СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Астрономия (астро... ж-а гр. nomos - закон) - ааламда болуп жаткан физикалык процесстер м-н кубулуштарды талдоонун негизинде асман телолорунун, системаларынын ж-а алардын ортосундагы мейкиндиктерди, жалпы эле Аалам жөнүндөгү илим.

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Астрономия (астро... ж-а гр. nomos - закон) - ааламда болуп жаткан физикалык процесстер м-н кубулуштарды талдоонун негизинде асман телолорунун, системаларынын ж-а алардын ортосундагы мейкиндиктерди, жалпы эле Аалам жөнүндөгү илим.»

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

Ош технологиялык университети

Академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту

Табигый – техникалык жана Экономика кафедрасы





доц: Мокеев Ш. Д.





АСТРОНОМИЯ

Окуу-усулдук колдонмо









Өзгөн-23



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТЛИГИ

Ош технологиялык университети

Академик Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту

Табигый- техникалык илимдер жана Экономика кафедрасы

Бекитемин Жактырылды

Окуу иштери боюнча Окуу-усулдук кеңешинде директордун орун басары каралды протокол № ю.и.к. доц._________Г. Муратбаева ___”___”______2023ж. ”___”_____________ 2023-ж

ОКУУ МАТЕРИАЛДАРЫ Окуу семестри -2

Астрономия предмети

Адистиктер

050709 “Башталгыч класстарда окутуу”, 050704 “Мектепке чейинки билим берүү” 140212 “Электр менен жабдуу”. 080106 “Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо”. 080106 “Финансы(тармактар боюнча)”, 050704 “Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап (тармактар боюнча) ” 030503 “Укук таануу”,

Жалпы - 30 саат Алардын ичинен Аудиториялык: 20 саат Өз алдынча иш: 10 саат

Түзгөн окутуучу: доц. Мокеев Ш. Д.





Өзгөн-2023



Мазмуну





  1. Глоссарий.

  2. Жумушчу окуу программасы .

  3. СӨИ сунушталган темалар.

  4. Окуу модулу боюнча лекциалар курсу( окуу материалы).

  5. Баалоо үчүн тест жыйнактары.

  6. Окуу программасына ылайыкташтырылган видео материалдар.

  7. Китеп менен камсыздалышы.





Глоссарий

Телескоп-асман телолоруна байкоо жүргүзүү үчүн арналган астрономиялык аспап;

Рефлектор- күзгүлүү система.

Рефрактор- линзалуу система.

Дүрбү- алыскы нерселерди жакын кылып көрсөтүүчү оптикалык курал.

Коронограф- монохрамат жарыгында Күн таажысын жана хромосферасы байкоо үчүн жасалган .

Компас- мейкиндикти аныктоо үчүн колдонулган жабдык.

Кварц сааты- сааттын жүрүшү кварц генераторунун термелүүсү менен аныкталып, убакытты так эсептөөчү курал.

Планета- (грек. “саякатчы”)- өзү жарык чыгарбай Күндүн нурунун чагылышынан жаркырап көрүнүп, анын айланасында кыймылдоочу чоң асман телосу.

Айдын альбедосу- Айга түшкөн жарык нурун чагылдыруу жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү чоңдук.

Айдын галосу- Айдын дискасынын айланасынан же ага жакыныраак жерден байкалган тегерек же то формасындагы жаркыраган жарык.

Айдын глобусу – бетине ай координатасынын торчолору, экватору, меридианалары жана Айдагы кратерлер, тоочолор, ойдуңдар ж.б. тартылган шар.

Айдын фазалары- Айдын бир ай ичинде көзгө көрүнгөн формаларынын ыраттуу өзгөрүшү.

Астероид- Күндүн тегерегинде эллипис орбитасы боюнча айланган диаметри 1-1000км чейин келген кичине телолор.

Метеорит- чоң асман телонун бетине түшкөн космостук тегиндеги тело.

Камета- (грек.- чагылуу)- туман менен коштолгон, Күндүн тегерегинде созулган орбиталарда айланган чоң эмес асман телосу.

Фотосфера- Күн атмосферасынын нур чыгаруучу ички жука бөлүгү. Калыңдыгы 300км, температурасы 5700К.

Хромосфера – Күндүн атмосферасынын фотосферасынын үстүндө 14 км ге созулган бөлүгү. Температурасы500К ден -5000К ге чейин.

Күн таажысы- Эң жогорку тышкы катмары.

Күн шамалы-Күн таажысынын плазмасынын планеталар аралык мейкиндикке радиус боюнча таралуучу туруктуу агымы.

Күн активдүүлүгү- Күн атмосферасында мезгили менен болуп туруучу ар кандай кубулуштар.

Күн тутулушу- Күндүн бетин Ай толук же жарым жартылай тосуп өткөндөгү көрүнүш.

Жылдыз атмосферасы- жылдыздардын нур чыгаруусунун натыйжасында спектрди пайда кылуучу тышкы катмары.

Жылдыз динамикасы- жылдыздар системасынын гравитация талаасындагы кыймыл закондорун жана жылдыз системасынын эволюциясын изилдейт.

Жылдыз катологу- жылдыздардын экватордук координаталары (алардын өзгөрүшү) , жылдыз чоңдуктары.

Жылдыз кинаматикасы- жылдыз астрономиясынын Галактиканын ар түрдүү обьектилеринде кыймылдын мыйзам ченемин статикалык ыкма боюнча изилдөөчү бөлүмү.

Жылдыз ооруну- жылдыздардын асмандагы абалын аныктоочу экватордук координаталар.

Жылдыз статикасы- жылдыз астрономиясынын бөлүгү.

Жылдыз чоңдугу- жылдыз же асман телосунун жаркыроо чеги.

Жылдыздар чогулмалары- тартылуу күчтөрү жана жаралуу жалпылыгы менен байланышкан жылдыздар тобу.

Жылдыз эволюциясы- жылдыздар өрчүшү убакыттын өтүшү менен жылдыздардын физикалык мүнөздөмөлөрүн жана химиялык курамынын өзгөрүшү.

Эволюция- бул латын тилинен- “өрдөө, өркүндөө” деген маанини билдирип, бул аалам өзүнөн өзү өркүндөп өсүү жолу менен пайда болуп, тиричилик пайда болгон дегенди түшүндүрөт.

Космология- бүтүндөй Ааламдын түзүлүшү эволюция жөнүндөгү окуу.

Мейкиндик- убакыт координатасы боюнча чексиз кеңейүүгө дуушар болуучу ааламдын ачык модели.

Аалам- материанын өнүгүү процессинде чексиз ар түрдү форма алып, мейкиндик жана убакыт жагынан чектелбеген бүткүл дүйнө.



Астрономия предмети боюнча түзүлгөн жумушчу программа

2-семестр. 2023-24-окуу жыл.



Темалардын аталышы

Саат

Пар

1

Астрономияга киришүү. Астрономиянын практикалык негизи.Жылдыздар

4

1-2

2

Күн системасы.

4

3-4

3

Жер планетасы. Ай. Жер тобундагы планеталар.

2

5

4

Күн жана Ай тутулуулары.

2

6

5

Кызыл планеталар. Сырткы планеталар.

2

7

6

Майда телолор. Күндүн жарыгы.

2

8

7

Ааламдын түзүлүшү. Галактикалык телолор. 

4

9-10


20


Студенттердин өз алдынча ишине сунушталган темалар

Темалардын аталышы

Саат

1

Астрономиялык байкоолор.

2

2

Айдын кыймылы.

2

3

Кун системасындагы телолордун физикалык жаратылышы.

2

4

Сырткы планеталар.

2

5

Биздин галактика.

2



10











Технологиялык карта



Жалпы саат



Ауд. саат



СӨИ

Жалпы саат

Жалпы саат






Жыйынтык баа

Ауд.саат

СӨИ

Ауд.саат

СӨИ

30

20

10

20

10

20

10





Модулдун жыйынтыгы




2,5

2,49

3

3,5

3,49

4

4,5

5

5








Адистер



Семестр


Саат


Баалоо

ФН, ЭБУ, УТ, ПК,

БК, ЭК, МЧБ


2


20


Жыйынтык баа





Астрономияга киришүү

Астрономиянын практикалык негизи

Астрономия (астро... ж-а гр. nomos - закон) - ааламда болуп жаткан физикалык процесстер м-н кубулуштарды талдоонун негизинде асман телолорунун, системаларынын ж-а алардын ортосундагы мейкиндиктерди, жалпы эле Аалам жөнүндөгү илим. Астрономия сфералык астрономия, практикалык астрономия, астрофизика, асман механикасы, жылдыз астрономиясы, галактикадан тышкары астрономия, космогония, космология ж. б. бөлүмдөрдү камтыйт. Астрономия адамдын практикалык муктаждыгынан, б. а. мезгилдик кубулуштарды алдын-ала айтуу, убакытты эсептөө ж. б-дан келип чыккан байыркы илим. Биринчи Жердин жасалма жандоочусун учуруу м-н (1957, СССР) астрономиянын жаңы доору башталган. Космостогу эң чоң (диаметри 2,4 м) Э. Хаббл телескобу 1990 ж-а 2005-ж. Жердин орбитасына чыгарылып, Күн системасындагы телолорду ж-а планета аралык чөйрөнү изилдөөнүн жаңы ыкмалары пайдаланылган. Азыркы астрономиянын калыптанышы дүйнөнүн геоборбору системасынан баш тартуу ж-а аны дүйнөнүн гелиоборбору системасы м-н алмаштыруу, асман нерселеринин (телолорун) телескоп м-н изилдөөнүн башталышы ж-а бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун ачылышына байланыштуу. Б. з. ч. 2000-ж. Кытайдагы астрономия мектеби кытай астрономиясынын өнүгүшүнө салым кошкон. Астрономия ошондой эле Египетте, Индияда ж-а Грекияда өнүккөн. Байыркы Грекия астрономдору эч кандай аспапсыз эле көз м-н байкоонун негизинде чоң ачылыштарды жасашкан. Арисстарх Самосский бардык планеталар ж-а Жер кыймылсыз турган Күндү айланат деп далилдеп, дүйнөнүн гелиоборбору идеясын сунуш кылган. Шумер-аккад цивилизациясынын жрец астрономдору көптөгөн кылымдар бою Күн, Ай ж. б. планеталардын кыймылдарын жылдыз фонунда катташкан. Астрономиянын көп терминдери арабчадан келип чыккан, мисалы, зенит, надир, альманах.

Птоломей б. з. 140-жылдарында «Альмагест» деген эмгегинде астрономия б-ча бүт билимди чогулткан. Ал ошол кылымдын аралыгында негизги жетектөөчү эмгек болуп, 17-кылымга чейин астрономиялык ойлордун өнүгүшүнө таасирин тийгизген. 1543-ж. поляк окумуштуусу Н. Коперниктин «Асман сфераларынын байланышы жөнүндө» деген эмгеги чыккан. Кийин Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ж-а кыймылдын үч законун Ай ж-а планеталардын кыймылына пайдалануу Коперник, Кеплер ж-а Галилейдин иштерин бириктирген. Кийинки эки жүз жылдыкта астрономия эки багытта өнүккөн. Биринчисинде чоң ж-а кубаттуу телескоптун жардамы м-н Ааламдын көптөгөн аймактары изилденген. Экинчисинде - планеталарды, анын жандоочуларын, кометаларды, астероиддерди изилдөөдө Ньютондун динамика закону ж-а кош жылдыздарды аныктоочу өсүү саны пайдаланылат.





Жылдыздуу асман - түнкүсүн асман чүмкөгүнөн көрүнүүчү жарык чыгаруучулардын жыйындысы.

Түн ачык болгондо Саманчы жолуна жакын жайгашкан 2,5 миңге жакын жылдыз (6-жылдыздык чоңдукка чейин) көзгө куралсыз көрүнөт. Жылдыздуу асманга багыт алуу ыңгайлуу болсун үчүн жылдыздар топторго бөлүнгөн. Ар бир топ жылдыздагы эң жаркырак жылдыздар мүнөздүү топторду түзөт, аларды Жылдыздуу асманда оңой байкоого болот. Жылдыздуу асман 88 топ жылдызга бөлүнүп, алардын ортосундагы чеги эл аралык астрономиялык союздун чечими боюнча (1930) белгиленген. Таблицада жылдыздардын кыргызча жана латынча аттары, ошондой эле Жылдыздуу асмандагы оруну кыскача берилген. Жылдыздуу асмандан жылдыз чогулмаларын, Галактикалык тумандуулукту, Галактиканы, галактика чогулмаларын, квазарларды ж. б., Күн системасынын составына кирүүчү телолорду, планеталарды, алардын спутниктерин, кичине планеталарды, кометаларды, жасалма космостук объектилерди, Жердин жасалма спутниктери менен космостук зонддорду байкоого болот. Жылдыздуу асмандын көрүнүшү Жердин айланышы менен шартталып, асман сферасынын суткалык айланышынан үзгүлтүксүз өзгөрүп турат.



Топ жылдыз – асман сферасын аныктоо жана жылдыздарды белгилөө үчүн ыңгайлаштырып бөлүнгөн жылдыздуу асман бөлүк.

Жылдыздуу асман 88 топ жылдызга бөлүнүп, аларга мифтик баатырлардын, жаныбарлардын, буюмдардын жана башкалардын аттары коюлган. Кээде топ жылдыздан айырмалап, астеризм деп аталган топ жылдызга бөлүнөт. Топ жылдыздагы эң жарык жылдыздарга топ жылдыздын аттары кошулуп грек тамгалары ( a, b, g, .... алардын жаркырактыгынан улам азайышна карата) менен, начарыраактары латын тамгалары жана цифралары менен белгиленет. Топ жылдыздын чеги асман параллелдери менен жантаюу тегерегин бойлой өтөт. Топ жылдыздын аттарынын пайда болуу тарыхы толук изилденген эмес. Асман чүмкөгүн топ жылдыздын бөлүү – миңдеген жылдар созулган түрдүү илимий жана диний багыттардын күрөшүн чагылдырган татаал процесс.

Жылдыздуу асмандагы Орион топ жылдызы (XVII к)

Топ жылдыз менен катар өзгөчө орунду Зодиак топ жылдызы же зодиак алкагы ээлейт. Зодиак алкагы эки жагынан тең эклиптикага туташ. Зодиак топ жылдызы пайда кылган алкактын ичинде Күн, Ай жана планеталар айланып жүрөт. Бир жылдагы Күндүн кыймылында Күн 12 топ жылдызды удаалаш кесип өтөт. Алар Балык, Кой, Букачар, Эгиздер, Суу Чаян, Арстан, Бийкеч, Тараза, Чаян, Жаачы, Текечер жана Суу куйгуч. Так айтканда Күн бир жылдык кыймылында 13 топ жылдызга туш болот. Чаян топ жылдызнан өтүп, 20 күнгө жакын Жыланчы топ жылдызында болуп, андан кийин гана Жаачы топ жылдызнан өтөт. Бирок Жыланчы топ жылдыз зодиак жылдыздарына кирбейт.

Байыркы убакта жана орто кылымда зодиактын белгилери бонча адамдардын тагдырына таасир кылуучу жашырып жана кубаттуу сырын айтып келишкен. Ушунун негизинде астрология илими пайда болгон. Анын өкүлдөрү – астрологдор топ жылдыздын жайгашуу таблицасы бонча туулган адамдардын тагдарын айтып берүүчү гороскопторду түзүшкөн.



Жылдыздар атласы жана картасы - жылдыздуу асмандын же анын бөлүгүнүн картасы жана атласы.

Асмандын бүтүндөй чектеш же айрым бөлүгүн чогулткан жылдыздар картасы жылдыздар атласы деп аталат. Жылдыздар атласы жана картасы телескопту асмандын керектүү чекитине багыттоо үчүн пайдаланылат. Асмандагы жылдыздарга же жылдыздар каталогундагы астрофотографиялык сүрөттөлүшүнө салыштырып, асман объектисин (планета, комета, өзгөрмө жылдыздар, жылдыз чогулмалары жана тумандуулуктар ж. б.) байкоо үчүн пайдаланылат.

Жылыдыздар картасын түзүүдө жылдыздар картографиялык, проекциялык теорияны колдонуу менен координата огуна туура келген масштабда тандалып алынат. Жылдыздар атласы жана картасы асман жарык чыгаруучуларынын асман сферасындагы абалын белгилөө үчүн колдонулат. Жылдыздуу асманды толук сүрөттөөдө глобус пайдаланылат. Жылдыздар атласы жана картасын астрономияга немец астроному Н. Байер (1903) киргизген. Мында ар бир топ жылдыздын жарык жылдызы грек тамгасы менен белгиленген жана азыркы учурда да пайдаланууда. Кыймылдуу Жылдыздар атласы жана картасынын жардамы менен берилген кеңдикте жылдыздуу асмандын кайсы бөлүгү горизонтко туура келери жана убактысы аныкталат.

Асман сферасы - бетине бардык жарык чыгаруучулардын абалы проекцияланып, борбору байкоо чекитинде болгон каалагандай радиустагы ойдон алынган сфера. Ал астрономияда космос объектилеринин асман сферасындагы координаталарын аныктоонун негизинде алардын кыймылын жана өз ара жайгашуусун изилдөө үчүн колдонулат. Асман сферасынын суткалык айланышына байланыштуу асман жарык чыгаруучулары мейкиндикте экваторго жарыш суткалык параллель деп аталуучу айланаларды сызат. Суткалык параллелдердин горизонтко жайгашышына жараша жарык чыгаруучулар батпоочу жана батуучу, чыкпоочу жана чыгуучу болуп бөлүнөт.

Асман координаталары — асмандагы жарык чыгаруучулардын (телолордун) абалын аныктоочу сандар. Асман сферасындагы негизги тегеректер, ага байланышкан сызыктар жана чекиттерге салыштырмалуу аныкталат. Асман координаталарынын бир нече сфералык - горизонттукэкватордук, эклиптикалык жана галактикалык системалары пайдаланылат. Горизонталдык системада негизги тегерек катары - математикалык же чыныгы горизонт, уюл катарында байкоочу орундун зенити пайдаланылат. Экватордук системада негизги тегерек катары асман экватору, уюл катары дүйнөлүк уюл алынат. Бул системалар сфералык координаталарда кеңири колдонулат.







Григориан календары

Григориан календарын киргизүү учурунда. Папа Григорий XIIIдин мүрзөсүнө чегилген барельеф.

Григориан жылнаамасы - Жердин Күндү циклдик айлануусунун негизинде түзүлгөн убакытты эсептөө системасы.

Бул календарь Юлий календарын реформалоо максатында 1582 - жылы Рим папасы Григорий XIII тарабынан иштелип чыккан. Григориан календары батыш өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө XVI - XVII кылымдар бою колдонулуп келген.

Россия жаңы стилге 1918-жылы гана өткөн . Ушул жылы Совет өкмөтүнүн декрети боюнча 1-февралды 14-февраль деп деп эсептөөгө өткөн. Анткени юлий календарынын тропикалык жылдарды эсептөө боюнча айырмасы 1918-жылга карата 13 сутканы түзүп калган. Бул 13 суткалык айырма эски стиль боюнча 2100-жылдын 15-февралына, же болбосо жаңы стиль боюнча 2100-жылдын 28-февралына дейре сакталат. Бул даталардан кийин ал айырма бир суткага кобөйүп, 14 сутка болуп калат. Календардык жылдын башталышы (Жаңы жыл) шарттуу түрдө алынат. Мурда айрым өлкөлөрдө Жаңы жыл 25-мартта, кээ бирлеринде 25-декабрда башталса, башка күндөрдө да башталган өлкөлөр болгон. Мисалы, Россияда XV кылымга дейре жылдын биринчи күнү болупа 1-март эсептелсе, XV кылымдан 1700-жылга чейин жаңы жыл 1-сентябрдан башталган. Акырындык менен бардык өлкөлөрдө жаңы жыл 1-январда белгилене баштаган.

Бир жылда 12 айдын болушу, жуманын 7 күндөн тураары да, астрономиялык мааниге ээ болушуна карабай, шарттуу болуп эсептелинет. Ошондой болсо да, салт боюнча азыркыга чейин сакталып келе жатат. Григориан календарына караганда мындан да тагыраак календарлык системаларды ойлоп табууга болоор эле. Бирок григориан календарынын тактыгы жетиштүү болгондугуна байланыштуу календардык жылдын орточо узундугун дагы өзгөртүүнүн эч деле зарылдыгы жок. Ошентип, жаңы стиль анча тактыкка ээ эмес, бирок ошондой болсо да, ал боюнча 1 суткалык айырма 3300 жылда гана пайда болот.

Эгерде кимдир бирөөнүн туулган жылы жаңы (Григорий) календары боюнча катталган болсо, анда жаныбарлардын аттарынан турган 12 жылдык календарь боюнча кайсы жылга туура келээрин табууга болот. Ал үчүн туулган жылга 9 санын кошуп, аны 12ге бөлгөндө бөлүнгөн сандын калдыгы эскиче жылдын иреттүү саны болуп чыгат. Мисалы: (1934+9):12=161(11) - ит жылы, (1919+9):12=160(8) - кой жылы.

Эгерде жогорудагы амалды колдонгондо калдык калбаса, анда ал эң акыркы 12(доңуз) жылына туура келет. Мисалы: (1935+9):12=162(0) - доңуз жылы.



АЙ — YРКӨР ЖЫЛ САНАГЫ САЙМАЛЫ-ТАШТА

Теӊир Тоо петроглифдеринде астрономиялык символдорго окшош белгилер көп кездешет. Азыркы астрономияда бул белги Күн, Жер жана планета бир түз сызыкта жайгашкан абалын аныктап, тогошуу (противостояние) деп аталат. Саймалы-Ташта    белгиси менен Айдын Үркөргө жакындоосун белгилеген. Жердин айланасында кыймылынын натыйжасында асман сферасында Ай которулуп, 27, 32 суткада бир толук айланып чыгуу убагы астрономияда сидерикалык ай деп аталат. Кыргыздар Айдын Үркөр жылдыз тобуна жакындашуусун тогоол деп аташкан. Басмайылды тартканда эки тогоо бири-бирине жакындашуусу менен окшоштурушкан. Тогоолдон тогоолго чейинки убакыт аралыгын тогоол ай аталып, жыл эсебинде 28 суткага барабар.

Саймалы-Ташка түшүрүлгөн Нооруз салтанаты өткөрүлгөн түндө асман сферасындагы топ жылдыздардын жайгашуусу жана жазгы күн-түн теӊелүү чекити кайсы топ жылдызда жайгашкандыгы баяндалган..

Саймалы-Таш петроглифдеринде асман телолорун алгач антропоморфдук (адам сымал) же зооморфдук (жаныбар сымал) сүрөттөр  менен берилип, алар бара-бара символдорго айланган. Күн, Ай жана жылдыздар дөӊгөлөк сымал белгилер менен берилген. Жер бетинде дөӊгөлөктөр которулушу менен окшоштурушкан. Күн белгисинин айланасында Ай жана планеталар сүрөттөрү берилген Мында Ай жаӊырганда Күн менен Ай жана бир планета (дискага жабышкан тегерек) биригүү абалы берилген. Күн менен Үркөр жылдыз тобунун 8-9 жылда кайталануучу биригүүсү берилген. Оӊдогу тегеректе жети бурчтуу жылдыз менен Үркөрдөгү көзгө көрүнгөн жети жылдызды элестетишкен. Тоо текенин кууту жана адамдардын жупташуу мезгилдери тогоол менен аныкталары сүрөттө баяндалган. Бул мезгил Ай-Үркөр жылсанагынын теке айына чейин аяктаганын божомолдойбуз.

 Жазгы күн-түн теӊелүү чекити азыркы доордо (2000-жыл эпохасында) Балыктар топ жылдызында жайгашып, 20- же 21-мартка туура келип,  дүйнөнүн түндүк уюлу Алтын казык (Кичи Жетигендин α сы) жылдызына жайгашкан.





2. АСТРОНОМИЯЛЫК БАЙКООЛОР

астрономиялык байкоо - бул асман объектилери тууралуу маалымат чогултуу үчүн илимий иш багыттарынын бири болуп саналат.

Асман телолоруна байкоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн адамдар таш доорунда эле түшүнүп, зор таштардан Стоунхендж обсерваториясын курушкан. Улуу астроном Улукбек  өз  бийлигинин доорунда 1417-1920-ж. Чыгыштагы эң ири обсерватория курган. Ал Самарканддан 2 км алыста “Тал-и-Расад” дөбөсүндө жайгашып, диаметри 48 м, бийиктиги 30 м цилиндр формасында  үч кабаттуу бышкан кыштан курулган имаратта жайгашкан. Обсерваториянын негизги аспабы эң зор радиусу  40,2 м квадрат (бурч ченегич) менен секундага чейинки тактыкта ченөөлөр жүргүзүлгөн.

Астрономиялык обсерватория.

