Тема: Арифметикалык прогрессиялар.
Арифметикалык прогрессиянын аныктамасы.
Арифметикалык прогрессиянын n-мүчөсүнүн формуласы.
Арифметикалык прогрессиянын мүнөздүү касиети.
Арифметикалык прогрессиянын алгачкы n мүчөсүнүн суммасынын формуласы.
Аныктама. Экинчи мүчөсүнөн баштап, ар бир мүчөсү мурда келүүчү мүчөгө бир эле санды кошуудан алынган удаалаштык арифметикалык про-грессия деп аталат.
Каалагандай n натуралдык саны үчүн
шарты аткарылса, анда
удаалаштыгы арифметикалык прогрессия болот, мында d – кандай-дыр бир сан. Аныктама боюнча, экинчи мүчөсүнөн баштап каалагандай мү-чөсү менен d га барабар:
, бул сан арифметикалык прогрессия-нын айырмасы деп аталат.
Арифметикалык прогрессияны берүү үчүн анын биринчи мүчөсүн айырмасн көрсөтүү жетиштүү.
Мисалдар келтиребиз.
Эгер
болсо, анда 1; 3; 5; 7; 9; …
эгер
болсо, анда 2; -1; -4; -7; -10; …
эгер
болсо, анда 4; 4; 4; 4; 4; … арифметикалык прогрессиялары алынат.
Арифметикалык прогрессиянын аныктамасы боюнча
=
+ d,
=
+ d = (
+ d) + d =
+ 2d,
=
+ d = (
+ 2d) + d =
+ 3d,
=
+ d = (
+ 3d) + d =
+ 4d
ушундай эле жол менен
=
+ 5d,
=
+ 6d экендигин алууга болот, жыйынтыктап алганда жалпы мүчөсү
=
+ (n - 1) d келип чыгат, бул арифметикалык прогрессиянын n – мүчөсүнүн формуласы деп аталат.
1-мисал.
удаалаштыгы – арифметикалык прогрессия, мында
=2,3 жана d =0,45. Бул прогрессиянын онунчу жана жүзүнчү мүчөлөрүн тапкыла.
Чыгаруу:
=
+ 9 d = 2,3 + 9
0,45 = 2,3 + 4,05 = 6,35;
=
+ 99 d = 2,3 + 99
0,45 = 2,3 + 44,55 = 46, 85.
2-мисал. 71 саны -10; -5,5; -1; 3,5; …
удаалаштыгынын мүчөсү боло тургандыгын көрсөткүлө.
Чыгаруу: Берилген арифметикалык прогрессияда
= -10 жана d =
-
= -5,5 – (-10) = 4,5. Прогрессиянын n – мүчөсүнүн формуласы төмөнкүдөй болот:
=-10 + 4,5(n-1), б. а.
= 4,5 n – 14,5.
4,5 n – 14,5 = 71 же 4,5 n = 85,5 же n = 19. Демек, 71 саны прогрессиянын 19-мүчөсү болуп эсептелет.
Арифметикалык прогрессиянын мүнөздүү касиети.
Теорема. Арифметикалык прогрессиянын ар бир орто мүчөсү андан бирдей алыстатылган мүчөлөрүнүн арифметикалык орточосуна барабар, б. а.
=
, (p
).
Далилдөө. Жалпы мүчөнүн формуласы боюнча
=
+ d (k – p - 1),
=
+ d (k + p - 1).
Бул барабардыктарды мүчөлөп кошуп төмөнкүнү алабыз:
= 2
+ 2d (k – 1) =2(
+ d (k – 1)),
же болбосо
= 2
.
Мындан
=
экендиги келип чыгат.
Мисалы,
=
,
=
,
=
.
Алгачкы жүз натуралдык сандын суммасын табуу талап кылынсын. Сан-дарды түздөн-түз кошууну аткарбастан туруп, бул маслени кандай чыгаруу керек экендигин көрсөтөбүз.
Изделүүчү сумманы S аркылуу белгилейбиз, аны биринчи жолу кошу-луучулары өсүү тартибинде жайланышкандай, ал эми экинчи жолу кемүү тартибинде жайланышкандай кылып эки жолу жазабыз:
S = 1 + 2 + 3 + … + 98 + 99 + 100,
S = 100 + 99 + 98 + … + 3 + 2 + 1.
Бири экинчисинин астында жайланышкан сандардын ар бир түгөйүнүн суммасы 101 ди берет. Мындай түгөйлөрдүн суммасы 100 гө барабар. Ошон-дуктан, барабардыктарды мүчөлөп кошуп төмөндөгүнү алабыз: 2 S=101
100, S =
= 5050. Ошентип, 1+2+3+…+98+99+100 = 5050.
Ушуга окшогон талкуулоолордун жардамы менен каалагандай арифме-тикалык прогрессиянын алгачкы мүчөлөрүнүн суммасын табууга болот.
