Просмотр содержимого документа
«Армиядан этнология»
Тема: Армяндар Аткарган:Токтожумаев Б.Т .
План:
- Этногенез жана этникалык тарыхы
- Чарбасы жана маданияты
- Рухий маданияты
- Коомдук түзүлүшү жана үй бүлө мамилелери
Киришүү
- Армения да Кыргызстан сыяктуу СССР курмына киргенин жакшы билебиз. Ал эми армяндар тарыхтагы байыркы эл катары бизге белгилүү.
- Өз алдынча иштин негизги максаты армян элинин тарыхы менен таанышуу.
- Ушул максаттын негизинде, өз алдынча ишке төмөнкүдөй милдеттер коюлду:
- Армяндардын этногенези жана этникалык тарыхы менен таанышуу; Чарбачылыгын жана маданиятын окуу; Армяндардын рухий маданияты тууралуу маалымат алуу; Армяндардын коомдук түзүлүшү жана үй – бүлөө мамлелери менен таанышуу.
- Армяндардын этногенези жана этникалык тарыхы менен таанышуу;
- Чарбачылыгын жана маданиятын окуу;
- Армяндардын рухий маданияты тууралуу маалымат алуу;
- Армяндардын коомдук түзүлүшү жана үй – бүлөө мамлелери менен таанышуу.
Этногенез жана этникалык тарыхы
Армяндар б.з.ч. VIII жана VI кылымдын ортолорунда Армян тоолорунун аймагында түзүлгөн. Протоармяндык тилдин алып жүрүүчүлөрү болуп саналат. Урурту мамлекети түзүлгөнгө чейин эле, б.з.ч. VIII к. Балкандан Армян тоолоруна көчүп, ошол жакта отурукташып калышкан. Алар жергиликтүү урарту, хурриттер менен аралашып, бирок өз тилин сактап калышкан жана заманбап армян элин түзүштү.
Чарбасы жана маданияты
Экономиканын негизин айыл чарбасы түзгөн. Жер иштетүү жана малчылык жакшы өнүккөн. мындан тышкары калк жүзүм өстүргөн. Жылкы багуу өнүккөн тармактардын бири болуп, армяндык жылкылар бардык региондордо белгилүү болгон. арташесяндар башкарып турган мезгилде айыл общиналары менен бирге жеке чарбачылык да пайда боло баштаган. Ал дастакерт жана агарак деп аталган да, дастакерт – падышага, ак сөөктөрдүн өкүлдөрүнө таандык болгон. Ал эми агараки – аскердик жана мамлекеттик кызматкерлерге берилген. Шаарлар жана шаар калкы да чоң мааниге ээ болуп алар сода жана кол өнөрчүлүк менен алектенишкен.
Чарбасы жана маданияты
Эллинисттик мезгилде Армяндардын маданияты көтөрүлгөн. Чоң сарайлар курулуп, бакчалар көбөйгөн. Атайын театралдык жайлар курулуп, ага жашоочулар барып турушкан. Театрларда ар кандай оюндар көрсөтүлгөн. Артавазд 2 чыгармаларды грек тилинде жазган. Бул алардын жогорку билимдүү гана эмес, Армениянын калкына грек тилинин кеңири тараганын билгизет. Бул мезгилдерде эллинисттик маданияттын философтору, акындары, тарыхчылары атактуу эмгектерди жаратышкан. Маанилүү стратегиялык аймактарда падышалар чептерди курушкан. Баарнан белгилүү Гарни чеби болуп саналат. Мындан тышкары оозеки чыгармачылык жакшы өнүккөн.
Рухий маданияты
Таш доору мезгили аяктаган убакта эле байыркы армяндарда примитивдик диний көз карштар пайда боло баштаган. Кийинчерээк ар бир уруунун өзүнүн кудайы болгон. Кийин уруу союздары пайда болгон соң, уруулардын кудайы биригип баштаган. Армян апостолдук чиркөөсү дүйнөдөгү байыркы христиандык чиркөөөрдүн бири болуп саналат. IV к. башында Улуу Армения официалдуу түрдө христиан динин мамлекеттик жана жалгыз дин катары официалдуу түрдө кабыл алган.
Коомдук түзүлүшү жана үй бүлө мамилелери
Уруулук община – тун армяндардын коомдук уюмунун негизги бирдиги болгон. община бир нече паттриархалдык үй бүлөлөргө бириккен. Уруулук община танутер тарбынан башкарылган. Руу коллективдүү түрдө өндүрүш каражаттарына ээ болгон. дыйкандарда бул жер болсо, малчыларда – жер жана мал болгон. жалпы массадан аристократия өз алдынча бөлүнүп чыккан. Үй бүлөдө да патриархалдык мамилелер өкүм сүргөн.
Корутуңду
Армяндар байыркы мезгилден бери тарыхын, тилин, маданиятын сактап келген эл экенин көрдүк. Алар чарбасы жана маданияты өнүккөн элдердин бири болгон. армяндар армян тилинде сүйлөгөн байыркы элдердин бири. Армяндардын христиан динине өтүшү тарыхый окуя болуп саналат жана бул мамлекет христиандык биринчи өлкө болуп саналган. Алар азыркы жашаган аймактарына б.з.ч. 2 – миң жылдыкта келип, отурукташа башташкан. Байыркы армяндар урпактарына маданий байлыктарды түптөп, калтырып кеткен десек болот.
Көңүл бурганыңыздарга рахмат!