Астрономиялык обсерватория - асман жарык чыгаруучуларын жана андагы кубулуштарды байкоочу жана астрономия боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүчү илимий мекеме. Ал байкоо жүргүзүүчү аспаптар (телескопрадиотелескоп) аркылуу байкалган маалыматтарды ылгоочу атайын лабораториялык приборлор (мисалы, электрофотометр жана башка) менен жабдылат. Астрономиялык обсерватория адатта шаардан сырткары, деңиз деңгээлинен бийик жана мүмкүн болушунча экваторго жакын тоолорго курулат. Көпчүлүк астрономиялык обсерватория электромагниттик нурланууну каттоочу аспаптар менен жабдылат, негизги приборлору коргоочу мунарасына жайгаштырылат. Астрономиялык обсерватория АссирияВавилонКытайЕгипет жана башка мамлекеттерде бир нече миңдеген жылдар мурда эле курулган. Өз учурунда 15-кылымда Улугбек Самаркандда астрономиялык обсерватория куруп, 1018 жылдыздан турган белгилүү каталогун жогорку тактыкта иштеп чыккан. 18-19-кылымда дүйнө боюнча 400дөн ашуун астрономиялык обсерватория түзүлүп, азыр 500гө жетти, анын ичинде Абастумани астрофизикалык обсерваториясы (Боржоми шаары), Гринвич обсерваториясы (Лондон), Крымдагы астрофизикалык обсерватория, Пулков обсерваториясы (Санкт-Петербург) бар.

Жердин жасалма жандоочулары – Жер орбитасына чыгарылган космосто учуучу аппараттар (космос кемеси, экипажы бар орбиталык станция жана автоматтык жандоочу). Автоматтык жандоочу (адам иштебей турган) башка жандоочулардан конструкциясы боюнча айырмаланат. Жердин жасалма жандоочулары орбитага биринчи космос ылдамдыгынан кем эмес ылдамдыкта көп баскычтуу ракеталардын жардамы менен чыгарылат. Жердин жасалма жандоочулары өз максаты, аткара турган милдети, орбитасы, бортундагы жабдуулардын тиби боюнча ар кандай түргө бөлүнөт. Илимий-из. жүргүзүүчү жандоочулары Жер жана анын тегерегиндеги мейкиндик жөнүндө маалымат алуу жана астрономия, биология, медицина жана башка боюнча изилдөө жүргүзөт. Орбитасы тегерек, эллипстик, экватордук, уюлдук жана туруктуу жандоочулар бар. Туруктуу жандоочу жер бетинен 35 860 км алыстыкта бир чекитте «асылып турат», алар байланыш үчүн өтө ыңгайлуу. Жандоочулардын өлчөмү, массасы ар түрдүү. Биринчи жандоочунун диаметри 0,58 м, массасы 83,6 кг болгон. Эң кичине жандоочунун массасы 700 г, ал эми «Протон-4» деген жандоочунуку – 17 т. Алгачкы Жердин жасалма жандоочуларынын бири 1957-ж. 4-октябрда учурулган. Колдонмо жандоочу эл чарбасына керектүү маалымат жыйнайт жана ракета-космостук техниканы сынайт. Байланыш жандоочу – телекөрсөтүү программасын берет, радио, телефон, телеграф байланышын камсыз кылат. Мисалы, «Молния» жандоочусу КМШ өлкөлөрүнүн борбордук телекөрсөтүү программасын жеткирет. Метеорология жандоочу – Жердеги станцияга Жердин булут, кар, муз катмары, жер бетинин жана атмосферанын температурасы жөнүндөгү маалыматты берип турат. «Космос» сериясындагы жандоочулардан, «Тирос», «Эсса», «Тимбус» метеорология жандоочуларынан алынган маалымат аба ырайын алдын ала тактайт, жакындап келаткан бороон-чапкын жөнүндө эскертет. Навигациялык жандоочу – деңиз кемесинин Дүйнөлүк океандагы абалын аныктайт. Жердин жаратылыш байлыгын иликтей турган жандоочу да бар. Ал айыл чарба өсүмдүгүнүн түшүмүн алдын ала айтат, пайдалуу кен чыга турган жерди, зыянкечи көп токойду аныктап, жаратылыш чөйрөсүнүн булганышын көзөмөлдөйт.

Астрономиялык приборлор жана аспаптар - астрономиялык байкоолорду жүргүзүүгө арналган куралдар. Буларга байкоо жүргүзүүчү (телескоптор) ж-а жарыкты анализдөөчү аппараттар, убакытты өлчөөчү приборлор, эсептеп чыгаруучу машиналар кирет. Оптикалык телескоптор асман объектилеринин жарыгын топтоп, алардын сүрөттөлүшүн түзөт. Алар оптика схемалары б-ча, күзгүлүү система - рефлекторлор, линзалуу система-рефракторлор ж-а күзгүлүү-линзалуу система (Шмидт, Максутов телескоптору ж. б.) болуп бөлүнөт. Телескоптор колдонулушуна жараша жылдызды, тумандуулуктугалактиканыпланеталарды ж-а Айды изилдөөчү болуп айырмаланат. Колдонулуучу аспаптарга: кассеталар, спектрографтар, электрофотометрлер м-н жабдылган ири рефлекторлор, бир эле мезгилде асмандын чоң бөлүгүн сүрөткө түшүрүүчү аспаптар - Максутовдун же Шмидттин кең бурчтуу астрографтары; асман объектилеринин координаталарын ж-а алардын меридиан аркылуу өтүү убактысын өтө так ченөөчү аспаптар кирет. Мурдагы убакыт приборлору: күн сааты, гномон ж-а квадранттардын ордуна азыркы кварцтуу ж-а молекулалык (же атомдук) сааттар колдонулат. Байкоодо алынган сүрөттөр: блинккомпаратор, микрофотометр ж-а жылдыздык микрофотометр сыяктуу лабораториялык приборлордо изилденип, байкоо натыйжалары эсептөөчү машинада эсептелет. Планетарийлердеги аппараттар, Күн системасынын модели да астрологиялык приборго кирет.

Аты

Кыскача маалымат

Сүрөтү

1

Квадрант

бурч өлчөөчү астрономиялык эски курал

2

Дүрбү

алыскы нерселерди жакын кылып көрсөтүүчү оптикалык курал

3

Коронограф

монохромат жарыгында Күн таажысын жана хромосфераны байкоо үчүн жасалган телескоп

no photo

4

Компас

мейкиндикти аныктоо үчүн колдонулган жабдык

5

Кварц сааты

сааттын жүрүшү кварц генераторунун термелүүсү менен аныкталып, убакытты так эсептөөчү курал

6

Саат

убакытты эсептөөчү курал

7

Астрономиялык саат

өтө жогорку тактыктагы саат, термелүү маятниги убакыттын бир калыптагы шкаласын берет

8

Телескоп

асман телолоруна байкоо жүргүзүүчү астрономиялык оптикалык аспап



Телескоп – асман телолоруна байкоо жүргүзүүчү астрономиялык оптикалык аспап.

Оптикалык схемасына карата күзгүлүү (рефлектор), линзалуу (дефрактор) жана күзгү-линзалуу телескопко айырмаланат. Линзалуу телескоптун объективи оң, окуляры терс болсо, анда ал Галилей системасы же телескобу деп аталат. Кеплер системысынын объективи жана окуляры да оң. Галилей телескобу түз мнимый сүрөттөлүштү берет, анын көрүү талаасы аз, жарык күчү начар, конструкциясы жөнөкөй. Көбүнчө театрларда колдонулат. Кеплер системасы объектинин айландырылган чыныгы сүрөттөлүшүн берет. Кеплер системасы көз менен көрүүчү телескоптордо колдонулат. Телескоп фотографиялык, телекөрсөтүү, электрондук-оптикалык, көз менен көрүү жана башка да нурланууну кабылдагычтардын жардамы менен фотографиялык, спектрдик, фотоэлектрдик байкоолорду жүргүзөт.

Телескоптун байкоо тактыгынын күчү – атмосферанын ачык шартында берилген телескоптун жардамы менен жеткиликтүү байкоо жүргүзүлгөн жарык чыгаруучунун чектик жылдыздык чоңдугу. Сүрөттөлүштүн начар сапаты нурдун жер атмосферасында термелүүсүнүн, чагылышынын жана чачырашынын натыйжасында байкоо жүргүзүлүүчү жылдыздын чыныгы чектик жылдыздык чоңдугу начарлайт, көздүн торчолорундагы жарык энергиясынын топтолушу азаят. Телескоптун карегинин киришиндеги чогулган жарыктын саны анын аянтына пропорциялуу көбөйөт, телескоптун байкоо тактыгынын күчү артат. Ал mvis = 2,0 + 5lg Д формуласы менен аныкталат, мында Д – телескоптун объективинин диаметри.

Телескоптун көрүнөрлүк чоңойтуусу – аспаптын оптикалык системасы аркылуу берүүдө сүрөттөлүш байкалуучу бурчтун аны түздөн-түз көз менен байкоодо объектинин бурчтук өлчөмүнө болгон катышы. Телескоп системасынын көрүнөрлүк чоңойтушу Г= f ўоб /f”ўўок = R/P ў катышы менен туюнтулат. Мында f’ ўоб жана f’ ўўок – объектив менен окулярдын фокустук аралыктары, Д – каректин жарык кирүүчү, ал эми Д – каректин жарык чыгуучу диаметри. Объективдин фокустук аралыгын чоңойтуу же окулярдын фокустук аралыгын кичирейтүү менен объектини жетишерлик чоңойтууга болот. Телескоптун чоңойтушу канчалык чоң болсо, анын көрүү талаасы ошончолук кичине болот.

Телескоптун так көрсөтүүсү – телескоптон өзүнчө айрым көрүнүүчү эки жылдыздын арасындагы эң кичине бурчтук аралык. Көз менен көрүүчү телескоптун так көрсөтүүсү сары жашыл нур үчүн өтө сезгич көзгө y = 120/Д формуласы менен бааланат. Мында Д – телескоптун жарык кирүүчү карегинин диаметри, ал мм менен туюнтулат.

Телескопту орнотуу – телескоптун көрүү түтүгүн керектүү асман объектисине багыттоо. Ал үчүн атайын штативге бекитилет. Көрүү түтүгүн өз ара перпендикуляр эки октун айланасында айландырууга мүмкүндүк берет. Орнотуунун негизи ок. 1-окко салыштырмалуу 2-октун айланасында көрүү түтүгү айланат. Мейкиндиктеги октун багытына карата телескопту орнотуу бир нече түргө бөлүнөт.

Телескоптун горизонталдуу орнотмосу – телескоптун бир огу тик (азимут огу), экинчи огу (зениттик аралык огу) горизонталдуу жайгаштырылган орнотмо. Горизонталдуу орнотмо альтазимуттуу орнотмо деп да аталат. Альтазимуттуу орнотмонун кемчилиги – асман сферасынын көрүнгөн суткалык айланышынын натыйжасында кыймылдаган асман объектисин көзөмөлдөө үчүн телескопту эки октун айланасында буруу зарылчылыгынын келип чыгышы. Альтазимуттуу орнотмону көптөгөн астрономиялык аспаптар (универсалдуу аспаптар, пассаж жана меридиан тегеректери) жабдып турат.

Телескоптун экватордук орнотмосу – уюлдун же сааттын башкы огу дүйнөнүн уюлуна багытталып, ал эми 2-огу ага перпендикуляр жана экватор тегиздигинде жаткандай орнотулган орнотмо. Экватордук орнотмодо көпчүлүк учурда жылдыздардын суткалык кыймылын көзөмөлдөө үчүн телескопту бир гана уюлдук октун айланасында буруу жеткиликтүү болот. Маунт-Паломар (АКШ) обсерваториясындагы 5 метрлүү рефлектор экватордук орнотмо менен жабдылган. Ушуга эле окшош Крым астрофизизикалык  обсерваториясына 2,6 метрлүү рефлектор орнотулган, ал эми атайын астрофиз. обсерватория дүйнөдөгү эң ири 6 метрлүү рефлектор альт-азимуттуу орнотмо менен жабдылган. Жердин жасалма жандоочусунан байкоо жүргүзүү үчүн жана төрт октуу орнотмо фотокамералар колдонулат.

Мындан 400 жыл илгери айтылуу астроном жана ойчул Галилео Галилей калайыкка өзү ойлоп тапкан телескопту тааныштырган. Ошондон тартып адамзаттын жана Жердин ааламдагы орду тууралуу түшүнүк түп тамырынан жаңырды.

Галилей жана анын жолдоочулары чыгарган телескоптор Европада Жер ааламдын борбору эмес экендигин тастыктаган технологиялык жабдуу кызматын аткарды.
1609-жылы 25-августта Венециянын Сенаты өз отурумун өткөрүп, анда Пиза шаарынан чыккан астроном Галилео Галилейдин (Galileo Galilei, 1564-1642) жылдызды алда канча так иликтөөгө мүмкүндүк ачкан телескобу тааныштырылган.
Негизи, телескопту ойлоп тапкан киши – голландиялык ойчул Ханс Липперсгей (Hans Lipperhay/ Lippershey, 1570-1619) болгон. Анын туңгуч телескобу 1608-жылы жасалган болчу жана жер бетиндеги алыскы объектти даана көрүү үчүн колдонулган.
Бирок Галилей бул ачылышты андан ары тереңдетип жана жакшыртып, алыскы космостук нерсени сегиз эсе жакын көрсөтүүгө мүмкүн кылган кубаттуу аспап жасаган.
Бул телескоп астрономиялык иликтөөлөргө революциячыл таасир тийгизген. Космостук объекттердин орду канчалык так аныкталса, ошончолук аларды математикалык жол менен таразалоого жол ачылган.
Галилео венециялык Сенатта чыгып сүйлөөрдөн 60 жылдай илгери поляк астроному Николай Коперник планеталар Жерди эмес, Күндү айланат деген илимий жоромолун жарыялаган. Бирок аны да гелиочордондук теориянын алгачкы ойлоп табуучусу катары айтууга болбойт. Байыркы доорлордо эле айрым жылдыз иликтөөчүлөр ушундай жоромолун айткан, ал эми 11-кылымда Борбордук Азиянын даанышман окумуштуусу Абу Райхан Беруни да гелиочордондук теорияга колдоо көрсөткөн.
Ал эми Галилео Галилей өз дооруна шайкеш мыкты телескоптордун маалыматына таянып, Коперниктин теориясын жактап чыкканда, мындай илимий натыйжа Европадагы улам жаңы окумуштууларды өзүнө тарткан.
Ошол доордо Батыш Европаны караңгылык чүмбөтүндө кармаган кубаттуу католик чиркөөсү Кудай Жерди ааламдын чордонунда жаратып, ага адамзатты жайгаштырган деп далилдөөгө алпурушкан. 1633-жылы католиктер соту Галилейди “дин бузар” деп айыптап, окумуштууну үй камагына кескен.
Кийинчерээк өз өмүрүн сактап калуу үчүн Галилей өзү колдогон илимий тыянактан баш тартууга аргасыз болгон жана үй камакта жатып, 1642-жылы дүйнөдөн өткөн.
1992-жылы гана расмий Ватикан орто кылымдарда католик чиркөөсү Галилео Галилейди туура эмес жазалаганын жана Галилейдин илимий ачылышы туура болгонун расмий түрдө моюнга алган.



3. Күн системасы. Күн системасындагы телолордун физикалык жаратылышы



Күн системасы — планеталардын системасы, анын ичине Күн жылдызы жана аны айланган бардык космос объектилери кирет.

Күн системасында Күндүн өзү, анын 48 жандоочусу, 9  планета, 100 000ден ашуун кичине планеталар (астероиддер), 1012 сандагы кометалар.

Күн системасын Күн жана өзүнүн жандоочулары менен бирге планеталар түзөт. Ал эми жылдыздар планеталарга караганда салыштырууга мүмкүн болбогондой бизден өтө алыс турушат. Белгилүү планеталардын ичинен өтө алыс планета – Плутон Күнгө караганда Жерден болжол м-н 40 эсе алыс турат. Ал тургай Күнгө өтө жакын жылдыз бизден 7000 эсе алыс жайгашкан.

Күндүн тегерегинде 9 ири планета эллипс боюнча (айланадан өтө аз айырмалуу) дээрлик бир тегиздикте айланышат. Планеталардын Күндөн алыстыгы ирээти менен алганда төмөнкүдөй: МеркурийЧолпонЖер (Ай менен бирге) СатурнУранНептун жана Плутон. Андан тышкары күн системасында кичине планеталар орун алып, алардын көпчүлүгү Марс менен Юпитердин ортосунда кыймылдашат. Күн айланасында анчалык чоң эмес, абдан сейректелген газ курчалган кометалар айланат.

Мындан сырткары, өлчөмдөрү кум күкүмүнөн баштап майда астероиддерге чейинки сансыз көп метеордук телолор Күн айланасында эллипс боюнча айланышат. Алар астероиддер жана кометалар менен бирге күн системасынын кичине телолоруна таандык. Планеталардын арасындагы мейкиндиктер өтө сейректелген газ жана космостук чаңдар м-н толгон. Аларды электр-магниттик нурлануу аралап өтүп турат, ал магниттик жана гравитациялык талааны алып жүрүүчүлөр болуп саналат.

Күн диаметри боюнча Жерден 109 эсе, ал эми массасы боюнча 333 000 эсе чоң. Бардык планеталардын массалары күн массасынын 0,1%ин гана түзөт, ошондуктан ал өзүнүн тартуу күчүнүн натыйжасында күн системасынын бардык мүчөлөрүнүн кыймылын башкарат.

Күн массасы бардык планеталарды бирге алгандагыдан 750 эсе чоң. Күндүн айланасында айланган планеталар жана башка майда телолордун бардыгы бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун негизинде кыймылдашат. Күн менен Жердин ортосундагы аралык 1 астрономиялык бирдик =149,597870 км деп аталат. Ал 1,5•108 кмди түзүп. Меркурий, Чолпон, Марс, Юпитер жана Сатурн планеталары 18-кылымдын аягында эле белгилүү болгон.

Уран планетасы астроном В. Гершель тарабынан 1781-ж. ачылган. 8-планета Нептундун ачылышында астроном илимпоздор кыйла түйшүккө түшүп, көптөгөн эсептөөлөр жүргүзүлүп, талаш-тартыштар болгон.

Француз окумуштуулары Леверье жана Адамс Уран планетасынын козголушун изилдөө аркылуу математикалык татаал эсептөөнүн негизинде, бири-бири менен байланышпай, андан кийинки Нептун планетасынын ордун да илимий жол менен көрсөтүшкөн.

Кийинчерээк, 1846-жылые күн системасынын ошол күмөндүү ордунан немец астроному Галле Нептун планетасын ачкан. Жакынкы эле 1930-жылы амерерикалык астроном П. Ловелл 9-планета – Плутонду ачкан. Биз жашаган күн системабыз Галактиканын борборунан 25 000 жарык жылындагы аралыктан орун алган. Жарыктын 300000 км/сек ылдамдык менен 1 жылда өткөн аралыгы жарык жылы деп аталат: 1ж.ж. = 9,46 •1012км.

Күн системасынын кыймылы – Күн бардык планеталар системасы менен Геркулес топ жылдызына багытталып, өзүн курчап турган жылдыздарга карата асман сферасында толук айлананы – эклиптиканы сызган мейкиндиктеги кыймылы.

Күн

1) Күн - сутканын жарык бөлүгү, Күн чыккандан батканга чейинки убакыт. Күндүн узактыгы ал жердин географиялык кеңдигине жана жыл мезгилине жараша болуп, күндүн жантайышына карата өзгөрөт.

2) Күн - сутка, башкача айтканда узактыгы 24 саатка барабар мезгил. Апта ичиндеги күндөрдүн аттары: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшемби.

3) Күн - Күн системасындагы, аны баардык объектилери: планеталар жана алардын жандоочулары, кодоо планеталар, астероиддер, метеориттер, кометалар, космостук чандар айланган, жалыгыз гана жылдызы: Өзүнөн жарык нур, жылуулук таратып, негизги жана борбордук планета катары эсептелинүүчү асман телосу; өтө ысык плазмалуу шар.

Азыркы убакта 500000ден ашуун жылдыздардын спектрлери аркылуу алардын химмялык түзүлүшү жакшы аныкталган. Күн дагы ошол жылдыздардын бирин түзөт.

Күндүн массасы 2•1030 кг, тыгыздыгы 1,41 г/см3га барабар. Эркин түшүүнүн ылдамдануусу 274 м/сек2ка, радиусу 696000 кмге барабар же Жер радиусуна салыштырганда 109 эсе чоң.

Температуранын маанисине жана ал аркылуу аныкталуучу процесстердин мүнөзүнө жараша Күндү шарттуу түрдө 4 областка бөлүүгө болот.

1. Ички, борбордук область (ядросу), бул жерде басым жана темп-ра ядролук реакциянын жүрүшүн камсыз кылат да, ал борборунан баштап, болжол менен радиусунун 1/3 аралыгына чейин созулат.
2. «Нурдуу» зона борбордук областтан баштап Күн радиусунун 1/3инен 2/3 исине чейинки радиустук аралыкты ээлеп, электр-магниттик энергиянын нурланышынын жана жутулушунун натыйжасында энергия катмардан катмарга берилип, сыртка чыгарылат. Мына ушул зона Күн жарыгынын табигый булагы болуп саналат.
3. Конвекция зонасы «нурдуу» зонанын жогорку бөлүгүнөн баштап, дээрлик Күндүн көзгө көрүнгөн чегина чейин созулат.
4. Атмосфера түз эле конвекция зонасынан баштап Күндүн көзгө көрүнгөн фотосферасынын чегинен да алыска кетет.

Химиялык составы:суутек 90%тей, гелий10%, калган элементтери 0,1%тен аз. Күн энергиясынын булагы – Күндүн борбордук бөлөгүндө суутектин гелийге айлануусу болуп саналат: анда температура 10млн. градустан ашык болот. Күн атмосферасы (хромосфера жана күн таажысы) өтө кыймылдуу, анда хромосфералык жарк этүүлөр, протуберанецтер байкалат, планета аралык мейкиндикке таажы заттары таралып турат. (күн шамалы). Күн жердин географиялык кабыгында, биосферада, магнитосферада өтүүчу бүт процесстер үчүн энергиянын негизги булагы болуп саналат.

Күн атмосферасы.

Күн атмосферасы — Күндүн байкоого мүмкүн болгон сырткы бети. Күн атмосферасы бир канча түрдүү катмардан турат. Анын көзгө көрүнгөн нур чыгаруучу ички жука бөлүгү — фотосфера. Фотосферанын калыңдыгы 300 км, тыгыздыгы болжол менен 3.10-4 кг/м3, температурасы 5700°Кден 4500°Кге чейин. Анын үстүндө 14 кмге созулган хромосфера жайгашкан жана тыгыздыгы 10-9 кг/м3, температурасы 500°Кден 50000° Кге жетет. Фотосферада Күн тактары жана факелдери байкалат. Алардын диаметри 200 миң кмге жетет. Эң жогорку жана өтө сейректелген тышкы катмары. 

Күн энергиясы — Күн миллиарддаган жылдан бери ар бир секунда сайын өтө чоң энергияны нурлантып чыгарат. Бардык физикалык процесстер сыяктуу эле Күндүн нурлануусу да жаратылыштын негизги закону болгон энергиянын сакталуу жана айлануу законуна баш ийет.

Азыркы учурдун түшүнүгү бонча, Күндүн жана башка жылдыздардын түпкүрүндө термоядролук реакция процесси жүрөт. Бул реакциянын жүрүшүндө эң чоң энергиянын бөлүнүп чыгарылышы, бир химиялык элементтин экинчи элементке айланышынын натыйжасы болуп саналат. Күндө эң негизги элемент – суутек орун аларын жакшы билебиз. Күндүн түпкүрүнөн орун алган суутек химиялык биригүү реакциясынын негизинде гелий элементине айланып, чоң сандагы энергияны бөлүп чыгарат.

Күн – энергиянын кубаттуу булагы, энергия андан электромагниттик толкун катары рентгенультракызгылт-көк нурлардан радиотолкундарга чейин үзгүлтүксүз чыгып турат. Бул нурлануулар күн системасындагы бардык телолорго түшүп, алардын атмосферасына таасирин тийгизет жана Жердеги жашоо-тиричиликтин болушу үчүн зарыл болгон жарыкты жана жылуулукту берет.

Күндүн нурлануу кубаттуулугу болжол менен 4•1023 КВт энергияны түзөт. Күн энергиясы атайын Күнгө ылайыкталып жасалган, объективинин фокус аралыгы өтө чоң, көп күзгүлүү Күн телескоптору аркылуу аныкталат.

Кеплер закондору – планеталардын кыймылынын үч закону. Аларды И. Кеплер ачкан.

Биринчи закон – бардык планета эллипс боюнча кыймылдайт, анын бир фокусунда Күн жайгашкан.

Экинчи закон ар бир планета Күндүн борбору аркылуу өтүүчү тегиздикте кыймылдайт, бирок планетанын радиус-вектору сызган орбита секторунун аянты убакытка пропорциялаш өзгөрөт. Демек, планета Күнгө канчалык жакын болсо, ылдамдыгы ошончо чоң.

Үчүнчү закон – планеталардын Күндү айлануу убакытарынын квадраттары алардын күнгө чейинки орточо аралыктарынын кубдарындай катышат.

Планета – өзү жарык чыгарбай Күндүн нурунун чагылышынан жаркырап көрүнүп, анын айланасында кыймылдоочу чоң асман телосу.

