СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата-энеге 10 насаат. Бала тарбиялоодо ата-энеге насааттар.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ата-энеге 10 насаат. Бала тарбиялоодо ата-энеге насааттар.

Просмотр содержимого документа
«Ата-энеге 10 насаат. Бала тарбиялоодо ата-энеге насааттар.»

Ата-энеге 10 насаат

Бир киши акылманга келип, сураган экен: «Менин балам төрөлгөнүнө сегиз ай болду, тарбияны качан баштасам болот?» десе, акылман айткан экен: «Сен бала тарбиялоодо кеч калыпсың, бала тарбиялоо эненин курсагынан башталат» деген экен. Бала тарбиялап, үлгүлүү ата-эне болом дегендерге 10 насаат.

1. Өз балаңды өзүңдөй же сен каалагандай болот деп күтпө, ага өз алдынча болуусуна жардам бер.

2. Ызаңды балаңдан чыгарба, эмнени эксең, ошол өнүп чыгат.

3. Бала үчүн жасаган нерсеңди кадыр-колко кылба, сен анын жарык дүйнөгө келишине себепчи болдуң, эми мунун акыбетин ал кантип кайтарат? Ал башкага жашоо тартуулайт. Бул -ыраазычылыктын айныгыс мыйзамы.

4. Сен балаңды меники деп ойлобо, ал — Жараткандыкы.

5. Анын көйгөйлөрүнө үстүртөн караба.

6. Басынтпа.

7. Эгерде балаңа эч нерсе кылып бере албай жатсаң, анда өзүңдү жемелебе, эгерде колуңдан келип туруп, бирок жасабай жатсаң, анда жемелей бер.

8. Эгерде бала үчүн жасалчу нерселердин баары жасалган болсо, анда ал жетишсиз экени эсиңде болсун.

9. Бөлөк бирөөнүн баласын сүйө бил. Эгерде башкалардын сенин балаңа жакшы мамиле жасашын кааласаң, сен да бөлөк бирөөнүн баласына жылуу мамиле жаса.

10. Өз балаңа, мейли ал жөндөмсүз, жолсуз, эр жеткен болсо да, мээримиңди төк. Аны менен баарлашып атканда кубангын, анткени, бала деген — азырынча сени менен кошо жүргөн майрам.

Баланын кулк-мүнөзүнө таасир этчү ыңгайлуу учур кайсы? Кеминде бала төрөлгөнгө чейинки жүз жыл мурдагы мезгил Уильям Ралф ИНДЖ

Эгер балаңды ургуң келсе, ур. Болгондо да жүрөгү кабынан чыгып кеткидей ачууң менен. Ачуусу жок урганың урганга окшобогону менен — бала аны кечирбейт. Жорж Бернард ШОУ

Балалуу үй базар, баласыз үй мазар. Макал

Булак: Insan.kg


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!