арифметикалык прогрессиясынын алгачкы n мүчөсүнүн суммасын
аркылуу белгилейбиз, ал сумманы, биринчи учурда алардын кошулуучу-ларынын номерлеринин өсүү тартибинде, ал эми экинчи учурда кемүү тарти-бинде жайлаштырып экинчи жолу жазабыз:
=
+
+
+ … +
+
+
, (1)
=
+
+
+ … +
+
+
. (2)
Прогрессиянын бири экинчисинин астында жайланышкан мүчөлөрүнүн ар бир түгөйүнүн суммасы
+
ге барабар. Чындыгында эле,
+
= (
+ d) + (
- d) =
+
,
+
= (
+2 d) + (
- 2d) =
+
,
+
= (
+3 d) + (
- 3d) =
+
ж. б.
Мындай түгөйлөрдүн саны n ге барабар. Ошондуктан (1) жана (2) бара-бардыктарды мүчөлөп кошуп, төмөнкүнү алабыз: 2
= (
+
) n.
Мындан арифметикалык прогрессиянын алгачкы n мүчөсүнүн суммасынын формуласын алабыз:
=
.
Бул арифметикалык прогрессиянын биринчи жана акыркы мүчөлөрү берилгенде анын мүчөлөрүнүн суммасын табуунун формуласы.
Мындан жалпы мүчөсүнүн ордуна анын формуласын коюп төмөнкүнү алабыз:
=
=
=
.
Жыйынтыктап алганда
=
. Бул арифметикалык прогрес-сиянын бринчи мүчөсү жана айырмасы берилгендеги арифметикалык про-грессиянын алгачкы n мүчөсүнүн суммасын табуунун формуласы болуп эсептелет.
1-мисал. 1; 3,5; … арифметикалык прогрессиясынын алгачкы 20 мүчө-сүнүн суммасын тапкыла.
Чыгаруу: Бул прогрессияда
= 1, d = 3,5 – 1 = 2,5, мындан кийин
мүчөсүн табабыз:
= 1 + 2,5
19 = 48,5.
Эми алгачкы 20 мүчөсүнүн суммасын табабыз:
=
= 49,5
10 = 495. Жообу:
= 495.
2-мисал. 1 ден n ге чейинки натуралдык сандардын суммасын тапкыла.
Чыгаруу: Мында 1 + 2 + 3 + … + n суммасын табуу маселеси коюлуп жатат. Бул прогрессияда
1 экендиги белгилүү, анда ал сумма төмөнкүдөй эсептелет:
= 1 + 2 + 3 + … + n =
=
.
Жообу: 1 + 2 + 3 + … + n =
.
3-мисал. Алтыга эселүү жана 250 дөн ашпаган бардык натуралдык сандардын суммасын тапкыла.
Чыгаруу: Мында 6 га эселүү сандарды
= 6 n формуласы менен берүү-гө болот. Ал эми 6 n
250 болушунан кайсы мүчөсүнө чейин каралышы аныкталат, андыктан n
41
болушу белгилүү болот, демек, берилген прог-рессиянын алгачкы 41 мүчөсүнүн суммасын табуу керек, андай болсо
= 6, d = 6 экендиги анык болот жана
=
=
= 5166.
Жообу:
= 5166.
Өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар.
№ 1.
арифметикалык прогрессиясынын биринчи мүчөсү жана айырмасы белгилүү.
болсо,
мүчөсүн тапкыла.
№ 2.
арифметикалык прогрессиясында
болсо,
мүчөсүн тапкыла.
№ 3
арифметикалык прогрессиясында, эгер
болсо, айырмасын тапкыла.
№ 4
арифметикалык прогрессиясында, эгер
болсо, айырмасын тапкыла
№ 5
Эгерде
болсо, 26,3 саны
арифметикалык прогрессиясынын мүчөсү боло алабы?
№ 6
Эгерде
болсо, 32,6 саны
арифметикалык прогрессиясынын мүчөсү боло алабы?
№ 7
Эгерде
болсо,
арифметикалык прогрессиясынын алгачкы 30 мүчөсүнүн суммасын тапкыла.
№ 8
Эгерде
болсо,
арифметикалык прогрессиясынын алгачкы 20 мүчөсүнүн суммасын тапкыла.
№ 9
Арифметикалык прогрессияда
а)
,
= 384 болсо,
жана
ди тапкыла;
б) d =
, n = 37,
= 209
болсо,
жана
ди тапкыла;
в) d = 2,5,
= 27,
= 157,5 болсо,
жана n ди тапкыла;
г)
= 100,
= 900 болсо,
ты тапкыла.
№ 10
Алгачкы n мүчөлөрүнүн суммасы төмөнкү формула менен аныкталуучу
удаалаштыгы арифметикалык прогрессия болуп эсептелеби?
а)
=
- 2 n; б)
= - 4
+ 11; в)
= 7 n -1.
№ 11
а)
= 1,5 n – 48; б)
= 2,8 n – 125 формуласы менен берилген удаалаштыктын бардык терс мүчөлөрүнүн суммасын тапкыла.