Азыркы кезде Күн системасында 9 планета белгилүү: МеркурийЧолпонЖерМарсЮпитерСатурнУранНептунПлутон. Мындан башка бир нече миң кичине планеталар бар. Планеталар Күндүн түрдүү аралыкта жайгашып, анын айланасында эллипс орбитасы бонча кыймылдашат. Күнгө эң жакыны Меркурий, эң алысы Плутон. Алар негизинен Марс жана Юпитердин орбиталарынын ортосунда кыймылдашат. Ал эми физ. чоңдуктары бонча Жер тобундагы планеталарга (Меркурий, Чолпон, Жер, Марс) жана зор планеталарга (Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун) айырмаланат. Бул эки топтун ар бирине кирген планеталардын орточо тыгыздыгы, өлчөмү, химиялык курамы бонча бири бирине өтө жакын, бирок бир топ экинчисинен жогорудагы чоңдуктар бонча кескин айырмаланат. Плутон эки топтун бирине да кирбейт. Ал химиялык курамы бонча экинчи топко, ал эми өлчөмү бонча 1-топко жакын.

Планета аралык чөйрө – күн системасындагы планеталардын ортосундагы мейкиндикти толтурган заттар. Мындай заттар Күндүн айланасында кыймылдоочу өлчөмдөрү түрдүү чоңдуктагы катуу нерселерден, бөлүкчөлөрдөн жана Күндүн учуп чыккан электр заряддуу элементардык бөлүкчөлөрдөн (иондор жана электрондордон) турат. Катуу нерселердин жана бөлүкчөлөрдүн өлчөмү жүздөгөн метрден микронго чейинки чоңдукта болот. Планета аралык чөйрөнүн курамына кирүүчү зат кичине планеталар кагылышып быркырагандан пайда болот. Атмосфера жана Жердин магнит талаасы Жердин бетин Планета аралык чөйрөнүн таасиринен сактап турат.

4. Кун системасындагы телолордун физикалык жаратылышы

Жер - Күн системасындагы планета. негизги табигый байлыктын бир түрү, айыл чарбасындагы өндүрүүнүн башкы каражаты. Ал өзгөчө укукка ээ болуу менен, келечек муундардын кызыкчылыгы үчүн калтырууну камсыз кылууга жана жер байлыгы катары сактоого жатат.

Күндөн алыстыгы боюнча 3-орунда, өлчөмү жана массасы боюнча чоң планеталардын ичинен 5-орунда турат. Массасы 5976 • 1021 кг (Күн массасынын 1/330000 бөлүгү), орточо тыгыздыгы 5520 кг/мг, экватордук диаметри 12 756 км. Өз огунда айлануу мезгили 23 саат, 56 мин. Экватор тегиздигинин эклиптика тегиздигине болгон кыйшаюусу 23°26'. Ошого байланыштуу жыл мезгилдеринин алмашуусун пайда кылат. Күндүн тартуу күчүнүн таасиринен Күн системасындагы башка телолор сыяктуу эле, Жер тегеректен бир аз айырмаланган эллипс боюнча Күндү айланат. Жердин эллипс орбитасынын бир фокусунда Күн жатат да, Жер менен анын ортосундагы аралык бир жылдын ичинде 147,117 млн кмден (перигелий) 152,083 млн кмге (афелий) чейин өзгөрөт. 149,6 млн кмге барабар болгон Жер орбитасынын жарым огу Күн системасындагы аралыкты өлчөөнүн бирдик чени болуп саналат. Жердин орбита боюнча кыймылынын ылдамдыгы орто эсеп менен 29,765 км/сек, бирок ал 30,27 км/секдан (перигелийде) 29,27 км/секга (афелийде) чейин өзгөрөт. Мындан тышкары Жер Күн системасы менен бирге Галактиканын борборун да айланат (орточо ылдамдыгы 250 км/сек, айлануу мезгили 200 млн жыл). Жердин айланасында, орто эсеп менен 384400 км аралыкта, анын жандоочусу Ай Жерди эллипс орбитасы боюнча тегеренип жүрөт. Жердин Күндү бир жолу айланып чыккан мезгили жыл, башкача айтканда 365 сутка 5 с. 48 мин 46 сек. Жер өз огун да айланып, күн менен түндү пайда кылат, убакыт бирдиги болгон сутканы түзөт. Жердин өтө татаал формасы өз огунда айлануудан пайда болуучу борбордон четтөөчү күчтүн, гравитациянын, ошондой эле рельеф пайда кылуучу ички жана тышкы күчтөрдүн аракетинен келип чыккан. Геодезияда, картографияда жана башка илимий-практикалык маселелерди чечүүдө Жердин эллипсоид түспөлү кабыл алынган. Жер Күн системасындагы башка планеталардан тиричилик, адам коомунун өсүп өнүгүшү менен айырмаланат. Азыркы учурдагы космогониялык көз караштар боюнча, Жер мындан 4,7 млрд жыл мурда, Күндүн айланасындагы мейкиндикте газ менен чаң түрүндөгү чачыранды заттардын гравитациялык конденсацияланышынан пайда болгон. Калыптануу учурунда радиоактивдүү элементтердин таасиринен Жердин ички бөлүктөрүнүн ысый башташы, Жер заттарынын дифференциацияланышына (жиктелишине) алып келген. Дифференциация Жер шарын химиялык курамы жана физикалык касиеттери боюнча бири биринен айырмаланган геосфераларга (катмарларга) бөлгөн. Жердин борборунда ядро, ядрону курчап жаткан катмар мантия пайда болуп, ал эми мантиядан бөлүнүп чыккан жеңил эриген заттардан турган эң үстүнкү катмар жер кыртышы түзүлгөн. Бул 3 геосфера кээде «катуу» Жер деп аталат. Алардан тышкары Жердин сырткы геосфералары да бар. Жерди курчап жаткан аба катмары атмосфера, суу катмары гидросфера. Бул 2 геосфера Жер түпкүрүнөн бөлүнүп чыккан буу менен газдардан пайда болгон (алар азыр да толукталып турат). Жер бети, гидросфера, ошондой эле атмосферанын астыңкы, Жер кыртышынын үстүнкү бөлүктөрү биригип, географиялык же ландшафттык кабык деп аталат. Географиялык кабыктагы физикалык жана химиялык шарттан тиричилик пайда болгон. Тирүү заттар геологиялык агент катары өтө маанилүү орунда тургандыктан, органикалык дүйнө тараган чөйрө биосфера деп өзүнчө бөлүнгөн. Жер бетинин 361,1 млн км2ин же 70,8%ин Дүйнөлүк океан ээлесе, 149,1 млн км2ин же 29,2%ин кургактык түзөт. Жердин эң бийик жери – Гималайдагы Жомолунгма чокусу (8848 м), эң чуңкур жери – Тынч океандагы Мариана кобулу (11022 м). Жердин гравитациялык, магниттик жана электр талаалары болот. Анын гравитациялык тартуу күчү Айды өз орбитасында кармап турат. Жердин түзүлүшү, түспөлү, кебетеси (формасы), Ааламдагы орду жөнүндөгү азыркы маалыматтар илгертен берки изилдөөлөрдүн натыйжасы. Байыркы замандарда Жердин формасын аныктоого көп аракет жасашкан. Мисалы, индустар Жердин кебетеси лотос сымал дешсе, вавилондуктар аны суу курчап турган тегерек тарткан жалпак арал түрүндө элестешкен. Мындан 3 миңче жыл мурда Жердин формасы жөнүндө туура түшүнүктөр пайда боло баштаган. Байыркы халдейлер Айдын тутулуусунан Жердин шар түрүндө экенин биринчи жолу байкашкан. Пифагор, Парменид (биздин заманга чейинки 6–5-кылымдар) жана Аристотель бул кубулушту илимий жол менен аныктоого аракет кылган. Байыркы илимпоздордун көбү Жер Ааламдын борбору (геоборбордук окуу) деп эсептешкен, бирок гелиоборбордук (Күн дүйнөнүн борбору) көз караштар да болгон. Орто кылымдарда Жердин шар сымал экени жана кыймылы жокко чыгарылган. Кайра жаралуу доорундагы Географиялык улуу ачылуулардан кийин Жердин формасы жөнүндөгү туура түшүнүктөр кайрадан өөрчүй баштаган. 1543-жылы Коперник дүйнөнүн гелиоборбордук системасын илимий негизде аныктаган. Жердин «катуу» бөлүгүнүн структурасы 20-кылымда сейсмологиянын жетишкендиктеринен улам такталган. 20-кылымдын 2-жарымында ракета, спутниктердин жардамы менен атмосферанын жогорку катмары жана магнитосфера изилденди. Жердин турпатын жана өлчөмүн геодезия, Аалам телосу катары кыймыл-аракетин астрономия, заттарынын физикалык абалын, бардык геосфералардагы физикалык процесстерди, күч талааларын геофизика, химиялык элементтердин таралыш законун жана алардын миграция процессин геохимия, жер кыртышынын курамын жана анын өнүгүү тарыхын геологиялык илимдердин комплекси, географиялык кабык менен биосферадагы табигый процесстерди география жана биология илимдери изилдейт.

Жердин чоң аймакты ээлеп жаткан эң сырткы катмары магнитосфера (Жер айланасындагы мейкиндик). Жердин магнит талаасы Күндөн келген заряддуу бөлүкчөлөрдү тосуп, планетанын айласында Жердин радиациялык алкагын түзөт. «Катуу» Жер менен бирге айланып, аны курчап жаткан аба катмары атмосфера. Атмосферанын 200 км бийиктикке чейинки негизги компоненти азот. Андан жогору кычкылтек атомдорго ажырап, 600 кмден баштап гелий, ал эми 2 миң кмде суутек басымдуулук кылып, Жер айланасында суутек таажысын пайда кылат. Географиялык кабыктагы физикалык, химиялык, биологиялык процесстердин бирден бир булагы болгон Күн нуру атмосфера аркылуу Жер бетине өтөт. Жерди курчап жаткан суу катмары (гидросфера) туташ эмес. Анын 94%ин океан-деңиздер, 4%ин жер астындагы суулар, 2%ин кармуз-мөңгүлөр, 0,4%ин кургактыктагы суулар (дарыякөл, саз), бир азын атмосфера менен организмдердин курамындагы суулар түзөт. Суу массалары бири-бирине өтүп турат. Гидросферада бардык химиялык элементтер бар. Ж-дин эң үстүнкү «катуу» катмары жер кыртышы (А). Анын түзүлүшү өтө татаал жана бир тектүү эмес. Жер кыртышынын ичинен кеңири тараганы материктик жана океандык кыртыш. Материктик кыртыш 3 кабаттан турат: үстүнкү (чөкмө кабат, калыңдыгы 0–20 км), ортоңку (шарттуу түрдө «гранит» кабаты, 10–40 км) жана астыңкы («базальт» кабаты, 10–70 км). Океан түбүндө чөкмө кабаттын калыңдыгы бир нече жүз мге араң жетет; «гранит» кабаты жок. Анын ордунда калыңдыгы 1–2,5 км келген катмар (чыккан теги белгисиз, «экинчи» кабат деп аталат) жатат. «Базальт» кабатынын калыңдыгы океан түбүндө 5 кмге жетет. Жер кыртышы менен мантиянын ортосундагы сейсмикалык ыкмалардын негизинде аныкталган чек ара Мохорович бети деп аташат. Муну Мохо чеги же Мохо бети деп да айтышат. Мохо бетинен кийинки калыңдыгы 40 кмге жеткен катуу катмар кыртыш алдындагы катмар делет. Жер кыртышы менен кыртыш алдындагы катмар экөө биригип, литосфераны түзөт. Мантиянын калыңдыгы 2900 км. Ал үстүнкү мантияга (субстрат; В, С) төмөнкү мантияга (Д., калыңдыгы 2000 км) ажырайт. Үстүнкү мантиянын кыртыш алдындагы катмардан кийинки кабаты астеносфера деп аталат. Ал балкып эриген абалда болот. Жер ядросунун радиусу 3,5 миң кмге жакын. Ал сырткы ядро (Е) жана ички ядро (субъядро; G) болуп бөлүнөт (к. сүрөт). Аларды калыңдыгы 300 кмге жеткен өтмө зона (F) бөлүп турат (адатта муну сырткы ядрого кошушат). Жердин курамында Fe, O, Si, Mg басымдуулук (Жер массасынын 90%) кылат. Жер кыртышынын жарымын кычкылтек, чейрегин кремний, бир топ бөлүгүн Al, Mg, Ca, Na жана K түзөт. Ядро Fe менен Mgге бай оор минералдардан турат. Сейсмикалык толкундардын таралышынан улам сырткы ядро суюк, ал эми ички ядро (субъядро) катуу абалда деп болжолдонот.

Жердин геосфераларында заттар тынымсыз кыймыл-аракетте жана өзгөрүүдө болот. Жер тереңдигинде жана анын үстүнкү бетинде болуучу процесстер ички (эндогендик), сырткы (экзогендик) процесстерге бөлүнөт. Эндогендик процесстер жер кыртышынын айрым бөлүктөрүн арыбери же өйдө-төмөн жылдырат, деформациялайт. Тектоникалык кыймылдардын таасиринен магма процесси жүрөт, башкача айтканда магма жогору көздөй көтөрүлүп, жер кыртышын түртөт же андагы жаракалар аркылуу жер үстүнө атылат. Тектоникалык деформация менен магманын көтөрүлүшү (басым менен температуранын жогорулашы) жер кыртышындагы тектердин метаморфизмделишине шарт түзөт. Ошондой эле жер бети жана жер кыртышынын үстүнкү кабаты экзогендик процесстердин таасиринде болот. Алар экиге бөлүнөт: талкалоочу жана жаратуучу (талкаланган тектердин ойдуңдарга топтолушу жана чөкмө тектин келип чыгышы). Ички жана сырткы күчтөрдүн таасиринен жер бетинин түзүлүшү тынымсыз өзгөрүп турат. Материктер менен океандар формасын бир нече жолу өзгөрткөн. Жер кыртышынын айрым бөлүктөрү көтөрүлүп, тоолор пайда болгон же басырылып ойдуңга айланган. Тектоникалык кыймылдардын таасиринен Жер бетинин рельефи, климаты, жаныбарлары менен өсүмдүктөрү өзгөрүүлөргө дуушарланган. Демек, органикалык дүйнөнүн өсүп-өнүгүүсү жер бетинин өнүгүү тарыхынын негизги этаптары менен тыгыз байланышта жүргөн. Жер өндүрүш каражаты катары эмгек процессинин материалдык базасы, каражат өндүрүүдөгү факторлордун бири. Жер эл чарбасынын, өзгөчө токой жана айыл чарбасынын эң негизги табигый өндүрүш каражаты.

Ай жөнүндө түшүнүк.

Ай — Жердин жалгыз табигый жандоочусу, Жерге жакын жайгашкан асман телосу. Асманда жарыгы боюнча Күндөн кийинки экинчи объект. Жер менен Айдын аралыгы 384 467 км.

Айдын массасы Жердикине салыштырганда 81,3 эсе кичине, радиусу 1738 км, Жерден орточо аралыгы 384400 км, перигейде 21000 км, апогейде ошончо өлчөмгө чоң. Айдын бетиндеги эркин түшүү ылдамдануусу Жердикинен 6 эсе аз болуп, g=163 см/сек2 жана андагы параболалык ылдамдык 2,38 км/секга барабар. Ай өзүнөн жарык чыгарбайт. Ал жарыкты Күндөн алат да, Жердин айлануу учурунда фазада болуп өтөт.

Айдын Жерди айлануу мезгили өз огунда айлануу мезгилине барабар болгондуктан, дайыма анын берки бети көрүнүп, аркы бети көрүнбөйт. Аркы бетинин эки жаккы четтеринин бир аз бөлүктөрү алмак-салмак көрүнүп турат. Айдын аркы бетинин картасы жана биринчи Ай глобусу 20-кылымда эле советтик астрономдор тарабынан түзүлгөн. 1959-ж. советтик “Луна-3” автоматтык планета аралык станциясы Айдын аркы бетин сүрөткө тарткан. Бул космос мейкиндигинен алынган биринчи телефотография болуп эсептелет. 1969-ж. космонавттар Н. Армстронг менен Э. Олдрин Айдын бетине конуп, биринчи кадамдарды жасашкан.

Ай деңиздери – Айдын бетинин күңүрт тарткан аймагынын аты. Ал Айдан орточо деңгээлинен төмөн жайгашкан, топурагынын теги Жердин базальтына окшош. Ай деңиздери Айдын бетинин 16%ин ээлейт, жашы 3–4,5 млрд. жылга барабар.

Айдын айлануусу – Айдын өз огунда айлануусу. Ал Жерди айланып чыгуу мезгилинин 27,32 жер суткасын түзүп, эки кыймылда болгондуктан анын бир жарым шары дайыма Жер тарапты карайт. Ал Айдын көрүнгөн жарым шары деп аталат.

Айдын альбедосу – Айдын түшкөн жарык нурун чагылдыруу жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү чоңдук. Айдын бетинин чагылдыруусу 7%ти түзүп, көк түстөгү нурга караганда кызыл түстөгү нурду көбүрөөк чагылдырат,к. Альбедо.

Айдын атмосферасы – Айдын бетинин орточо температурасы 130°Сге жете ысыйт, жеңил газ молекулалары 2,4 км/сек ылдамдыкка жетет жана Айдын бетиндеги биринчи космостук ылдамдык 1,68 км/секга барабар. Айда Жердеги сыяктуу атм-ра, суу жана шамал болбойт, анын бетинде метеориттердин жана жанар тоолордун издери жакшы сакталган.

Айдын бетинин температурасы – күндүзү өтө жогорулап экваторунда чак түштө + 177°Сге жетет, түнкүсүн өтө суук тартып – 153°Сден – 173°Сге чейин төмөндөйт.

Айдын галосу – Айдын дискасынын аймагынан же ага жакыныраак жерден байкалган тегерек же тоо формасындагы жаркыраган жарык. Ал абадагы майда муз кристаллдарынан Күн нуру чагылганда жана сынганда пайда болот.

Айдын глобусу – бетине ай координатасынын торчолору, экватору, меридиандары жана Айдагы кратерлер, деңиздер, тоочолор, ойдуңдар ж. б. тартылган шар. Глобустун огу Айдын айлануу огу менен дал келип, жогору жагы түндүк, төмөн жагы түштүк уюлу делет. Анын селенографиялык кеңдиги ай экваторунан эсептелип, мааниси түндүк уюлду көздөй оң, түштүк уюлду көздөй терс болот да, b тамгасы менен белгиленет. Экинчи координаты – селенографиялык узундук, эсептөөнүн башталышы Местинг А кратерине жакын жерден башталат да, l тамгасы менен белгиленет. Мисалы, Тынчтык деңизинин координаталары b =0,7°; l=23,5°.

Ай панорамасы.





Ай фазалары - Айдын бир ай ичинде көзгө көрүнгөн формаларынын ырааттуу өзгөрүшү, Ай бетинин Күн нурунан жарыктангандагы көрүнгөн бөлүгү. Күн нурунун тийишине жараша өзгөрүп, ай фазалары алмашылып турат. Айдын жаңырышы, биринчи чейрек, толгон ай жана акыркы чейрек деген төрт бөлүктөн туруп, акырындык менен бири бирине өтөт: Ай жаңырганда, Күн менен Жердин ортосунда болгондуктан, анын жарык түшпөгөн жери бизге көрүнөт. Эгер Ай жаңырганда, ал Жер менен Күндү туташтыруучу түз сызыкта жатса, Күндүн тутулушу байкалат. Ай Күндөн чыгышты карай акырындап жылып, орок кейиптенип, 7күнү жарым тегерек түрүндө көрүнөт. Мында томпок жагы оң тарапта болот. Айдын бул фазасы 1-чейрек деп аталат. Ай жаңыргандан 14-15 күн өткөндө, толук тегерек формада көрүнүп, толгон ай деп аталат. Жер Ай менен Күндү туташтыруучу түз сызыкта жатса, Ай тутулат. Ай толгондон 7 күндөн кийин акыркы чейрек башталат. Айдын жарымы гана көрүнөт да, томпок жагы сол тарапта болот. Ай орто эсеп менен 29,5306 сутка өткөндө кайра жаңырат.

Айдын тутулушу – Айдын Жердин көлөкөсүндө калган кездеги көрүнүшү.

Ай толук бойдон же жарым жартылай Жердин көлөкөсүнө капталып калганда тутулат. Күндүн нуру Жердин атмосферасында сынгандыктан, тутулуунун чоң фазасында Ай кызгылт-күрөң түстө болуп көрүнөт. Айдын толук тутулуу фазасы 1 саат 40 минутага созулат, анткени Жердин көлөкөсү Айдын диаметринен чоң. Ай тутулуу жыл сайын болуп турушу ыктымал.

Тутулуулар – Ай Жерди айланып жаңырганда Жер менен Күндүн ортосунда жайгашкан мезгилинде Күндүн тутулуусу, Ай толгон учурда Жер Ай менен Күндүн ортосуна келгенде Айдын тутулушу пайда болот.

Күндүн өлчөмү Айдын өлчөмүнө салыштырганда 400 эсе чоң, бирок Күн Жерден ошончо эсе алыс жайгашкандыктан, асман сферасында Ай менен Күндүн дискасынын өлчөмдөрү бирдей болуп көрүнөт.

Жер Күндү 365,24 суткада, Ай Жерди 27,32 суткада бир айланып чыккандыктан, асман сферасында Жер Күндү 1 айланганда, Ай Жерди 13,37 жолу айланып чыгат. Күндүн асмандагы көрүнгөн айлануу кыймылы эклиптика деп аталат. Эклиптика Жердин Күндү айлануу орбитасынын асман сферасына карата чагылып көрүнүшү, б. а. Күндүн көрүнгөн кыймылынын асман сферасындагы жылыш жасаган жолу.

Айдын Жерди айлангандагы орбитанын тегиздиги менен Күндүн эклиптикалык тегиздиги 5°9/ га жантаюудан, алардын кесилишинен эки түйүн пайда болот. Ошол эки түйүндүн бирине Ай жана Күн катталышып калганда тутулуулар пайда болот.

Кундун тутулушу. Айдын тутулушу.





5. Жер тобундагы планеталар



Жер тобундагы планеталар – МеркурийЧолпонЖер жана Марс. Ж. т. п-дын өлчөмү зор планеталардыкына салыштырганда кыйла кичине болот.

Тыгыздыгы суунун тыгыздыгына салыштырганда кыйла жогору болот да, өз огунун айланасында айланышы жай болуп, спутниктеринин санынын аз болушу менен айырмаланат. Чолпон планетасынын Күндүн айланасында башка планеталардын кыймылына тескери багытта айланышы да анын физикасын үйрөнүүдө өзгөчө изилдөөлөрдү талап кылат.

Меркурий планетасы - Күн системасындагы планета. Күнгө эң жакын жайгашкан планета.

Меркурий - Күнгө жакын турган биринчи планета, ал Айдан бир аз гана чоң, анын орточо тыгыздыгы дээрлик Жердикиндей. Радиолокациялык байкоо жүргүзүүнүн негизинде анын өтө жай кыймылда боло тургандыгы аныкталган. Анын өз огунун айланасында айланышы 58,65 жер суткасын түзүп, Күн айланасында айланышы Т = 88 суткага барабар. Меркурий планетасынын экваторуна күн нуру түшкөн бетинин темп-расы +400°С ден жогору болуп, түнкүсүн ошол эле жердин температурасы –180°С ге чейин төмөндөйт. Анын Күн нуру тийген жеринде коргошун, калай, а тургай цинк металлы да эрип кетет. Ал планетанын бетинде көптөгөн чуңкурчалар (кратерлер) болгондуктан, сүрөтү боюнча Айдын бетинен айырмалоо өтө кыйын. Анын жандоочусу жок.

Меркурийдин бети Айдын бетине окшош. «Мессенджерден» тартылган.

Диаметри 4878 км, массасы 3,3х1023 кгга барабар. Күндөн өтө чоң аралыгы 70 млн. км, өтө кичине аралыгы 46 млн. км, орбита тегиздигинин эклиптикага жантайышы 7°, көзгө көрүнгөн альбедосу 0,09. Жерден өтө алысташы 217 млн. км, өтө жакындашы 82 млн. км. Орточо темп-расы 700 Кге, афелийде 550 Кге барабар. Фаза бурчу 0дөн 180°ка өзгөрөт. 1965-ж. радиолокациялык байкоо аркылуу Меркурийдин өз огунун айланасында түз багыт боюнча айланары белгилүү болгон. Айлануу мезгили 58,65 сутга барабар. Меркурийдин өз огунда айлануусунун бурчтук ылдамдыгы орбиталык ылдамдыктын 3/2үн түзөт. Планета перигелийде болгон анын орбитадагы кыймылынын бурчтук ылдамдыгына дал келет.

Меркурийдин орточо тыгыздыгы – Айдын орточо тыгыздыгына караганда чоң, Жердики менен бирдей, башкача айтканда 5,45 г/см3га барабар тыгыздык. 

Меркурийдин тартуу күчүнүн ылдамдануусу Жердикинен 2,6 эсе кичине, башкача айтканда 372 см/секга барабар.

