Просмотр содержимого документа
«Ата эне эстеткич»
Ата-энелер үчүн эскерткич:
-Эч качан жаман маанайда тарбиялабаңыз;
-Балаңыз эмне ойлоп жатканын так аныкта жана терең бил;
-Баланын өз алдынчалыгына мүмкүндүк бер,ар бир (майда) кадамын көзөмөлдөй бербе?
-Максатка жетүүнүн туура жолдорун үйрөтө билиңиз;
-Биринчи жетишкендик болсо, мындай учурду колдон чыгарбаңыз;
-Балага кетирген кемчилдигин көрсөт, аны түшүндүрүүгө аракет кыл;
-Жеке өзүн эмес кылык жоругун баала;
-Балага сезүүнү бер (күлүү, кайгыруу), ал эмнени байкайт, ага ишен, анын жаңылуусун караба;
-Тарбиячы катуу, бирок боорукер болушу керек;
-Балаңыз менен сырдашыңыз, дос болуңуз;
-Балаңыздын көзүнчө улуу адамдады жамандабаңыз;
-Баардык балдарыңыз менен салыштырбаңыз;
-Ар дайым өзүңүздөр балаңызга үлгү болуңуздар
Мугалимдин окуучуга насааты:
-Ата-энеге каяша айтпа, сөз айтып жатканда бурулуп басып кетпе;
-Ата-энедин сен үчүн жасаган иштерине ырахмат айта бил;
-Келечектеги максаттарың менен бөлүш, ага жетүү жолдорун ата-энең менен кеңеш;
-Ар бир жетишкендигиңди ата-энең менен бөлүшө бил;
- Ата-энем мени түшүнбөйт деп айтпа, алар сен жөнүндө ар дайым ойлошот;
-Ата-энеңе “Мен сизди жакшы көрөм” деген сөздү себеби жок деле айтып жүр;
-Ата-энеңдин көңүлүн оорутпа;
-Ата-энеңе ар дайым сылык мамиле жаса, ороңдобо;
-Ата-энеңе калп сүйлөбө, ишеничтен кетип каласың;
- Ата-энеңди атынан атаба;
-Бир жакка ата-энең менен чогуу чыксаңар алында баспай,артында бас;
-