеши тарабынан ачык жана жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Окумуштуу кеңештин чечими менен «Кафедранын ардактуу профессору» наамы ыйгарылган адамга белгиленген үлгүдөгү диплом салтанаттуу кырдаалда тапшырылат.

Документке электрондук колтамга коюлган

Колтамганын ээси: Ф.А.А.: Акматалиев Асанбек Тургунбаевич, кызматы: директор

Колтамга коюлган дата: 09.09.2021, 12:45:14

Уникальный программный ключ: 24f866be2aca16484036a8cbb3c509a9531e605f




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!