Меркурийдин атмосферасы – жокко эсе, бирок анда көмүркычкыл газынын бар экени спектр жолу менен аныкталган. Өтө сөйректелген атм-расынын курамында аргон, неон, гелий бар. Меркурийдин бетиндеги атмосфера басымы 1012атмга барабар.Меркурийдин бети – сырткы көрүнүшү бонча Айдын бетине окшош. Космос станциялары тарткан сүрөттөрдөн бетинде көптөгөн кратерлер, жалдар, кырка тоолор жана өрөөндөр бар экендиги белгилүү болду. Көпчүлук кратерлеринде жарык болуп көрүнгөн борбордук тоолор бар. Бул кратерлер метеориттердин келип түшүшүнөн пайда болгон. Эң чоң Калорис кратеринин диаметри 1300 кмче. Ай менен Меркурийдин беттик катмарларынын жарыкты чагылтуу жөндөмдүүлүгү жана жылуулук өткөргүчтүгү да бирдей. Алардын бири биринен айырмасы – Меркурийде Ай деңиздерине окшогон ойдуңдар аз.Меркурий Күндөн 28°тан көп алыстабагандыктан аны Жерден байкоо кыйын. Ал кечинде жана таң алдында көрүнөт. Бул учурда планетанын фазасы 90°ка жакын болот жана байкоочуга дискасынын жарымы гана көрүнөт. Меркурийдин жаркыроосу – 0,3төн +0,6 жылдыз чоңдугуна өзгөрөт.Меркурий Күндүн айланасында чоң эксцентриситет менен 0,206) эллипстик орбита бонча 0,387 а.б. аралыкта айланат. Күнгө чейинки аралыгы перигелийде 46 млн. км, афелийде 70 млн. кмге жетет. Күндүн айланасында айлануу мезгили 88 сутга барабар.Меркурий татаал түзүлүштөгү начар магнит талаага ээ. Бул талаанын чыңалышы Жердикинен аз, Марстыкынан көп. Планета аралык магнит талаалар Меркурийдин ядросу менен өз ара аракеттенишип, анда электр тогун пайда кылышы мүмкүн. Бул токтор, о. эле ионосферада заряддардын которулушу магнит талаасын пайда кылат. Булар Күн шамалы менен өз ара аракеттенип магнит сферасын түзөт.

Марс — Күн системасынын төртүнчү планетасы, бул планетаны "кызыл планета" деп дагы аташат.

Марс планетасы - Римдик согуш кудайынын атын алып жүрөт. "Кызыл планета" деп аталышынын себеби — темир оксиди басымдуулук кылганынан планетанын үстү кызгылт түстө. Марс — бул жука атмосферасы бар, үстү айдагыдай кратерлерди жана жердегидей вулкандарды, өрөөндөрдү, чөлдөрдү жана полярдык калпактарды камтыган жер тобунун планетасы.

Марстын диаметри Жердикинен 2 эсеге жакын кичине. Анын орбитасынын эксцентриситети (эллипстин фокусунан борборуна чейинки аралыктын чоң жарым огуна болгон катышы) чоң болгондуктан (е = 0,093), ал улуу тогошуу учурунда перигелийинде, жарыктыгы боюнча Чолпон планетасынан кийинки орунду ээлеп, асман сферасынан балбылдап жакшы көрүнөт.

Ал тогошуу улуу тогошуу деп аталып, ар бир 15, 17 жылда бир жолу кайталанып турат. Анын эң акыркы жылдагы улуу тогошуусу 2003-ж-дын август айынын ортосуна туш келген. Марс жылынын узактыгы Жердикине салыштырганда эки эсеге жакын узак.

Анын орбиталык тегиздиги эклиптикалык тегиздикке 24°56' лык бурчка жантайгандыктан, Жердики сыяктуу жыл мезгили алмашып турат. Марс планетасынын суткасы 24 саат 37 минута 23 секунданы (24°37' 23") түзүп, Күндү толук бир айланып чыгуусу (бир жылы) 687 жер суткасына барабар. Бул жагынан планета Жерге көп жагынан окшош болгондуктан, аны Жер тобунун катарына кирген планета деп аташат.

Өткөн кылымдын экинчи жарымынан баштап, 1969-ж. «Маринер 6» ж-а «Маринер 7» амер. автоматтык станциялар 3400 км ж-а 1800 км аралыктан биринчи жолу Марстын сүрөтүн даана тартып алышкан.



Маринер 6. Марс планетасы.

1971- ж-а 1974-ж-дары планеталар аралык станциялар «Марс 2», «Марс 3» ж-а «Марс 5» Марстын айланасында тынымсыз айланып, анын жасалма жандоочусу болуп, планетадан көптөгөн маалыматтарды алууну камсыз кылган.

1974-ж. космостук станция «Марс 6» Марсты жандап өтүп, андан бөлүнгөн аппарат дүйнөдө биринчи жолу Марска конуп, планетанын ар кандай мүнөздөмөлөрү ж-дө өтө жогору тактыктагы билдирүүлөрдү берген.

1976-ж-дагы учурулган америкалык автоматтык станциялар «Викинг 1» жана «Викинг 2»ден бөлүнүп чыккан аппараттар планетанын бетине конуп, анын бетинин сүрөтүн, температурасын, атмосферасынын курамын так белгилеген. Жогорку космостук станциялар аркылуу Марстын бетине конгон аппараттардын жардамында Марстын топурагы изилденип, анын кызыл түстө болушунун себеби, анын курамына 14%тен ашык темир, 20%ке жакын кремний, 5%тен көбүрөөк кальций ж-а магний, 3%ке жакын күкүрттөн тургандыгы м-н түшүндүрүлгөн.

1877-ж. амер. астроном А. Холл Марстын «Фобос» жана «Деймос» деген 2 табигый жандоочусу бар экенин ачкан. Ал жандоочулардын космостук станциялар аркылуу тартылып алынган даана сүрөттөрү бар. Фобос Марсты 7с39мин-да бир айланып чыгып, Марстан 9400 км аралыкта жайгашкан. Деймос Марсты 1,262 суткада же 30 с 18 минда бир айланып, планетадан 23 500 км аралыктан орун алган.

Күн нурун чачыратууга жана жутуп алууга жөндөмдүү Марс планетасынын газдуу катмары. Марстын газ катмары атмосфера менен курчалган. Спектрдик байкоонун жыйынтыгы бонча Марстын атмосферасы 60 – 65% көмүркычкыл газынан, 30 – 35% инерттүү газдан (аргон) турат. Атмосферада кычкылтек менен озон байкалган эмес. Кээде көгүш булуттардын пайда болушу жана жаздын башталышы менен уюлдук калпагынын тез эриши атмосферанын нымдуулугунун аздыгын билгизет. Марстын атмосферасында сейрек булуттар менен тумандар кездешет. Аларды уюлдук калпагынын үстүнөн тез-тез байкоого болот.

Марстын атмосферасынын басымы – 0,007 атм. (700 Па) ашпайт, башкача айтканда болжол менен Жер бетинен 40 км бийиктиктеги атмосфера басымы менен бирдей. Мындай төмөнкү атмосфера басымында суу суюк абалда болушу мүмкүн эмес, +5оС температурада бууга айлангандыктан буу, кар жана муз түрүндө болот.

Марстын бетинин рельефи өтө татаал. Бетинде борбордук тоолуу көптөгөн кратерлер, тоо кыркалары, чокулар жана башкалар бар. Кумдуу чөлдү элестеткен ачык сары жана кызгылт сары түстөгү бөлүгү шарттуу түрдө материктер, караңгы чоң зоналары – деңиз, дөмпөк жери – булуң, караңгы тактары – оазистер, көл деп аталган. Планетанын эң бийик жери «Олимп Кары» жанартоосу (вулканы). Ошондой эле кыртышында зор жаракалар бар. Эни 120 кмче болгон өтө зор жарака 4000 кмдей узундукта созулуп жатат. Марстын Түштүк жарым шары Түндүк жарым шарына караганда бийик келет. Андагы тоолордун орточо бийиктиги 3 кмден ашат. Планетанын бетинин көпчүлүк бөлүгүн өрөөн ээлейт, анда дайыма чаңдуу туманды пайда кылган шамал болуп турат. Кээде катуу шамалдан Марстын бүткүл бетин коюу чаң каптап, байкоочуга планета көрүнбөй калат. Марстын бетинде базальт катмарлары, таштар көп болгондуктан качандыр бир убакта анда жашоо болгон болуш керек деп божомолдонот.

Марстын бетинин температурасы – өтө өзгөрмөлүү. Күндөн орточо аралыктагы бетинде 220 ± 10 К, перигелийде 10%ке жогору, афелийде ошончолук төмөн болот. Экватордо түштөн кийин 300 К, ал эми Күн батарда дароо төмөндөп 220 Кге, түнкүсүн 50 Кге, Күн чыгарда 174 Кге (-100°С), 45° кеңдикте 282, 200 жана 160 Кге жетет. Уюл калпагында 150 К, б. а. –125°Сге жакын болот. Караңгы жерлери жарык жерлерине караганда жылуураак, атмосферасы муздагыраак келет.

Марстагы жай айы – Марстын экватор тегиздигинин анын орбитасынын тегиздигине 24о56'га жантайгандагы абалы. Марста Жердики сыяктуу эле жыл мезгилдери бар жана климаттык алкактарга (уюлдук, мелүүн, тропиктик) бөлүнөт. Бирок Марстын жайы түштүк жарым шарында түндүктөгү караганда ысык жана кыска болот.

Ай кратерлери сыяктуу Марстын бетинде 300дөн ашык кратерлер байкалган. Алардын диаметри 3 кмден 180 кмге чейин жетет. Кээ бир кратерлеринин чокусу конус түрүндө катып калган базальт катмарынын агымы жаткандыктан, бул кратерлер вулкандардын жарылуусунан, ал эми кичине өлчөмдөгү кратерлер астероиддер алкагынан келип түшкөн чоң метеориттердин пайда болушу мүмкүн.

Марстын магнит талаасы – Жердин магнит талаасынан 500 эсе начар. Анын уюлдуулугу Жердин магнит талаасынын уюлдуулугуна карама-каршы, башкача айтканда түндүк магнит уюлу планетанын Түндүк жарым шарында, түштүк уюлу – Түштүк жарым шарында жайгашкан. Магнит талаасы күндүзү 2000 км, түнкүсүн 9500 км аралыкка чейин созулат.

Марстын улуу тогошуусу – Марстын өз орбитасынын перигелийине жакын болгон учурдагы тогошуусу. Бул учурда Марс Жерге өтө жакындайт, башкача айтканда андан 55 млн. кмдей аралыкта болот. Улуу тогошуу мезгилинде Марстын жаркырактыгы Чолпондон кийинки орунда болуп, асманда балбылдап көрүнөт. Мындай тогошуу ар бир 15 же 17 жылда кайталанып турат. Марстын акыркы улуу тогошуулары 1971, 1988, 2003-жылдадары байкалган.

Марстын уюлдук калпагы – түндүк жана түштүк уюлдардын айлансында күзүндө пайда болуп, жайында жоголуучу ак тактар. Бул ак тактар Марс жылынын ичинде өзгөрүп турат. 1976-ж. «Викинг-2» космос станциясы түндүк уюлдук калпактын үстүндө суу буусунун кескин жогорулашын каттаган жана ал калпак планетанын кыртышындагы суунун көптүгүн билгизген көмүр кычкылдыгынын жана суу музунун катуу аралашмасынан турарын аныктаган. Кыш ортосунда уюлдук калпак Марстын бетин 50° кеңдикке чейин ээлейт. Жайкысын түндүк бөлүгү бүт жоголуп, түштүк бөлүгүнүн бир аз жери калат. Марстын уюлдук калпагы. өтө жука кар катмарынан жана аны курчаган тумандан тургандыктан суу өтө аз санда болот.





Чолпон (орусча Вене́ра) — Күн системасынын экинчи планетасы.

Чолпон планетасы өзүнүн чоңдугу боюнча Жерден бир аз гана кичине. М.В.Ломоносов анын атмосферасы Жердин атмосферасына салыштырганда бир кыйла тыгыз деп туура айткан.

Планетанын атмосферасынын 97%ин көмүркычкыл газы (СО2), 2%ин азот, 0,01%ин кычкылтек ж-а 0,05%ин суу буусу түзөт. Атмосферасы Марстыкына окшош. Чолпондун бетинин температурасы 500°Сге (750 К) чейин жетет. Анын атмосферасынын төмөнкү катмарында жана анын бетинде температуранын жогору болушу, «парник эффектиси» менен түшүндүрүлөт. Күн нурунун энергиясы анын төмөнкү катмарына жутулат да, кайра инфра нур түрүндө нурланып, көчөттөр тигилген парникте жылуулук кармалган сыяктуу, анын атмосферасынын тыгыз катмарында сыртка чыга албай кармалып калат. Натыйжада, планетанын бетинин жана бетине жакын жайгашкан атмосферасынын катмарында жылуулук жогорулайт. Чолпон планетасынын бетинен улам бийиктеген сайын, анын температурасы төмөндөп, стратосферасында суутек газы өкүм сүрөт.

Көптөгөн радиолокациялык байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында планетанын радиусу 6052 км, орточо тыгыздыгы 5,24 г/см3га барабар экендиги аныкталган.

1992-ж. «Магеллан» планеталар аралык автоматтык станциялардын жардамы менен тартылып алынган сүрөттөрдө Чолпон планетасынын бети Жердики сыяктуу жанар тоолордон жана чуңкурчалардан турары белгилүү болгон. Алардын эң бийик жери 25 км, диаметри 90 кмден ашык. Ал эми чуңкурчалардын диаметри 500 кмге чейин жетет. Планетанын көптөгөн мүнөздөмөлөрү Жердикине окшош болгондуктан ал планета Жер тибиндеги планеталардын катарына кирет.

Күндөн Чолпонго чейинки орточо аралык 108 млн.км же 0,7 астрономиялык бирдикке (а.б.) барабар. Күндүн айланасында айлануу мезгили 225 сутка. Төмөнкү биригүү учурунда Жерге 40 млн. кмге чейин жакындайт. Айлануунун сидерикалык мезгили 224,7 сутка, айлануунун синодикалык мезгили 243 сутка. Орбита боюнча айлануусунун орточо ылдамдыгы 35 км/сек.

Чолпон кечинде Күн баткандан кийин же таң заарында көрүнөт. Чолпон асмандагы Күн менен Айдан кийинки эң жарык жылдыз. Диаметри – 12 100 км (Жердин диаметринин 95%и, массасы 4,9•1024 кг же Жердин массасынын 81,5%ине барабар же Күндүн массасынын 1/408400ин түзөт. Орточо тыгыздыгы – 5,2 г/см3, бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу – 8,6 м/сек2 (Жердикинен 90%и.).

Чолпон өтө татаал рельефтүү планета. Чолпондун табигый жандоочулары жок. Жасалма жандоочулары – «Венера-9» ж-а «Венера-10» (1975-ж. окт. чыгарылган советтик автоматтык станциялар), «Пионер – Венера - 1» (1978-ж., дек. чыгарылган амерерикалык космос аппараты).



Гигант планеталар 



Гигант планеталар — өлчөмү, массасы, айлануу мезгили жана спутниктеринин саны боюнча айырмаланган планеталар.

Гигант планеталарга Юпитер (Ю.), Сатурн (С.), Уран (У.) ж-a Нептун (Н.) кирет.

Жерге салыштырганда көлөмү боюнча Ю,—1310; С,—750; У,—57; Н,—60 эсе; массасы боюнча Ю.— 317,82; С.— 95,11; У.— 14,52 ж-a Н.— 17,23 эсе чоң.  Күндү Жерге салыштырганда Ю — 11,862; С,—29,458; У,—84,015 ж-a Н,- 164,79 эсе узак мезгилде айланат. Жердин Күндү айлануу мезгили — 365,526 сутка. Ю-дин 12, С-дун 9, Удын 5 ж-a Н-дун 2 спутниги бар. Космостук изилдөөлөрдөн улам Сатурндун жаны Янус спутниги (1966) ачылган.

Юпи́тер — Күн системасында бешинчи планета. Көөлөмү боюнча эң чоң планета (Күн системасында).

Юпитердин экватордук радиусу 71400 кмге, уюлунун радиусу 66900 кмге барабар. Анын уюлдарынын көбүрөөк кысылганы тартылып алынган сүрөтүнөн да көрүнүп турат. Эркин түшүүнүн ылдамдануусу g =2500 см/сек2ка барабар жана Жердикине салыштырганда 2,67 эсе чоң.

Бул планетанын өтө кысылганын анын өз огунун айланасында өтө тез айланышы менен түшүндүрүүгө болот. Анын экватордук бөлүгүндөгү айлануусу 9 с 50,6 мин жана орто кеңдигиндеги бөлүгүнүн айлануусу 9 с 55,7 минутаны түзөт.

Юпитердин экватордук жана уюлдук бөлүктөрүнүн айлануу ылдамдыктарынын түрдүүчө болушу, ал катуу тело эмес, газ же суюктук түрүндөгү тело экенин түшүндүрөт. Зор планета – Юпитердин атмосферасы негизинен суутек молекуласынан, метан (CH4) жана көп сандаган гелийден турары аныкталган.

Жер атмосферасында пайда болуучу өтө кубаттуу куюндар Юпитер атмосферасында андан да күчтүү болот. Юпитер куюнунун өзгөчөлүгү өтө туруктуу болуп, анын жашоо убактысы 100 000 жылды түзөт. Анын бетиндеги кызыл тактын болушу ушул кубулуш менен түшүндүрүлөт.
Кийинки күндөрдө өтө кубаттуу телескоптор аркылуу анын бетине байкоо жүргүзгөндө мындай тактар планетанын бетинин башка бөлүктөрүнөн да орун алгандыгы, бирок алардын өлчөмү бир кыйла кичине болору байкалган.

Күнгө чейинки аралыгы боюнча 5-орунда. Күндүн айлансында 5,203 а.б. (778 млн.км) аралыкта кыймылдайт. Орбитасынын эксцентриситети 0,048, орбита тегиздигинин эклиптика тегиздигине болгон жантаюусу 1,3о. Юпитер 13,06 км/сек ылдамдык менен Күндү 11,862 жылда толук айланып чыгат. Орточо синодикалык айлануу мезгили 399 сутка. Юпитер 12 жылда бүт асманды басып өтүп, Күн менен тогошкон абалында 2,6 жылдыз чоңдугундагы саргыч жылдыздай көрүнөт. Жаркырактыгы боюнча Чолпон менен Марстан кийинки планета. Юпитердин дискасы тогошуу учурунда огу 46,5ўў ж-а 43,7ўў бурчтарында көрүнгөн эллипс формасында көрүнөт. Юпитердин экватордук диаметри 142 600 кмге, полярдык диматери – 134 140 кмге барабар. Юпитердин айлануу мезгили экватордо 9 саат 50 минута 30 секунда, орточо кеңдикте – 9 саат 55 минута 40 секунда. Юпитердин көлөмү Жердин көлөмүнөн 1315 эсе, массасы 318 эсе чоң болуп, Күндүн массасынын 1:1047,39 үлүшүн түзөт. Орточо тыгыздыгы (1,33 г/см3) Күндүн орточо тыгыздыгынан көп айырмаланбайт. Юпитердин байкоого алынган бетинин атмосферасы булуттардан жана башка атмосфералык түзүлүштөрдөн туруп, күңүрт түстөгү тилкелер м-н кесилген.

Юпитердин ак тагы туурасы 16 000 кмге жакын аралыкты ээлеген куюн сымал структуралуу түзүлүш. Биринчи жолу «Пионер-10» космос аппараты м-н ачылган. Түзүлүштүн жаратылышы азыркыга чейин толук аныктала элек.

Юпитердин чон кызыл тагы. Юпитердин булуттук түзүлүштөрүндө аздыр-көптүр турактуулукка ээ түзүлүштөр жашайт. Алардын бири Чоң кызыл так. Бул түзүлүш планетанын Түш. тропикалык зонасында болжол м-н 22о кеңдикте жайгашкан. Чоң кызыл так узуну 40 000 км, туурасы 13 000 кмге жакын сүйрү форманы ээлейт. Кээде зонанын ак фонунан кызыл өң начар байкалат.

Сатурн планетасы.

Сату́рн — Күн системасында Күндөн аралыгы бонча 6 - планетаЮпитерден кийин, экинчи зор планета. Сатурн, Юпитер, Уран жана Нептун газ гиганттары деп классификацияланат. Шакекчеси менен таанымал.

Сатурндун орбитасынын чоң жарым огу 1,43 млрд. кмге барабар, эксцентриситети 0,056, орбита тегиздигинин эклиптика тегиздигине жантайышы 2°291. Күндү 9,64 км/сек орточо ылдамдык менен 29,5 жылда толук 1 айланып чыгат. Өз огунун айланасында айлануусу анын экваторунда 10 саат 14 минутага жана экватордон алысыраак орто кеңдигинде 10 саат 39 минга барабар. Сатурндун экваторунун радиусу 60240 км болуп, көлөмү Жердин көлөмүнөн 770 эсе, массасы Жердикине салыштырганда 95 эсе чоң, андагы эркин түшүүнүн ылдамдануусу g =1100 см/сек2ка барабар болору жогорку тактыкта аныкталган.

Сатурндун орточо тыгыздыгы өтө аз болгондуктан ал жеңил газдардан турат деп болжолдонот.Спектрдик анализдин жыйынтыгы бонча планетанын атмосферасынын курамында суутек-H2, метан – CH4, атцетилен – C2H2, этан – С2H6 болуп, анын 99%и суутек менен гелийден турары аныкталган. Сатурндун өзүнөн чыккан 0,5 эрстедге (магнит талаасынын чыңалышынын системадан сырткары бирдиги) жакын магнит талаасы жана радиациялык курчоосу бар. Анын айланасында азыркы кезде белгилүү болгон 17 жандоочусу жана кооз шакектердин катмарлары орун алган. Жандоочулардын дагы жаңы ачылыштары болушу ыктымал.

Сатурндун негизги өзгөчөлүгү – экватордук тегиздигине жайгашкан алкагы. Бүгүнкү күндө Сатурндун 16 табигый жандоочусу – ТитанЯнус, Фёба ж. б. бар Сатурндун магнит талаасы аныктала элек.



Уран планетасы.

Уран — Күн системасында жетинчи планета.

Зор планеталарга кирет. Диаметри бонча Жерден 4 эсе чоң. Көлөмү Жердин көлөмүнөн 61 эсе, массасы жер массасынан 14,56 эсе чоң. Ортодогу тыгыздыгы 1,58 г/см3. Ал Күндөн өтө алыс жайгашкан жана 19,2 астрономиялык бирдик аралыкка жакын орбита бонча айланат.

Уран 84,015 жылда Күндү толук бир жолу айланат. Спектрдик жол менен анын планетасында молекулалуу суутектин жана метандын бар экендиги аныкталган. Уранды 1781-жылы кокусунан У.Гершель ачкан.

Урандын 27 табигый жандоочусу жана шакектер системасы бар. Эң чоң 5 жандоочусу: МирандаАриэльУмбриэльТитания Оберон.

Урандын жандоочулары (солдон оңго: МирандаАриэльУмбриэльТитанияОберон).

Урандын кыймылы – башка планеталардан айырмаланып өз огунда айланганда капталынан жаткандай көрүнөт. Ошондуктан 84 жылда толук бир айланып чыкса уюлундагы уюлдук күн 42 жылга, аны менен алмашкан уюлдук түн да 42 жылга созулат.

Нептун.

Нептун – Күн системасындагы Күндөн баштап санаганда сегизинчи планета. Немис астрономдору И. Галле менен Дж. Адам 1846-жылы ачышкан. Күнгө чейинки орточо аралыгы (орбитанын чоң огунун жарымы) 30,06 а. б. же 4500 миллион км. Нептундун түсү, чоңдугу, массасы жана атмосферасы Уранга окшош. Нептун орбита боюнча5,4 км/сек орточо ылдамдык менен Күндү 164,79 жылда толук бир жолу (айлануунун сидерикалык мезгили) айланып чыгат. Анын диаметри Жердин экватордук диаметринен 3,88 эсеге чоң (49500 км), атмосферасы негизинен метандын кошундусу менен молекулалуу суутектен турат. Нептундун көлөмү Жердин көлөмүнөн 57 эсе чон. Нептундун бетинде өтө чоң шамал ылдамдыгы (2000 км/с) катталган. Эки жандоочусу (Тритон, Нереида) бар.

Планеталардын жандоочулары

Кээ бир планеталардын жандоочуларынын Жерге салыштырмалуу чоңдуктары. Үстүндө планеталардын аттары көрсөтулгөн.

Меркурий жана Чолпон планеталарынын жандоочулары жок. Жердин бир гана табигый жандоочусу бар, ал – АйПлутон планетасынын да жалгыз жандоочусу – Харон кийинчерээк аныкталып, анын өлчөмү планетанын өз өлчөмүнө салыштырганда эки эсеге жакын кичине экендиги ырасталган. Ал эми Марс планетасынын Фобос жана Деймос деген эки жандоочусунун көп мүнөздөмөлөрү абдан белгилүү болду.

Калган планеталардын жандоочуларынын саны көп, бирок планеталардын өзүнө салыштырмалуу алардын өлчөмдөрү алда канча кичине.

Юпитер планетасынын азырынча 16 жандоочусу аныкталып, алардын 4 ири жандоочусу Галилей тарабынан 1610-жылы айында ачылган. Булар: ИоЕвропаГанимед жана Калисто деп аталган. Ганимеддин өлчөмү Меркурий планетасынан чоң, ал эми Калистонун өлчөмү так эле Меркурийдин өлчөмүнө барабар.

Ио жандоочуда 7 жанар тоонун атылып турганы байкалган. Сатурн планетасынын 17 жандоочусу аныкталып, алардын өтө чоңу Титан. Аны жөнөкөй эле мектептик телескоп аркылуу да көрүүгө болот. Өтө жакын тартылып алынган Сатурндун ЭнцелакГиперион жана Мимас жандоочуларынын беттеринен чуңкурчалар даана көрүнүп турат.

