_________ Тема: Архимед күчү. Архимед күчүн эсептөө 7-класс
Сабактын максаты
Билим берүүчүлүк
Күтүлүүчү натыйжа
Окуучулар Архимед жана Архимед күчү жөнүндө маалымат алышат
Өнүктүрүүчүлүк
Натыйжага жете алат, эгер окуучу: Архимед жана Архимед күчү жөнүндө маалымат алышса
Архимед күчүнүн физикалык маанисин түшүнүшөт жана кайсы учурда Архимед күчү пайда болоорун аныкташат. Архимед күчүн эсептегенди окуучулар үйрөнөт
Тарбия берүүчүлүк
Натыйжага жете алат, эгер окуучу: Архимед күчүнүн физикалык маанисин түшүнүшөт жана кайсы учурда Архимед күчү пайда болоорун аныкташат.Архимед күчүн эсептегенди окуучулар үйрөнүшөт.
Турмуштагы мисалдарды угуп жана байкоо менен ойлоо сезимдери калыптанат, таанып–билүү жөндөмү жогорулайт, тажрыйба жүзүндө далилдешет
Натыйжага жете алат, эгер окуучу: Турмуштагы мисалдарды угуп жана байкоо менен ойлоо сезимдерин калыптантат, таанып–билүү жөндөмү жогорулайт. Тажрыйба жасап көрүшсө.
_________
Сабактын тиби: Жаны билимдерди өздөштүрөт.
Сабактын методу: Интерактивдүү методдун
айрым стратегиялары
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, сүрөттөр,
тиешелүү материалдар
_________
3
Архимед
Бир эле учурда математик,физик,астроном инженер ойлоп табуучу дүйнөгө белгилүү улуу физик Архимед б.з.ч. 287-жылы Грециянын Сиракуза шаарында төрөлгөн. Механиканын атасы гидростатиканын негиздөөчүсү. Оордук күчүн жана рычагдын иштөөсүн ойлоп тапкан.
Б.з.ч. 287-212 жж.
Туура эмес формадагы нерсенин көлөмүн аныктоо
Биз абада араң көтөргөн ташты суунун түб ү нөн
оңой эле көтөрө алабыз. Эгер резина топту
сууга чөгөрүп туруп кое берсек, анда ал кайра
калкып чыгат.Бул кубулуштарды кантип
түшүндүрүүгө болот?
Мындай суроолор биздин
заманга чейин эле пайда болгон.
_________
Архимед закону тууралуу
Ага жоопту биринчилерден болуп байыркы грек окумуштуусу Архимед берген. Ал жөнүндө мындай легенда айтылып жүрөт. Биздин заманга чейин 260-жылы Сиракуз ( Байыркы Грециядагы шаар-мамилекет ) падышасы Гиреон өзүнө алтын таажы жасаган устанын ак ниет иштегенин текшерүү максатында Архимедге тапшырма берген .
Анткени таажынын салмагы устага берилген алтындын
салмагына барабар болсо дагы , ага башка арзан металл кошулуп калдыбы деп падыша күмөн санаган
Таажыны бузбай туруп, анда кошулманын бар же жок экендигин билүү Архимгедге тапшырылган. Архимед жөнүндөгү легенда боюнча , ал адегенде кандайдыр бир бөлүк алтындын ошондой эле көлөмү суудан 19,3 эсе оор экендигин тапкан. Бул болсо алтындын тыгыздыгы суунун тыгыздыгынан 19,3 эсе чон дегенди билгизет. Архимед таажы жасалган заттын тыгыздыгын
табууга аракеттенген.Эгер таажынын тыгыздыгы суунун тыгыздыгынан 19,3 эсеге чоң болбосо,анда ал таза алтындан жазалган эмес деген жыйынтыкка келмек
Нерсенин тыгыздыгын аныктоо үчүн анын массасын көлөмүнө бөлүү керек.Таажынын массасын оңой эле аныктап алууга болот,бирок ал өтө татаал формада жасалгандыктан көлөмүн аныктоо кыйынга турган.Күндөрүн биринде Архмед мончодо жуунуп жатып суу толтурулган ваннага түшкөндө, өзүн кыйнап жүргөн маселени чечүүнүн жолуна оюна капысынан кылт дей түшкөн. Кубанып жана толкунданган Архимед: “Эврика!”, “Эврика!” - деп кыйкырып жиберген. Ал болсо “Таптым!”, “Таптым!” дегенди түшүндүрөт.Ушул ачылыш туура эмес формадагы нерселердин көлөмүн аныктоого мүмкүндүк берген.
Архимед күчүн эсептөө формулусы
Архимед күчү эмнеге көз каранды болот? Жыйынтык 1
- 1.Архимед күчү нерсенин көлөмүнө көз караңды болот :
2.Нерсенин көлөмү канчалык өзгөрсө Архимед күчү да ошончолук өзгөрөт .
Жыйынтык 2
- Архимед күчү суюктуктун тыгыздыгына көз каранды болот:
- Суюктуктун тыгыздыгы канчалык өзгөрсө Архимед күчү да ошончолук өзгөрөт
Жыйынтык 3
- Архимед күчү нерсенин массасына жана формасына көз каранды болбойт
Жыйынтыгында
Архимед күчүн эсептөө
Маселе
- Сүрөттө көрсөтүлгөн шарчалардын кайсыл биринде Архимед күчү көп?
1
1
3
3
2
2
18
Маселе
- Сүрөттө көрсөтүлгөн шарчалардын кайсыл биринде Архимед күчү аз?
3
2
1
Бышыктоо.
1.Суюктуктун ичине кандай күчтөр таасир этет?
2.Архимед күчүн кантип эсептейбиз?
3.Кайсы учурда Архимед күчү пайда болот?
4.Архимед жөнүндө кандай уламыштарды билесинер ?
Үйгө тапшырма :
§ 31, § 32 окуп келүү