Ал жандоочу Сатурнду 15 сут 22 с 41 мин эллипс бонча толук 1 айланып чыгат. Анын чоң жарым огу а = 1222•103 км жана эксцентриситети е = 0,029га барабар. Айга салыштырганда 1,5 эсе чоң, диаметри 5100 кмге барабар.

Урандын 5, Нептундун 2 жандоочусу бар.

Урандын жандоочусу Миранданын көрүнүшү өтө кызыгууну туудурат.

Нептундун өтө чоң жандоочусу Тритондун диаметри 2705 кмди түзүп, аны курчаган азот элементинен турган атмосфера табылган.



Астероид - диаметри 1–1000 км чейин келген кичине планета, Күндүн тегерегинде эллипс орбитасы бонча айланган космостук телолор.

Өлчөмү 1 кмден кичине өтө майда кичине планеталарды ири телескоптун жардамы менен сүрөткө тартууга болот. 1801-ж. 1-январда Пиацци биринчи жолу Астероидди ачкан. Өтө чоң астероид – Церера кичине планетасы. Анын диаметри 1003 км. Андан кийин ачылган кичине планетанын катарына диаметри 608 км болгон Паллада кирет. Орбиталарынын эксцентриситети 0,3төн кичине болгон кичине планеталар 97%ти түзөт. Азыркы убакта 2000ден ашык кичине планеталардын орбиталары так эсептелген.

Астероиддердин жандоочулары – астероиддердин айланасында айлануучу табигый же жасалма телолор. Ири планеталардын табигый жандоочулары сыяктуу кичи планеталардын, башкача айтканда астероиддердин да табигый жандоочулары аныкталган. 1978–1980-жылдарда кытай, япон жана америкалык астрономдор Метида кичине планетасынын табигый жандоочуларын байкашкан. Кийинки кезде көп сандаган кичине планеталардын табигый жандоочулары бар экени ачылган.

Кичине асман телолорунун массаларынын салыштырмасы.

Астероиддер тобу – астероиддердин ичинен орбиталары бири бирине окшош кичине планеталар. Мындай топтогу астероиддер гректер жана троялыктар деп аталат. Гректерге 10, троялыктарга 5 астероид кирет, бардыгы 15. Алардын 10 астероиди (“гректер”) узундук бонча 60° алдыда, 5 астероиди (“троялыктар”) артта. Булардын кыймылы Күндүн айланасындагы Юпитердин орбитасына дал келет. КүнЮпитер жана астероид т. 2 тең капталдуу үч бурчтукту пайда кылат.

Астериод кратерлери – астероиддердеги чөйчөк же оюлган жер сымал чуңкурлар. Жер, Меркурий жана башка планеталар сыяктуу кээ бир кичи планеталардын (астероидтердин) беттеринен да кратерлер табылган. Д. Голт өзүнүн жардамчылары менен бирдикте Церера астероидинин бетинен астероид кратерин байкаган.

Вилламетт метеорити

Метеорит — чоң асман телонун бетине түшкөн космостук тегиндеги тело.

Планеталардын гравитациялык тартылуу күчүнүн таасиринде кичине планеталардын орбиталары өзгөрүп, бири-бири менен кесилишкен абалга чейин барат. Натыйжасында алар өз ара кагылышып, андан соң быркыроого дуушарланышат. Жер бетине түшкөн темир жана таш метеориттер кичине планеталардын майдаланган сыныктары болуп эсептелет.

Мындай кичине планеталардын бөлүктөрү Жер атмосферасына киргенде жогорку басымдуу күчтүү толкунду пайда кылып, андагы өтө кысылган абанын темп-расы ондогон жана жүздөгөн миң кельвинге чейин жетет. Айрым бир метеориттер жогорку ылдамдык менен келип планеталарга түшүп жарылат да, Айдын бетин элестеткен чуңкурларды - метеорит кратерлерин - пайда кылат. Жер бетинде жакшы сакталган өтө чоң чуңкурлардын бири АКШдагы Аризон кратеринин диаметри 1200мге, тереңдиги 200мге жетет. Илимпоз астрономдордун баамдоосуна караганда ал Жерге түшкөн метеориттин массасы 200000 тга жакын болгон.

1908-жылы 30-июнунда Борбордук Сибирге түшкөн Тунгус метеорити 2000ден ашык чарчы километр токойду жок кылып, оптикалык, үн жана толкун кубулуштарын пайда кылган. Натыйжада толкун Жер шарын толук 1 айланып чыгып, метеорит түшкөн аймакта 3 – 4-июлдун түнүндө кадимкидей жарык болуп, китептин бетиндеги тамгалар даана көрүнгөн.

1947-жылы 12-февралда Ыраакы Чыгыштын Сихотэ-Алин районуна белгилүү Сихотэ-Алин темир метеорити түшүп, андан бир нече ондогон тонна метеорит заттары жыйналган. Таш метеорити 47% кычкылтек, 21% кремний, 16% темир, 14% магний жана 2%и башка химиялык элементтерден турары аныкталган. Таш-темир метеоритинин курамында 55% темир, 19% кычкылтек, 12% магний, 8% кремний, 5% никель жана 1%ке жакын башка элементтердин бар экендиги далилденген.

Темир метеоритинин жаратылышында 91% темир, 8% никель, 0,5% кобальт, жез, фосфор, күкүрт, кремний бар экени белгилүү болгон. Азыркы күндө дүйнө бонча массасы ондогон тоннадан бир нече граммга чейинки 3000ден ашык метеорит катталган. Метеориттер Жер бетине гана түшүп турбастан, башка асман телолорунун бетине да – планеталарга жана алардын жандоочуларына, кичине планеталарга да үзгүлтүксүз түшүп турат.



Хейла-Бопп кометасы (1997) Галилей кометасы (1986)

Коме́та (грек. κομήτης, komḗtēs — чачтуу) — туман менен коштолгон, Күндүн тегерегинде созулган орбиталарда айланган чоң эмес асман телосу.

Кометалар – Күндүн алыскы мейкиндигинен орун алган, борборунда ядросу бар, асман сферасына жакын келгенде гана байкалган күн системасынын мүчөлөрү. Алардын көпчүлүгү белгилүү орбита менен өтө созулган эллипс бонча кыймылдашат. Кометалар планеталар сыяктуу гравитациялык тартылуу күчүнүн аракети астында кыймылдайт. Алар жарыкты жана энергияны Күндөн алып, ага жакындаганда ядросунун бууланышынан кометалардын формасы өзгөчөлөнүп, кометанын башы жана куйругу пайда болгондугу байкалат.

Комета Күнгө жакындаган сайын куйругу чоңоюп, Күнгө карама-каршы жакты көздөй багытталат.

Англис илимпозу Э.Галлей (1656–1742) мурда ачылган 24 кометанын орбиталарынын элементтерин изилдеп, анын ичинен 1531-, 1607- жана 1682 ж-дагы көрүнгөн кометаларды ар түрдүү комета эмес, ал Күнгө мезгил-мезгили менен кайталанып келүүчү бир эле комета деп түшүндүрүп, анын кезектеги кайталанышы 1758-ж. болорун алдын ала айткан.

Чынында эле, комета Э. Галлей өлгөндөн 16 жыл өткөндөн кийин асман сферасынан көрүнгөн, ошондуктан ал Галлей кометасы деп аталып, кийинки кайрылып келүүсү 1835-, 1910-, 1986-жылдары болорун кийинки муундагы астрономдор күтүшкөн. Ушул жылдарда комета кайталанып көрүнгөн. Акыркы жолку 1986 жылы көрүнгөндө кометанын ядросу экиге ажыроого жиктелип калгандыгы байкалган.

Кометанын кезектеги Күнгө кайрылып келүүсү 2062-ж. күтүлүүдө. Кометалардын күн системасындагы башка майда телолор менен байланышынын орун алышы алардын бар экендигинин дагы бир мүнөздүү өзгөчөлүгү.

Ага карата 1772-жылы чех илимпоз астроному Биэла тарабынан ачылган комета, Күндү айланып чыгуу мезгили 7 жылга барабар болгондуктан, дайыма айлануу мезгилин сактоо бонча көрүнүп турган. Бирок бул комета 1846-жылы анын ядросу экиге бөлүнүп, начар көрүнгөн эки кометага айланган. Кийинки жолу көрүнүүчү 1856-жылы ал комета такыр көрүнбөй калган. Жоголгон комета 1872-жылы астрономиялык так эсептөөлөрдүн негизинде Жерге «учуучу жылдыздардын» (метеорлордун) жамгырдай жаашы менен байкалган. Ошол убактан бери бул кубулуш 27-ноябрь жыл сайын кайталанып турат. Жыйынтыктаганда Биэла кометасы метеордук телолордун уюктарына айланган. Жер шары метеордук уюктун ичине киргенде Жердин тартылуу күчүнүн натыйжасында, уюктагы майда телолор, Жердин атмосферасындагы молекулалар менен кагылышып, метеорлорду пайда кылат.

Кометанын пайда болусу – кыска мезгилдүү кометалар планеталар системасынын ичинде кыймылда болуп, акырындык менен бузулушат (талкаланышат). Юпитердин тартылуусунан кээ бир кометалар Күндөн өтө алыс аралыкта кыймылдап, өтө чоң мезгилге ээ болот, б.а. ал кометалардын орбитасынын афелийи Юпитердин орбитасына жакын жайгашкан. Ошондуктан С.К.Всехсвятский кометалар Юпитер жана анын жандоочуларынын тобунан мейкиндикке бүркүлүп чыккан заттардан түзүлгөн деп болжолдойт. 1979-ж-дын мартында Юпитердин биринчи жандоочусу Иодо вулкандык аракет байкалгандан баштап ынандырарлык болуп калган.

Кометанын башы – кометанын эң жаркырак чекити. Ал жылдыз түрүндөгү ядродон жана тумандуу газ катмарынан (кома) турат. Кометанын башыны диаметри анын массасына жана Күнгө чейинки аралыгына байланыштуу; начар кометалардыкы 25 000 кмге, жаркырак кометалардыкы 2000 000 кмге чейин жетет.

Комета 17P/Холмса менен ионный хвост.

Кометанын куйругу – Күн нурунун таасири астында ядродон учуп чыккан газдардын молекулалары (иондор) менен чаңдын бөлүкчөлөрүнөн түзүлүп, узундугу ондогон млн. кмге жетет. Кометанын куйругу Күнгө жакындаган сайын өсүү менен ага карама-каршы жакка багытталат. Айрым учурда кометанын куйругу Жерден Күнгө чейинки аралыкка жетет. Ф. А. Бредихин Кометанын куйругунун ийрилиги бонча анын бөлүкчөлөрүнө таасир эткен күчтү жана классификациясын түздү. Кометанын куйругунун курамында азоттун бирикмеси, көмүртек, суутек жана кычкылтек болот. Кээ бир кометалар түрдүү типтеги бир нече куйрукка ээ.

Кометанын ядросу (nucleus) – муздуу таш, газ жана чаң бөлүкчөлөрүнүн кошулмаларынан турган кометанын жылдыз сыяктуу жаркырак бөлүгү. Ядронун диаметри 0,5 – 20 км, массасы 1011 – 1019кг, аны түзгөн газдар катары аммиакметан, көмүркычкыл газы, циан, азот жана башка кездешет. Кометанын ядросунун спектри Күндүн спектри менен бирдей. Анчалык чоң эмес гелиоборбордук аралыкта Кометанын ядросунун спектринде металлдардын эмиссиялык сызыктары, көпчүлүк учурда натрийдин сызыктары пайда болот.

Кометалар тобу - кандайдыр бир кометанын ажыроосунан пайда болгон бөлүктөрү; алар орбиталарынын элементтери жакын болгондо түзүлөт. Юпитер планетасынан жакын аралыкта өткөндө кээ бир кометалардын орбиталарынын элементтери кыйла өзгөрүүгө дуушар болот жана бир топтон бөлөк топко өткөн учурлар да байкалат.

Кометаларды издөө жана аларга байкоо жүргүзүү – көрүү талаасы 3 – 5° болгон жарыгы күчтүү оптикалык куралдар менен ишке ашат. Бул максатта талаа дүрбүсү, астрономиялык АТ-1 көрүү түтүгү, ТЗК, БМТ-110 бинокуляры, ошондой эле комета издөөчүлөр колдонулат. Фотографиялык ыкма менен издөөдө кометанын координаты жана орбитасы так аныкталат. Акыркы мезгилде визуалдык байкоо менен кометалар ачылууда.



6. Күн



1) Күн - сутканын жарык бөлүгү, Күн чыккандан батканга чейинки убакыт. Күндүн узактыгы ал жердин географиялык кеңдигине жана жыл мезгилине жараша болуп, күндүн жантайышына карата өзгөрөт.

2) Күн - сутка, башкача айтканда узактыгы 24 саатка барабар мезгил. Апта ичиндеги күндөрдүн аттары: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшемби.





Күн

Жалпы маалымат


Экваториалдык радиусу

6.955×105 км

109 эсе жер радиусунан

Бетинин аянты (S)

6.0877×1012 km2

Көлөмү (V)

1.412×1018 km3

Массасы (m)

1.9891×1030 kg

0,107 жер массасынан

Орточо тыгыздыгы (ρ)

1.408×103 kg/m3




3) Күн - Күн системасындагы, аны баардык объектилери: планеталар жана алардын жандоочулары, кодоо планеталар, астероиддер, метеориттер, кометалар, космостук чандар айланган, жалыгыз гана жылдызы: Өзүнөн жарык нур, жылуулук таратып, негизги жана борбордук планета катары эсептелинүүчү асман телосу; өтө ысык плазмалуу шар.

Азыркы убакта 500000ден ашуун жылдыздардын спектрлери аркылуу алардын химиялык түзүлүшү жакшы аныкталган. Күн дагы ошол жылдыздардын бирин түзүп, жылдыздардын спектри (түсү) боюнча G классына кирет жана ага окшогон көптөгөн жылдыздар бар. Алсак, алардын бири Возничий (Арабакеч) топ жылдызынын өтө жарык жылдызы Капелла.

Бизге жакын турган жылдыз – a — Центаврдин аралыгы 270000 астрономиялык бирдикти түзөт. Ал эми Күн бар болгону 1 астрономиялык бирдикке гана барабар. Ошондуктан аны эң жакынкы жылдыз деп аташат. Тагыраак айтканда, Күндүн массасы 2•1030 кг, тыгыздыгы 1,41 г/см3га барабар. Эркин түшүүнүн ылдамдануусу 274 м/сек2ка, радиусу 696000 кмге барабар же Жер радиусуна салыштырганда 109 эсе чоң.

Температуранын маанисине жана ал аркылуу аныкталуучу процесстердин мүнөзүнө жараша Күндү шарттуу түрдө 4 областка бөлүүгө болот.

1. Ички, борбордук область (ядросу), бул жерде басым жана темп-ра ядролук реакциянын жүрүшүн камсыз кылат да, ал борборунан баштап, болжол менен радиусунун 1/3 аралыгына чейин созулат.
2. «Нурдуу» зона борбордук областтан баштап Күн радиусунун 1/3инен 2/3 исине чейинки радиустук аралыкты ээлеп, электр-магниттик энергиянын нурланышынын жана жутулушунун натыйжасында энергия катмардан катмарга берилип, сыртка чыгарылат. Мына ушул зона Күн жарыгынын табигый булагы болуп саналат.
3. Конвекция зонасы «нурдуу» зонанын жогорку бөлүгүнөн баштап, дээрлик Күндүн көзгө көрүнгөн чегина чейин созулат.
4. Атмосфера түз эле конвекция зонасынан баштап Күндүн көзгө көрүнгөн фотосферасынын чегинен да алыска кетет.

Химиялык составы:суутек 90%тей, гелий10%, калган элементтери 0,1%тен аз. Күн энергиясынын булагы – Күндүн борбордук бөлөгүндө суутектин гелийге айлануусу болуп саналат: анда температура 10млн. градустан ашык болот. Күн атмосферасы (хромосфера жана күн таажысы) өтө кыймылдуу, анда хромосфералык жарк этүүлөр, протуберанецтер байкалат, планета аралык мейкиндикке таажы заттары таралып турат. (күн шамалы). Күн жердин географиялык кабыгында, биосферада, магнитосферада өтүүчу бүт процесстер үчүн энергиянын негизги булагы болуп саналат.



Күн атмосферасы — Күндүн байкоого мүмкүн болгон сырткы бети. Күн атмосферасы бир канча түрдүү катмардан турат. Анын көзгө көрүнгөн нур чыгаруучу ички жука бөлүгү — фотосфера. Фотосферанын калыңдыгы 300 км, тыгыздыгы болжол менен 3.10-4 кг/м3, температурасы 5700°Кден 4500°Кге чейин. Анын үстүндө 14 кмге созулган хромосфера жайгашкан жана тыгыздыгы 10-9 кг/м3, температурасы 500°Кден 50000° Кге жетет. Фотосферада Күн тактары жана факелдери байкалат. Алардын диаметри 200 миң кмге жетет. Эң жогорку жана өтө сейректелген тышкы катмары Күн таажысы деп аталат. Ал Күн дискин Ай тосуп калып, Күн толук тутулганда байкалат. Хромосферадан Күн таажысына өткөндө (100) температура жогорулап, 50 миңден 2 млн Кге жетет. Күн таажысында (Күн бетинен ~10 миң км) бөлүкчөлөрдүн ылдамдыгы бир канча жүздөгөн м/сек жана бир канча радиус аралыкта үн ылдамдыгына жакын ылдамдыкка жетет. Таажыдагы газдар дайыма Күндөн чыгып турган плазманын ысык агымын жана Күн шамалын пайда кылат.



Күн таажысы — хромосферанын жука өткөөл катмарынын сыртында башталган, температурасы 100 эсе жогорулаган Күндүн атмосферасынын тышкы катмары.

Күн таажысы фотосферадан Күндүн радиусундай өлчөмгө барабар болгон аралыктагы катмардан турат. Анын көрүнүшү Күндүн толук тутулуу учурунда жакшы байкалат. Таажыга астрономдор Күн тутулбаган учурда да хронограф деп аталган, деңиз деңгээлинен атайын 2000 м бийиктикте жайгаштырылган көп күзгүлүү телескоптор аркылуу байкоо жүргүзө алышат.

Таажынын формасы турактуу эмес. Анын өзгөрүшү Күндүн бетиндеги тактардын санына байланыштуу болот. Күндүн бетиндеги тактардын саны көбөйгөндө, таажынын формасы дээрлик тегерек болот. Тактардын саны азайганда же алар такыр эле жок болгондо таажы Күн экватору бонча созулган абалда болот.

Күн таажысын түзгөн бардык көрүнүштөрдүн бурчтук ылдамдыгы фотосферанын бурчтук ылдамдыгына барабар айланууну жасайт. Таажылар жалпысынан асман мейкиндигинде алыска созулуп, Күн дискасынын бир нече радиусун түзөт.

Күн бетинен бөлүнүп чыккан айрым плазмалар Күндүн өтө жогорку таажысы (сверхтаажысы) деп аталып, алардын созулушу Жер орбитасына чейин жетет. Өтө жогорку таажы радиоастрономиялык ыкмалар аркылуу аныкталып, анын өтө алыс аралыкка созулушу далилденген. Бул түрдөгү Күн таажысы оптикалык телескоптор аркылуу байкалбайт. Күн таажысынын бул түрү ага кирген бөлүкчөлөрдүн жогорку ылдамдыгы жана температурасынын жогору болушу менен түшүндүрүлөт. Таажыдагы газдар дайыма Күндөн чыгып турган плазманын ысык агымын жана Күн шамалын пайда кылат. Хромосферанын, таажынын түзүлүштөрү жандоочулардын орбиталык космостук станциялардын жардамы менен ультракызгылт-көк жана рентген нурларынан турары аныкталган.



Күн шамалы – Күн таажысынын плазмасынын планеталар аралык мейкиндикке радиус боюнча таралуучу туруктуу агымы.

Планеталар аралык чөйрөдө плазманын агымы бар экендиги космос эксперименттери башталганга чейин эле, магниттик куюндарды, түндүк жаркыроосун, космос нурларынын өзгөрүшүн, аномалдуу иондоштурууну, комета куйруктарынын Күндөн тескери багытталгандыгын изилдөөдө эле анык болгон. Күн шамалы жөнүндө далилдөөлөр космос аппараттарында орнотулган электр-статикалык анализаторлор жана заряддалган бөлүкчөлөрдү тосуп алуучу түзүлүштөр аркылуу алынган. Космос аппараттары Күн шамалын Сатурн жана Меркурий планеталарынын орбиталарынын ортосунан, эклиптика тегиздигинен изилдөөгө мүмкүндүк берет. Күн системасынын башка областтарында Күн шамалы радиометоддор, оптикалык байкоо жүргүзүүлөр аркылуу изилденүүдө. Күндүн түпкүрүнөн чыккан энергия агымы таажы плазмасын 1,5–2 млн. Кге чейин ысытат. Үзгүлтүксүз жүрүп турган ысытуулар нурлануунун эсебинен болгон энергиянын сарпталышы менен теңдеше албайт. Натыйжада ашыкча энергиялар кыйла бөлүкчөлөрдү К. ш. түрүндө алып келет. Ошентип күн таажысы гидростатикалык теңсалмактуулукта болбостон, үзгүлтүксүз кеңеет. Күн шамалынын курамы Күн таажысынын плазмасынан айырмаланбайт. Таажынын негизинде бөлүкчөлөрдүн радиус боюнча ылдамдыгы жүздөгөн м/секга жетет. Жер орбитасында протондордун ылдамдыгы 300–750 км/сек ны түзөт.

Күн шамалынын бөлүкчөлөрүнүн агымынын тыгыздыгы Сатурндун орбитасына чейин (r0/r)2 закону боюнча азая тургандыгы планеталар аралык космос станциясынын жардамы менен аныкталган. Мында r – Күнгө чейинки аралык, r0 – аныкталуучу аралык. Күн шамалы өзү менен кошо Күндүн магнит талаасынын күч сызыктарынын түйүнүн ала кетет, ошол себептен планеталар аралык магнит талаасы пайда болот. Жердин айланасында Күн шамалынын бөлүкчөлөрүнүн геомагниттик талаа менен кагылышы Жердин магнитосферасы алдында туруктуу согуу толкунун пайда кылат. Күндөгү ар кандай жарк этүүлөрдүн натыйжасында Күн шамалынын интенсивдүүлүгүнүн өзгөрүшү геомагниттик талаанын жана магнит сферасынын өзгөрүшүнүн (магниттик куюн) негизги себеби болуп саналат.

Күн шамалынын химиялык изилдөө боюнча космостук эксперименттерден суутектен темирге чейинки элементтердин иондору табылган. Күн шамалында өтө кеңири таралган элементтер – суутек жана гелий.

Күн активдүүлүгү — күн атмосферасында мезгили менен болуп туруучу ар кандай кубулуштар. Аларга тактар, факелдер, флоккулалар, протуберанецтер, күн таажысында жаркыроолор, ультракызгылт көк, рентгендик жана корпускулалык нурлануу жана башка кирет. Күн плазмасынын магниттик касиети менен тыгыз байланышкан фотосферанын бир бөлүгүндө магнит агымынын көбөйүшү күн активдүүлүгүнүн башталышын билдирет. Магнит агымы көбөйүшү менен хромосферада жаркырактык көбөйөт. Бул облус флоккула деп аталат. Күн фотосферасынын участкаларында көзгө көрүнүүчү ак жарыктан факелдер байкалат. Факел жана флоккул бөлүнүп чыккан жердеги энергия көбөйөт, ал магнит талаасынын чыңалышын жогорулатат. Активдүү бөлүктө флоккула пайда болгондон 1-2 күндөн кийин күн тактары кичине кара чекиттер түрүндө байкалат. Алардын көпчүлүгү тез эле жок болот, ал эми айрымдары ири күңүрт тактарга айланат. Типтүү күн тактарынын өлчөмү бир нече ондогон миң кмге жетет. Күн тактарынын маанилүү өзгөчөлүгү - күчтүү магнит талаасынын пайда болушу. Күн активдүүлүгүнүн өтө кубаттуу көрүнүшү - күчтүү жарк этүүлөр. Алар хромосферанын жана таажынын чоң эмес бөлүктөрүндө байкалат. Жарк этүү - негизинен күн плазмасынын кысылышынан пайда болгон жарылыш. Кысылыш магнит талаасынын күчтүү басымы астында өтөт. Жарк этүү - Жер атмосферасынын жогорку катмарына жана ионосферага күчтүү таасирин тийгизет жана бир нече геофизикалык кубулуштарды пайда кылат. Күн атмосферасындагы зор активдүүлүк - протуберанецтер. Эң күчтүү (максимум) күн активдүүлүгү 11 жылда кайталанып турат. Бул Күн активдүүлүгүнүн цикли деп аталат.

Күн энергиясы — Күн миллиарддаган жылдан бери ар бир секунда сайын өтө чоң энергияны нурлантып чыгарат. Бардык физикалык процесстер сыяктуу эле Күндүн нурлануусу да жаратылыштын негизги закону болгон энергиянын сакталуу жана айлануу законуна баш ийет.

Азыркы учурдун түшүнүгү бонча, Күндүн жана башка жылдыздардын түпкүрүндө термоядролук реакция процесси жүрөт. Бул реакциянын жүрүшүндө эң чоң энергиянын бөлүнүп чыгарылышы, бир химиялык элементтин экинчи элементке айланышынын натыйжасы болуп саналат. Күндө эң негизги элемент – суутек орун аларын жакшы билебиз. Күндүн түпкүрүнөн орун алган суутек химиялык биригүү реакциясынын негизинде гелий элементине айланып, чоң сандагы энергияны бөлүп чыгарат.

Күн – энергиянын кубаттуу булагы, энергия андан электромагниттик толкун катары рентгенультракызгылт-көк нурлардан радиотолкундарга чейин үзгүлтүксүз чыгып турат. Бул нурлануулар күн системасындагы бардык телолорго түшүп, алардын атмосферасына таасирин тийгизет жана Жердеги жашоо-тиричиликтин болушу үчүн зарыл болгон жарыкты жана жылуулукту берет.

Күндүн нурлануу кубаттуулугу болжол менен 4•1023 КВт энергияны түзөт. Күн энергиясы атайын Күнгө ылайыкталып жасалган, объективинин фокус аралыгы өтө чоң, көп күзгүлүү Күн телескоптору аркылуу аныкталат.

Жердин Күндөн алган энергиясынын агымы болжол менен анын толук энергиясынын 1/2 000 000 000 бөлүгүнө барабар.



Күндүн тутулушу — Күндүн бетин Ай толук же жарым жартылай тосуп өткөндөгү көрүнүш, к. Тутулуу.





7. Жылдыздар

Жылдыздар - табияты боюнча Күнгө окшош, ысык газдан турган жарык чыгаруучу асман нерселери. Алар Ааламдагы негизги объект, көрүнгөн асман телолорунун 90% ин түзөт.

Жылдыздар бизден өтө алыс турат, бизге эң жакын жылдыз Күн. Эгерде жылдыздарга чейинки аралык жүздөгөн парсек болсо, анда алардын параллакстык жылышуулары байкалбайт жана аралык жылдыз спектрлерин талдоо менен аныкталат. Күн системасына эң жакын жылдыз Центавр Проксимасы, ал бизден 1,3 пс аралыкта турат. Жылдыздардын массасы, өлчөмү, тыгыздыгы, жарык чыгаруу суу жана химия. Курамы боюнча айырмаланат. Жылдыздардын массасын аныктоо үчүн, алардын кыймылы изилденет. Жалпы масса борборунун айланасында кыймылдап, алар өз ара тартылышат жана алардын массасы буткул дуйнөлүк тартылуу законунун негизинде аныкталат. Жылдыз массасы көбүнчө күн массасы (2 1030 кг) менен туюнтулат. Дээрлик бардык жылдыздардын массасы 0,1-100 күн массасына барабар. Жылдыздардын өлчөмү оптикалык интерферометрдин жардамы же теориялык эсептөө жолу менен аныкталат. Бизге көрүнгөн жылдыздардын көбүнүн өлчөмү жүз миңдеген же миллиондогон кмди түзөт, мисалы, Күн диаметри 1 392 000 км. Бирок диаметри 10-20 км болгон эң кичинекей (ак кидиктер)жана кенедей (нейтрондук) Жылдыздар. да болот. Күндөн көп эсе чоң Жылдыздар алп жылдыздар (Бетельгейзе, Арктур, Антарес)жана сейрек кезигүүчү кызыл алптар да бар. Эгер булар Күндүн ордунда болсо, анда Марс менен Юпитердин орбиталары да ичинде калмак. Жылдыздардын массасына караганда өлчөмү боюнча айырмачылык өтө чоң болгондуктан, кичине Жылдыздардын тыгыздыгы чоңдукунан көп. Күндүн орточо тыгыздыгы суунукунан 1,4 эсе чоң, ал эми Сириус В жылдызынын 1 см3нун массасы 50 кгдан чоң, ак кидиктер андан тыгыз. Бирок нейтрондук жылдыздардын тыгыздыгы өтө чоң,башкача айтканда 1014 г/см3. Жылдыздар өлчөмүнөн да жарыктанышы боюнча көп айырмаланат. Күндүн жарыктанышы (3,8x1026 Вт) менен туюнтулат. Көпчүлүк жылдыздардын жарыктанышы Күндүн жарыктанышынын 0,001-106 бөлүтүн түзөт. Жылдыздардын химиялык курамы алардын спектрлери аркылуу аныкталат. Жылдыздар Жердеги эле элементтерден турары белгилүү.Дээрлик бардык жылдыздардын массасынын 98%ин суутек менен гелий түзөт, мындагы суутектин массасы гелийдикинен 2,7 эсе чоң. Жылдыздар физикалык касиеттери боюнча үч топко бөлүнөт: нормалдуу, ак кидиктер жана нейтрондук жылдыздар. Нормалдуу жылдыздарга куралсыз көз же телескоп менен байкалган жылдыздар кирет. Алар идеалдык газдардан турат. Тыгыздыгы өтө чоң жылдыздар идеалдык газ законуна баш ийбейт жана ал бузулган газ деп аталат. Ушундай газдан ак кидиктер жана кээ бир алп жылдыздардын ядросу куралат. 20-кылымдын ортосунан баштап жылдыздарды изилдөө үчүн спектроскоп менен фотографиялык ыкма колдонулган, 20-кылымдын 20-жылдарынан баштап атом физикасынын ыкмасы, андан кийин ЭЭМди колдонуу жылдыздар жөнүндөгү илимди түп-тамырынан бери өзгөрттү. Азыркы учурда кош жылдыздар, өзгөрмө жылдыздар, жаңы жылдыздар, өтө жаңы жылдыздар, пульсарлар, кара көңдөй, жылдыз ассоциациялары жөнүндөгү түшүнүктөр өнүгүүдө. Жылдыздарды үйрөнүүдө математика, механика, асман механикасы, физика, химия жана башка илимдердин ыкмалары колдонулат.

Жылдыз астрономиясы - астрономиянын бөлүмү; ал Галактиканын түзүлүшүн, өнүгүшүн, кош, үчилтик жана башка эселик жылдыздарды, жылдыз чогулмаларын, ошондой эле газ, чаң жана газ-чаң булуттарынжанааны пайда кылган диффузиялык заттарды изилдейт. Астрономиянын башка тармагынан алынган маалыматты пайдаланып, статистикалык материалдын негизинде Галактикадагы астрономиялык объектилердин касиеттерин, мүнөздөмөлөрүн, өз ара байланышын, алардын жайгашуу жана кыймыл закондорун, өнүгүү белгилерин үйрөтөт. Жылдыз астрономиясы жылдыз статистикасы, жылдыз кинематикасы жана жылдыз динамикасына бөлүнөт. Биздин заманга чейин 2-кылымда Гиппарх жылдыз каталогун түзүп, миңдей жылдыз координаталарын көрсөткөн. 14-кылымда Улугбек Гиппарх каталогун тактап, жаңысын түзгөн. Жылдыздуу асманды изилдөөдө жылдыз атласы жана жылдыз картасы чоң мааниге ээ.

Жылдыз атмосферасы - жылдыздардын нур чыгаруусунун натыйжасында спектрди пайда кылуучу тышкы катмары.

Жылдыз атмосферасы негизинен сызыктуу спектр чыгарган өз атмосферасына жана андан тереңирээк орун алган (үзгүлтүксүз спектр чыгаруучу) ички фотосферага бөлүнөт. Алардын арасын болуп турган чектуу айырма жок. Фотосферадан төмөнүрөөктө байкоого мүмкүн болбогон энергиянын негизги булагы жайгашкан. Бул катмардын жарык чыгарышын текшерүүнүн натыйжасында жылдыздардын жаркырактыгы аныкталат. Фотосферадагы энергия негизинен нур чыгаруу аркылуу таралат. Жылдыздар жөнүндөгү негизги маалыматтар (химиялык курамы, атмосферасынын кыймылы, айланышы, магнит талаасы ж. б.) алардын спектрлерин изилдөө аркылуу алынган. Жылдыз атмосферасында көбүрөөк таралган химиялык элементтер - суутек, гелий, андан кийинкилери көмүртек, азот, кычкылтек.

Жылдыз динамикасы, жылдыздар системасынын динамикасы - жылдыз астрономиясынын бөлүмү; ал жылдыздар системасынын гравитация талаасындагы кыймыл закондорун жана жылдыз системасынын эволюциясын изилдейт.

Галактикада жылдыздардан башка чаң жана газдар да бар. Алардын кыймылын гравитациялык күч менен гана аныктабастан, жарыктын басым күчү, жылдыздар системасындагы магнит талаасынын күчү менен да аныкташат. Жылдыз динамикасынын башкы милдети - жылдыздардын кыймылын изилдөө өнөр жайында жылдыз системасынын негизги тиби - галактика, айрыкча биздин Галактика, ошондой эле шар түрүндөгү жана чачыранды жылдыз чогулмалары, эселүү жылдыздар, галактикалык чогулмалар изилденет.

Жылдыз каталогу - Жылдыздардын экватордук координаталары (алардын өзгөрүшү), жылдыз чоңдуктары, спектрдик классы ж. б. мүнөздөмөлөрү көрсөтүлгөн тизмеси.

Жылдыздар Жылдыз каталогунда чоңоюу тартибинде жайгашат, жылдыздарды белгилөө үчүналар номерленет. Астрономиялык байкоолордун негизинде түзүлгөн Жылдыз каталогу жылдыздар системасындагы кыймылды жана алардын түзүлүшүн окуп үйрөнүүдө негизги материал, ошондой эле астрономия, геодезия жана асман механикасындагы негизги маселелерди тактоодо колдонулат. Жылдыз оруну белгиленген Жылдыз каталогунда белгилуу бир доордогу асман координаталарынын орточо экватордук системасын аныктоого жана ал системаны ошол доор үчүн кайра көрсөтүүгө жетиштүү маалыматтар болот. Ушуга ылайыкталып түздөн түз байкоонун негизинде алынган баштапкы жана жылдыз координаталары менен алардын өзгөрүшү көрсөтүлгөн туунду каталогдор да түзүлөт. Баштапкы Жылдыз каталогу жылдыздардын оруну мурдагылардан көз карандысыз аныкталган абсолюттук каталогго жана жылдыздардын оруну мурда координаталары белгилүү болгон жылдыздарга карата аныкталган салыштырмалуу каталогго бөлүнөт. Пулков обсерваториясында жаркырак жылдыздардын дайыма үзгүлтүксүз түзүлгөн каталогу абсолюттук Жылдыз каталогуна мисал боло алат.

Жылдыз кинематикасы - жылдыз астрономиясынын Галактиканын ар түрдүү объектилеринде кыймылдын мыйзам ченемин статикалык ыкма боюнча изилдөөчү бөлүмү.

Жылдыздардын айрым кыймылын, б. а. Жердин өз огунда, ошондой эле Күндүн айланасында айлануусу менен байланышкан нутация, прецессия ж. б. кыймылын изилдейт. 20-кылымдын башталышына чейин жылдыздардын калдыктуу ылдамдыгынын бөлүнүшү иретсиз Галактикадагы жылдыздардан экендиги айтылган, кыймыл багытынын бирдей эместиги статикалык изилдөөлөрдөн байкалган. Галактиканын айланышын изилдөө Күндөн тартып алынган аралыкта катуу нерселердин айлануу закону менен Кеплердин законунун ортосундагы мыйзам боюнча болорун көрсөтөт

Жылдыз модели - массасы жана химиялык курамы белгилүү болгон жылдыздарда заттын басымынын, тыгыздыгынын жана температурасынын теориялык жоболордун негизинде эсептеп чыгарылган бөлүнүштөрү.

Жылдыз моделин түзүү, газдуу жылдыздын тең салмактуулук абалын, механикалык жана жылуулук тең салмактуулугун аныктоого негизделген. Жылдыз модели (химиялык курамы боюнча) бир тектүү жана бир тектүү эмес, жөнөкөй жана татаал, көп фазалуу (абалдын теңдемеси менен энергия ташыгычы боюнча) болуп айырмаланат. Жылдыздардын эң жөнөкөй моделинин сырткы бөлүгү конвекциялуу ядродон жана нур кабыкчадан (оболочкадан) турат. Суутек гелийге өтүүдөгү ядролук реакциянын натыйжасында жылдыздын конвекциялуу ядросунда анын бардык энергиясы бөлүнүп чыгат. Көгүлтүр ысык жылдыздардын борборунун температурасы 30 млн градуска, тыгыздыгы 2 г/смг ге жетет. Күндүн борборунун температурасы 15 млн градуска жакын, тыгыздыгы 100 г/см3; Кызыл карлик жылдыздын борборунун температурасы 10 млн градуска, тыгыздыгы 1000 г/см3 ге жакын.

Жылдыз оруну (көрүнүүчү, чыныгы жана орточо) - жылдыздардын асмандагы абалын аныктоочу экватордук координаталар.

Бул координаталар жылдыздардын өз кыймылынан, Жердин прецессия жана нутация мезгилинде асман экваторунун абалынын өзгөрүшүнөн, жарык аберрациясынын натыйжасында үзгүлтүксүз өзгөрүп турат. Түздөн түз байкоонун жана рефракция менен суткалык аберрацияны эсепке алуунун натыйжасында көрүнүүчү Жылдыз орунунун координаталары аныкталат. Мындан тышкары жылдык аберрацияны эсепке алгандан алынган координата чыныгы Жылдыз орунуна тиешелүү. Нутациядан кийинки координаталар орточо Жылдыз орунун аныктайт. Жылдыздар каталогунда тандалып алынган жылдын экватордук координатасынын орточо Жылдыз оруну берилип, ал каталог доору деп аталат. Тандалып алынган жылдыздар үчүн көрүнүүчү Жылдыз оруну жылына чыгуучу астрономиялык журналда берилет.

Жылдыз статистикасы – жылдыз астрономиясынын бөлүмү. Ал физикалык окшош мүнөздүү жылдыздардын мейкиндикте бөлүнүшүн, ар түрдүү жылдыздардын ортосундагы статикалык көз карандылыкты математикалык статика ыкмасы менен изилдейт.

Жылдыз статистикасын англис астроному В. Гершель кийирген. Жылдыз статистикасынын башкы милдети - жылдыз тыгыздыгын, б. а. бирдик көлөмдөгү жылдыздардын санын математикалык статистиканын ыкмасын пайдаланып аныктоо. Асман объектисинин бөлүнүшүн изилдөөнүн ыңгайлуу ыкмасын советтик астроном М. А. Вашакидзе (1937) жана аны менен байланышпай туруп, голланд, астроному Я. Оорт (1938) сунуш кылган. Советтик астроном Б. В. Кукаркин (1947) Вашакидзе - Оорт ыкмасын өзгөрмө жылдыздардын мейкиндикте орун алышын изилдөө үчүн колдонгон.

Жылдыз чоңдугу - жылдыз же асман телосунун жаркыроо чени. Биздин заманга чейин 2-кылымда Гиппарх куралсыз көзгө көрүнгөн жылдыздарды 6 топко бөлгөн, эң жаркырак жылдыздарды 1-чоңдукка, эң начарын 6-чоңдукка киргизип, калгандарын 2-, 3-, 4-, 5-чоңдуктарга ылайыктаган. Бир чоңдуктан экинчисине өткөндө жаркыроонун өзгөрүшү көзгө бирдей болуп көрүнөт, кийин фотометриялык өлчөмдүн жардамы менен 1-чоңдуктагы жылдыздын жаркыроосунун 6 чоңдуктагы жылдызга болгон катышы 100гө барабар экендиги аныкталган. Бул катыш Жылдыз чоңдугунун 5 интервалына туура келгендиктен, жанаша чоңдуктагы эки жылдыздын жаркырактыгынын катышы V100 = 2,512ге барабар. Эгер Е1жанаЕ2 эки жылдыздын жарыктанышы, т1жанат2 аларды жылдыз чоңдугу болсо, анда алардын катышы Е1/ Е2 = 2,512 (т1т2) болот. Мындан жылдыздын жаркырактыгы чоң болсо, анын чоңдугунун сан мааниси кичине болору келип чыгат. Абдан жаркырак жылдыздын жылдыз чоңдугу нөл же терс сан, абдан начар жылдыз чоңдугу оң сан менен туюнтулат. Мисалы., эң жарык жылдыз Сириустун жылдыз чоңдугу т= -1,46; Күндүкү т= -26,78 ; толгон Айдыкы т= -12,712 ; эң начар жылдыздыкы т = 23 жана башка.

Жылдыздар атласы жана картасы - жылдыздуу асмандын же анын бөлүгүнүн картасы жана атласы.

Асмандын бүтүндөй чектеш же айрым бөлүгүн чогулткан жылдыздар картасы жылдыздар атласы деп аталат. Жылдыздар атласы жана картасы телескопту асмандын керектүү чекитине багыттоо үчүн пайдаланылат. Асмандагы жылдыздарга же жылдыздар каталогундагы астрофотографиялык сүрөттөлүшүнө салыштырып, асман объектисин (планетакомета, өзгөрмө жылдыздар, жылдыз чогулмалары жана тумандуулуктар ж. б.) байкоо үчүн пайдаланылат.

Жылыдыздар картасын түзүүдө жылдыздар картографиялык, проекциялык теорияны колдонуу менен координата огуна туура келген масштабда тандалып алынат. Жылдыздар атласы жана картасы асман жарык чыгаруучуларынын асман сферасындагы абалын белгилөө үчүн колдонулат. Жылдыздуу асманды толук сүрөттөөдө глобус пайдаланылат. Жылдыздар атласы жана картасын астрономияга немец астроному Н. Байер (1903) киргизген. Мында ар бир топ жылдыздын жарык жылдызы грек тамгасы менен белгиленген жана азыркы учурда да пайдаланууда. Кыймылдуу Жылдыздар атласы жана картасынын жардамы менен берилген кеңдикте жылдыздуу асмандын кайсы бөлүгү горизонтко туура келери жана убактысы аныкталат.

Жылдыздар чогулмалары - тартылуу күчтөрү жана жаралуу жалпылыгы менен байланышкан жылдыздар тобу; алардын саны бир нече ондогондон жүз миңдеген жылдыздарга чейин жетет.

Жылдыздар чогулмалары чачыранды жана шар түрүндө болот.

Чачыранды жылдыз чогулмасы ондогон, жүздөгөн жылдыздарды бириктирип, өлчөмдөрү бир нече парсекти түзөт. Алар Галактиканын экватор тегиздигинде топтолгон. Химиялык курамы боюнча Күнгө жана галактиканын дискасындагы башка жылдыздарга окшош. Чачыранды жылдыз чогулмасына Букачардын Үркөр жана Гиаддары кирет. Биздин Галактикада миңден ашык жылдыздар чогулмалары бар, бирок алар 20 эсе көп болушу мүмкүн.

Шар сымал жылдыздар чогулмалары жүз миңдеген жылдыздардан турат. Жылдыздар борбордо топтолуп, сфералык же эллипстик формада болот. Өлчөмдөрү 100 –200 пкче. Шар сымал жылдыздар чогулмалары Галактиканын борборуна жакын жайланышкан. Жерге салыштырмалуу ылдамдыгы 100 км/сек гелийдин оор элементтери аз болгондугу менен чачыранды жылдыздар чогулмаларынан айырмаланат. Галактикада азыр 130дай шар сымал жылдыздар чогулмалары белгилүү, бардыгы 500дөй болушу мүмкүн.

Жылдыздар чогулмаларынын кыймылы

Жылдыздар чогулмалары Галактика борборунун айланасында кыймылдайт. Чачыранды жылдыздар чогулмаларынын Күнгө салыштырмалуу кыймыл ылдамдыгы анча чоң эмес (орточо 20 км/сек), шар сымал жылдыздар чогулмаларыныкы алда канча чоң (орточо 170 км/сек). Жылдыздар чогулмаларынын ядросундагы жылдыздардын жакындашы алардын кыймыл энергиясынын алмашуусуна алып келет. Ушунун негизинде жылдыздар чогулмаларынын кээ бир мүчөлөрү ашык энергияны алат жана таажы аймагына өтөт же чогулмадан такыр чыгып кетет. Ядро бул учурда кысылат. Ядронун диссипация процесси мүчөлөрү аз чогулмаларында, башкача айтканда чачыранды чогулмаларда өзгөчө тең өтөт. Ошондуктан биздин Галактикадагы эски чогулмалардын эң массивдүүлөрү, б.а. шар түрүндөгү чогулма гана сакталып калган. Мүчөлөрүнүн өздүк кыймылдарында перспектива кубулушу байкалуучу, Күндө эң жакын турган чогулма (мис., Гиаддар) кыймылдоочу чогулмалар деп аталат (перспектива – өздүк кыймылдардын багыттарын асман сферасында улантканда өз ара кесилишет дегенди билдирет). Кыймылдоочу жылдыз чогулмасы аралыктарын аныктоодо өзгөчө мааниге ээ, себеби аларга чейинки аралыкты жөнөкөй геом. ыкма м-н табууга болот.

Жылдыздар эволюциясы - жылдыздар өөрчүшү убакыттын өтүшү менен жылдыздардын физикалык мүнөздөмөлөрүнүн жана химиялык курамынын өзгөрүшү. Жаратылыштагы бардык объектилер сыяктуу эле жылдыздар пайда болот, өнүгөт, акырында «өлөт». Жылдыздардын «өмүрү» анын массасына көз каранды. Массасы Күндүкүнөн кичине жылдыздар узак (ондогон млрд жылдар бою) жашайт, себеби массасы анчалык чоң болбогондуктан, гравитация күчүнө жылдыздардын түпкүрүндө жүрүп жаткан ядролук реакция тең салмакта турат. Массасы чоң жылдыздар тез «карыйт», мисалы, массасы Күндүкүнөн 15 эсе чоң жылдыздар энергия запасын 10 млн жылда эле «түгөтүп» алат. Дээрлик бардык жылдыздар өмүр бою температурасы менен өлчөмдөрүн өзгөртпөй сактайт. Бирок борбордук бөлүгүндөгү суутек гелийге айланып бүткөндө жылдыз өзгөрө баштайт. Анын өлчөмү чоңоюп, чыгарган энергиясы өсүп, кызыл алпка айланат. Борбордук бөлүгүндөгү температурасы 100 млн градуска чейин көтөрүлүп, ядродогу гелий көмүртекке айланат. Кийин алптын тышкы катмары бөлүнүп кетиши мүмкүн, анда жылдыз планеталык тумандуулуктун газ алкагында калат. Акырында жылдыз кысылып, сууп бараткан ак кидикке айланат. Массасы Күндүкүнөн 1,4 эсе чоң жылдыздар ак кидикке айлангандан кийин. кысылуусун токтото албай калат. Гравитация күчүнүн кысуусунан электрон менен протондордун өз ара аракети бардык массаны нейтронго айландыруусунан нейтрон жылдызы пайда болот. Эгерде жылдыздын массасы же тышкы катмары бөлүнүп кеткенден кийинки калдыгы Күн массасынан 3-5 эсе чоң болсо, анда кысылуу процесси нейтрондук жылдызга айлангандан кийин да токтобойт, кысылуунун эбегейсиз күчү менен кара көңдөйгө айланат.

Жылдыздардын кыймылы – көптөгөн убакыт өткөндөн кийин 18-кылымдын башында астроном Э. Галилей, Птолемей түзгөн каталогдогу өтө жарык жылдыздардын асман сферасында кыймылда болушун биринчи жолу аныктаган. Жылдыздардын кыймылына байланышкан прецессия, нутация, аберрация жана жылдык параллакс кубулуштары таасирин тийгизишет.

Бул таасирлерди эске албаганда, асман сферасында 1 жылдагы бурчтук секунда менен туюнтулган Ж. к-нан түзүлгөн жаа жылдыздардын өздүк кыймылы деп аталат.

Жылдыздуу асман - түнкүсүн асман чүмкөгүнөн көрүнүүчү жарык чыгаруучулардын жыйындысы.

Түн ачык болгондо Саманчы жолуна жакын жайгашкан 2,5 миңге жакын жылдыз (6-жылдыздык чоңдукка чейин) көзгө куралсыз көрүнөт. Жылдыздуу асманга багыт алуу ыңгайлуу болсун үчүн жылдыздар топторго бөлүнгөн. Ар бир топ жылдыздагы эң жаркырак жылдыздар мүнөздүү топторду түзөт, аларды Жылдыздуу асманда оңой байкоого болот. Жылдыздуу асман 88 топ жылдызга бөлүнүп, алардын ортосундагы чеги эл аралык астрономиялык союздун чечими боюнча (1930) белгиленген. Таблицада жылдыздардын кыргызча жана латынча аттары, ошондой эле Жылдыздуу асмандагы оруну кыскача берилген. Жылдыздуу асмандан жылдыз чогулмаларын, Галактикалык тумандуулукту, Галактиканы, галактика чогулмаларын, квазарларды ж. б., Күн системасынын составына кирүүчү телолорду, планеталарды, алардын спутниктерин, кичине планеталарды, кометаларды, жасалма космостук объектилерди, Жердин жасалма спутниктери менен космостук зонддорду байкоого болот. Жылдыздуу асмандын көрүнүшү Жердин айланышы менен шартталып, асман сферасынын суткалык айланышынан үзгүлтүксүз өзгөрүп турат.

Кара көңдөй (black hole) – жалпы салыштырмалуулук теориясы тарабынан орун алары алдын ала айтылган космос объектиси.

Алар өтө чоң космос телолорунун кысылуусунан, башкача айтканда гравитациялык коллапста пайда болот. Кара көңдөйдү өзүнө тартуу күчү, сырттан түшкөн газдардын тормоздук таралышы бонча байкоого болот. Азыркы көзкараш боюнча кара көңдөйлөр өтө чоң жылдыздар эволюциясынын акыркы стадиясы катары каралат. Биздин Галактикада көп сандаган кара көңдөйдүн болорун астрономдор болжолдошууда. Кара көңдөйдүн болуу мүмкүндүгүн 1798-ж. Лаплас Ньютондун тартылуу законунун негизинде алдын ала айткан болучу. Ал жарыкты өтө майда бөлүкчөлөрдүн агымы түрүндө элестеткен.

Ак-Жылдыз (Вега) – Түндүк жарым шардагы эң жаркырак жылдыз – Веганын кыргыздар койгон аты.

Лира топ жылдызына кирет. Жайкы түндө асмандан жаркырап жакшы көрүнгөндүктөн кыргыздар аны Акжылдыз, Жаркырак жылдыз деп атап, анын таңга маалкы абалына карата эгин эгүү маалдарын аныктаган.





Жылдыздар температурасы – жылдыздардын нурлануулары аркылуу аныкталат.

Бул нурлануулар абсолюттук кара телонун нурлануусу менен дал келет. Нурлануу бул жылдыздардын спектринде үзгүлтүксүз фон түзүүчүлөр болуп эсептелет. Жылдыздар температурасы, бул анын фотосферасынын (Күндөгү фотосфера сыяктуу) температурасы, ал эми радиусу жылдыздардын радиусу катары эсептелет. Жылдыздар температурасын аныктоо ыкмасы байкоолордон алынган көрсөтмөлөргө көзкаранды. Көпчүлүк Ж-дын т. 2800° Сден 30000° Сге чейин аныкталган.







8. Ааламдын эволюциясы

  •   Эволюция – бул латын тилинен «evolutіo – өрдөө, өркүндөө» деген маанини билдирип, бул аалам өзүнөн өзү өркүндөн өсүү жолу менен пайда болуп, тиричилик пайда болгон дегенди түшүндүрөт. 

1917-жылы Ааламдын релятивистик моделин тузгон.

  • 1.Ааламда галактикалар бирдей жайгашкан эмес, алар топтошкон жылдыздар тутумунан турат.

  • 2. Галактикалар оз ара бири-биринен алыстоодо болот.

  • 3. Ааламдын бизге белгилуу болугу бир тектуу жайланышкан радионурлар менен топтолгон.Анын температурасы 3К . Ал реликт нурлары деп аталат.



Космология (cosmology) – бүтүндөй Ааламдын түзүлүшү жана эволюциясы жөнүндөгү окуу.

Космологиянын маанилүү маселелери мейкиндик менен убакыттын геометриялык структурасы, Ааламдын эволюциясы, анын ар кандай объектилеринин (айрыкча галактикалардын) жана алардын топторунун пайда болушу жана өсүшү.
Космология эмпирикалык маалыматтарды галактикадан тышкаркы астрономиядан алса, анын теориялык негизи физиканын жалпы закондоруна таянат.

Космологияда моделдештирүү ыкмасы жана эсептөөлөрдү жүргүзүүдө ЭЭМ кеңири колдонулат. Космологиянын корутундулары илимий жана философиялык чоң мааниге ээ. Азыркы космологияда «ысык» Аалам модели кеңири тараган. Бул модель боюнча Аалам кеңейе баштаган баштапкы мезгилде зат жана нурлануу өтө жогорку температурага жана тыгыздыкка жетет. Кеңейүү акырындык менен гравитациялык конденсациянын натыйжасында галактикалардын башталышын, галактикаларды, жылдыздарды жана башка космос телолорун пайда кылат.
Ааламдын чечиле элек маанилүү проблемалары: сингулярдуулук деп аталган Ааламдын алгачкы өтө жогорку тыгыздыктагы абалы жана анын жашоосунун акыркы фазасы (сингулярдуулук абалга кайра келүүсү).



Ааламдын модели - Биздин кылымдын башталышында. Эйнштейн И.Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу теориясын жалпылоочу жалпы салыштырмалуулук теориясын ачты.

А.Эйнштейндин теориясынын негизинде советтик математик А.А.Фридман бүткүл ааламдын математикалык моделин түздү. Бул модель азыркы илимий космологиянын башталышы болду. Фридман тартуу күчүнүн аракетиндеги ааламдагы заттар тынч абалда болбойт. Аалам кеңейүү абалында же кысылуу абалында болот деген.

Азыркы мезгилдеги илимде ааламдын үч модели белгилүү.

  • Мейкиндик – убакыт координаты боюнча чексиз кеңейүүгө дуушар болуучу ааламдын ачык модели.

  • Мейкиндик жана убакыт боюнча чектелген ааламдын жабык модели. Бул модель боюнча аалам белгилүү өлчөмгө чейин кеңейип (чектелип), андан соң кысылуу менен алмашылат.

  • Эки моделдин ортосундагы абалда болот. Мында мейкиндиктин ийрилиги нөлгө барабарланып аалам чексиз кеңейет, андан кийин кеңейүү ылдамдыгы кескин азаюу менен акырында нөлгө барабар болот.



Аалам.

Аалам – материянын өнүгүү процессинде чексиз, ар түрдүү форма алып, мейкиндик жана убакыт жагынан чектелбеген бүткүл дүйнө.

Ааламды изилдөөгө бардык табият таануу илимдер катышып, космология илиминин негизин түзөт. Ааламдын азыр бизге дайын бөлүгүн астрономия изилдейт. Жер - Ааламдагы телолордун бири. Жерден башка планеталар бар экендиги, алардын баары биригип Күн системасын түзө тургандыгы белгилүү. Күн системасынын диаметри 10 млрд. км ге жакын. Бул аралыкты жарык нуру 10 саатта басып өтөт.

20-кылымдардан бери Күн системасын кошо камтыган Галактиканы изилдөө өрчүй баштады. Биздин Галактиканын чеги 100 миң жарык жылына барабар экендиги жана андан тышкары башка Галактикалар да бар экендиги 20-жылдарда белгилүү болгон. Галактикалар бизден канчалык алыс болсо, спектринде байкалган сызыктардын кызыл нурга карай жылганы байкалат. Капиталистик өлкөлөрдөгү айрым астрономдор азыркы күндө акырына чейин ачыла элек бул кубулушту пайдаланып, дүйнөнүн жаралышы жөнүндөгү идеяны «илимий» негиздөөгө, фидеизмди жайылтууга аракет жасайт.

Ааламдын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – андагы материянын бир калыпта эмес жайланышы. Материянын негизги бөлүгү өтө чоң тыгыздыктагы космос телолорунда (жылдыздардапланеталарда), тыгыздыгы эң аз заттар Ааламдын калган көлөмдөрүндө жайланышкан. Мында да заттар бир калыпта таралган эмес. Газ менен чаңдын тыгыздыктары (10-24-1025г/м3) кадимки жылдыздар аралык мейкиндиктин тыгыздыгына салыштырганда көп эсе чоң.

Асман телолор системасынын түзүлүшүнүн изилдөө үчүн ал телолордун мейкиндикте орун алуусуна жана кыймылына таасир эткен күчтөрдүн жаратылышын билүү зарыл. Планеталардын айланышы, кометалардын ядросунун Күн системасындагы кыймылы толугу менен бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчү аркылуу түшундүрүлөт. Аалам качан жаралган деген суроого идеалист астрономдор: ал жоктон жаралып, андан бери 2 млрд.жыл өттү, -деп далилдөөгө аракеттенишип, бул убакытты Аалам нөл радиустан азыркы чоңдукка чейин кеңейтүүгө кеткен мезгил катарында эсептешет. Материалист астрономдор асман телолорунун системасынын жашоо убактысы анын ичине кирген кичирээк системалардын жашоо убактысынанан чоң деп далилдешет. Мисалы: биздин галактиканын жашоо убактысы Күн системасында салыштырмалуу алганда, алда канча чоң. Жылдыздардын же башка асман телолорунун жашоо убактысы алардын өз классындагы телолордун сапатына дейре өнүгүп жеткен мезгилинен баштап эсептелет. Анда жандуу жаратылыш Жерде гана эмес, башка жылдыздарды тегеренген планеталарда да болушу мүмкүн деп болжолдоого болот.

Биздин галактика

  • Кун жана планеталар системасын толугу менен камтыган ото чон жылдыздар системасы башка галактикалардан айырмалоо учун «биздин Галактика» деп аталат.

  • Курамына эн коп сандагы жылдыздар кирген системалар галактикалар деп аталат.

1998-жылы «Хаббл » телескобунун жардамында Ааламда 125 млрд галактика бар экендиги аныкталган .



Спиралдуу галактика.



Саманчынын жолу

  • Жылдыздуу асманды чон тегерек боюнча кесип өткөн ,түндүк учу Вероника топ жылдызында жайгашкан анча жарык эмес жылдыздар тилкеси Саманчынын жолу деп аталат.



Жылдыздар жымындаган булутсуз карангы түндө бүткүл асманды курчап тургансыган тилкени көрүүгө болот. Аны кыргыздар илгертен эле "Саманчынын жолу" деп атаган. Азыр аны телескоп менен караганда "Саманчынын жолу" күңүрт жарык чыгарган көп сандаган жылдызчалардан туруп, куралсыз көзгө алар туташ жарыктай көрүнөт.

"Саманчынын жолу" жылдыздардын зор системасы - Галактикага кирген жылдыздардын негизги тобу. Жерден көрүнүүчү башка жылдыздар, Күн жана биз жашаган Жер планетасы да Саманчынын жолу галактикасына таандык.

Саманчынын жолу башка элдерде Сүттүү жол, Асман дарыясы деп да аталат.

Бул сөз байыркы гректердин “galaxias” – сүт­түү айлампа деген сөзүнөн келип чыккан.
Саманчынын жолу спираль түрүндөгү галактикалардын бири. Жашы болжолдорго караганда, 12800-13600 миллион жылдардын тегерегинде. Галактика жылдыздардан жана жылдыздар аралык заттар: чаң жана газдардан турат. Чаң жана газдар жылдыздардын арасындагы боштукту толуктайт. Галактиканын бир башынан экинчи башына жарык жылынын эсеби менен 100 000 жылда жетүүгө болот (жарыктын ылдамдыгы 299 792 458 м/с түзөт).

Башкача айтканда, галактиканын бир башынан чыккан жарык экинчи башына 100 000 жылда жетет.

Галактика орточо эсеп менен 200 миллиард жылдызды өз кучагына камтыйт. Тактап айтканда, галактика ири жылдыздар системасы болуп саналат. Күн болсо жылдыздардын бири. Көпчүлүк жылдыздардын чоңдугу Күндүн чоңдугундай. Тагыраак айтканда, диаметри 1 390 000 чакырым. Кээ бир жылдыздар Күндөн 100 эсе чоң болсо, кээ бирлери 300 эсе чоңдук кылат. Жылдыздар жаралат жана өлүшөт. Жылдыз канчалык чоң болсо, ошончолук өмүрү кыска. Себеби күчтүү жарылууга туш болушат.
Күн орточо өлчөмдөгү жылдыз. Аны 9 планета айланып жүрөт.
Жылдыздар бири-биринен ар кандай алыстыкта жайгашкан жана бетиндеги температурага жараша өңдөрү ар башка. Ак-көгүш өңдөгү жылдыздар эң ысык жылдыздар болуп эсептелет. Ал эми кызыл жылдыздар муздак жылдыздардын катарына кирет.

Жылдыздар ара­сында ар түрдүү­чө топтошуп жайгашкандары кездешет. Мисалы, жылдыздар сейрек жайгашкан топтомдо 50дөн 2000 жылдызга чейин болот. Булар адатта жаш жана чоң жылдыздар. Ал эми шар сымал топтошкондордун курамында бир нече миллион жылдыз болот. Алардын көбүн картаң жылдыздар түзөт.

Күн системасы Галактиканын четирээк жагында жайгашкан. Галактиканын борборунда болсо галактика ядросун түүзүчү бири-бирине тыгыз жайгашкан дээрлик шар түрүндөгү топ жылдыздар бар. Бардык жылдыздар Галактиканын ядросунун тегерегинде айланат; Күн да өз планеталары менен бирге галактика ядросун 220 млн жылда толук айланып чыгат. Бул эн зор убакыт аралыгы галактикалык жыл деп аталат. Күн өзү пайда болгондон бери галактиканы орточо эсеп менен 30 жолу айланып чыкты деген маалымат бар.

галактикалар.

Башка галактикалардын борборлору жаркырап турса, биздин Саманчынын жолунун борбору тескерисинче жаркырабайт. Изилдөөлөргө караганда, борбордук бөлүктө кара көңдөй жайгашкан. Ал абдан бекем тыгыздыкка жана мыкты тартылуу күчүнө ээ. Андыктан андан жарык да суурулуп чыга албайт. Башкача айтканда, Жердин тыгыздыгын кара көңдөйдүн тыгыздыгына окшоштуруу үчүн Жерди ширеңкенин көлөмүнө чейин кысуу керектелет. Изилдөөлөргө караганда, борбордогу чоң кара көңдөйдүн тегерегинде майда кара көңдөйлөр жана жаштары 2 миллиард жылды түзгөн картаң жылдыздар айланып жүрүшөт. Асман материялары кара көңдөйгө сорулганда майда бөлүктөргө бөлүнүп, күчтүү нурданууну чыгарышат.
Кара көңдөй боюнча божомолдор абдан көп. Анткени ал изилденип бүтө элек.

Галактиканын курамында жылдыздардан башка майда космостук чаң менен газдан турган эбегейсиз зор суюк булуттар да бар. Алар чаң жана газ тумандуулугу деп аталат. Галактиканын көп эле жылдыздарын планеталар айланып жүрүшү ыктымал, бирок азыркы телескоптор менен да аларды көрүүгө мүмкүн эмес.

Болжолдуу түрдө галактиканын көйнөктүн жеңине окшогон спиралдуу 4 бөлүгү бар. Ал бөлүктөр сандаган жаңы жылдыздардан, чаңдар менен газдардан турат. Чаңдар жана газдар болсо жаңы жылдыздардын пайда болушун шарттайт. Демек, галактиканын жеңге окшош бөлүктөрү жаш жылдыздардын мекени десек жарашчудай.

Галактика координаталары - негизги тегиздиги Галактиканын борбору аркылуу өткөн жанаСаманчы жолунун тегиздиги менен далкелген координата системасы. Бул тегиздик асман сферасын галактика экваторунун сызыгы боюнчакесип өтөт; координаталары: Галактика узундугу l галактика экваторунун Түндүк тарабынан караганда (0°тан 360°ка чейин) галактика борборуна карай саат жебесине каршы багытталган жаа; галактика кеңдиги bгалактика кеңдигинин галактика экваторунан жарык чыгаруучуга чейинки (0°тан 90°ка чейин) тегерегинин жаасы. Галактика координаталарыжылдыз астрономиясында галактика кеңдигин жана узундугун аныктоодо колдонулат.

Галактика ядросу — Галактиканын Саманчы жолунун орто сызыгына дал келүүчү борбору. Галактик иги асман сферасын чоң тегерек боюнча кесип өтөт, алгалактика экватору деп а тегизд аталат. Жылдыздар чогулмасы галактика ядросун көздөй көбөйөт, ошондой эле Галактика тегиздигинде көп топтолот. Галактика ядросу асман сферасында болжол менен 30°х20° аянтты ээлейт, башкача айтканда өлчөмү бир нече килопарсекке (кпс) жетет. Галактика ядросунун түзүлүшү татаал жана жылдыз аралык жутулуу күчтүү болгондуктан, Галактиканын борбордук бөлүгүн изилдөө кыйын.

Галактикадан тышкаркы астрономия - астрономиянын биздин Галактиканынчегинен тышкаркы асман сферасындагы объектилерди жана кубулуштарды изилдөөчү бөлүмү. Галактикадан тышкары астрономия изилдеген жылдыз, газ системалары табияты боюнча биздин Галактика сыяктуу эле болуп, бирок алар бизден өтө алыс бир нече жүз миңдеген жана миллиондогон жарык жылындагы аралыкта жайгашкан. Галактикадан тышкары астрономия илим катары 20-кылымдын башында пайда болгон. Асман сферасынан көз менен же жөнөкөй телескоп аркылуу байкалуучу жылдыздардын бардыгын камтыган биздин Галактика чектүү жана ага окшош башка жылдыз системалары бар деген идея 18кылымдын ортосунан эле айтылып келген. Телескоптордун өркүндөтүлүшүнүн натыйжасында биздин Галактикадан тышкары начар жаркыраган тумандуулуктар бар экендиги аныкталган. Алар жөнүндө1781-ж. франциялык астроном Ш. Мессье 100 объектиден турган биринчи каталогду түзгөн. Кийин сапаттуу байкоолордун натыйжасында, ал тактардын бирдей эместиги, айрымдары газ тумандуулугу, алыскы жылдыздар системасы экендиги байкалган. 20-кылымдын башында Маунт-Вильсон (АКШ) обсерваториясынын астрономдору биринчи жолу көптөгөн тумандуулуктардын ичинен өтө начар көрүнгөн жылдыздарды байкашкан. 1923-24-ж. Э. Хаббл 2,5 метрдик телескоптун жардамы менен бир нече тумандуулуктардан жаркырактыгы мезгил-мезгили менен өзгөрүп туруучу цефеиддер тибиндеги жылдыздардын тобун ачкан. Бул жылдыздар аркылуу тумандуулуктардын Жерге чейинки аралыктарын жогорку тактыкта аныктаган. Ал жылдыздар системалары биздин Галактикадан тышкары жайгашкан Галактикалар деп аталат. Ошол мезгилден баштап Галактикадан тышкары астрономия өнүгө баштады. Ал эми 1929-ж. Э. Хаббл галактикалардын бизден алыстоо ылдамдыгы менен ага чейинки аралыктарынын өзара түздөн түз сызыктуу байланышы бар экендигин аныктап, спектрлердеги кызыл жылыш менен байланыштуулугун көрсөткөн. Ал ыкма аркылуу галактикаларга чейинки аралыктарды, алардын өлчөмүн жана массасын аныктоого жетишкен. 1963-ж. жылдыз сымал радионурлануу булагы ачылып, алар квазарлар деп аталат. Алардын саны азыркы күндө бир миллиондон ашып кетти. Өтө жарык квазарлар 12,6жылдыз чоңдугуна ээ болуп, ал бизден 3 млрд жарык жылындагы аралыкта жайгашып, каталогдо 3С273 менен белгиленген. Анын жаркырактыгы Андромеда галактикасынан 500 эсе жарык. Галактикадан тышкары астрономия галактика дүйнөсү да жылдыздар дүйнөсү сыяктуу өтө ар түрдүү боло тургандыгын аныктады.М. Токтогулов.





9. Галактикалык телолор

Галактикалык телолор - чексиз мейкиндиктеги чексиз көп сандаган планеталар, кометалар, жылдыздар, галактикаларжана башка космос объектилери. Жылдыздар мейкиндикте бирдей жайгашкан эмес, алар Галактика деп аталган системалардан турат. Галактикалар жана Галактикадагы жылдыз аралык мейкиндик жана галактикалар арасындагы мейкиндик газ, чаң, элементардык бөлүкчөлөр, магниттик жана гравитациялык талаа жана башкагалактикалык телолор менен толгон. Күн Галактиканын миллиарддаган жылдыздарынын бири. Ал планеталар менен курчалган. Планеталардын айланасында айлануучу жандоочулары бар. Күн системасына башка асман телолору кометалар, метеориттер жана башка да кирет.

Галактикалык тумандуулуктар — суйдаң газдардан түзүлгөн бу­луттар менен чаңдардан турган түрдүү формадагы асман объектилери.

Галактикалык тумандуулуктар түрү боюнча планеталык жанa диффузиялыкфиз. табияты боюнча газ, чаң жана газ-чаң тумандуулуктарга бөлүнөт. Планеталык тумандуулуктардын сырткы көрүнүштөрү алыскы планеталардын (УранНептун) дискасына окшош болгондуктан ушундайча аталып калган. Формасы тегерек же эл­липс түрүндө болуп, жарыктануулыары бир калыпта болбойт да, ядролорунун темп-расы 30 000—100 000°Сге жетет. Алардын составында көбүнчө суутек, мындан тышкары гелийкычкылгеказоткөмүртек ж. б. жедил элементтер кездешет. Тумандуулук­тардын кабык (оболочка) массасы Күн массасынын 0,01—0,1 бөлүгүн түзөт. Биздин Галактикада бир нече ондогон миң Галактикалык тумандуулуктардын болушу болжолдонот. Алардын 400дон ашыгы белгилүү.

Диффузиялык тумандуулуктар метеорит чандары менен газдардан түзүлгөн булут түрүндө болот да жарыкты өзүлөрүнө жакын жайгашкан өтө ысык жана жарык жылдыздардан алат. Жылдыздан алыс, бирок өзү жа­рык берип турган булуттар да кезде­шет. Диффузиялык тумандуулук үч класска бөлүнөт: эмиссиялык, чагылдыруучу жана күңүрт тумандуулуктар. Булардын массасы Күндүн 10дон тартып бир нече миңге чейинки массасын түзөт, ал эми температурасы 10 мин градуска жетет. Күңүрт тумандуу­луктар Саманчы Жолунан көп бай­калат. Алар көп сандаган жылдыздардын жарыгы менен даана бөлүнөт. Күңүрт тумандуу.туктар космостук чаң болгондуктан, жылдыздардын жарыгын жутуп алышат.

Космос нурлары – космос мейкиндегинде ылдамдыгы боюнча 100 000 км/сек дан жогору болгон заряддалган бөлүкчөлөр протон, электрон, ядролордун ар түрдүү багыттагы агымы.

Космос нурунун бөлүкчөлөрү Жердин атмосферасына киргенде азоттун жана кычкылтектин атомдору менен кагылышып, алардын бузулушуна алып келет. Натыйжада атмосферанын бөлүкчөлөрү-нөн экинчи түрдөгү космостук нурлар пайда болот. Экинчи түрдө Космос нурлары атайын жасалгаланган белгилөөчү аспаптар (иондоштурулган бөлүкчөлөрдү эсеп-тегич) же өзгөчө ядролук фотоэмульсиялар аркылуу белгиленет. Бул ыкмалар биринчи түрдөгү комостук нурлардын бар экенин айгинелейт. Биринчи түрдөгү космостук нурлануулар иш жүзүндө жер бетине жетпейт. Космос нурлары 90%тен ашыгын протондор, 7%ке жакынын α-бөлүкчөлөрү (Гелий атомунун ядросу), 2%ке жакынын Гелий элементинен оор элементтер жана болжол менен 1%ке жакынын электрондор түзөт. Өзүнүн жаратылышы боюнча Космос нурлары Күндүк жана Галактикалык болуп 2ге бөлүнөт.

Жылдыздар аралык чөйрө – сейректелген газ, космос чаңы, магнит тааласы жана космостук нурлануулар менен толтурулган мейкиндик. Негизинен суутек, андан соң гелий, калган бөлүгү аз-аздан Менделеевдин мезгилдик системасындагы элементтер ээлейт.

Кээ бир өтө жогорку температурадагы жылдыздар (30000–50000 К) өзүнөн кыска толкундуу ультракызгылт-көк нурланууларды пайда кылып, ал нурлануулар жылдыз арасындагы чөйрөгө жутулат. Натыйжада ал чөйрөдөгү газдардын температурасы 10000К ден ашык болгондуктан өзүнөн жарык нурун чыгарат. Ал нурланууну биз газ булутчалары катары телескоптор аркылуу байкайбыз. Жылдыздардан алыс жайгашкан газдар тунук болот. Ошондуктан аларды оптикалык телескоптор менен байкоого мүмкүн эмес. Андай газдарды радиотелескоптор аркылуу гана байкоого болот.



Радио галактикалар – кадимки галактикаларга (биздин Галактикага же Андромеданын чоң галактикасына) салыштырганда өтө кубаттуу радио нурланууларга ээ болгон галактикалар. Радио галактикалардан тышкаркы радио булактардын көп сандаган тобун түзөт жана радио нурлануусу боюнча бир жагынан квазарларга жана нормалдуу (спиралдуу) галактикаларга таандык. Магнит талаасынын бир тектүүлүгү байкалбагандыктан, радиогалактикалардын нурлануусу сызыктуу полярланат. Радио галактикалардын радио нурлануусу табиятты синхрондуу, башкача айтканда ал начар магнит талаасындагы ультрарелятивдик (жарык ылдамдыгына жакын ылдамдык менен) электрондун кыймылынан пайда болот. Радио галактикалардын эволюциясы, энергия булактарынын табияты менен алардын релятивдик бөлүкчөнүн энергиясына айланышы – абдан татаал проблемалардан. Радио галактика жөнүндөгү гипотезалар азырынча так чечиле элек.





Башка галактикалар

Ааламдагы 25 галактика Жерги­лик­түү системага кирет. Алардын бири биздин Саманчынын жолу. 25 галактика өз ара тартылуу күчү менен тартылышып турат. Жергиликтүү системага кирбеген галактикалардын саны изилдөөлөр жүргүзүлгөн сайын өсүүдө. Болжолго караганда, алардын саны учурда 200 миллиондон ашат.
Ааламдагы биздин галактикадан башка галактикалар Жерден караганда кичинекей тумандуу так болуп гана көрүнөт. Галактикалардын жарык шооласы бизге миллиондогон жылдарда, ал эми эн алыскы галактикалардан – миллиардаган жылдарда араң жетет.

Галактиканын кээ бир планеталарында космоско радиосигнал жибере ала турган акыл-эстүү жандар болушу мүмкүн. Азыр окумуштуулар кубаттуу радиотелескоптор менен башка планетада жашоочулардын сигналын кармоого аракет кылып жатышат. Бирок азырынча мындан эч натыйжа чыга элек.

Эллипстик галактика ESO 325-G004.

Сырткы көрүнүшү бонча галактиктер жалпысынан эллипстик, спираль жана туура эмес формада болуп үчкө бөлүнөт.

Эллипстик галактиктер түрдүү формадагы кысылыштарга ээ болуп эллипсоид формасын алат. Ал галактиктер зор жана кидиктер түрүндө Ааламдан кездешип, бардык галактиктердин 1/4 үлүшүн түзөт. Бул галактиктер жалпы түзүлүшү бонча эң жөнөкөй. Жылдыздардын жайланышы анын борборунан алыстаган сайын саны бонча азая берет.

Спиралдык галактиктер жалпы галактиктердин өтө көп санын түзөт. Буга биздин Галактика жана Андромеда (М 31) гигант тумандуулугу кирет. Андромеда куралсыз көз менен көрүнгөн аз сандагы галактиктердин ичинен эң жакшы байкалган галактиктердин бири. Спиралдык галактиктер күн массасынын 109–1012 сындагы массасын түзөт.

Туура эмес галактиктердин борборунда ядросу жок болуп, анын түзүлүшүндөгү иреттүү законченемдүүлүктү аныктоо өтө кыйын. Жер шарынын түш.жарым шарында жашаган адамдар куралданбаган көз менен туура эмес галактиктердин катарына кирген Чоң жана Кичи Магеллан булутчаларын көрө алышат. Алар биздин Галактиканын жандоочулары болуп саналышат. Магеллан булутчаларынын массасы жана өлчөмү биздин Галактикага салыштырганда алда канча кичине.

Ааламда эллипстик, спираль жана туура эмес формадагы галактиктерден башка да галактиктер болушу мүмкүн. Алсак, алардын бири өз ара аракеттешүүчү галактиктер. Алар көпчүлүк учурда бири бирине жакын жайгашып, жарык чыгаруучу материя «көпүрө» аркылуу байланышып, бири экинчисине кирип да турат.





Галактикалар жок болушу мумкунбу

Астрономдордун болжолуна таянсак, Саманчынын жолу 5 миллиард жылдан кийин өлүмгө учурайт. Анткени биздин галактика убакыт өткөн сайын Андромеда тумандуулугу деп аталган галактикага жакындап баратат. Акырында Саманчынын жолун аталган галактика жутуп алат.

Мегагалактика

Hubble Ultra Deep Field — «Хаббл» спутнигинен тартылган. Оң жакта — Галактикалардын чоңойтулган сүрөттөрү.

Метагалактика — Галактиктер да жылдыздар сыяктуу топ бонча жайгашканы байкалат. Алсак, биздин Галактика Чоң жана Кичи Магеллан булутчаларынан жана 20га жакын Галактиканын жандоочуларынан турган системаны түзөт. Алар эселенген галактиктер болуп, өз айланасындагы бир нече жандоочулары менен бирге Андромеда тумандуулугун камтыйт.

Биздин Галактика жана Андромеда тумандуулугу галактиктердин жергиликтүү тобун (системасын) түзүп, өлчөмү миңдеген парсекке барабар. Жергиликтүү топ өтө чоң эмес системаны түзүп, ага жүз жана миңдеген галактиктер кирип, галактиктердин топтолуштарын түзүшөт. Бизге жакын жайгашкан галактиктер топтошуулары Бийкеч топ жылдызына тушма-туш келип, жүздөгөн ири галактиктерди камтыйт. Бул Галактиктик система бизден 20 мпк аралыкта жайгашып, анын диаметри 6 мпкке барабар. Өтө ири Галактиктик топтошуулар Вероника түктөрү, Түндүк Таажы, Геркулес жана башка топ жылдыздарга туш келет.

Галактикадан тышкары астрономиялык байкоодон, диаметри 50 мпкке барабар болгон 10 миң чамасындагы Галактиктердин жергиликтүү жогорку топтошуулары бар экендиги аныкталган. Ал жогорку топтошуучу галактиктердин борбору Бийкеч топ жылдызына туш келет.

Андан тышкары бир нече ондогон Галактиктердин жогорку топтошуулары аныкталган. Алардын экөө бизге жакын жайгашып 100 мпк аралыктан орун алат. Ошентип Ааламдын курамына ар түрдүү убакыт деңгээлинде атом ядросунан баштап Галактиктердин өтө зор топтошууларына чейинки системалар кирет.

Мегагалактика жана анын кеңейиши



.

Азыркы астрономиялык байкоолордун жыйынтыгы бонча чексиз Ааламдын бир бөлүгү Метагалактика же биздин Аалам деп аталат. Биздин Аалам түшүнүгү жалпы Ааламдан айырмаланып азыркы мезгилдеги пайда болгон өтө кубаттуу телескоптор аркылуу байкоого мүмкүн болгон Ааламдын бир бөлүгү болуп эсептелет. Метагалактикадагы галактиктердин арасындагы мейкиндиктер да өтө сейректелген газ, аларды аралап өткөн космос нурлары, андагы гравитациялык жана электр-магниттик талаалар орун алган болот. Өтө алыскы метагалактикалык объекттерден жарык бизге миллиард жылда жетет. Азырынча бизге белгилүү болбогон башка дагы метагалактикалардын жашашы мүмкүн.

1929-ж. амерерикалык астроном Э. Хаббл кызыктуу законченемдүүлүктү ачып, көптөгөн галактиктердеги спектр сызыктары кызыл түстү карай жылышарын байкаган. Спектрлердин жылыш өлчөмү Галактиктердин бизден алыстап жайгашуусуна байланыштуу экени аныкталган. Бул кызыктуу физ. кубулуш кызыл жылыш деп аталат.

Астрономдор кызыл жылыш законченемдүүлүгүнүн негизинде, биз менен башка галактиктердин ортосундагы аралык үзгүлтүксүз чоңоюда болорун жыйынтыкташты. Натыйжада Метагалактиканы түзгөн бардык Галактиктер өз ара бири биринен алысташат. Мындан каалаган башка Галактикада жайгашкан байкоочу, биз сыяктуу эле кызыл жылышты көрүшү мүмкүн.

Метагалактиканын кеңейишинин ачылышы Метагалактика өткөн байыркы мезгилде башкача болуп, азыркы учурдагы абалы, көптөгөн убакыт өткөндөн кийин, ал дагы таптакыр башкача болорун далилдеди.
Кызыл жылыш бонча Галактиктердин алыстоо ылдамдыгы аныкталган. Кээ бир Галактиктердин алыстоо ылдамдыгы өтө жогорулап, жарык ылдамдыгына салыштырмалуу болгон.
Айрым учурда 250 000 км/секдан ашкан өтө жогорку ылдамдыкка бизден эң алыс аралыкта жайгашкан Метагалактикага кирген квазарлар ээ болушат.



Космогония (cosmogony) – асман телолору менен алардын системаларынын (Күн системасы, жылдыздар, галактикалар жана башка) пайда болушун жана эволюциясын изилдөөчү астрономиянын бөлүгү.

Космогониянын маселелерин туура чечүү – геофизикалык жана геологиялык процесстерди туура түшүнүүгө орчундуу салым киргизет. Күн системасынын космогониясы жана жылдыз космогониясы өтө өнүккөн. 20-кылымдын 2-жарымында Күндүн жана планеталардын бирдиктүү муздак газ-чаң булутунан пайда болушу жөнүндөгү божомол далилденген.

Космогониялык божомолдор – Жердин, планеталардын жана башка асман телолорунун пайда болушун, эволюциясын түшүндүрүүгө багытталган божомолдор.
Планеталар өзүнүн шакегин бөлгөн кысылуучу газ тумандуулугунан (Лаплас гипотезасы) же метеордук чаң бөлүкчөлөрүнүн булутунан (Кант) пайда болот деген классикалык космогониялык божомолдор өз доорунда прогрессивдүү болгон. Кийинчерээк Кант менен Лаплас божомолдогон тумандуулуктан зат конденсацияланган процесс аркылуу планета пайда болбой турганы аныкталды. Ошондой эле азыркы мезгилдеги Күн менен планеталардын кыймыл санынын жалпы моментинин бөлүштүрүлүшү жогорку божомолдор менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес.

Джинстин белгилүү (Күн менен жылдыздын кезигүүсүнөн зор өлчөмдөгү тартылуу толкуну пайда болуп анын чокусунан жулунуп талкаланган бөлүктөрүнөн планеталардын түйүндөрү пайда болгон) божомолу да кыймыл санынын жалпы моментинин бөлүштүрүлүшүн жана күн системасынын башка мүнөздүү белгилерин түшүндүрө албайт. Кийинки божомолдорго К. Вейцзеккердин планеталар Күндүн тегерегинде айланган булуттардын куюнунан пайда болгон жана Ж.Койпердин массивдүү газ уюткуларынан пайда болгон планеталар, Күндү курчап турган булуттар гравитациядык туруксуздуктан ажырагандагы протопланеталар жөнүндөгү божомолдор кирет.

1943-ж. О. Ю. Шмидт жаңы космогониялык божомолдорду баштаган. Ал бонча Күндү курчаган газ-чаң булутунда бөлүкчөлөрдүн бири-бири менен кагылышып биригишүүсүнөн келечек планеталардын ядросу түзүлөт; ошол себептен кыймыл энергиясынын бөлүгү жылуулукка айланып мейкиндикте чачыраган. Мындай ядролордун бетине заттардын жыйылышы менен Күндүн тегерегиндеги орбитасы акырындык менен эллипстик түрдөн тегерек түргө өтө баштаган (ядролор Күндөн белгилүү аралыкта жайланышкан). Алгачкы булуттагы заттардын кээ бир бөлүгү Күнгө түшүп, кээ бир бөлүгү Күндүн нурлануусу менен алыстатылып «куулган». Бул божомолдор жаңы кошумчалар менен толуктанууда, к. Жылдыздар, Жылдыздар эволюциясы, Жылдыздын пайда болушу жана башка.

























Астрономия предмети боюнча тест.

1-вариант.



1. Астрономия предмети эмнени үйрөтөт?

а) Асман телосунун системасынын кыймылын, түзүлүштөрүн, келип чыгуусун үйрөтүүчү илим;

б) Асман телосун келип чыгуусун үйрөтүүчү илим;

в) Так убакытты жана географиялык координатты окутуп үйрөтүүчү илим;

г) Мейкиндикти окутуп үйрөтүүчү илим.

2. Телескоп эмне үчүн колдонулат?

а) Изилденүүчү обьектиден чыккан жарыкты чогултат жана көрүү бурчунун өлчөмүн чонойтот;

б) Обьективдүү жарык берет;

в) Түздөн-түз көз менен байкоо;

г) Нерсенин көлөмүн кичине кылып көрсөтөт.

3. Бүткүл асман канча топ жылдыздан турат?

а) 86 ; б) 88 ; в) 108 ; г) 118.

4. Үчүнчү планета…

а) Сатурн ; б) Марс ; в) Жер; г) Күн.

5. Куралданбаган көзгө көрүнгөн жылдыздардын саны…

а) 6000миң; б) 5000 миң; в) 4000миң; г) 3000 миң.

6. Атмосферанын иондоштурулган катмары…

а) ионосфера; б) фотосфера;

в) гидросфера ; г) биосфера.

7. Телескопту биринчи жолу асманга багыттагандардын бири…

а) Г. Галилей; б) И. Ньютон;

в) Ом ; г) Г.Николаев.

8. Атмосферанын өтө терең калындыктагы катмары…

а) фотосфера; б) гидросфера;

в) литосфера; г) биосфера.

9.Астрономиялык бирдик деген эмне?

а) жарыктык жыл;

б) Жер менен Айдын аралыгы;

в) Күн менен Жердин аралыгы;

г) жыл мезгили.

10. Жердин Күндөн болгон орточо аралыгы, же бир астрономиялык бирдик…

а) 150 000 000 км;

б) 250 000 000 км;

в) 350 000 000 км;

г) 450 000 000км.

11.Биздин жылдыздар системабыздагы –Галактиканын эни…

а) 100 000 жарык жыл;

б) 99 000 жарык жылы;

в) 88 000 жарык жылы;

г) 77 000 жарык жылы.

12. Жазгы күн-түн тенелүү...

а) 21-март; б) 22-март; в) 23-март; г) 24-март.

13. Күзгү күн-түн тенелүү...

а) 21-сентябрь; б) 23-сентябрь;

в) 20-декабрь; г) 21-декабрь.

14. Жайкы күн токтолуу…

а) 22-июнь; б) 21-сентябрь;

в) 21-июль; г) 23-сентябрь.

15. Кышкы күн токтолуу…

а) 22-декабрь; б) 21-декабрь ;

в) 20-декабрь; г) 19-декабрь.

16. Биздин галактика ким тарабынан ачылган?

а) И. Кеплер; б) У.Гершен; в) Г. Рессел; г) Л.Секки.

17. Жердин биринчи жасалма спутниги орбитага кайсы жылы чыккан

а) 1951-жылы; б) 1960-жылы;

в) 1957-жылы; г) 1970-жылы.

18. Айдын бетине конгон биринчи космостук аппарат…

а) Луна; б) Луна-1; в) Луна-2 ; г) Лунаход.

19. Биринчи аял В.Терешкова кайсы жылы космоско учкан..

а) 1951-жылы ; б) 1963жылы;

в) 1957-жылы ; г) 1956-жылы.



20. Биринчи жолу адамдын космос мейкиндигине чыгышы…

а) 1961-жылы12-сентябрь ;

б) 1961-жылы 12-апрель ;

в) 1957-жылы 28 –август;

г) 1956-жылы 28-август.

21. Юпитер планетасынын Г.Галилей ачкан спутниктери…

а) Ганимед, Деймос, Фобос;

б) Титон, ИО, Нериад;

в) Янус, Европа, Деймос;

г) Нериал, Фобос, Янус.

22. Тритон кайсы планетанын спутниги…

а) Нептун; б) Уран; в) Сатурн; г) Күн.

23. Бизге көрүнгөн галактика…

а) Андромеда тумандуулугу;

б) Саманчынын жолу; в) Күн орбитасы;

г) Жылдыздар.

24. Кайсы планета Күн системасын өтө тездикте айланат…

а) Меркурий; б) Венера; в) Жер ; г) Марс.

25. Күн системасында Жер тибиндеги планеталардын айлануу тартиби…

а) Юпитер, Марс, Венера, Сатурн;

б) Меркурий, Юпитер, Жер, Марс;

в) Марс, Венера, Жер, Меркурий;

г) Меркурий, Венера, Жер, Марс.

26. Планеталар Күн системасында кандай орбита менен айланат?

а) Эллипс; б) Парабола; в) Гипербола; г) Айлана.

27. Күн кайсы жылдыздар классына кирет…

а) Сары карлик; б) Гигант планета;

в) Кызыл планета; г) Ак жылдыз.

28. Күндүн толук тутулуусу канча жылда кайталанат?

а) 200-300-жылда; б)200-250-жылда;

в) 250-300-жылда; г)350-400-жылда.

29. Күндүн бетинин температурасы…

а) 5000 К; б) 6000К; в) 4000К; г) 3000К.

30. Андромеда топ жылдызынан галактикага чейинки аралык…

а) 5 000 000 жарык жыл;

б) 3 000 000 жарык жыл;

в) 4 000 000жарык жыл;

г) 2 000 000 жарыкжылы.

31. Жылдыздардын пайда болушу…

а) бөлүкчөлөрдүн өз ара тартылуусунан;

б) муздакчандардан;

в) газдуу булуттан;

г) иретсиз башаламан молекуладан.

32. Биздин планеталар системабыздын борбордук телосу-…

а) Ядро; б) Жылдыз; в) Асман; г) Күн.

33. Жер планетасынын катмары…

а) атмосфера, литосфера, гидросфера;

б) аба, суук, ысык;

в) газ, суюктук, катуу нерсе;

г) аба, газ, суюктук.

34. Жерди курчап турган атмосфера…

а) газ катмары 78% азот, 21% кычкылтектен турат;

б) газ катмары 50% азот, кычкылтек 50%тен турат;

в) суюктук 50%, газ абалындагы заттардан турат;

г) газ катмары 38 азот, 58№ кычкылтектен турат.

35. Жердин жылуулук балансын түзүүдө …негизги ролду ойнойт.

а) атмосфера; б) гидросфера;

в) литосфера; г) биосфера.

36. Жердин диаметринен Күндүн диаметри канча эсе чон…

а) 10 эсе; б) 104эсе ; в) 103эсе; г) 109эсе.

37. Жердин орточо радиусу…

а) 6 340 км ; б) 6 360 км; в) 6 370 км; г) 6 330км.

38. Айдын Жерден болгон орточо аралыгы…

а) 385 000км; б) 384 000 км;

в) 387 000 км; г) 388 000 км.

39. Жердин спутниги…

а) Ай ; б) Жылдыз ;

в) Титан; г) Венера.

40. Ай ар бир суткада жылдыздарга салыштырмалуу …

а) 1 градуска жылат;

б)16 градуска жылат;

в)13 градуска жылат;

г) 20 градуска жылат.

41.Күн канча процент суутектен турат?.

а)30%; б)40%; в)70%; г)80%.

42.Күн канча процент гелийден турат?

а)20%; б)29%; в)70%; г)80%.

43.Марстын канча спутниги бар?

а)3; б)4; в)2; г)6.

44. Ай канча суткада асман сферасын толук айланып чыгат?



а) 27,3; б) 27,5; в) 27,8; г) 27,9.

45. Айдын толук тутулуу фазасы Ай Жердин көлөкөсүнөн чыкканга чейин..

а) 1 саат 40 минута;

б) 1саат 45 минута;

в) 1саат 50 минута;

г) 1саат 55 минута.

46. Канча планета бар?

а) 12 ; б)10; в)13; г) 15.

47. Кайсыл планетанын температурасы 470-480 градус?

а) Венера; б) Марс; в) Меркурий; г) Сатурн.

Астрономия предмети боюнча тест. 2- вариант.

1. Марс Жерге караганда Күндөн канча эсе алыс турат?

а) 1,5 эсе; б) 1,6эсе; в) 1,7 эсе ; г) 1,8эсе.

2. Жарык Күндөн Жерге канча минутада түшөт?

а) 3 минута; б) 5 минута; в) 8 минута; г) 1минута.

3. Күндүн жолу…

а) Зодиак; б) Саманчынын жолу ;

в) андромеда тумандуулугу; г) озон.

4.«Астром» грек сөзүнөн которгондо…

а) Жарык чыгаруучу; б) асман;

в) күн системасы; г) мейкиндик.

5. Кызыл жылдыздардын температурасы…

а) 30 Кден ашык; б) 3000 К;

в) 3330 Кден ашык; г) 33К.

6. Жер тобундагы кайсы планета эн чон…

а) Марс; б) Юпитер;

в) Венера; г) Жер.

7. Күн системасында канча планета бар?

а)7; б)12; в)9; г)10.

8.Күн системасында экинчи планета кайсы?

а)Венера; б) Марс; в)Юпитер; г)Сатурн.

9. Марстын спутниги кайсылар?

а) Деймос, Фобос; б) Титн, Ганимед ;

в) Харон, Фабос ; г) Ганимед, ИО.

10. Канча гигант планета бар…

а) 8; б) 6; в) 4; г) 9.

11.Жердин күндү айлануу орбитасынын формасы кандай?

а)эллипс түрүндө; б)айлана түрүндө;

в)тегерек; г) үч бурчтук түрүндө.

12.Венера планетасынын атмосферасы барбы?

а)жок; б)бар; в)көмүр кычкыл газы бар; г)эч нерсе жок.

13.Жылдын узактыгы…

а) 365 сутка 5 саат 49 минута;

в) 365 сутка 5 саат 40 минута;

в) 360 сутка 6саат 49 минута;

г) 360 сутка 7 саат 40минута.

14. Бир астрономиялык бирдик…

а) 150 000 000км; б) 250 000 000км ;

в) 350 000 000км; г) 450 000 000км.

15. Жерге салыштырмалуу Күндүн диаметри…

а) 109 эсе; б) 100эсе; в) 99 эсе ; г) 90 эсе.

16. Күнгө эң жакын планета кайсы?

а)Меркурий; б)Марс; в)Юпитер; г)Жер.

17.Меркурийде суу жана аба катмары барбы?

а)суу бар; б)экөө тең жок;

в)бар; г)экөө тең бар.

18. Асмандагы өтө жарык жылдыз…

а) Сириус; б) Аитерас;

в) Алтаир; г) Циррус.

19.Марс планетасынын түсү кандай?

а)күрөң; б)кара;

в)кызыл; г)көк.

20.Сырткы планета канча?

а)6; б)5; в)4; г)3.

21. Күн менен түндүн тенелген күндөрү...

а) 21-март, 23-сентябрь;

б) 21-март, 22-декабрь;

в) 23-сентябрь, 21-декабрь;

г) 23-март, 23-сентябрь.

22. Нептундун спутниги…

а) Титан; б) Мимас; в) Фобос; г) Харон.

23. Өтө жарык астроид…

а) Веста; б) Паллада; в) Церера; г) Юнона.

24.Жер тибиндеги планетага канча планета кирет?

а)3; б)6; в)4; г)7.

25.Сырткы газ түрүндөгү планеталардын ичинен кайсынысы эң чоң?

а)Юпитер; б)Сатурн; в)Уран; г) Нептун. 26.Кайсы планетанын шакекчеси бар?

а)Сатурн; б)Нептун; в)Уран; г) Плутон.

27.Кайсы планета өтө тездикте айланат?

а) Юпитер; б) Марс; в) Меркурий; г) Венера.

28.Марстын массасы Жерден канча эсе кичине?

а)9 эсе; б)4 эсе; в) 3 эсе; г)12 эсе.

29.Марс Жерден канча эсе кичине?

а)3 Эсе; б)4эсе; в)2 эсе; г)6 эсе.

30. Плутондун спутниги…

а) Харон; б) Деймос; в) Фобос; г) Лотос.

31. Тритон кайсы планетанын спутниги…

а) Нептун; б) Уран; в) Жер; г) Күн.

32. Фобос кайсы планетанын спутниги…

а) Марс; б) Плутон; в) Венера; г) Юпитер.

33. Плутон планетасы кайсы жылы ачылган…

а)1930-жылы; б)1950-жылы;в)1960-жылы; г) 1980-жылы.

34. Күндүн массасы Жерге салыштырмалуу канча эсе чоң…

а)333000эсе ; б)313000эсе; в)310000 эсе; г) 303000эсе .

35. Жердин канча спутниги бар?

а)2.; б)3; в)1; г)4.

36.Гигант планеталар кайсыл заттан турат?

а) көмүртек; б) кислород; в) суутек жана гелий.

37. Күн бизге эн жакынкы …

а) жылдыз; б)астроид; в) аба; г) газ.

38. Уран планетасынын ачылышы…

а) 1781; б)1871; в)1791; г)1817.

39. Планеталардын айланууларынын эн чоң мезгили…

а) 250-жыл; б) 230-жыл; в) 220-жыл; г) 200-жыл.

40. Куралданбаган көзгө көрүнгөн жылдыздардын саны…

а)6000ге жакын; б)5000ге жакын; в)4 000ге жакын;г)3000ге жакын.

41. Айдын диаметри Жерге салыштырганда…

а) ¼; б) 1/5 ; в) 1/6 ; г) 1/7 .

42.Канча планетанын спутниги бар?

а)5; б)7; в)3; г)4.

43.Юпитердин канча спутниги бар?

а)16; б)10; в)5; г)12.

44.Күн системасы Галактиканын борборунун айланасында болжол менен канча жылда толук айланып чыгат.

а) 200млн ж. б) 250млн ж. в) 300млн ж. г) 350млн жылда.

45. Асмандагы жылдыздардын тобу… түзөт.

а) Галактиканы;б) Эволюцияны;в) Материкти; г) Картинаны

46. Өтө алыскы планета …

а) Седна; б) Марс; в) Меркурий; г) Венера.

47. Марс жерден чоңбу же кичинеби?

а)чоң; б)кичине; в)тең; г)эки эсе чоң.



Астрономия

Видео материалдар

Часть первая 73 минуты - 4 экз.

-ЗВЕЗДНЫЕ АРИЕНТИРЫ-Звездные арентиры.

-Самая древняя наука

-САМАЯ ДРЕВНЯЯ НАУКА

-НЕБЕСНАЯ МЕХАНИКА

-СОЛНЕЧНАЯ СИСТЕМА

- ПЛАНЕТА ЗЕМЛЯ

-ЛУНА

- УТРЕННЯЯ ЗВЕЗДА

Часть вторая 90 минут -3 экз.

- РАСШИРЯЮЩАЯСЯ ВСЕЛЕННАЯ КРАСНАЯ ПЛАНЕТА

-ВНЕШНИЕ ПЛАНЕТЫ

-МАЛЫЕ ТЕЛА

-СВЕТ СОЛНЦА

-ЖИЗНЬ И СМЕРТЬ ЗВЕЗДЫ

- НАША ГАЛАКТИКА

- НАБЛЮДЕМАЯ ВСЕЛЕННАЯ
































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!